Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Гүлбара Мамбетакунова, чек ара кызматынын ансамблинин солисти:
"Аялзатынын чек ара кызматын өтөшү кыйын иш"
- Гүлбара айым алгач өзүңүз жөнүндө айтсаңыз, көпчүлүк сизди биле бербесе керек?
- Чек ара кызматынын ансамблинин солисти, эстрада ырчысы болуп кызмат кылып келе жатам. Музыкалык педагогикалык колледжи бүткөм. Азыркы тапта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 4-курсда окуп жатам. Бул окуу жайды өз учурунда бүтүшүм керек эле, бирок шартка байланыштуу кеч окуп калдым. Чек ара кызматынын ансамблинде эмгектенип келатканыма 10 жылдын жүзү болду. Ишибиз ары кызыктуу жана ошондой эле оор дагы. Чек ара кызматы болгон үчүн биз жумушта көбүнчө мекенибизге келген конокторду тособуз. Кайсы элдин өкүлү келсе ошол жактын ырын ырдоого тура келет. Орус тилинде ырдоодон баштап кытай тилине чейин ырдоого туура келет. Бул биздин ары түйшүктүү, ары кызыктуу жумуш.
- Жумушунузга байланыштуу жер жерлерди кыдырууга да туура келсе керек, ишиңиздин оордугу сезилеби?
- Албетте, ар бир жумуштун өзүнүн оордугу болот. Биздин жумуштун да кыйынчылыктары бар. Аял кишиге чек ара кызматын өтөш, анда ырдаш кыйын эле. Кыргызстандын ар кайсы аймагына барып концерт беребиз. Жер титирөө болгон Нура, Гүлчө айылдарына барып консерт берип жүрдүк. Чек ара аймактарына барып, кайсы жакка гум жардам келсе ошол жака барып концерт коёбуз. Кыйналып жеткенибиз менен 5-6 жоокер болсо дагы алардын көңүлүн көтөргөнгө аракет кылабыз. Мен 2005-жылы жаңы келген кезимде кыйналып, ыйлап кетем деген учурлар көп болгон. Командирлер көнүп кетесиң деп соороткон учурлар көп болгон. Азыркы кездеги генерал Мусаев, ошол кезде полковник болчу кол койбой коюп ал жакта калып калгам. Азыр ал кишиге терең ыраазымын. Калеминин учу менен кетүүмө кол коюп койгондо азыр ал жакта иштебейт элем. Дарак бир жерден көгөрөт демекчи, ушу жерде калып иштеп, бир топ кадыр-барк таап, өз ордумду таба алдым десем жаңылышпайм.
- Жакында концерт берет экенсиз даярдык кандай болуп атат, демөөрчүлөр тууралуу айтсаңыз?
- Элге 10 жылдык эмгегимди тартуулоо максатында бул концертти уюштурдук. Чынында өзүмө да бир аз каражат таап алуу максатым да бар. Жеке концертим болгон үчүн толкунданып, даярдыкты катуу жүргүзгөнгө аракет кылып атам. Улам бир кемчилик чыгып концерт берүүнүн түйшүгүн жон терим менен сезип атам десем болот. Былтыр балдар күнүнө карата концерт бергем, эл жакшы колдоп берген. Быйыл да балдар күнүнө жакын деп 29-майга Улуттук филармонияда бергени турам. Бул концертке чоң демөөрчүлүк кылган "Замандаш" партиясына жана өзүм эмгектенген чек ара кызматына ыраазычылыгымды билгизгим келет. Белгилүү ырчылар колдоп, коштоп бергени турушат.
- Ыр тандоодо кандайсыз, акын, обончулар менен иштешесизби?
- С.Карымшаковдун "Эркексиңер, тентексиңер" деген ыры менен алгач сахнага чыккам. Ал киши каза болуп калды, азыркы тапта эски ырларга жаңы аранжировка кылып чыкканга ыктап келем. Т.Дүйшеев деген обончу менен да иштешип келем. Негизинен, көпчүлүк учурда башка тилде ырдоого тура келет. Кайсы тилде ырдасам ал ырдын маанисин сөзсүз билишиң керек. Менин кытай тилин билген сиңдим бар андан кытай тилинде ирдаган ырларымдын маанисин сурап алам. Жакында Пекинден делегация келди ошондо алардын "Достук" деген ырын ырдадым. Чек ара кызматынан тышкары Турусбек Жумалиев менен 5жылдан бери иштешип келатам. Ал ага тамада болот мен жар-жар айтам. Мурда келин алганда гана жар-жар айтылса азыр кыз узатканда да жар-жар менен узатып калышты. Тушоо тойлорунда, жентек тойдо балдарга арналган ырларды ырдайбыз. Биринчи орунда чек ара жумушун коёбуз, андан соң гана өз ишибизди кылабыз. Кечкисин жумуштан кийин тойлорго барып кошумча каражат табабыз. Кызым дагы өнөргө бай. Мени менен кошо тойлорго барат, бекер эле бийлейт, эл өзү ыраазылыгын айтат. Кичинесинен мени менен жүрүп, чыгармачыл адамдар менен аралашып чоңойгон бала көнөт экен. Тойго барабыз дегенде менден биринчи кызым даяр болот.
- Бул жумуштарыңыз менен үй бүлөңүзгө убакыт бөлө албай калбайсызбы?
Чынында үй бүлөөгө убакыт аз бөлүнүп жатышы мени ойлондурат. Айла жок жумуш деген ушу экен. Иштесең тиштейсиң деген жакшы сөз бар. Бул заманда бир эмес бир канча жумушка жетишип иштөөгө тура келет. Жолдошумдун түшүнүктүүлүгүнөн бардык ишимди алып кетип атам го деп ойлойм. Ал эми үй бүлөм жөнүндө сөз кылсам, Жети Өгүздүн келинимин, эки баланын апасымын. Уулум 6-классты бүтүп, түрк лицейине өттү. Кызым 2-класста окуйт. Менин үй бүлөм баарынан бийик, үй бүлөө очогу ыйык болушу шарт. Кандай кырдаал болбосун жолдошумду жана балдарымды биринчи орунга коюп, аларды капа кылбаганга аракет кылам. Бул эненин, жардын милдети деп ойлойм.





Чынара Касмамбетова, жол коопсуздугу бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"Балдардын жол коопсуздугуна кайдыгер болбосок"
- Чынара айым балдардын жолдо жүрүүдө коопсуздугун сактоодо кандай иш чаралар жүрүп атат?
- Жакында 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата жана 4-13-май БУУнун балдардын коопсуздугун коргоо жумалыгына карата, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы менен биз балдар үчүн алардын жолдогу коопсуздугун коргоо максатында атайын баннерлерди, видео ролликтерди чыгарып, региондорго таратканга аракет кылып, ар кандай иш чараларды өткөрүп келебиз. Кайрылуу катары постерлерди чыгардык. Ал жака мен жол коопсуздугун колдойм деп, президенттен баштап, мектеп окуучуларына, балдарга чейин кол койсо болот. №67мектептин 1-классынын окуучулары менен жолуктук. Ал балдар да кол коюшту. Дагы да баса белгилеп кетишим керек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демөөрчүлүгү менен балдарга майрам күнү кантип жол коопсуздугун сактоону үйрөтөбүз, деген максатта ар түрдүү баннерлерди чыгарып жатабыз. Жыл сайын жол кырсыгына кабылгандардын саны 10миңден ашып атат. Бул деген, жол коопсуздугун жеке эле айдоочулардын сактабагандыгы эмес, кырсыкка кабылган адамдын, баланын да түшүнбөстүгү, кайдыгерлиги. Бул жылдагы 4 айдын ичинде балдардын арасында жол кырсыгына кабылгандардын саны 319га жетти. Бул нерсени биз жазуу жүзүндө калтырып койбошубуз керек. Иш жүзүндө балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Мектепте бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат белгисиз. Жолдорубуздун абалын баарыбыз көрүп, билип атабыз. Бизде жоопкерчилик өтө төмөн. Айдоочулардын адамды сүзүп, таштап кеткен учурлары көп.
- Мамлекет балдардын коопсуздугун кантип коргоп атат?
- Жол коопсуздугу боюнча атайын өкмөттүк комиссия бар. Биз ал жак менен да иштешебиз. Жолдун жамандыгынан да балдарды сүзүп кеткендери бар. Балдардын жол коопсуздугуна карата Алматада өткөн чогулушка катышып келдим. Ал жыйынга Борбор Азиядан өкүлдөр барышты. Бул өтө чоң маселе экенине, боордош туугандар балдардын келечегине келгенде, алардын коопсуздугуна кайдыгер карабастыгы бул жыйында билинди. Өткөн жылы шаардык мэрия менен биргеликте иш алып бардык. Борбордук паркта бир чакан бурчту алып ал жерден жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү ишин кылып, ага катар эле көңүлүн көтөрүүчү оюндарды уюштурдук. Ал эми бул жылы тилекке каршы жетише албай калдык. Биз балдарга жол коопсуздугун үйрөткөн,оюн аркылуу керек болсо балдардын өздөрүн катышуусу менен үйрөткөн эң сонун кыска берүүлөрдү даярдадык эле. Бул балдар көрсөтүүсү сөзсүз керек эле. Демөөрчүлөрдү таап, алар менен макулдаштым. Бул телеканалдын балдар бөлүмү менен макулдашып, биз оюбузду айтып, бул абал өтө курч, актуалдуу маселе деп макул болушкан. Акыркы маселеге келгенде башкармалык кол коюуудан баш тартты, ошону менен менин 8айдан берки ишим абага учуп кетти.
- Себебин айта аласызбы?
- Себеби, ал берүүнүн арасында ал демөөрчүлөрдүн бир аз жарнамасы кетмек ушуга макул болушкан жок. Бул менен ал телеканал да чоң акчадан баш тартышты дээр элем. Балдар жайкы каникулга чыгат, жалаң мультфильм көрүп отура беришип, жолдо жүрүү эрежесин унутушат. Ал эми биздин проект бул маселени чече алмак деп ойлойм. Эң негизгиси коомчулукка жаккан, балдарды жолдо жүрүү эрежесине үйрөткөн чакан берүү болмок.
Бетти даярдаган Гүлмира Шаршеева,