Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Кумтөрдүн" пайдасын ким көргүсү келет?
Эксперттердин айтуусу боюнча кайрадан түзүлгөн алтын кен компаниясы мурдагыдай пайда алып келери бүдөмүк ойду жаратууда.
Классик айткандай чоң элемент алыстан көрүнөт. Ошондуктан биз эл аралык эксперт, укук доктору (Глазго университети, Великобритания) жана "Cromwell Risk Consulting Ltd" компаниясынын ээси Виктор Абрамкинге Кумтөрдүн тегеригендеги маселелердин мындан аркы өнүгүшү боюнча кайрылдык. Биздин каарманыбыз акыркы болуп жаткан окуяларга көз салып, бир эмес бир нече жолу басылмаларга өзүнүн пикирин билдирип келген.
Биринчиден "күлгүн лорд" боюнча атамекендик басылмалар аны негизсиз "басышып", башкача айтканда аны туура эмес абалга калтырып коюшту - деп билдирди Абрамкин.
- Ал лорддун титулу боюнча айтсак чоң деле эмес, бирок маанилүү. Репутациясы да жакшы. Лондон биржасынын рейтинги боюнча алсак, FTSE Group компаниясы Лондондун фонддук биржасында жана Европада көз карандысыз компания болуп эсептелет.
- Ал эми "Кумтөрдүн" тегерегиндеги маселелер боюнча айтсак, компанияны башкаруусун алмаштыруу эмнеге барабар? Негизги суроо неге жана эмне үчүн? Компания өз нугунда пайдасын берип иштеп жаткан. Логикалык жактан алып караганда "Кумтөрдөн" түшкөн пайданы өзүнө имерип алып пайда көрүү катары бааласак болот.
Ошондуктан эксперттин ою боюнча компаниянын форматын өзгөртүү керек. Буга чейинки болгон сүйлөшүүлөр көрсөткөндөй мындай вариант Кыргызстан тарапка пайдасын тийгизбейт. Анда маселе эмнеде? -деген суроо туулат.
- Маселе менчиктештирүүдө. Башкарууну өзгөртсөк компания мурдагыдай пайда алып келип ишин андан ары уланта алабы кеп ушунда - деп билдирди эл аралык консультант.
Өзүбүз бир чечимге келе албагандан кийин эл аралык консультанттан сурадык. Мүмкүн мындай абалдан чыгуу үчүн же чечүү үчүн белгилүү консультанттарды же аудиторлорго кайрылсак кандай болот - деп Виктор Абрамкинге кайрылдык.

- Мындай абалда сырттан аудит алгыдай эмне компаниянын отчету ачык болбой жатабы? Негизинен эч кандай себеп деле жок аудиторлорду алганга. Компания Торонто биржасында катталып, ачык айкын иштейт. Аудиторлор эсеп-кысаптан башка эч нерсе деле айтышпайт. Арбитраждык сот аркылуу кароого да негиз жок. Эң эле жөнөкөй "Центерра" менен чогуу олтуруп бир чечимге келиш керек. Экинчи жолу Центерра менен карыздары, инвестиция боюнча эсептешип, өз алдынча иш алып барыш керек. Бардык чыгымдарды кардарларды, өнөктөштөрдү эсепке албаганда - деп билдирет укук доктору.
Ал эми экология боюнча дооматтар, ушул убакытка чейин чечиле элек. Абрамкиндин ою боюнча теоретикалык жактан "Кумтөргө" арыз жазуу мүмкүн. Бирок бул процесс Кыргызстандын юридикалык тарабынан чыгып кетсе анда көз карандысыз эксперттердин көргөзмөсү керек болот.
- Белгилей кетүүчү жагдай, мисалы алтын кендин иштетилген абалы жана иштей элек абалын айтсак болчудай. Мындай учурда кеткен чыгымды баалоо зарыл. Бирок бүгүнкү күндө бул маалыматтарды табуу кыйынга турат.
Абрамкиндин ою боюнча экология боюнча сүйлөшүүлөрдү канадалык инвесторлорго болгон кысым катары бааласак болот.
Жангороз Эсенгелдиев





Депутаттар Самаковдун ишин иликтешет
Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деген айып менен кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан камакка алынып, Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарылган Карганбек Самаковдун иши боюнча парламентте жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде кабыл алынды. Жумушчу топ түзүүнү Самаков өзү суранган. Учурда коррупциялык берене боюнча айыпталып жаткан депутат, сот чечимине ылайык, Октябрь районунун аймагынан чыга албайт жана түнкү саат ондон таңкы сегизге чейин өз үйүндө болууга тийиш.

Былыгы түгөнбөйт го
Коррупцияга шектелип камалып, 11 жылга эркинен ажыратылган Нариман Түлеевге дагы бир кылмыш иши козголду. УКМК кабарлагандай, экс-мэр кызмат абалынан кыянат пайдаланып, 2010-жылы Бишкектин 6-кичирайонундагы 4,5 сотых жерди мыйзамсыз саткан. Аталган жер троллейбус аялдамасынын жер аянты болгон. Жер тилкесинин баасы 9 миллион сомго төмөндөтүлүп сатылган. Минтип улам-улам былыгы чубалып түгөнбөй жатканына караганда, Түлеевдин саясий карьерасына биротоло чекит коюлат өңдөнүп калды.


Ахмат акталса, бийлик келеке болобу?
Бир нече миллионду "жеп" койду делип шектелип, сурак берип жаткан Ахматбек Келдибеков парламенттик шайлоого жолдомо алууга болгон аракетин жумшап жаткан учуру. Ташиев деле акталды, мен деле акталам деп ооз чойсо жанына киши түтүп тура албайт экен. Сыягы, бийлик менен ымала түзүп алып күпүлдөп жаткан өңдөнөт. Бирок Ахмат акталса, коррупцияга каршы күрөш күлкүгө айланып, бийлик келекеге калаарында шек жок.