Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Исаев кетсе, Иса бар
Азыркы кезде Чүй облусун жетектеп жаткан өкмөттүн өкүлү Канат Исаев алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын, андыктан азыркы кызматын тапшырарын билдирди. Бизде кыргызда ушундай эмеспи, кете турган адам жөнүндө кеп козголору менен, бара турган адамдын аты кошо угулуп калат. Асыресе, ал жакка бара турган үч адамдын аты аталды. Алар Марс Саккараев, Эркин Сакебаев жана Иса Өмүркулов. Албетте, бул кызмат кимисине буйрук болорун бир гана кудай билет дечи, бирок, анализдеп алып караганда Исанын небересинин орду Шейшенкулдун Исасын күтүп тургандай.

Серепчилердин "серкеси" же....
Күздө боло турган парламенттик шайлоого күчтөнүп жаткан "Замандаш" партиясынын быт-чыты чыкты. Аз эле убакыт мурун ал партияга кирген аттуу-баштуу саясатчылар араздашып кетип, алды "Кыргызстанга" кыпчылса, арты "Өнүгүүгө" өтүп тынды. Балакеттин баарын Каныбек Иманалиев баштаган болуш керек деген божомолдо турдук эле. Көрсө, чакчалакей чыгарган чырдын башында кадимки серепчи сөрөй Валентин Богатырев туруптур. Аны ал жакка ким алып барганын ит билеби, айтор, "көзү ачыктын" барганы көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылыптыр. Бул кимдин долбоору болсо да, "дохлый" экенин эртеңки күн көрсөтсө керек.


Тоңдун балдарын томсорткон Осмоналиев
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев парламенттин трибунасында көп учурда кооз сүйлөйт. Андан тышкары, өзүнө жардам сурап келгендерге да убаданы кат-каттап бермей адаты бар дешет. Мисалы, Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын мектеби жедеп эскилиги жетип, кулап калуу коркунучун жаратып турганына көп болуптур. Ал жерде жалпысынан 400 окуучу окуйт экен. Класстардын ичиндеги нымдуулуктун айынан айрым балдар жадагалса учук оорусу менен ооруй башташыптыр. Айыл мектебиндеги мындай абалды айылдык кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиевге эчак эле түшүндүрүп айтышкан экен. Каныбек мырза айылдык депутаттарга: "Бул маселени комитетте карап, мектебиңерге майдын башында барабыз", - деп убада берип жолго салып, ал убадасын ошол эле замат унутуп калган го? Себеби ушул кезге чейин бул маселени комитетте да карабады, Тоңго да барбады. Тогуз-Булактын чириген мектепте окуган балдары депутат келет, маселени чечип берет деп жол кароодон али чарчаша элек экен.

Ошто отуз баланы окууга ким өткөзгөн?
Ош медициналык атайы орто окуу жайында, башка окуу жайлардай эле башаламандыктар көп экени эч кимге жашыруун эмес. Маселен, өткөн жылы бекен, айтор ушул окуу жайга эч кандай документи жок, иши кылып мыйзамсыз жолдор менен отуз баланы жогорку жактан кийлигишүү болуп Ормон опузага салып, окууга өткөзүп коюшканы тууралуу кеп уктук. Бул иштин башында ким турат болду экен? Отуз баланын акчасы кимдин чөнтөгүн "ысытты" болду экен. Эске сала кетсек, Орус - Кыргыз Славян окуу жайына мыйзамсыз түрдө окууга өткөзгөндөрдүн ана башында мурунку министр Канат Садыков, ЖК депутаты Каныбек Осмоналиевдер турганы ачыкталып, коомчулукта кызуу кеп болгон. Ал бул иш боюнча кылмыш иши да козголуп, бирок ал аягына чыкпай турат. Эми отуз бала боюнча бул окуяга ким жооп берет. Азыркы министр Сариева кайсы жакты карап олтурат? Кыскасы, бул иш мындан да тереңирээк ачыкка чыгып, сөзсүз түрдө кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жазаланышы керек.

Азырынча талапкер эмес, саяпкер
Президенттик администрациясынын аппарат башчысынын орун басарлык кызматын тапшырган Икрам Илмиянов ушу тушта КСДП партиясынын шайлоо штабында шакылдата иштеп жатат. Парламенттик шайлоого талапкер катары катышабы же саяпкер катары катышабы, анысын азырынча ачыкка чыгарбаган бул жигит күнү кечке "Форумда". КСДП шайлоого катуу даярданып жатабы, айтор, ал жактан Аалы Карашев, Фарид Ниязов, Рыскелди Момбеков, Данияр Аттокуров сыяктуу ксдпчылар чыкпай калышты. Кыязы КСДП бул шайлоого өзгөчө даярдык көрүп жатса керек.

38 млн. евронун тагдыры чечилеби?
Саламаттыкты сактоо министрлигине Эл аралык уюмдардан ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга миллиондогон долларлар "агып" келерин баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок ошол опол тоодой акчалар максаттуу пайдаланып жатканына ишенгендер аз. Ал тургай, кайсы бир долбоорлор менен келген оңой эмес акчаны иштетпей, унутуп да койгон учурлар болот. Бирок андай көрүнүштөр жеке кызыкчылыктарга же ортодогу тирешүүлөргө байланыштуу болушу толук мүмкүн. Айталы дегенбиз, мындан бир канча жыл мурун Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин жакшыртуу үчүн кайсы бир эл аралык уюм 38 млн. евро бере турган болуптур. Бирок ал акчаны "унутчаак" жетекчилер унутуп калышыптыр. Кашайып ал долбоордун мөөнөтү ушул жылдын күзүндө бүтөт экен. Азыркы министр канткен менен тажрыйбалуу эмеспи, мындай "катып" калган иштерди казып чыгып, 38 млн. еврону Кыргызстандын пайдасына иштетип калуунун камын көрүп, бул ишке катуу киришиптир. Эгер бул акча өз убагында пайдаланбай калды деген шылтоо менен Кыргызстандын пайдасына берилбей калса, андайга жол беришкен адамдар жоопко тартылабы? Же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?