Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бул жолго түшкүчө өлүп тыналы!
Кылымы менен жылын айтпай эле дөңүнөн десек, кыргыз деген кыраан эл өз тарыхында Улуу Каганатка да биригиптир, аны менен бирге калмактарга, монголдорго кор да болуптур, анткен менен биротоло эч кимге баш бербей келет экен… Ал эми жаңы тарыхта, айталы, кийинки 100-150 жылдын аралыгында орустардын эзүүсүндө келди, Кокон хандыгына да эзилип берди… Эпадам ошол учурда уруу-уруу болуп чабышпай биримдикте болгондо кокондуктарды "быш" деп коймок эмес, бир ирет Байтик баатыр кокондуктардын селдесин сонун чубаптыр го! Ал эми орустарга туруштук бере алмак эмеспиз, анткени, орустарың монголдорго 300 жыл тебеленип жатып эле көбөйүп, акыры көптүгүнө салып "кайда барсаң Мамайдын көрү" дегенди жаратып, кубаттуу империяга айланып алган да. Кылымдан кылым мурун орусуңдун жери алакандай эле экен, анан акырындан жерден-жерди басып олтуруп мына бүгүн Тынч океанга чейинки эбегейсиз жерди ээлеп турганы. Тарыхты зордуктап дагы бир тарых туудуруп олтуруп Крымды Украинадан тартып алды, Түштүк Осетияны Грузиндерден бөлүп салды… мындай иштер, орусуң аман болсо, далай ирет кайталанары турулуу…
Ошентип, кыргыз дегениң кылымдар башкаларга, кээси менен, чындап эзүүгө туш болуп, кээси менен маданий эзилип, бу жерде СССР деген айтылып жатат, келди. Анткен менен ата-бабалар түптөп кеткен салт-санааны, пейил менен ниетти сактай келди. Кандай кыйынчылык болбосун ыйманды алдыга салып кадам шилтеди. Бирок, сырткы таасир деген жан койбойт экен. Бүгүнкү күндө баягы коймаарек тарткан, ыйманы куюлуп турган кыргыздан айбандык жолго түшкөндөр чыгып жатат. Бул көрүнүш мындан жыйырма-отуз жыл мурун бирин-серин эле, эми типтүү көрүнүшкө айланып, турмуштун өзөгүн түзчү көрүнүшкө айланып барат!
Ар улуттун өзүнө тиешелүү жеке салт-санаасы бар, өзүнчө мүнөз күтөт. Ага эч ким тоскоол болбошу керек. Туурабы? Эми ушул өңүттөн кеп улайлы. Кийинки жылдары Батыш менен Америка тарап биздин менталитетке эч бир коошпогон, ал турсун өтө зыян, улуттук өзгөчөлүгүбүздү өчүрүп салчу идеологиясын жайылтып жатканы. Ага өзүбүздөн эле чыккан жарандар жардамдашып жатат. Эмнеге? Ошол эле да- акчага сатылып, акчага айбандык менен сатылып жатат! Башкасын кой, "биз деген бир жыныстагы адамдардын байланышына тоскоол болбошубуз керек, антсек, адам укугун бузган болобуз" деп коомдук эмес уюмдардын аты катын, заты катын эмес активисттери чыгып жатат. Биз эмне адамдыгыбыздан кетебизби?! Эркекти-эркек алган, аялды-аял алган көрүнүш катуу ооруга кирет. Эмне биз ал оорудан арылуунун ордуна кайра аны күчөтөбүзбү?! Жогорудагыдай айбанчылыкка эшектер да барбайт! Анан биз эмнеге барышыбыз керек?! Жараткан адамды туура экиге бөлүп жараткан, бирин күчтүү, баатыр кылып, экинчисин сулуу жана назик кылып. Биринчиси- тамак-аш таап келүүгө милдеттүү, экинчиси- бала төрөп, бакканга милдеттүү. Бүгүнкү күндө ошол Улуу эреже бузулуп, бир гана нерсе- аялдар кез-кези бала төрөгөн болуп жатат. Калганы болсо аралашып эле жатып калды! Мурун назик аталган аялыңдын бир катары кадимки эле зөөкүр кейпинде, керек болсо солдойгон күйөөсүн жаткыра чабат, сөгүнсө, өзүндө жок нерсе менен сөгүнөт! Ушул бүгүн кээ бир аялдардын кылып жаткан кылыктарын айтып олтуруш накта эркек үчүн азап, трагедия! Буга жанагы Батыш дегендин бузуку, оорулуу идеологиясы жеткирип койду. Ошол таасир менен сурайылдай сулуу кыздарыбыз сойку болду, жигиттерибиз улууну сыйлабай калды, аксакалдардын кээ бир кылыктары жерге түкүртүп жатат, энелер накта эне болуудан калып барат. Эми кыргыздын эки кер мурут жигити бирин-бирин өпкүлөп, үйлөнүү тоюн өткөрүш эле калды. Атасынын башы! Кыргыз улут болуп жашап турганда ага жол берилбейт!
Гейлер менен лесбиянкаларды кийин "кумсалар" деп которуп жүрүшөт. Ал кайдан чыккан сөз экенин, кудай акы, билбейм. Бирок, ошол термин менен кеп улайын.
17-май күнү "Астория Гарден" мейманкана комплексинде кумсалардын үйлөнүү тою өтүп жатат, эки эркек үйлөнөт экен деген кабарды бир таксист "Кыргыз чоролору" жана "Калыс" аттуу коомдук кыймылдарга билдирет. Аталган коомдун жигиттери бу кабарды угары менен ал жерге жетип барышса, мейманкананын короосу үлпөт шаңында жасалгаланып, көк түстүгү шарлар илиниптир. Мендельсондун айтылуу маршы ойнолуп бака-шака той дейт. Буга күбө болгон активист Марат Өскөнов минтип айтат: "Эртең менен бир таксист бизге "бүгүн Бельгияны туурап, Кыргызстанда эркек менен эркек үйлөнөт экен" деп айтып калды. Бүгүн аларды үйлөнтүшүп, видеого тартып, интернет аркылуу Кыргызстанда ушундай кылса болот деп беришмек экен. Анан өзүбүздүн кишилерди тигинин чын-бышыгын билгенге жөнөттүк, артынан келдик. Келип, кошуналарынан сурасак, чын эле той болуп жатканын айтышты. Тойдогулар ар кандай каалоо-тилек айтып, бактылуу болгула деген үндөр чыкты. Анын баарын жаздырып алдык. Дарбазаны каккыласак, киргизбей коюшту. Кыйкырып жатып, патриот жигиттер ичине кирдик. Кирсек, чын эле эркек бала сөйкө салынып, ошол жерге жүрөк коюшуп үйлөнүп жатышыптыр". Ушундай айбандык үйлөнүү тою! Дагы бир активист Рысбек Каримов айтат: "Той болуп жатканын көрдүк. Алар бизди көрүп качып ичкери кирип кетишти. Жүрөктөрдү коюп алышып, бири-бирине каалоо айтып жатышыптыр. Бул кыргыздын менталитетине жатпайт. Кыргыз балдар жакшынакай эле кыздарга үйлөнүп кылым бою жашап келишкен. Качан бу дүйнө жок болгуча кыргыз ушул бойдон кетишин каалайбыз".
Жок, миң жолу, сан жолу жок! Мындай окуяларды биздин ыймандуу жерде болтурушубуз керек эмес! Ага кары-жаш дебей катуу каршы турушубуз керек. Мамлекет башчыларыбыз, үлкөн чиновниктер каршылыктын башында турсун! "Адам укугу" дегенди бетке кармап былжырап берсек эртең, айбандар бизден жийиркенбесин! Тукумубуз солубасын?!
Баратбай Аракеев