Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Темир Сариев мурда эле премьер - министр болуп келсе болмок
Союз ыдырап, ар ким арабөк алына жараша дегендей өз бет алдынча тал кармап кетип жаткан кезде мезгил тегирменинен камчы салдырбай өтүп, эң алгачкылардын катарында өз ишин баштап кеткендердин бири Апитов Мукашбек болду. Ал азыр замандаштарына өрнөк көрсөткөн ишкер азамат, коомдук ишмер. Анын эгемен учурубузда өндүрүштү жаңы нукта курууда жетишкен ийгиликтери, бул багыттагы ой-толгоолору өзүнчө кеңири сөз кылууга татыйт. Коомдук ишмер менен болгон дил маек назарыңыздарда
- Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетишине кандай ойдо калдыңыз?
- Менин оюмча Жоомарт Кайыпович, мамлекетибиз үчүн эң жооптуу өткөөл учурда өз постун таштап кетпеши керек болчу. Өлкө үчүн эң маанилүү тарыхый окуялар күтүлүп турган кезде, парламенттик шайлоого аз убакыт калганда отставка бербеши керек эле. Ал кыйын кырдаал болуп турганын премьер- министр болорунда деле билип турган. Ошондуктан, элдин ишенимин актай албай, алдыга коюлган максатты соңуна чыгара албай тургандан кийин мамлекеттик бийик кызматка келбей койсо деле болмок. Олуттуу маселелер эт менен челдин ортосунда чечилбей калып, убакыттан уттуруп алдык.
Мурдагы өкмөт башчы Ж.Оторбаевдин Жогорку Кеңеш тапшырган үлүшү 50-50 пайыздан бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкананы да уюштуруу да, улутташтыруу да туура эмес, мамлекетибизге пайда алып келбейт деп бараткан багыттан айнып кеткени, ар кандай шектүү, арсар ойду туудурган опурталдуу жолду сунуштап, аны аныктап түшүндүрө албай өзү да чайналып, элди да кыйнап турганы, баарынан да "Центерра Голд Инк" компаниясынын жетекчилигин алмаштырууга мага батыштык таасирдүү " лорддор" "бир гана күн убакыт беришти", алардын ким экенин мен өзүм да жакшы билбейм, маселени тездетип чечишибиз керек деп демитип турганы күмөн санатып койду. " Ишенген төөм сен болсоң…" дегендей эле болду. Кайдагы бир чет өлкөлүк ишкерлердин Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жиберебиз дегенине ким ишенсин. Ага атан төөдөй кызматты ээлеп турган Ж.Оторбаевдин ишенип алганы жанга батты. "Центерранын" азыркы жетекчилигинен чеке жылып, эми бизге белгисиз чет өлкөлүк адистердин азабын тартпаганыбыз эле калыптырбы деп бушайман болгонубуз ырас. Албетте, мындай жорукка Ата Журтум деген ар бир кыргызстандык намыстанат. Оторбаевдин "тандамал" сунушу боюнча Кыргызстандын "Центерра Голддогу" үлүшү 33 пайызды эле түзүп калат экен.
"Кум-Төрдү" Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетүү аракетине 3 жылга чукул убакыт кетиптир. Ж.Оторбаевдин министрлер кабинети "Кум-Төрдө" 50-50 пайыздык үлүштүк негиздеги биргелешкен ишкананы түзүүдө солгун иштеди, ырктары келишпеди. Ошон үчүн майнап чыккан жок. Канадалыктар менен болгон талаш-тартыштарда кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк юридикалык компанияларга өкмөт 3,5 миллион долларды төлөп берди. Мамлекеттин каражатын ыксыз, туш келди чача берсе болот бекен?! Миллиондор элдин ырыскысы эмес беле. Жоомарт Оторбаев болсо " шектүү ызы-чуудан" кийин кызматын жеңил-желпи өткөрүп берип… кете берди. Жоопкерчиликке чакырылышы керек болчу.
- Жаңы дайындалган премьер-министр Темир Сариевдин акыбалды оңдоп кетерине ишенесизби?
- Албетте, Темир Аргенбаевич Сариев мекенчил азамат, такшалган жетекчи. Ал эл башкарууга, өкмөттү жетектөөгө жетилип, дасыгып калганы мындан бир топ жылдар мурда эле айкын болгон. Премьер-министрликке Ж.Оторбаевден мурда, балким андан да эртерээк дайындалып келсе жакшы болмок. Ошондо ал "Кум-Төр" маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштей тургандай кылып чечип бермек деп ойлойм. Анткени, ал жетекчилик кызматтарда такшалган, өз оюн ачык айтып, чечкиндүү бүтүм чыгара алган дарамети бар, ага жараша айбаттуу аракетке эгедер дымактуу азамат. Өз кезегинде Темир Сариев президенттикке ат салышып өзүн көрсөткөн, азыркы ажобузду колдогон. Экономика министри болуп, өкөттүн курамында иштеп туруп "Кум-Төр" маселесине да өзүнүн баалуу салымын кошкон. Эчен жылдан бери созулуп бүтпөй келаткан алтын чырынын чоо- жайын тээ башынан тереңине жеткире билген көсөм адис. Ошондуктан, Темир Аргенбаевич жолун таап "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилигинин тизгинин кагып, "Кум-Төрдү" Кыргызстандын кызыкчылыгына иштөөчү нукка бурат деген ишеним зор. Ага эрки жетет, тажрыйбасы бар, болгону ар тараптан туруктуу колдоо гана көрсөтүү керек. Өкүнүчтүүсү, ал премьерликке кечигүү менен келди. Эртерээк келгенде өкмөттүк иштердин көзүнц таап, мамлекеттик маселелердин майнабын чыгармак.
Анткен менен Темир Сариев мамлекетибиз үчүн эң жооптуу өткөөл кезеңде, астанабызда турган Евроазиялык- экономикалык союзга кирүү маалындагы жооптуу иш чараларды аткаруу учурунда, парламенттик шайлоо чукулдап турган кезде премьер-министр болуп келип олтурат. Ал Евроазиялык союзга кирүү вазийпаларын мыкты аткарып, парламенттик шайлоону калыс жана акыйкат өткөрүп келечектүү өнүгүүгө жол ачат, өкмөттүн ишмердүүлүгүн ишенимдүү нукка бурат деген үмүт бар.
- Мукашбек Нөкөнович, Конституциябызды өзгөртүүгө ыкыс берип, сунуш айткандар чыгып жатат. Буга кандай ойдосуз?
- Негизи, Баш мыйзамдын өзгөртүлбөй акыйкаттыктын символу болуп турганы жакшы. Ошол өзгөртүлбөй аска-зоодой зыңгырап турушунун өзүндө акыйкаттык да, ыйбаа кыла турган сүр да, бийиктик да болот. Өнүккөн мамлекеттердин көпчүлүгүндө Конституциясын туш келди өзгөртө беришпейт, Маселен, Америкада нечендеген он жыл өтсө да Конституциясы өзгөчө өзгөртүүлөрсүз эле турат. Алар Конституцияны ыйык тутуп, урматташат, адеп сакташат. Бийлик жаңырган сайын өзгөртөбүз деп ыкыс беришпейт.
Биздин Баш мыйзам эгемендүүлүккө ээ болгон 24 жылда 8 жолу өзгөртүлүптүр. Ушунун өзү туура эмес, өзүңүз акыл калчай бериңиз. Бул туурасында коомчулукта кеңири айтылып, калыс пикирлер жолдолуп жүрөт. Конституциябызды 20 жылга чейин өзгөртпөйбүз дедикпи, демек ошол чечимди бекем карманып, сөзүбүзгө бек турушубуз керек.
- Мукашбек Нөкөнович, өзүңүздүн ишкердик жагдайларыңызга учкай токтоло кетсеңиз.
- -1980-жылы Краснодардан айыл чарба техникумун бүтүрүп, тамеки кабыл алуучу, сортоочу адистигин алып чыкканмын. Орловка айылында тамеки кабыл алуу пунктунда тапшрылган иштерди аткаруу менен катар үч жыл таразачы болуп иштедим. Ишке каныгып, тажрыйба топтодум. Дегиси, бала кезимден айылда эмгек менен өстүм. 1978-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин "Бейшеке" колхозунун жетекчилигинин жолдомосу менен ( айына 68 сом стипендиясы бар) айыл чарба институтунда окуп, 1992-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, окумуштуу-агроном адистигин алып чыктым. Өз кезегинде Бакай-Ата райондук тамеки кабыл алуу пунктунун жетекчиси болуп иштедим. 1995-жылы Бишкектеги Тамеки иштетүүчү заводдо директордун орун басары болуп эмгектендим.
1997-жылы "Реемтсма" заводу ( немец фирмасы) сатылып кеткенден кийин өз алдымча аракеттенип, "Миң - Булак айылында тамеки ферменттөөчү завод ачып иштетип, элди жумуш менен камсыз кылып турдум. ДКТ-ЧУС үлгүсүндөгү немец агрегаты менен "Полет" сигаретин чыгарып турганбыз. 1 килограмм тамекиден 50 куту сигарет чыгат. Ал эми тамекинин 1 килограммы 300 сом болор эле. Өзүңүз эсептеп көрүңүз, кирешелүү тармак көптөгөн пайда алып келерин билчүмүн. Анын үстүнө Кыргызстан менен Абхазиянын тамекиси өзүнүн жакшы сапаты менен дүйнөдө жогору баалануучу. Союз кезиндеги 15 республиканын ичинен биздин өлкөдө гана тамеки күнгө жайылып, табигый жол менен кургатылчу. Сапаты да мыкты болуп, жогору бааланып элибиз пайдасын жакшы эле көрүп турду.
Ишкердикте мээнет тер, изденүү менен табылган кубанычтарыбыз менен катар, өз алдынча иш ачканда көрө албастардын ич тардыгын, бут тосууларын да көрдүм. Ошолордун кесепетинен "Миң-Булактагы" тамеки заводубуз бүлгүнгө учурап, ишин токтоткон.
Кыйынчылыктардан мүңкүрөп, мөгдөп калган жокпуз. Ар кандай тоскоолдуктар бизди кайра такшалтып, курчутуп турду десем болот. Ушу кезде Талас шаарындагы дан азык ишканасын ийгиликтүү иштетип жатабыз. Жакшы сапаттагы ун менен жумурай-журтту камсыз кылуудабыз. Биздин ишканадан чыккан ун республикабыздын бардык аймактарына жөнөтүлүп турат. Шүгүрчүлүк келтирем, кудайдын кулагы сүйүнсүн.
Кайрымдуулук иштеринен да сыртта калып жаткан жокмун. 2010-жылдагы Ош окуясында өз эсебимден 15 тонна ун, 50 кой жөнөткөнмүн. Карыяларга, жарды жашаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп турамын.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтса кетсеңиз.
- Уул- кыздарымдын алды өз алдынча түтүн булатып, очор-бачар болуп калышты. Тун уулум Мирлан юристтик кесипте. 1984-жылы төрөлгөн Элиза деген кызым экономист болуп иштейт.Өмүрлүк түгөйү Тариэл өндүрүштө жетекчи. Андан кийинки кызым Элиза турмушка чыккан, бала-чакалуу. 1990-жылкы уулум Аскар чарбалык иштерди айттырбай эле бүткөрүп калды. Неберелерим көңүл сүйүнтүп турат. Өмүрлүк жарым Гүлүмбү бухгалтер болуп иштейт. Өмүр көчүм өнүп- өсө берсин деп, кудайга чексиз шүгүрчүлүк келтирем.
- Маанилүү маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңди ийгилик коштоп, турмушуңду жакшылык жылоолой берсин!
Аңгемелешкен
Меңдибек Асылбеков