Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шайлообек Дүйшеев:
ТАБЫЛДЫ
Сен акылдуу болчусуң, сергек болчусуң, жаш баладай таза, ошол эле учурда өтө татаал да болчусуң. Кирем дегендин баарына жүрөгүңдүн эшигин ача берчү эмессиң. Калп, жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жанбактыларды жиниңдей жек көрчүсүң. Сага жагыш, сенин жүрөгүңө кириш дээрлик мүмкүн эмес эле. Сен жаш баладай ак көңүл, кирсиз, таза, кыйын элең. Бирок баладай таза экен деп алдап кетүү, сага жагыш андан да кыйын болчу. А бирок жаккан кишиңди эч качан жүрөгүңдөн чыгарчу эмессиң. Ошол жүрөгүңдөгү кишиң мен болгонума бир чети сыймыктансам, бир чети таң калам.
* * *
Өмүр азайган сайын дос да улам азая берет экен. Сенде да, менде да дос аз эле. Балким мен "Агындыларды" жазбаганда экөөбүз мынчалык жакын болбойт элек. Мен акчасы менен, байлыгы менен, бийлиги менен дос болуп, анан акчасы түгөнгөндө, байлыгы менен бийлиги түгөнгөндө бет карашкыс болуп ажырашкан досторду көп көрдүм. Бирок, Табыке сен экөөбүздү акча дос кылган жок. Экөөбүздү байлык менен бийлик дос кылган жок. Сенде бийлик жок болгон менен акча да, байлык да бар эле. Менде акча да, байлык да, бийлик да жок болчу. Бирок сен аныма карабастан мени менен дос болдуң. Ошондо: "Кудая тобо, ушундай таза адам, ичинде кылдай арамдыгы жок, бөлөк бирөөнүн ишине өзүнүкүнөн да артык кубанган адам болот экен э!" деп таң калгам. Экөөбүздү дос кылган китепке ыракмат!
* * *
Бирөөнүн ийгилигине кубана билген адамдар айрыкча бизде, кыргызда аз, Табыке. Кокус көрө албастардын дүйнөлүк фестивалы болсо, биз кыргыздар биринчиликти эч качан бермек эмеспиз. Балким ошон үчүн өспөй келаткандырбыз. Муну өзүң да айтчу элең. Сен мени баалагандай, мен сенин бизнесиңди, сенин куруучулук талантыңды, сенин өжөр, жасайм дегенин жасаган көкжалдыгыңды баалап, биле албай койдум. Баалап-билгенге чамам да, акылым да, билимим да жеткен жок. Бирок бир билгеним, сен, өз элиңдин ырыс-кешигине кол салбай, өз элиңдин жон терисин сыйырбай, мамлекетти уурдап-тонобой, жебей-ичпей, тапканыңды жашырып-жаппай, көр дүйнөнүн артынан көмөлөнүп байлык, бийлик кубалабай, депутат да болом дебей, Кыргызстанда чынчыл, ак, таза бизнес кылса болорун далилдеген аз ишкерлердин бири болдуң.
* * *
Сен, башкаларга окшоп кабат-кабат особняктарды салсаң болот болчу. Сен ресторандарды, ыймансыз сауналарды салып коюп, акча саап, чалкалап жатсаң да болот болчу. Сен депутат болуп алып Акүйдүн ичине кирип алып мыйзам жазып, сыртына чыгып алып мыйзамсыз иштерди жасап жүрө берсең болот болчу. Сен анткен жоксуң. Сен буурусунчан Россияны ядролук бомбасы бар Россияга айландырган Сталин сыяктуу кыргыздын жыгач челекчен жылаңач суусундуктарын, максым менен жарманы, тойбос менен бозону, чалап менен кымызды дайыма муздак турган, дайыма бузулбай турган заманбап челектер менен сурайылдай суйкайган кооз бөтөлкөлөргө айдап кийирип, дүйнөлүк стандарттагы суусундукка айланткан биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сен, кыргызды кыр-кырдагы боз үйлөрдөн көчүрүп келип, колхоз-совхоз кылып бириктирип, оокат кылдыра баштаган Совет бийлигинин маалында биздин ата-бабаларыбыз ылай менен салган таш үйлөрүн, ылай менен салган чым үйлөрүн эске салып турган, Шералынын чокоюндай кыргыздын өткөнү менен кеткенин көзүбүзгө сайып, көкүрөгүбүзгө салып турган ачык асман алдындагы музейи менен кошо, адамды эс алдыртып эле тим болбой ойлонткон, толгонткон, Ата Конушун эстеткен, сагынткан "Супара" этнографиялык эс алуу жайын салган, Кыргыздын тоодогу Боз үйүн шаарга алып келип жаңы түр, жаңы жашоо берген биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сенин бардык өмүрүң, кыргыздын келечегине арналды. Сен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн мен кыйынмын деген жигиттеринин башынан да кыргыз жигиттеринин башы мыкты иштей ала тургандыгын дүйнөгө "Супара" жана "Супара-Чуңкурчак" менен далилдеп көрсөткөн биринчи Кыргыз болдуң, Табыке!
* * *
Сен өз элиңди кандай сүйсөң жашоону да ошондой сүйчүсүң! Кыргыздын келечеги алаканыңда тургандай ишенип жашачусуң. Сен оптимист болчусуң. Сен көк, өжөр, намыскөй, анан аябагандай жөнөкөй болчусуң. Кыргызды сендей сүйгөн, Жашоону сендей сүйгөндөр өтө аз эле. Сен өмүр деген бир күнү учуп кете турган колдогу куш экенин, эрип кете турган муз экенин такыр эле элес албай жашаган жан элең. Сенин башыңда ой-максат дегендер толтура болчу. Ошонун баарын жасайм дечүсүң. Сен мурутуң муз болуп, таманың сыз болуп, "Чуңкурчактын" жазын жаздап, кышын кыштап жүрүп айыкпас дартка чалдыктың.
* * *
Сенин колуң тийген жансыз таштарга жан кирип сүйлөп турчу, сенин колуң тийгендин баары гүлдөп турчу. Сен Германиядан да, Түркиядан да Нуралы экөөбүз менен сүйлөшүп турдуң. Бирок бир жолу да, ичер сууңдүн түгөнүп баратканын айткан жоксуң. Сен басалбай жатып калганыңда да өзүңдүн эмес, биздин ден соолугубузду сурап, Бексултан абаны, Баратбай досуңду сурачу элең...
* * *
Артыңда кулунунан ажырап боздоп турган Энең калды, Энеге баласынан ажырагандан өткөн кайгы-муң болбос! Артыңда боздоп-ыйлап асыл жарың Жаңылың калды, атасынан ажыраган балдарың калды, уялашың Жумадил калды, артыңда ага-туугандарың, жакын санаалаштарың, калдайган калкың калды. Сен эч качан унутулбайсың. Сен атыңды өлбөй-өчпөй турган, атыңды өмүр бою сактай турган асыл адамдардын катарына калтырып кетип баратасың. Сен эми мындан ары түбөлүк эскерүүгө айланасың!
Табылды боорум, сен бизге,
Таптырбай кеттиң бой салып.
Барса бир келбес жайыңа,
Баралбай калдык жол салып.
Кайыр кош, эми сен бизге,
Кайрылбай кеттиң бой салып,
Кара бир жердин алдынан,
Алалбай калдык кол салып.

Кош Табыке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Ыйманың саламат болсун!