Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Манасты билбеген, билмек турсун "тепсеген" Максуда

ЭлТР каналында мындан төрт жыл мурун башталган "Манас күнү" катары жыл сайын 20-майда белгиленип келген манасчылардын майрамы быйыл белгиленбей калды. "Маданиятыбыздын туу чокусу" болгон "Манас күнүн" жалпы эл жакшы кабыл алып, ансыз да сан жагынан азыраак айтылуу манасчыларыбызды куттуктап, ар бир адам жан дүйнөсүн Манаска балкытып, бир кумардан чыгаар эле. 20-май күнү ЭлТРден таң эртеден түн бир оокумуна чейин Манас айтылып, демөөрчүлөр тарабынан манасчыларга белек берилип турчу. Аталган каналдагы эл колдогон, эл сүйүп көргөн, зарыгып күткөн бул долбоор бирден-бир саамалык болуп эсептелчү. Жаңы жетекчи Максуда Айтиева аттуу "реформатор" өз ишин дал ушул "Манасчылардын майрамын" кыскартуудан баштаптыр. Негизи Манасты кыскартам дегендердин түбү жакшы болбой, өздөрү кыскарып кетчү эле. Албетте, анын бул кадамына эл абдан нааразы болуп турат. Бул ишке чоң колдоо көрсөтүп келаткан "Айтыш" коомдук уюмун негиздөөчүсү Садык Шер жана бир катар манасчылардын бул боюнча пикирин төмөндө бирге окуйлу.

Садык Шернияз, "Айтыш" коомдук уюмунун негиздөөчүсү:
"Манаска ким каршы чыкса, ал өзүнүн шору! "
- Мамлекеттин түркүгү идеология болсо, идеологиянын түркүгү маданият! Ал эми биздин маданиятты Манассыз элестетүү эч мүмкүн эмес. Бул феноменге Айтматов баштаган, ага чейинки да улуу инсандарыбыз тизе бүгүп, колдоп келген. Манасты айткан кишини да, "Манас" деп ураан таштаган кыргыз элин да Кудай колдогон. Төрт жылдан бери "Манас күнү" белгиленип, бутуна туруп калды эле. Эми минтип белгиленбей калды. Негизи эле биз көп учурда реформа деген атка жамынып, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды, улуттук мурастарды жыга чаап салабыз. Анын бир мисалы ушул. Жаңылануунун негизги максаты, ата-бабабыздын улуттук мурастарын, руханий баалуулуктарын, мыкты сапаттарын алып, ошону менен алдыга жылуу болуп эсептелиши керек. Тилекке каршы андай болбой жатат. Эгер ушул айткан улуу нерселерди жыга чаап, улам элден алыстатып олтурсак бул маңкуртчулукка алып барат. Мисалы, азыр жаңыланабыз деп баарыбыз англис тилин сүйлөп калсак, жаңыланабыз деп башка элдин ырын ырдап, бийин бийлеп кетсек, анда ал эч кандай жаңылануу эмес эле кыргыз элин жоготуу болот. Чынын айтканда, ЭлТРде акыркы айларда түшүнүксүз иштер болуп жатат. ЭлТР жетекчилиги ушундай форматта жаңылануу жүргүзөб үз деп өз көрүүчүлөрүн, керек болсо жаңы көрүүчүлөрдү да топтой албай калышы мүмкүн. Андыктан, жаңы жетекчи жаңыланууну Манаска каршы чыгуудан баштаганы идеологияга туура келбей турган иш. Бир ишти баштаганда, маңызын чыгара ойлонуп туруп баштаса болмок.
- Эми мындан аркы кадам кандай болот?
- Биз азырынча силердин гезит аркылуу коомчулукка билдирип коелу деп чечтик. Анан калганын көрө жатарбыз. Бир канал Манасты баалай албай жатса башкасы анын жолун жолдобос, алар манасчыларды колдойт деген ишенич бар. Маданияттын өкүлдөрү бул иш үчүн митингге чыкпайт. Башка жолдор менен чечебиз. Балким жогорку жактагы төбөлдөрүбүз да үн катаар. Манаска күйгөн адамдардын колдоосу менен буюрса кайра уланат. Бирок буга чейин башталып, эл көнүп, жылдан-жылга арышы кеңейип калган ишке бут тосуп жатышканы жакшы эмес. Кайра ишти баштоо - бул ошол жерге кайра үрөн сээп, аны өндүрүп, бапестеп өстүрүү менен барабар да. Төрт жыл мурун башталган иш азыр кадимкидей жемишин бере баштаган болчу да. Эми ал даракты түп ордунан жулуп салгандай болуп турат. Ушул кантип жакшылык болсун! Бакиевдин тушунда Манас ЮНЕСКОго Кытайдын атынан катталып кеткенде, биринчилерден болуп ушул балдар кыйкырып чыккан. Журналисттер ал тууралуу 500дөн ашуун макала жазышкан. Анын аягы эмне болду эл жакшы билет. Бир сөз менен айтканда, Манаска каршы чыккан кесирлик. ЭлТРге, кыргызга кылган кесирлик деп койсок болот. Манаска ким каршы чыкса ал өзүнүн шору!

Рыспай Исаков, манасчы:
"Манас күн" эл аралык долбоорго чыккан болчу"
- Негизи мен Манас үчүн ЭлТР каналына келип иштеп баштаганыма 7-8 жыл болду. Илгерки манасчыларды айтпаганда да, кийинки эле Сагынбай, Саякбай, Шаабай баштаган манасчылардан Манас толук жазылып алынган эмес. Ал эми бүгүнкү манасчылардын Манасын ушундай мүмкүнчүлүк бар заманда да жазып алынбай жатканын эске алып, ЭлТРден башында Манаска бир саат убакыт берилген. Ошол кездеги ЭлТРдин жетекчиси Шайырбектен "Манасты эң башынан баштап айтып бересиң" деген сунуш түшкөн. Бул да мен күткөн сунуш эле, кубанып, дилгирленип ишти баштаганбыз. Андан бери жогоруда айткандай 4-5 жыл өттү. Кудайга шүгүр, Манас боюнча долбоор да бир топ чоңоюп, ал тургай эл аралык деңгээлге чыккан. Себеби мындан төрт жыл мурун ЭлТРде "Манас күнү" башталган. Андан тышкары, "Кадыр түн", "Аялдар майрамы", Акындардын майрамын" жана "Күү майрамы" деп да өзүнчө бир күндү белгилеп, ал күндөрү каналдан керээлден кечке комуз, кыл кыяк, үйлөмө аспапты ойношуп, акындар тил безеп элдин маанайын көтөрүп турушар эле. Тилекке каршы, быйыл эл күткөн, манасчылар күткөн "Манас күнү" белгиленбей калды.
- Мунун себептерине токтолсоңуз? Айтиевага айттыңарбы?
- Бирден-бир себеби, жетекчиликтин алмашканынан эле көрөм. Башка себеби деле жок. Бул эле буга чейинки жогоруда айткан майрамдар да мурдагыдай деңгээлде өтпөй калганын да айталы. Биз манасчылар учурда бул майрамдын өтпөй калганына өкүттө олтурабыз. Эки манасчы, так айтканда мен жана Замир Баялинов ЭлТРде иштеп келдик да. Бирок манасчылар Замирди жумуштан чыгарып койгондон кийин, менин деле күнүм узак эмес экенин сезип, жаңы жетекчиге бул маселе менен кайрылуунун кажети жок деп чечтик. Анткени, Айтиева Манаска болгон көз карашын Замирге айтып билдирген экен.


Замир Баялиев, манасчы:
"Эл бизге тындырбай телефон чалып жатышат"
- Эң алгач "Манас күнүн" белгилегенде ыраматылык Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев аталарыбыз бар эле. ЭлТРдеги бул долбоорго мен продюсер катары да иштеп калдым. Биринчи жылы белгилегенде Бишкек-Ош телемост эфирин уюштурганбыз. Бул күнү каналдын имаратына карапайым элден тышкары ЖКнын депутаттары, салбуурунчулар келишип, өздөрүнүн куттуктоолорун айтышып абдан колдоого алып турушкан да. Кыскасы, алгач башталганда эле кыргыздын дөөлөтүн көтөрүп калган чоң майрамга айланып калган. Кийинки жылы бул майрамда телемостко Бишкек-Ош, анан Талас кошулган. 4-жылы Ысык-Көл кошулду. Быйыл болсо Нарынды кошолу деп турганбыз. Мен башкасынан мурда да эл колдоого алып, жакшы башталып калган Манас боюнча чоң долбордун токтоп калганына өкүнүп да, арданып да жатам. Манас деген кыргыздын руханий байлыгы, тарыхы, жүзү, маданияты да. Ушундай улуу дөөлөткө бут тосууну мен кыргызга, Манаска кылган кара өзгөйлүк деп билем. Өткөн жылы Баткен Шернияз манасчыларга 1 млн. сом коюп, ал байге катары бөлүштүрүлүп берилген. Менин билишимче, бул долбоорго ЭлТРдин бюджетинен деле акча кетчү эмес. Болгону бир күндүк түз эфирин арначу. Ортодо жаңылыктар менен жарыялар берилип турчу. Чыгым жагын колунда бар адамдар көтөрүп алчу. Эң биринчи өткөзгөндө Садык Шернияз байкебизге барып кеңешкенбиз. Ал: "Илгери манасчыларды, аш-тойдо ат-тон менен узатчу эле. Азыр андай болбой калды, ошол салтты улайлы", - деп алгач манасчы Дөөлөт Сыдыковго ат мингизип, тон кийгизген. Бул жөрөлгөнү, депутаттар, 3 күн мурун сөөгү жерге берилген Табылды Эгембердиев баш болгон адамдар колдоп кеткен. Саякбай атабызга кезегинде Мухтар Ауэзов бир жакшы чапанды белекке берген экен. Саякбай атабыз ал чапанды Чыңгыз Айтматовго бериптир. Айтматов аны Төлөгөн Касымбековго тапшырган экен. Төлөгөн атабыз болсо "Манас күнүндө" манас айткан каарманыбыз Самат Көчөрбаевге берген эле. Быйыл "Манас күнү" өтпөй калгандан кийин аттуу-баштуу адамдар, карапайым эл дагы бизге "эмне үчүн өтпөй калды" деген суроону беришип, тындырбай чалып жатышат.
- ЭлТРде канча жыл иштедиңиз? Эмне себеп менен жумуштан кетирди?
- Шакиев ЭлТРде жетекчи болуп турганда эле "Манасчы" деген долбоор бар болчу. Мен ошол долбоор менен 6 жыл иштедим. Шайырбек, андан кийин Жумагуловдор жетекчи болуп турган кезде да ал долбоор колдоого алынып турду. Бирок азыркы жетекчи Айтиева келгенде ал долбоорго бут тосуу башталды. Мен жетекчи менен эч кандай урушкан жокмун. Ал мага: "Арыз жаз, маянаңды мындай төлөйм, штаттан тышкары иште", - деди. Ага деле макул болуп, эки айдай иштедим. Бирок мен чыгарып жаткан көрсөтүүнү алып койду. Ошону менен токтоду.

Улан Исмаилов, манасчы,
"Мен Рыспай Манас айтып баштаганда, ОРТга которуп салам" деп... "
- Ушул долбоор чыкпай калгандан кийин кечээтен бери эле эл бизге чала башташты. "Манас күнү" чоң майрамга айланып калганын эч ким жокко чыгара албайт. Жакшы башталган ишти, бир жетекчи эле Манасты түшүнбөгөндөн улам эле токтотуп салды. Мен өзүм ЭлТрде иштебейм. Бирок жеке укканыма караганда Максуда Айтиева досторуна, өзүнүн кызматкерлерине: "Мен Рыспай Манас айтып баштаганда пультту басып, ОРТга которуп салам", - деп айтат экен. Эми ушул сөз жетекчинин айта турган сөзүбү? Деңгээли кандай экенин ушул сөз менен эле билгизип жатпайбы.


Чыңгыз Айтматов атабыз "Маданияттын башы Манас" деп айтып жатса, улуттук дөөлөттөрдү чагылдырып келген бир чоң каналдын жетекчиси минтип Манасты шылдыңдап жатат. Бул жерде кайсы бир деңгээлде Маданият министрлигинин да күнөөсү бар. Себеби министрлер долбоордун автору Шайырбек байке экенин жакшы билишсе да, өздөрү автор катары күпүлдөп сүйлөшүп катышып турушчу эле. Минтип токтоп калгандан кийин тынч жатат. Колдоо көрсөткөн жок, пикирин да билдиришкен жок. Биринчи жылы Ошко барганбыз. Ал жерден сакалы төшүнөн келген, 90 жаштагы атабыз келип "Манасты манасчылардын өз оозунан угайын", - деп кечке уккан. Экинчи жылы да Ошко барганбыз, үчүнчү жылы Таласка, төртүнчү жылы Көлгө барганбыз. Быйыл болсо майрамдын өзү жок, баарыбыз кайгырып олтуруп калдык. Буга жетекчи түздөн-түз коомчулукка жообун айтышы керек.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
"Калмактын гана колунан келе турган иш..."
- Жогорку бийлик тараптан мамлекеттик каналдарга жетекчилерди дайындап жатканда улутка күйгөн, улуттук каада-салтты билип, аны аздектеген мекенчил адамдарды дайындашса жакшы болмок. Башкасын кой, баарынан да Манаска ушинтип каршы чыгуу иши бир кыргызга кылы кыйшабаган кыргыз сөрөй адамдын, экинчиси, элибиздин эзелки душманы калмактын гана колунан келет. Кайсы кыргыз Манаска каршы чыкты эле? Кыргыз өлүп баратса да канында Манас ойноп турган. ЭлТРде эле эмес, дагы башка каналдарда дагы Манаска кысым болуп жатат. Манас менен кыргызды эки башка бөлүп караганга болбойт. Манаска балта чапкандык, бул кыргызга балта чапкандык да. Себеби мен кыргызмын деген адамдын канында Манас бар. Салтты кадырлап келген байыркы кыргыз эли кайда болбосо да манасчылардын жолу улук деп сыйлап, ызааттап турган. Айтиева болсо, эл көнүп, жакшы кабыл алып калган Манас боюнча чоң долбоорго кыргызга бөтөн, таптакыр чоочун адамдай каршы чыгып токтотуп салганы биздин акылыбызга сыйбай турат. Же ал чынында эле кыргыз эмеспи деген да суроо туулат экен. Кыргыз болсо, анын бул кадамы өзүнүн ата-бабасынын жолуна каршы чыккандык болуп эсептелет.

Самат Көчөрбаев, манасчы:
"Айтиева, бул кадамы менен улуттук идеологияга каршы чыгып... "
- Бул маселе чындап келгенде манасчыларга эле эмес, бүт кыргыз элине тиешелүү маселе. Анткени бизде манасчылар аркылуу бара-бара жалпы эле Манас майрамын чоң салтанат менен майрамдап калат деген үмүттүн шооласы бар болчу. Максуда айым ошол үмүттүн шооласын үзүп жатпайбы. "Манас күнү" болоордо манасчыларды көп эле адам кадимкидей куттуктап калган. Бул күнү 20дан ашуун манасчылар чогулуп, элге манас айтып турушчу эле. Негизи эле бир күн "Манас күнү" катары жалпы коомчулукта, ал гана эмес эл аралык деңгээлде майрамдалышы зарыл. Бул иш 4 жыл мурун башталды эле. Башталган ишке бир аял жетекчи балта чаап олтурат. Рыспай Исаков экөөбүз Калмыкияга барып келгенбиз. Алардын өздөрүнүн "Жангар" эпосуна атайы бир күндү белгилеп коюп, жалпы эл катуу майрамдайт экен. Ал тургай мамлекет башчысы келип куттуктайт экен. "Жангарды" айтуучуларды атайы сыйлап, улууларга пенсия, орто жаштагыларга айлык, жаш жеткинчектерине стипендияларды берип, айтор өздөрүнүн кичинекей эпосун ушунчалык даңазалашат экен. Муну биз өз көзүбүз менен көрүп келгенбиз. Айтиева бул кадамы менен улуттук идеологияга каршы чыгып, жакшы деңгээлге чыгып калган бүтүн ишти бүлүндүрүп жатканы бизди өкүндүрөт.

Айбек Шамшыкеев