Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нусувалиевдин жеңиши - Кыргызстандын жеңиши!
Эгемендик алгандан бери эчендеген эл мүлкү сатылып кетти. Ошондойлордун бирин баяндап берелик. 19 жыл илгери Түштүк кореялык Ли Жон Бек деген корей бизнесмени Бишкектин эң эле көрктүү жери болгон ВДНХнын короосунан заңгыраган ошол көргөзмө борборунун имаратын, зоопарк баш болгон дагы 7 имаратты кошуп туруп, 23,5 гектар жерди 99 жылга менчиктеп алышкан. Башында чет жактык бул бизнесмендер асмандын башын айтып убадаларын аянбай беришкен. 20 жылга жакын убакыттан бери анын бири да жасалган эмес. Тескерсинче алар ал жактын ашмалтайын чыгарышты. ВДНХнын имаратынын кейпи кетип, кычыраган 4 имарат толугу менен талкаланган. Тээ илгертен бери бой тиреп өсүп жаткан баалуу дарактар тамыры менен омурулуп, шаардыктардын эс алуучу жайы көз алдыбызда кор болуп келген. Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилери кыргызга жасалган мындай кыянатчылыкты көрсө да көрмөксөн болуп, укса да укмаксан болуп, балким ооз басырыкка деп Ли Жон Бектин "ЦАКынан" олчойгон акча алып келишкендир. 2,5 жыл мурун БЭЭАнын башчылыгына дайындалган Орозбек Нусувалиев акыры айтчу сөзүн айтып, алардын арам акчасына алданбай келишимди аткарбагындыгы үчүн деп "ЦАК" ээлеп алган жанагы имараттарды, 23,5 гектар жерди мамлекет карамагына алууга кам ура баштаган. Балээнин баары ошондо башталды. Буга чейин кыргыз чиновниктерин чимирип келген Бектин айласы алты кетип, Орозбек мырза оңой эмес экенин түшүндү. "Буларды дүңүнөн сатып алам" - деген ою ойрон болуп, миллиондогон доллар акчадан куру жалак калуу коркунучуна кептелди. Баасы ченемсиз тарыхый имарат ВДНХны эсептебегенде, Бишкектин эң кымбат районундагы 23,5 гектар жер тилкеси эмне деген акча болот эле? Болбосо алар буга чейин ар бир гектары үчүн Кыргызстанды шылдыңдап 27 тыйындан төлөп келген. Нусувалиев башчылыкка келээр менен келишимдеги толгон-токой кемчиликтерди таап чыгып, мыйыгынан күлүп келген Ли Жон Бекти мыйзам менен туңгуюкка кептеди. Анысы айкырыкты салып, маалымат жыйындарын өткөрүп, гезиттерге жамандатып, БЭЭА башчысын башчылыктан кетирүүгө болгон аракетин жумшады. Мындан тышкары Орозбек Нусувалиев Бишкек эркин экономикалык аймагындагы 400дөн ашык мыйзамсыз иштеген ишканаларды СЭЗдин субьектиси деген статустан ажыратып, 100дөн ашык ишканалар менен келишимдерди кайра түздүрүп, 25 гектар жер тилкесин, 20 миң чарчы метрди ээлеген 12 имаратты мамлекеттин менчигине алган. 2012-жылды 4 миллион 700 миң сом чыгаша менен аяктаса, 2014-жылы БЭЭА 52,2 миллион сом таза киреше менен чыгышты. Оңой оокат менен оңбогондой олжо таап келгендер Орозбек мырзаны омкорууга аракет кылып жатканынын жалгыз себеби дагы ушул. Аз убакыттын ичинде бала бакча, жатакана, көргөзмө павильону, админстративдик корпус сыяктуу жаңы имарттарды ишке бергени өзүнчө чоң кеп. Бишкек эркин экономикалык аймагында акыркы 20 жылда мындай иш жасалган эмес. Албетте ушунун баарын көрүп, билип туруп унчукпай коюуга акыбыз жок. Иштейм деген кишиге бут тосуп, көрпенделик жеке кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албагандарга арга жок экен. Баса, 2013-жылы 13-ноябрда "ЦАК" ишканасы жанагыдай толгон-токой итчилиги үчүн кечирим сурап, мыйзам жолуна түшкөндүн ордуна кайра кыргыз өкмөтүн укугубузду тебеледи деп Москва соода өндүрүш палатасынын арбитраждык сотуна арызданышкан. Кыргыз тарапка, Бишкек эркин экономикалык аймагынын өкүлдөрүнө бир ооз эскертпей туруп, москвалык сот бир жактуу карап, корей ишкеринин пайдасына чечип, кыргыз өкмөтү аларга 23 миллион доллар төлөп берсин деген чечимин чыгарган. "ЦАК" менен болгон келишим мыйзам чегинде жокко чыгарылгандыгын кечээ жакында эле Орозбек Нусувалиев баштаган кыргыз тарап ошол эле Москванын арбитраждык сотунда далилдеп, чоң жеңиш менен кайтышты. 6-майдагы бул жеңишибизди айткысы келбеген Вечерний Бишкек" гезити эртеси 7-май күнү тескерсинче Орозбек Нусувалиевди бир жактуу каралаган макаласын басты. 2013-жылы корейлер соттон утканда ушул эле "Вечерний Бишкек" гезити кайра-кайра жазып, ураалап чыккан. Ушундан улам, Александр Ким жетектеген "Вечерний Бишкек" гезити кимдин таламын талашаары, кимдин кызыкчылыгын коргоору ачыкталды. 6-май Москвадагы жеңиштен кийин "Вечерний Бишкек" гезитинин жаагы басылбай, Нусувалиевге жалаа жапкандан башкага жарашкан жок. Мисалы, БЭЭА менен Орозбек мырзага асылгандардын бири Ахынбай Кошоев деген адам. Бул адамдын БЭЭАда көп жылдардан бери "Полет", "Прима" деген фильтри жок тамекилерди мыйзамсыз чыгарып келгени аныкталган. Башында ишканасын текшертишпей тоскоолдук кылышканы менен, кийин текшерип 10 жылдан ашык мыйзамсыз иштеткендиги үчүн токтотулган. Бул ишканадан мамлекетке эч кандай пайда түшкөн эмес, ал тургай ижарага 70 миң сом карыз. Ал өзүнүн ушундай мыйзамсыз ишканасын сактап калуу аракетинде БЭЭАны жана Нусувалиевди көп учурда эч далили жок материлдар менен ар кайсы гезиттерге акча төлөп шыбап келген. Мисалы, 20014-жылдын январында "Дело №" газетасына 173 700 сом төлөп, буйрутма материал чыгарган. Бул бир гезитке эле төлөгөн акчасы. Андан бери да бир катар гезит, сайттарга жалган маалыматтарды байма-бай чыгарып келатат. Кыргыз тилдүү гезиттер ушундай кыйчалыш кезде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобосо, качан коргойт? Бул маселе да ойлоно турган маселе. Кыргызстандын казынасы капшырылып, 23 миллион долларга какшыганы - Александр Ким менен Ли Жон Бек үчүн чыныгы утуш экен.
Тиленбек АЗЫК





Жол салыгын эки комитет алкады
Жаңы мыйзам аркылуу эл өкүлдөрү мамлекеттик казынаны толтуруп, жолдорду мизилдете оңдотуп, анан албетте коррупция менен катуу күрөш жүрөөрүнө ишеним артышууда. Жакында эле парламенттин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда жол салыктары жөнүндөгү мыйзам долбоору колдоого алынды. Эсиңиздерге сала кетсек, Өкмөттүн бул демилгесин парламенттин транспорт жана коммуникация комитети дагы колдоп берген. Бул мыйзам долбоорун карап жатканда эл аралык тажрыйбалардын биздин шартта колдонулушун, статистикаларды эл өкүлдөрү өтө кылдаттык менен иликтеп-жиликтеп чыгышты. Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Замир Бекбоев буга чейин журналисттерге бул мыйзам долбоору өтө туура экендигин жар салган.
- Биринчиден, бизде мурун жол салыгы бар болчу. Аны жоюп салганбыз. Ошол эле учурда жолдорубуздун кейпи кандай экенин баарыңар жакшы билесиңер. А биз болсо базар экономикасынын шартында жашайбыз. Тиги же бул бизнесмендер ошол эле элдин капчыгынан оңдолгон, салынган жолдордон оңбогондой акча табышат. Бул ишке эмне үчүн мамлекет аралашпашы керек? Мамлекет жолду оңдоп-түзөсө, анын убайын жеке бизнесмендер көрсө акыйкаттык кайда калат? - дегени эсибизде.
Ошол эле учурда депутат Бекбоев бул мыйзам долбоору коммерциялык багыттагы унааларга, ири жүк ташуучу транспортторго, чет элдик ири унааларга колдонулаарын, жеңил машинелерге эч кандай тиешеси жок экендигин эскерткен. Анын үстүнө демилгечилердин пикиринде айрым гана жол участкаларында салыктын бул түрү колдонулат экен. Жол төлөмдөрү эң биринчи кезекте биздин жолду талкалап, бирок эч кандай жоопкерчилик албаган ири жүк ташуучулар менен чет элдик жүк ташуучуларга тийиштүү болот.
Парламент өкүлү бул мыйзам долбоору жүк ташуучулардын эч кандай нааразычылыгын туудурбайт, анткени алар ансыз деле өтө көп жеңилдиктерге ээ экенин кошумчалаган.
- Биз ашыкча демократиялашып кеттик. Мамлекетке мындай митечилик мамиле кылган болбойт. Кайталап коеюн, мурда жол салыгы бар болсо, азыр ал дагы жок. Демек, бул төлөм бизге абдан керек. Азырынча жолдор мамлекеттин мойнунда чоң жүк болуп жатат. Албетте бул салыкты республиканын бардык эли төлөөгө милдеттүү эмес. Жолду жеке муктаждыгына эмес, коммерциялык максатта колдонгондор гана төлөөгө милдеттүү - деди.
- Депутаттын айтымында жыл сайын 30 миллион доллар салмак текшерүүчү пункттардан түшүп турат, бирок анын бир да тыйыны мамлекеттик казынага жетпейт экен.
(Башы 6-бетте)
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өз кезегинде көмүр ташыган кытайлык ири жүк ташуучу Хово унаалары чынында эле жолдорду талкалап жатканын айтып чыкты.
- Ошол ири унаалардын ээлери же алардын башында турган кожоюндары көбүрөөк пайда табуу үчүн нормадан көп жүк салып алышууда. Мен дагы бир кезде 10 тоннадан ашык жүк салбоого мыйзам менен тыюу салган долбоорду иштеп чыккам. Дагы бир жагдайды эске алышыбыз керек. Бизде мыйзамдар дароо эле иштеп кетпейт. Өзгөчө ал мыйзам долбоор кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына туура келбесе. Бул мыйзам жөнөкөй элдин эмес, ушундай ишкерлердин, көмүр кендеринин ээлеринин кызыкчылыгына туура келбеши мүмкүн.
Бул мыйзам долбоору эми жалпы палатага чыгарылат. Бул мыйзам долбоорунун негизги маңызын түшүндүрө кетсек ашыкча болбостур. Кыргызстанда катталган ири жүк ташуучу унаалар, автобустар, ошондой эле чет жактык унаалар жалпы колдонуудагы жолдордо жүргөндүгү үчүн мамлекетке салык төлөшөт. Кыргызстанда катталган салмагы 3,5 тоннадан аз болгон жеңил унааларга бул салыктын тиешеси жок. Бул мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына жол тармагындагы кризистик абал, күндөн-күнгө иштен чыгып жаткан жолдор, аларды оңдоп-түзөөгө мамлекеттик казынада акчанын жоктугу себеп болду. Мамлекет сырттан мындан ары жолго деп карыз алууга шайы келбей калды, себеби тышкы карызыбыздын көлөмү ИДПыбыздын 50 пайызынан ашып кетти. Анын үстүнө мындай жол төлөмдөрүн чогултуу дүйнөдө, өзгөчө Европада, Россияда эчактан бери эле колдонулуп келет.
Парламентчилер, эксперттер ири жүк ташуучулардын каршылыгына тушугаарын азыртадан сезип жатышат. Себеби ири көмүр кендеринин, курулуш компанияларынын кожоюндары дагы, салмак текшерүүчү пункттардагы көмүскө схемалардын артында дагы ошол эле саясатчыларыбыз, мамлекеттик чиновниктерибиз турат. Эң негизгиси сунушталып жаткан жол төлөмдөрүн чогултуучу система толугу менен автоматташтырылат. Адамдык фактордун жоюлушу, акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялардын колдонулушу бул системанын коррупцияга бөгөт коюудагы эң башкы негизи болуп бермекчи. Дал ушул автоматташтыруу системасы эксперттер тарабынан дагы, депутаттар тарабынан дагы кайра-кайра такталып, таразаланган. Бул мыйзам долбоору аркылуу жолдорду каржылоо булагы табылуу менен коррупцияга каршы эң чоң сокку болуп жатканын парламент түшүнүп, ошого туура баа берип жатканы албетте кубандырбай койбойт.
Тиленбек Азык