Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Азимов Адилет, ырчы:
"Өзбекстанда өтө турган сынакка даярданып…"
- Адилет, жакында эле Орусияга эл аралык сынакка катышып биринчиликти алып келипсиң. Жеңишиң менен куттуктайбыз. Алгач сынак туурасында айтып берсең?
- Аталган сынакты кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы Айчүрөк Иманалиева сунуштап калды. Анын сунушуна дароо эле макулдук берип, бул жакта бир айдай даярдык көрдүк. Андан кийин Орусияга бардык. Сынак Санкт- Петербургда болуп өттү. Жалпысынан сынакка 9 өлкөнүн ырчылары катышып ат салыштык. Сынак үч тур менен өттү. Биринчи күнү "Ак куум ай" деген ырымды ырдадым. Экинчи күнү "Луна" деген, үчүнчү күнү Атайбек Бөдөшовдун "Кудай берсе" деген ырын аткардым. Баш байгени Молдовадан келген ырчы алып кетти. Мен биринчиликке ээ болдум.
- Баш байгени багындыра албай калганыңа эмне себеп болду? Даярдык жакшы болбой калдыбы же калыстар тобунан катачылыктар кеттиби?
- Калыстар тобуна эч кандай күнөө кое албайм. Аларга нааразычылыгым жок. Конкурс абдан эле жогорку деңгээлде, таза өттү. Баш байгеге жетпей калганым ден соолугума байланыштуу болду. Анткени сынактын алдында ооруп калып, азыркыга чейин жакшы боло албай жатам. Ооруп калгандыктан үнүм бир аз кырылдап, жакшы ырдай албай койдум окшойт. Бирок ооруганыма карабай, ушунча даярдык көрүп, атайын келгенден кийин Кыргызстандын намысын коргоп кетейин деп болгон аракетимди көрүп, жакшы ырдаганга аракет кылдым. Негизи ырчылыкта ооруп жатканда ырдабаш керек. Болбосо үнүңдү бузуп аласың. Мен ооруганыма карабай ырдап, азыр үнүм бир аз өзгөрүлүп калды. Бирок убакыттын өтүшү менен калыбына келип жатат.
- А бул кандай сынак экен. Жыл сайын өтүп турат бекен?
- Ооба, жылда жаштар арасында өтүп турчу эл аралык сынак экен. Бул сынактын эң башкы нерсеси башка сынактарга да чакырууларды алат экенсиң. Мага ошол жерден "Славян базары", "Восточный базар" сынактарына сунуштар түштү. Кийинки жылы документтерди тапшырып, катышкыла дешти. Эми аны убагы келгенде көрөбүз да. Баш байгеге 1500 евро, биринчиликке 1000 евро экен. Эң башкысы акча эмес. Биздин мамлекеттин намысы башкы орунда турду.
- Калыстар тобунун курамында биздин ырчыбыз Айчүрөк Иманалиева болуптур. Сага канчалык деңгээлде жардам бере алды?
- Айчүрөк эже менен ушул сынакка чейин тааныштыгым жок болчу. Биринчи жолу иштешип жатам. Буга чейин эженин кандай адам экендигин билчү эмесмин. Сынакка барганда абдан адамгерчиликтүү, күйүмдүү, боорукер, өз ырчысынын жеңишине болгон аракеттин жумшай алган мээнеткеч адам экенин көрүп, абдан ыраазы болдум. Ооруп калганда ары чуркап, бери чуркап менин батыраак сакайып кетишиме колунан келген жардамын берип жүрдү. Ырдап чыгарда да кеңешин берип, колдоп турду. Чынында менин биринчиликти алышыма Айчүрөк эженин да салымы зор болду. Эжеге рахмат.
- Буга чейин кандай конкурстарга катышып келдиң эле? -
Жакшы эле сынактарга катышым. Биринчи жолу "Мейкин Азияга" катышып 2- орунду алгам. Андан кийин Казакстанга барып 1- орунду алып келгем. Түркияда өткөн сынакта да 2-орунга ээ болгом. Албетте, бул сынактардын башталышы гана. Кудай буюрса, алдыда көп сынактарга катышып кыргыз элинин намысын коргойбуз деген ишеничтемин.
- Чет жерде өткөн сынакка катышууда көп ырчылар каражат жагынан кыйналышып, айрымдар каражаттын жоктугунан улам такыр эле барбай калышууда. Сен дагы чет жерде өткөн сынактарга катышып жатасың. Ошондой сынакка барууда бизден демөөрчүлөр табылабы?
- Чет жерде өткөн көп сынактарда жол кире, жатакана, тамак- аш маселеси каралбайт. Бул нерселердин баары ырчынын жеке чөнтөгүнүн төлөнгөндүктөн, айрым ырчылар таланттуу болгонуна карабай чет жердеги фестивалдан баш тартууга аргасыз болушууда. Бул чындык. Анткени ырчынын баары эле акчалуу, байдын баласы же кызы эмес. Эптеп өз каражатына ыр жаздырып жүргөндөр абдан эле көп. Ошондуктан көп ырчылар чет жердеги сынактарда өздөрүн сынай албай калышууда. А демөөрчүлөр болсо дайыма эле чыга бербейт. Айрымдар туура түшүнүп колдоо көрсөтсө, кээ бирөөлөр кандайдыр бир талаптарды коет. Ошондуктан көп ырчылардын демөөрчүлөрдөн жардам сурагылары келбейт. А бул жолу болсо мага Сокулуктун акимчилиги, дагы жакшы тааныш байкелер колдоо көрсөттү. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирем.
- Эми чыгармачылыгың туурасында кеп кылсак. Учурда эмне менен алектенип жатасың?
- Учурда август айында Өзбекстанда өтө турган эл аралык фестивалга даярдык көрүп жатам. Деңгээли бийик сынак экен, азыртадан жакшы даярдык көрүп, жаңы ырларды жаздыруудамын. Угушумда баш байгеси 10 000 доллар экен. Мындан сырткары үч жаңы ыр жаздырып, бир ырыма клип тартканы жатам. Азыркы жаздырып жаткан ырларым мурдагы ырлардай олуттуу, салмактуу эмес, бир аз жеңил, эстрада багытындагы шаңдуу ырлар болмокчу.
- Сахнага чыкканыңа да бир топ убакыт болуп калды. Качан жеке концертиңди берейин деп жатасың?
- Жеке концерт берсем деген жакшы тилегим бар. Бирок алгачкы тушоо кесүү концертимди Кара- Балта шаарынан баштасамбы деп турам. Анткени Кара- Балта менин киндик каным тамган жер. Туулган жеримден концертимди баштап, элимден бата алсам туура болот го деген чечимге келдим. Анын үстүнө концерттин түйшүгү оор экенин концерт берген кесиптештерим айтып калышат. Алгачкы түйшүктү Кара- Балтадан тартып көрөйүн деп жатам. Андан кийин Сокулукка, тажрыйба топтоп, жеке концерт берүүнүн өйдө- төмөнүн түшүнүп калгандан кийин борборго берсемби деп жакшы тилек кылып жатам. Кудай буюрса, ушул күздө алгачкы тушоо кесүү концертимди өткөрөм го.
Жаркынай Кадыркулова