Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Кара тизмеден" качан чыгабыз?
Кыргызстандын авиа компаниялары канча жылдан бери "кара тизмеден" чыга албай, Европанын асманында ээн-эркин уча албай келебиз. Туристтик өлкөгө айланабыз, казынабызды чет элдик эс алуучулардын эсебинен толтурабыз деген кыялыбыз дагы дал ушул "кара тизме" капсалаңына кабылууда. Себеби капчыктуу эс алуучулардын басымдуу бөлүгү дал ошол Европа, Америка өлкөлөрүнөн келишет эмеспи. Өткөндө Жарандык авиация агенттигинин башчысы Эркин Исаков кара тизмеден чыгаарыбызга аз калганын айтып, үмүт отун жандырып атты эле. Эмнегедир аягы эмне болгону белгисиз бойдон калган. Көрсө маселенин баары ошол эле Жарандык авиация агенттигинин өзүндөгү авиациянын "а" тамгасын дагы түшүнбөгөн адашкан адистердин айынан ара жолдон чыга албай жаткан экенбиз. Агенттиктин башчысы Эркин Исаков билиминин, тажрыйбасынын жетишинче аракет кылып, "кара тизмеден" чыгуу үчүн ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюмунун) талаптарын аткарууга аракетин кылып келет. Бирок жанагы адашкан адистер өздөрү кылбай же кылганды көрө албай, баягы көрө албастык оорусунан айыга албай жатышыптыр. Кеп Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары М. Токтобеков тууралуу болууда. Иштин баарын токтотуп жаткан бул Токтобеков деген неменин адистиги "машине куруу технологиясы" боюнча Политехти бүткөн. Акыркы 5 жылдан бери директордун орун басары болуу менен бирге Токтобеков эң талылуу делинген кадрдык тейлөө жагын өз колуна алган. 2010-жылы жердеши, досу ошол кездеги Транспорт министри Нурлан Сулаймановдун жөлөгү жана көмөгү менен эч кандай сынагы жок эле орун басарлык кызматка келген. Эркин Исаков ою бир эмес орун басарын эмнеге иштен албай жатат деген суроо туулушу мүмкүн. Бир жолу Эркин Исаков министр болуп турганда адистиги туура келбегендиги үчүн деп иштен алып да көргөн, бирок Токтобеков досум деп мактанып жүргөн кийинки министр К. Султановдун аркасы менен кайра эле келип алган. Ток этээр жерин айтканда Агенттик башчысынын орун басарын директор эмес, Транспорт министри дайындайт. Каалайсыңбы каалабайсыңбы министр бекитип берген орун басарың менен иштөөгө милдеттүүсүң. Авиацияга ал адамдын тийиштиги барбы жокпу, ал жагы экинчи маселе бойдон калууда. Ошол себептен жанагыдай кейиштүү жагдайга кептелип жатпайбызбы. Анын үстүнө орун басар Токтобековдун ыйгарым укугуна кадрдык тейлөө жагы киргендиктен, 5 жылдан бери Жарандык авиация агенттигине бул тармакты түшүнбөгөн өзүнө окшош адашкан адистерди толтуруп алган экен. Ошолордун жардамы менен жакшы иштерге бут тосуп, Эркин Исаковду эркин иштетпей келишет. Авиацияга акылы жетпесе, ал тармакты экинчи класстын окуучусундай элдир-селдир билсе, алардан кандай жаңылык күтсө болот? Намысы козголгон Кыргызстандын мен-мен деген авиаторлору Токтобековду токтотууга аракет кылып, кайрылбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Акыры 2015-жылы январь айында Мамлекеттик кадр кызматынын терең иликтөөсүнөн кийин, ошолордун кийлигишүүсүнөн кийин М. Токтобеков квалификациялык талаптарга жооп бербейт, кызматка сынаксыз келген деген олуттуу жүйөөлөр менен иштен алынган. Транспорт министринин орун басары Э. Мамырканов "эми ачык, таза сынак болот, ошондо орун басар тандалат" деп ачык сөзүн айтып, убадасын берген экен. Кийин авиаторлордун оозун Ошту каратып, таң калуусу менен кыжырдануусун бирдей келтирип, министрдин милдетин аткаруучу Улан Уезбаевдин буйругу менен 2015-жылы 30-апрель күнү ошол эле М. Токтобековду орун басарлык орунга кайра эле дайындап салыптыр. Дал ошол күнү жаңы министр Арген Малабаев шайланган. Жаңы жетекчини күтпөй жанталашкандарына караганда Токтобеков таянган "тоолор" ошол эле министрликтин өзүндө турбайбы. Эң эле аянычтуусу эми гана түз жолго багыт алып, "кара тизменин" каарынан кутулуу үчүн мыкты иштер жасалып, муз ордунан козголоюн деп калганда Токтобековдун кайра келгени жамааттын, жалпы эле авиаторлордун жанын кашайтууда. Болбосо Эркин Исаков башында турган Жарандык авиация агенттиги Авиаишканалардын Ассоциациясы, "КРнын авиаторлор уюму" жана башка чыныгы адис - авиаторлор менен биргеликте ИКАОнун талаптарын дыкаттык менен аткарып:
- КРнын жарандык авиациясынын өнүгүү мамлекеттик программасын
- КРнын жаңы аба Кодексинин долбоорун
- Агенттиктин кызматкерлерине карата жаңы кваливикациялык талаптарды иштеп чыгышкан.
Эми баягы ич ара интригалар, Токтобековчулардын ар кайсы жакка даттануулары күчөп, агенттиктеги алгылыктуу иштерге бут тосуулар кайрадан уланганы турат.
Эч кимди тоготпогон Токтобековго нааразы болгон "Кыргызстандын авиаторлор уюмунун" мүчөлөрү КРнын Президентине, Өкмөт башчысына жазган ачык катында:
"Көп жылдан бери авиа тармагында иштеген, тажрыйбалуу авиаторлор ар дайым тартиптин сакталышын каалап келгенбиз. Жарандык авиация агенттигиндеги жетекчилик органындагы башаламандык бизди таң калтырууда. Агенттик башчысынын орун басары өзү ишке алган, өзүнө көз каранды кызматкерлерден топ түзүп алып, жетекчиге ачыктан ачык баш ийбей, өз билгендерин кылып жатканы, "кара тизмеден" чыгууга багытталган эң маанилүү иштерде бут тосуп жатканы өтө чоң нааразычылыгыбызды жаратууда. Мындай башаламандыктын баары Авиация агенттигинин орун басарлык кызматтары, министрликтеги Жарандык авиация бөлүмүнүн жетекчилери тарабынан авиацияга адистиги туура келбеген адамдардан дайындалып жатканы менен түшүндүрсөк болот" - деп арманын айтып отурушат.
"Кадрлар баарын чечет" - деп кыраакы Сталин бекеринен айтпаса керек. Башка тармактар болсо го, бир жөн эле. Авиация тармагы медицина сыяктуу эле өтө чоң профессионалдуулукту талап кылаарын эмне үчүн эсибизге албайбыз? Кадрдык мындай капсалаңды токтотпосок, "кара тизмеден" эч качан чыга албайбыз.
Эрнис Балбаков





Александр Ким кайсы депутаттар менен тымызын сүйлөшүп алган?
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн учурдагы жетекчиси Александр Ким буга чейин "мүлкүмдү басып алганы жатат" деп президенттин айланасындагы адамдарды айыптап, өлкө башчысына кайрылганын билебиз. Анын мындай "тактикасы" ишке ашпай, эми депутаттарга кайрылуу жолдоп отурат. Чынын айтканда Ким мырза кезинде өнөктөшү Александр Рябушкинди көчөгө таштап, анын мүлкүн бергиси келбей жатканын коомчулук билип эле калды.
Ким мырзанын депутаттарга кайрылганы жана коомчулукка тараткан билдирүүсү боюнча А.Рябушкин маалымат каражаттарынын бирине өз оюн билдирген экен. Ал Кимдин айткандарын четке кагып, аны жамаатынын артына жашынып коомчулукка калпыс маалымат жеткирип жатканын айыптаган. "Мени менен кошо "Рубикон" ишканасын башкарып келген А.Ким басылманын жамаатынын артына жашынып алып коомчулукка ар кандай туура эмес маалыматтарды таратып жатат.
(Башы 2-бетте)
Анын бул жолку кыйрылуусу "Депутаттарга ачык кат" деп жолдонуптур. А.Ким мындай кадамы менен сот ишиндеги фактыларды бурмалоого аракет кылып чечимдин маңызын өзгөртүүгө аракеттенип жатат. Ал "бизде 2006-жылда чыккан Свердлов районунун чечими жана ушул чечимди колдогон Бишкек шаардык сотунун чечими турат. Анда 2000-жылы Рябушкинден өз үлүшүн сатып алганыбыз так аныкталган" - деп жатат. Анын айткандары карандай калп. 2006-жылдагы ал чечимде сатып алуу же сатуу тууралуу сөз болгон эмес", - дейт Рябушкин. Ошондой эле Рябушкин мырза 2006-жылдагы соттун чечимине 2015-жылдагы соттун чечими эч кандай каршы келбесин айтат. "2006-жылы чыккан соттун чечимине 2015-жылдагы соттун бүтүмү эч кандай каршы келбейт. 2014-жылы акыйкаттык издеп сотко кайрылгам. Аны менен баары ордуна келди. Ким мырза айткандай 2006-жылдагы соттун чечимин эч кандай жокко чыгаруу талап кылынбайт", - дейт ал.
А.Рябушкин парламенттеги айрым таасирдүү депутаттар "Вечерний Бишкектин" таламын талашып жатканын айтып, мындай эмгеги үчүн алар шайлоо маалында маалыматтык колдоо сурап жатканын билдирди. "А.Кимдин эмне үчүн минтип жанталашып жатканы мага белгилүү. Ал менин үлүшүмдү мыйзам чегинде кайтарып берүүнү каалабайт. Ким таасирдүү эки депутат менен кызматташып бул боюнча сүйлөшүп алган. Алар А.Кимдин таламын талашат, ал эми бул кызматы үчүн шайлоо маалында үгүт иштерине жардам алат. Анын акыркы кыйрылуусуна жакшылап көңүл бурсаң мындай аракетин даана байкайсың. Бирок, басымдарга карабай мен өз үлүшүм үчүн мыйзам чегинде катуу күрөшөм", - дейт ал.
Албетте, А.Рябушкиндин өз үлүшүн мыйзам чегинде кайтарып алууга укугу бар. Эми муну сот чечиши керек. Биз Александр Кимди калкалап аткан бараандуу депутаттар тууралуу кеп кылсак.
Тар чөйрөдөгү күбүр-шыбырларга караганда, А.Кимди парламенттеги "Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен "ар-намысчы" Феликс Кулов тымызын колдоп атыптыр. Мындай сөз бекеринен жаралган эмес. Себеби Өмүрбек Чиркешович дагы, Феликс Шаршенбаевич дагы "Вечерний Бишкектин" тегерегиндеги талашка карата билдирген пикирлеринде А.Кимдин таламын талашып, ага жан тартып келатканы маалым. Эмне себептен колдоп атканы белгисиз. Балким эки лөк "Вечерний Бишкектен" "белекке" белгилүү өлчөмдө үлүш алышканбы? Жөн жай эле колдобошу аштан бышык эмеспи дегенибиз...
Тиленбек Азык