Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Согуштун ардагерине үй берилди
Гезитибиздин өткөн сандарында Каракол шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Емельянов Федор Андреевичтин үйсүз калганы, ага жакында КР Президенти Алмазбек Атамбаев үй алып берүүгө белсенип жатканы жөнүндө жазганбыз.
Бүгүн болсо ал үйлүү болуп, кубанычы койнуна батпай турат. 7-май күнү Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын өкүлү Максат Сазыкулов жана Президенттик Аппараттын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Залкар Орозобеков, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, анын орун басары Көлбай Карасартов, карыяга камкордук жасап келген кошунасы Рая Турдакунова Емельянов аксакалды ал жашаган батирден жаңы сатылып алынган үйүнө көчүрүп келишти.
Батир 15 миң доллардын тегерегинде Президенттик социалдык колдоо фондунун эсебинен сатылып берилди. Ал бир бөлмөдөн туруп, биринчи кабатта жайгашкан жана бир сыйра оңдолуп чыккан экен. Эми карыя сыртка өз алдынча чыгууга да ыңгайлуу болуп калды.
Жаңы сатылып алынган үйдө Президенттик аппараттын өкүлү Максат Сазыкулов Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жеке куттуктоосун окуп, ардагерге үйдүн документтерин жана ачкычын тапшырды. Ардагер Президентке болгон ыраазылыгын билдирип, согуш жылдарын, балалыгын дагы эскерип алды.
Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева дагы ардагерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, өлкө башчысына, анын аппаратына ыраазычылыгын жолдоду. Ал эми, Каракол шаардык жетекчилик ардагердин жаңы үйүнө телевизор белек кылып, карыяга ден соолук каалады.
93 жаштагы карыя "Биз жашаарыбызды жашап бүттүк. Силерге өмүр берсин" деген тилегин айтууда. Биз алгач барганда ал "Мен эч кимге ишенбейм. Мага үйдү эч ким алып бербейт", - деген эле. Бирок, биз карыянын көзүнөн кубанычтын шооласын көрөөрүбүзгө ишенгенбиз. Ошол шооланы бүгүн көрдүк.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА