Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Сагынар жериме сапар
Турмуш дегениң ушул-сен барбайм деген жериңе сан барасың, келбейм деген жериңен ошончо келесиң, айтпайм дегенди айтып, айтам дегенди айтпай турган учуруң да болот… Мен Ош тарапка барып иштейм деген планым жок туруп, тээ мындан жыйырма жети жыл мурун Ноокатка барып бир жылдан ашыгырак иштеп келгем. Бел-Өрүк деген айылдын он жылдык мектебинде мугалим элем. Азыр ал мектеп Афганистанда курман болгон Гайипали Эргешов деген жигиттин атында.
Ошентип, ойдо жок жерден ошол мектепке туш болуп, ал жерде бир да кишини тааныбай, азга жетим козу кейпин кийип, анан бат эле аралашып кеттим. Анткени, мектептеги агайлар менен эжейлер тегиз мыкты адамдардан эле. Аны менен бирге окуучулардын баары тегиз тартип-тарбия көргөн балдар эле… Ошол кезде бензин каат болуп, кээси менен жашаган Найман поселогуна кете албай калам да агайлардын бириникине коном. Конгон үйдөгүлөр берерге тамагын таппай дегендей, жаркырап жайнап күтүшөт. Уялып турам, кичирейип турам. Чын дилден чыккан сый уялтып да коерун ошондо даана сезгем. Мектептин деректири Аталык агай, окуу бөлүмүнүн башчысы Мураталы агай, Орозмат, Полот, Шергозу, Алибай, Абдысамат, Токур, Абдымалик, Ибраим, Тагай, Рыскул, Таштемир, Казыбек, Митал деген улуу-кичүү мугалимдердин мага болгон адакерчиликтүү мамилесин кантип унутмакмын. "Аркалык" деген кыйгач көз карашын көрбөдүм…
Окуткан балдарымды ушул бүгүнкү күнгө чейин сагынып турам. Баса, алардын үчөө үч жыл мурун мага келип учурашып тамактандырып кетишкен, Бозулан деген бизнесмен окуучум баш болуп.
Ооба, бир жарым жылдай иштеп бүт өмүр эстеп жүчү жерди таап алгам. Ошол айылдын адамдарынын ыймандуулугу, урмат-сыйы ошол сезимди алып келди да. Мектебиме барыш керек эле деп жүрүп, мына, жыйырма жети жылдан кийин барып көрдүм. Сагынып калыпмын… Кээде туруп адам баласынын жолу шыр кетет. Бу жолу ошондой болду. "Ошту көрө элек экенсиң деп Келдибек деген инимди ээрчитип алдым. Ал Ниязов өңдүү жөн адам эмес, филология илимдеринин кандидаты, мына-мына докторлугуңду алып түшөм деп турганы,Тыныстанов атындагы университете кафедра башчы. Түшкөн машинабыз дагы бир ини Ошто жооптуу иште иштеген Иляздыкы, жанында Гүлмира деген татына келинчеги бар. Ушул Иляз иниме таң калам да, деле эмне болуп баратса да кебелип койбойт, токтоолуктун классикалык түрү мүнөзүндө. Аны менен бирге аккөңүл, акдил, ишинен башка тигил-бул маселеси жок. Кай бийлик болсо да аржак менен бержакка ообой иши менен гана алек. "Менин саясатта ишим жок, мен ишти жөндөшүм керек" деп турат. Ага канча ирет маек куралы десем так секирет да турат "кереги жогун" айтып… Эми Иляз жөнүндө кийин айтам, так секирмектен учуп кетсе да бир ирет айтып аларым бар…
Төртөөбүз чет элдин машинесинде сызып барабыз. Айланабыздын баары жашыл аалам, керемет! Быйыл жаанчыл болуп жатпайбы. Суусамыр, Чычкандын ичи, андан ары Токтогул, Жалал-Абад облусу тарап, Өзгөн, Кара_Суу бардык жер жапжашыл болуп керилип жатат. Керилип жаткан жерди адам баласы кайдан жайына коймок, тытынып жаткан эле адам, антип тирдик кылбаса болмокпу. Ойлоп коем бири акчанын артынан түшүп жанталашып жатса, экинчиси көроокаттын айынан, кара курсактын айынан тытынып жатат да деп. Ошондой эмеспи… Тамак-аш саткандар бааны асмандата коюп, ичип-жебегенде кайда бармак элеңер дегени, кыйтырый көздөрүнөн көрүнүп, өтө сылык-сыпаа болууга жан үрөп, ыймандуу болууну көздөп, бирок, анысы көбүнө жарашпай… Кымыз сатып жатканы бар, ышкын сатып жатканы, курут, айран, сүт сатканы… кыргыз эли туура экиге бөлүнүп калгандай: бири сатат, экинчиси алат. Кандай болсо да тынччылык менен токчулук болсун, калганы бут алдында жатпайбы. Жолдо наркы-терки чубаган мал батпайт, жайлоого жол алган. Аны көрүп дале болсо токчулуктун илебин сезебиз. Биздин курсактын таянары мал чарбасы эмеспи. Анан кантмекпиз, машинаны кой, велосипед чыгарганга шаабыз жетпей турбайбы. Эми Евразиялык биримдикке кирдик, башка тармагыбыз менен кошо индустриябыз да өнүгүп берер…
Барган күнү мейманканага конуп, эртеси мектебим кайдасың деп Келдибекти ээрчитип, ошол жактагы жакын санаалаштардын бири берген машинага түшүп Ноокатты көздөй жөнөп калдык. Машина ээси Алмаз ыйманы арткан дурус жигит экен ымалага бат эле келдик. Баса, Жамбыл Камчиевди чакырып алгам , мен кеткенче чогуу бололу деп, а да жаныбызда. Жамбылды илгери телекөрсөтүүдө иштеп жүргөндөн билем. Мамилебиз дурус, ака-үкөбүз. Жамбыл бир топ куудулдардай болуп жулунбаган токпейил жан, арам-сарамы да жок. Андыктан аны баарыбыз эле жакшы көрөбүз. Өзү Ноокаттык. Жолдо ката Ноокатым деп бар жакшылык ошол жактан жаралгандай кеп салып барды. Мен иштеген жылдары Ноокатта тамекини көп айдачу, эми жалпы картошкага өтүптүр. Анан да бул жердин алмасы мыкты. Муну Жамбыл кайра-кайра айтып турду эле, Келдибек да оңой эместердин катарында эмеспи, "бирок, көлдүн апортуна эч бир алма тең келбес" деп Жамбыл акесин ойлондуруп таштады. Мектебиме жетип, ал жерде күтүп турган төрт-беш агай менен амандашып, абал сурашып, класстарды кыдырдык, мугалимдердин бөлмөсүнө кирип сүйлөшүп, сүрөткө түштүк. Анан ошол жердеги агайларды алып Жаңы Ноокаттагы Сава деген жерге келип шашпай олтуруп аш жедик. Оо, бул тарапта аш жештин шааниси башка. Маселе, аштын даамдуу болушунда гана эмес, ошону жеп жаткандагы эзилишкен маек биринчи орунда турат. Бу ирет да ошондой болду, айтылбаган кеп аз калды… Ушундай учурдун "королу" Жамбылдын айтып турганы: "Жолдоштор, ушул жерде олтуруп айта кетпесем болбойт, Баратбай аке, Сиз кунт кое уксаңыз. Кыргыздар экиге бөлүнөт, биринчи бөлүгү ноокаттыктар, экинчиси -ноокаттыктар эмес. Эми аны далилдеп берейин. Аялдардан чыккан биринчи башкарма ким? Ал ноокаттык Уркуя Салиева. Кыргыз ССРи болгонубуздан кийин биринчи жетекчибиз ким болгон? Ноокаттык Төрөбай Кулатов болгон. Эгемендик алгандан кийин биринчи ирет өкмөт башына ким келген? Ноокаттык Исанов болгон. Биринчи президент айтылуу Акаев биринчи жолу СССРге депутат болуп кай жерден шайланган? Ноокаттан шайланган. Чынгыздын чоң атасы Айтмат эмес, Айтмаматтын түбү Ноокаттан болгон, уруусу дөөлөс. Ушуларды айтып берип жаткан ким? Ал дагы ноокаттык Жамбыл Камчиев". Ушинтип Жамбыл биздин жарпыбызды жазып турду.
Жыйырма жети жыл деген аз эле убакыт тура, агайлардын мүнөзү деле ошол, айыл деле ошол, мектебим деле ошол… ооба, бак-дарак калыңдаптыр, агайлардын бетиндеги бырыштар да калың… Ноокаттан соң Алмаз бизди Алайды көздөй алып жөнөдү "жылуу суусуна түшүрөм, Курманжан датканын музейин көрсөтөм" деп. Бул сунуш мага, бөтөнчө Ош тарапка биринчи жолу келген Келдибекке аябай жакты. Жамбыл болсо "мен ал сууга далай түшкөм" деп компоет. Далай жылы журналист болуп иштеп Кыргызстанды түрө кыдыргандай болгом, бирок, Алай тарапты көрөлек элем. Накта малдын мекени экен. Жолдо ката бири-бирибиз менен сүйлөшкөн болобуз, биракта ар кимибиздин менчик ойлорубуз бар да ал коштоп барат. Ойлоп коем: мына, Алымбек датка, Курманжан датка жүргөн жер, басмачылар жойлогон жер… Келдибековду колдогон жер" деп. Гүлчөгө келип Курманжан датканын музейине кирдик. Музейдин экскурсоводу бизди баштап биз билген жана билбеген фактылардан арбын айтып турду, илгерки турмушка чумуп кайра чыккандай болдук, көп нерсе ойго келет. Музейлерди көрө жүрүш керектигин ойлодум, бөтөнчө бала-чакага көп көрсөтөлү…Ата-бабалардын баскан жолун дилиңе канча көп сиңирсең ошончолук тазара түшөрүң бар да. Музейден соң жылуу сууга түштүк. Бул суу булак сымал жер алдынан чыгып жылуу. Дарылык касиети бар дешти. Килейген бассейн, ичи тышы таптаза. Бул жерге жергиликтүүлөр сейрек түшүп, көбүнчө башка райондордон келишет экен, баасы да арзан дешти. "Баасын арзан кылганыңыз дурус экен, анткени, эл байлыгы да"! дегенди айттым анын ээсине. Бу Амангелди карыя 82 жашта болгону менен бери дегенде он жашка жаш көрүнөт. Анын жаштыгы эмгектенүүдөн, таза аба менен таза тамактан экен. Сууга түшкөндөн кийин Алмаздын жакшы таанышы даярдаткан тамактан тое жеп кайра тарттык, көзүбүз жапжашыл болгон касеттүү тоолордон өтүп келе бердик…
Эртеси Алмаз бизди Папан суу сактагычына алып барды. Папан суу сактагычы Кара-Суу районунун аймагында. Миңдеген гектар жерди суугарууга жарап берет. "Папан" деген ат бул жакка бир ирет келип кеткен орустардын мыкты летчиги Советтер Союзунун Баатыры Папаниндин атына коюлуп, аны кайран кыргызың кыскарта чапкан экен.Муну Жамбыл айтты. Чоң коктунун ичи менен баратабыз. Жол жээгинде эки-үчтөн болуп эшектер оттойт. Эшек темасы актуалдуу болуп жатпайбы, Келдибек айтты: "Бактылуу эшектер экен Бишкек тарапка алынып кетпептир" деп. Эшектер да "бактылуу" болорун ошондо биринчи жолу билдим. Жанагы эшек сойгон эшектер үлгүрбөй калса керек, болбосо муздаткычта жатмак да бу күндө…
Суу сактагычта балык бар экен. Келдибек менен дагы бир аксакал кармаган болушту аздап. Мен бала кезден балык кармаган көрүнүштү мыкаачылык деп билем. Ойлосоңор, типтирүү балыкты кайырмакка илип, анан анын оозу жырылабы, жокпу карабай туйлатып кайырмакты чыгарганды айт. Тили болсо кайран балык: "Фашист!" деп бир бакырып алышы талаш эмес! Ошентип тирүү жандыкты тирилей кыйнап,анан "балык уулап жыргап эс алып келдим, балык уулап эс алам ар дайым" деген кепти канча уксам ошончо жиним келет, жийиркенип кетем… Алмаздын өзбек досу кошо барды эле, ал дымдама деген сонун тамагын жасап, көл жээгиндеги салкында олтуруп жакшы жедик.
Ош шаарына Рыспай акеге топурак салганда 1994-жылы баргам. Андан бери ал жакка бара элек болчумун. Шаар абдан өзгөрүптүр. Анткен менен шаардын ичи таза, ирик-чирик көрө алган жокмун, кулпурган гүл, жапжашыл чөп, дүпүйгөн бак… Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жакшы иштеп жатат дешти. Дароо эле Кулматов экөөбүздүн Бишкегибиз эске түштү. Бирок, эки шаардын бир окшоштугу бар экен, ал-аң-чөнөктүү көчөлөр. Бул көрүнүш кыргыз шаарларынын айыккыс оорусу болуп калды.Тегиз оңдобой чукулап оңдогон "акчалуу оору" да айыккыс абалында. Ал тараптагы коррупция өлбөс-өчпөс экен го!
Биз баргандын эртеси "Темир Сариев келет экен" деп белгилүү тарап ыз-пыз боло түштү. Анан анын кеби кетти: "Сариев андай иштейт, мындай иштейт, ал мындай адам, тигиндей адам…" дегендер кенен-кесири айтылып турду. Мен да айттым, анткени, мен Темирди тааныганыма 25 жылдай болду. Темир токтоо, адамдыгы ашкан, билими терең жигит. Аны менен бирге экономика тармагын "семичкедей чагат". Анын көралбастыгы, популисттиги жана башка негатив кадамы жок, түз жүрөт, таза жүрөт. Эми ордуна барды. Бирок, бул орунга өтө эле кеч барды. Ага чейинки премьерлер чиритип таштаган абалды оңдоо үчүн3 барды. Ага өтө эле оор болот. Кандай болсо да Темир Сариев эртеңки президентикке талапкер аз жигиттердин бири…мамлекетинин жүгүн көтөрүп кетүүгө дарамети жетиштүү…
Туурасын айтсак, түштүк тараптын жаштары түндүктүн жаштарына караганда бир топ эле ыймандуу болот. Улууну сыйлаганды ушул жерден көр! Бирок, ошол жаштардын көбү динге бат берилет. Анын зыяны жок дечи, биракта, дин турган жерде билим аз болот. Динге ишен-ченеми болсун. Ош тараптан дагы бир байкаганым ар бир айылда бирден мечит турулуу, көп айылда экиден, үчтөн да мечит бар экен. Ал эми мектеп саны менен мактанууга болбойттур…
Ыйманы куюлган, курсагы ток, динге бекем, кыргыз дегенде намысы ашып ташып кеткен элим бар түштүк тарапта. Барып чер жазып келдим, ойлончусунан да толтура ала келдим…

Баратбай Аракеев