Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Жорулардын" жортуулубу?
Май майрамдары аяктаар замат мандат үчүн күрөш чындап күч алды. Партиялык курултайлар биринин артынан экинчиси өтүп, бириккендердин билдирүүлөрү таратылып, арты таза эместердин абийири ачылып айтор шайлоонун кызыгы эми күчөгөнү турат. Мандатка жулунгандар ушул жумада жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугуша баштады. Узак уйкудан ойгонгон Өмүрбек Бабанов соттон соо чыккан Камчыбек Ташиевди жетелеп алып Таласты кыдырып, сапарын андан ары Жалал-Абадды көздөй улашты. Казактан катын алып, баш тырмашкан бул бажалардын саясаттагы ишмердүүлүгүнө ичи чыккандар дегеле жокко эсе. Таластыктар деле анча жактыра бербей, жалындуу сөздөрүнө ишенбей, өздөрүн кайра жарга такашты. "Жерүйдөгү үлүшүң канча?" - деп бакылдаган Бабановго түз суроо узатышты эле, анысы тайсалдап "тиешем жок" - деп актанды. Бирок "НК Альянстагы" бир кездеги өнөктөшү Муса Бажаев менен Бабанов бир балээни баштап жатканын элдин баары эле билип турат. "Жерүйдү иштетпейбиз" - деп жаагын жанып жаткан Бабановдун ЖоКедеги "балакайы" Кенжебек Бокоев дагы Бажаевдер утканы унчукпай калды. Бабановго таандык НТСи менен "Санжырасы" "Жерүйдүн" туура сатылганын айтып, саймедиреп бүтө албай жатышат. Мунун баары Бажаев-Бабанов "бандасы" "Жерүйдү" жексен кылууга киришкенинен кабар берип тургандай.


Эдилге кайсы эл жакын?
Улуу Жеңиштин алдында өзбек президенти Ислам Каримовдун биздин президентибиз Алмазбек Атамбаевге ороңдогону эсиңиздеби? Кыргыз президенти болгону Улуу Жеңишке кыргыз, казак сыяктуу башка улуттагылардын да салымын эскерген салмактуу сөзүнө "Эмне үчүн эсептеп жатасыз, бухгалтерия кылып жатасыз" - деп тантыган. Ал го ал болуптур, баарынан дагы 80ге таяп, алжый баштаган ашыналарыбыздын башчысына болушкан өзүбүздүн эле "ийри жыландарга" эмне дээрибизди билбей турабыз. Арасындагы Эдил Байсалов дегени "Ислам Абдуганиевич" дегенди кайра-кайра айтып, аны алкап, Атамбаевди каргап кирди. Өзбек президентине өзгөчө сый урмат кылган Эдил Байсалов Убактылуу Өкмөттө иштеп турганда журт бузар Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт жасатканга жардамдашканы да жөн жерден эмес окшойт.


Турсунбай ажы, ачыгын айтчы?
"Ар-Намыстын" атынан депутат болуп отурган "Эркин Кыргызстан" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу алдыдагы аламан байгеге катышаарын айтып, бирок "Эгер биз алдыдагы парламенттик шайлоолор акыйкат өтө тургандыгына кепилдик алсак, шайлоолорго өз алдынча барабыз. Кепилдик ала албасак, анда тандем менен барабыз" - дептир. Урматтуу ажыкенин бул сөзү көпчүлүккө табышмак болуп атат. Тандем менен барса эле шайлоо таза өтүп калабы же өздөрүнүн күчүнө ишене албай турабы? Чындыгында "ЭрК" партиясы карт тарыхка ээ болгону менен катарында Турсунбай Бакир уулунан башка ким бар экенин деле көпчүлүк биле бербейт. Кепилдикти Кудайдан башка эч ким бербейт эмеспи, берген күндө деле бул партиянын парламентке өтүшү өтө чоң суроону туудурат.


Эмил эбин тапкан ким?
Мурдагы шайлоодо "Ак-Шумкардын" атынан "учкан", күлү бир жерге додо болбогон акыркы кызматы - башбакандын башкы кеңешчилигин аркалап жаткан Эмил Абдыкадыров деген бар. Темир Сариев быйылкы парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын айтып, жигитче амбициясын жыйыштыргандан кийин ошол Эмикең элеңдеп, кайда бараарын билбей сереңдеп, акыры "Республика-Ата-Журттун" короосуна корголоюн деп чечиптир. Бабановдор Таласка барганда, жылкысын союп, жылмаңдап жылуу тосуп алыптыр. Бабанов батырып алганына караганда калк арасындагы кадыры анча калың эмес бул жигиттин капчыгы бир топ эле калың окшойт.


Дараметиң кандай, саясый партия?
"Ак төөнүн карды жарылган" мезгилде парламенттик шайлоо өтөөрү маалым. Аламан жарышка партиялар азыртадан кызуу даярдык көрүп, чабалдары алдууларынын этегин кармаганга жандалбастап, "сүйүүсүн" арнап жаткан кези. Мунусуна караганда ЖоКе жарышка "жупташып", "баш кошуп" аттанган партиялардын карааны көбүрөөк болот өңдөнөт. Албетте мурда-кийин бири-бирине ачуу сын айтып, "кайнаса каны кошулбачудай" болгон лидерлер "никеге" турушары аштан бышык. Буга Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун "үйлөнүү үлпөтүн" өткөрүп, учурда жер-жерлерди кыдырып жүргөнү тирүү мисал. Эки "жашты" саясый кызыкчылык, депутаттык мандат бириктирип турганын айтпасак деле түшүнүктүү.
Мына ушундай ирилешүүнүн жыйынтыгы кандай болорун убакыт көрсөтөт. Чын эле күздөгү шайлоодо кайсы партиялар алдыга озуп чыгаар экен? Биз дагы сурамжылоо жүргүзүп жаткан маалымат булактарындагы жыйынтыктарды бириктирип, төмөндөгүдөй тизмеге күбө болдук.

1. КСДП - 358 (Чыныбай Турсунбеков)
2. "Республика - Ата журт" - 345 (Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев)
3. "Замандаш - Современник" - 312 (Сапарбек Асанов, Рустам Маманов)
4. "Ар-намыс" - 299 (Феликс Кулов)
5. "Ата мекен" - 284 (Өмүрбек Текебаев)
6. "Бир бол" - 265 (Алтынбек Сулайманов)
7. "Өнүгүү - Прогресс" - 251 (Бакыт Төрөбаев)
8. "Бүтүн Кыргызстан" - 235 (Адахан Мадумаров)
9. "Улуттар Биримдиги" - 195 (Мелисбек Мырзакматов)
10. "Эмгек" - 183 (Аскар Салымбеков)

Салянованын санаасы саясатта эмес...
Мурунку прокурор Аида Салянова саясий салгылашка өз алдынча чыгам деп чамынганы менен азыр өз алапайын таппай жаткан учуру экен. Эркин гезиттердин биринде Аида айымдын кош бойлуу экендиги жазылган. II даражадагы Манас орденин тагынып жаткандагы сүрөтүнө үңүлсөк чынында эле ошондой экен. Саясат казаны качан болсо да кайнай берет, эң башкысы үй бүлөлүк бакыт эмеспи. Аман-эсен көз жарып алышын каалайбыз!