Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

эпчилдер эки жейт!
Жаңы шыпыргынын эски шыпырындысы
Жаңы өкмөт башчыбыз Темир Аргынбаевичти каржы менен кадр саясатында калпыстык кетирбейт деп ойлогон элек. Бирок, анын алгачкы дайындоосу калыс деген пикирди алыс деген пикирге алмаштырып салды. Мүлк фондусунун башына кадимки Максим Бакиевдин "кошелогун" алып барганы, кайсы акылга сыят? Аны кечээ эле "Кыргызтелекомдон" ызы-чуу менен кетиргенин Аргынбай аксакалдын баласы билбесе да, ал жактагылар абдан жакшы билишет. Апандинин баласы 2008-жылы аз гана убакыт Билим берүү министринин орун басары болгонун, ал жакка барар менен 80 миллион сомго окуу куралдарына тендер жарыялап, ал кезде Максим Бакиевге таандык болгон "Континент" басмаканасын утту кылып, 80 миллион сомдун барысын алдына ала которуп салганын, ал акчаларды Максим Бакиев алып качып кеткенин Темике билбесе, Билим берүү министрлигинин каржы тармагын тейлгендер абдан жакшы билишет. Анткени, алар азыркы күнгө чейин суралып жүрүшөт. Андан кийин бул жигит "Манас" аэропортунун директорлор кеңешине кирип, ал жактан дагы миллиондогон сомдордон кур жалак кылганын, ал боюнча кылмыш иштери козголуп, азыр убактылуу токтолуп турганын Темикеге эч ким айтпаса керек да. Анын кайын атасы Бакиедердин башкы салыкчысы болгонун Темике эсинен чыгарса да, эл эсинен чыгарбаса керек эле. Айтор, Жантөрөнүн жайын, Жоомарттын жолун тапкан "жубарымбек", Темикени деле тегерентип алганын карачы...Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат десек....




Ажобуз "сөз атасын" өлтүргөн жок!
Алмазбек Атамбаев Москва шаарынан 125 чакырым алыстыктагы Волокаламск шаарчасындагы Дүйшөнкул Шопоковдун айкелинин ачылыш аземинде жанында турган Москва облусунун губернатору А. Варобёвго, салтанатка катышып жаткан жергиликтүү жашоочуларга кайрылып:
- Кыргызстандан согушка 365 миң адам катышып, анын төрттөн бири каза тапкан. Алар ушул силер жашап жаткан жерди коргоп, кайтыш болушкан. Ошол эле учурда Россиядан Кыргызстанга жан сактоо, баш калкалоо үчүн расмий түрдө 140 миң адам эвакуацияланган. Кыргыз эли аларды жылуу кабыл алып, төрүнө өткөзүп, эл менен эл кылып алды. Бүгүн силердин Россияга Кыргызстандан баш калкалап эмес, жөн гана убактылуу иштеш үчүн миңдеген жарандарыбыз келип жатат. Силер аларга жардам берип койгула. Ушундай кыйын учурда бири-бирибизге жардам беришибиз керек- деди. Жүйөөлүү сөзгө орустар баштарын ийкеп муюса, сыртта жүргөн мекендештерибиз өлкө башчысынын өзгөчө камкордугуна жетине албай турушту.


Эски иштин жаңы жомогу
Аракеттеги башкы прокурорубуз Индира Ырысбевна атамекенчилерди аласалдырган мародёрлук боюнча кылмыш ишин кайра жандандырганын, ага коопсуздук жана коргонуу кеңешинин корутундусу себеп болгонун уктук эле. Арийне, бул кыңыр иш Шейшенбек Байзаков, Зарылбек Рысалиев, Шамил Атаханов жана Аида Саляновага окшогон жалаң генералдардын башын жутканын жакшы билгендиктенби, айтор, ал иштин тагдырын азыркы генералдар Жолдубаева менен Турганбаев полковник Талант Уметалиевге тапшырып салышканын уктук. Анан да кызыгы, ал жигит мурдагы башкы прокурор Аида Жеңишбекованын классташыбы же курсташыбы, айтор жакыны болуп чыгыптыр. Дегенибиз, бул ишти азыркы бийлик ача албагандан кийин, өздөрү деле, өзгөнү деле убара кылбаса болот эле.