Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Улуу өрнөккө татыктуу бололу
Азыркы учурда жаш муундарды аталарыбыздын баатырдык салтында мекенчилдикке тарбиялоонун мааниси өзгөчө зор. Ушул жагынан алып караганда Кара Буура райондук аскер комиссариатынын эмгек жамааты жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоодо, чакырылуучуларды куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө даярдоодо жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрү, коомдук уюмдар, аксакалдар кеңештери менен бирдикте үзүрлүү иш алып барып жатышат. Анын жыйынтыктары да купулга толорлук. Бул аймактан куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылган жигиттер Мекен алдындагы милдетин ийгиликтүү өтөп келип жатышат. Мына ушунун өзү жалпыбызды сыймыктандыра турган жакшы көрсөткүч.
Улуу Ата Мекендик согушта советтик жоокерлердин чабуулуна жол ачуу үчүн душмандын дзотунун амбразурасын, ажал бүркүп аткылап жаткан пулемоттун оозун өз денеси менен тоскон эрдиги менен жоокерлердин дымагын аттырып, дүйнөгө аңыз болгон Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев төрөлгөн Кара Буура аймагында быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып мемориалдык эстелик комплекси, Баатырлар аллеясы ачылды. Бул кара бууралыктардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, сыймыктануу сезимин арттырган өзгөчө даңазалуу окуя болуп калды. Кара Буура районунан Улуу Ата Мекендик согушка Ата Журт бактысын фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн 3269 азамат аттанган. Алардын бир тобу кан күйгөн салгылашууда эрдик көрсөтүп курман болушкан, бир кыйласы согуштагы баатырдыгы үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланып, тууган жерине жеңиш менен кайтып келишкен. Дайынсыз болуп калгандар да бар, баардыгы согуш ааламатынан, анын жүзүн элибиз экинчи ирет көрбөсүн. Согуштун кесепети тийбеген үй-бүлөнү табуу кыйын. Кара Буурадан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган 3269 азаматтын ысымын тактоодо, аты-жөнүн мрамор такталарга чектирип орнотууда, мемориалдык комплексти, Баатырлар аллеясын курууга райондук аскер комиссариатынын жамааты да өз салымдарын кошушту.
Алдыга коюлган милдеттерин аткарып, жаш муундарды аскердик патриоттуулукка тарбиялоодо подполковник Куттубек Шабданбеков жетекчилик кылган жамаат белгилерлик ийгиликтерге жетишип жатат.
- Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын аскер комиссариатынын жамааты жаштардын мекенчилдигин арттыруудагы жакшы көрсөткүчтөрү менен татыктуу тосуп алышты,-деди Куттубек Кеңешбекович. Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө, ага арналган иш чаралар сыймыктануу сезимибизди арттырып, мекенчилдик жигерибизди ого бетер курчутту. Аталардын эрдиги күжүрмөн болууга нускап, даңктуу эстафетаны татыктуу улантууга милдеттендирип турат. Улуу мааракеге даярдык көрүүнүн жүрүшүндө биз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жамаатыбыздын, чакырылуучулардын жолугушууларын уюштуруп, сыймыктануу сезимин көтөргөн, күжүрмөндүүлүгүн арттырган иш чараларды өткөрүп турдук. Бул куралдуу күчтөрүбүздүн катарында кызмат өтөөгө камынып жүргөн жаштарга өзгөчө зор таасирин тийгизди. Аталардын эрдиги баардыгыбызды сыймыкка бөлөп, Ата Журттун бактысын коргоого чакырып турат.
Мындан ары да жамааттын жоопкерчилигин арттырып, армияга чакырылуучу жаштардын мекенчилдигин көтөрүп татыктуу даярдоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары, коомдук уюмдар, согуш ардагерлери, айыл аксакалдары менен байланышты чыңдап, жолугушууларды уюштуруп, тарбиялоо иштерин күчөтө бермекчибиз.
Ата Журтубузга бейпил турмуш уялап, эл, журтубуз бактылуу турмуштун доорун сүрө берсин. Жоокерлерибиз ар дайым тынчтык күндүн сакчыларынан болушсун. Кудай колдоп, жараткан жалгап элибиздин куттуу тилеги кабыл боло берсин. Эрдиги менен дүйнө жүзүн таң калтырган аталарыбыздын уркун сүйүнтүп , куттуу дөөлөттөрүбүздү сактап, аларды өркүндөтөлү. Ата Мекенбиздин күч-кубаты ар дайым артып турсун. Келечегибиз кең болсун. Ал үчүн бардыгыбыз аталарыбыздын даңктуу, нарктуу-нускалуу салттарын улантып, улуу эстафетага татыктуу болушубуз керек. Ушул максатта мекенчил, күжүрмөн иш чараларды уюштуруу ар тараптан камкордукка алынып, колдоо көрсөтүлүп турулушу абзел.
Эгемендүүлүүгүбүз кут болуп, ата- бабаларыбыздан мураска калган ыйык дөөлөттөрүбүз муундан муунга өтүп даңазаланып, сыймыгыбызы арттыра берсин. Ага бардыгыбыз жапа тырмак камкордук көрүшүбүз зарыл. Бул турмушта мындан өткөн маанилүү нерсе жоктур. Анын баасы, кадыр-баркы эбегейсиз зор. Ата Журтубуз куттуу дөөлөттөрүбүздүн сакталып турушу менен бактылуу.




Аталардын эрдигине арналган мемориал комплекс
Дүйнө жүзүнүн прогрессивдүү адамзаты, мурдагы СССР мейкиндигиндеги республикалар, жалпысынан эле демократиялык өнүгүшкө көзү түз, тынчтыкта жанаша жашоону башкы максаты кылган мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү фашисттик баскынчылардын үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын зор маани берип, урмат көрсөтүп, чоң жогорулаштар менен белгилешти. Көптөгөн мамлекеттердин жетекчилери, тынчтыкты сүйгөн күчтөрдүн лидерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусу менен Москвада, Кызыл Аянтта Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып өткөрүлгөн аскер парадын дүйнө жүзү көрдү. Тан берди. Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик баскынчыларды талкалап " уюгуна" жеңиш туусун сайган бир боор мамлекеттердин, союздаштардын биримдигине, жалпысынан эле куралдуу күчтөрүбүздүн, аталарыбыздын эрдигин эскерип таазим этишти. Улуу Жеңишке арналган мындай аскер парадын дүйнө жүзү мурда көргөн эмес...
...Улуу жеңиштин 70 жылдыгын Талас облустундагы Кара Буура районунун калайык- калкы да татыктуу тосуп алышты. Райондон Улуу Ата Мекендик согушка 3269 адам аттанган. Алардын көпчүлүгү майданда эрдик көрсөтүп, ордендер жана медалдар менен сыйланып, туулган жерине Улуу Жеңиш менен кайтып келишкен. Бир тобу кан майданда жеңишти тездетүүгө өз салымын кошуп баатырдык менен курман болушкан. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына, аталардын эрдигине арналып Кара Буура районунун борбору Кызыл Адырда курулган мемориалдык комплекс, Баатырлардын аллеясы Жеңиш күнүнө удаа ачылып, сыймыкка бөлөгөн чоң майрамга айланды. Баатырлар мемориалдык аллеясынын ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, боордош Казакстандан, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен келген официалдуу адамдар, коомдук ишмерлер, райондун эли катышты.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарга, Ооган жергесиндеги таймашта, 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгон баатырларга арналып куран окулду. Урмат көрсөтүлүп, гүлчамбарлар коюлду. Салтанатты райондун акими Чолпонбек Төрөкулов куттуктоо сөз менен ачты. Президенттин аппаратынан келген өкүл Максат Шекербеков калайык- калкка мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Баатырлар аллеясындагы мемориалдык комплекстин курулушуна жалпы жонунан 3 млн. 900 миң сом жумшалган. Ал каражат Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президенттик аппарат, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 300 миң сом, өкмөт фондунан 200 миң сом, Жогорку Кеңештин фондунан 200 миң сом ыйгарылган. ЖК депутаты Болот Шер 300 миң сом, биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев 50 миң сом, "Учкун" акционердик ачык коомунун генералдык директору Рыскелди Момбеков 65 миң сом, Республика-Ата журт партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов 100 миң сом колдоо көрсөткөн.
Баатырлар аллеясынын, Улуу Ата Мекендик согушка Кара Буурадан аттанган 3269 азаматтын ысымдары мрамор такталарга чегилип жазылган, аталардын эрдигин даңазалап турган мемориалдык комплекстин ачылышы элдин эсинде сакталып калды. Ал аталардын эрдигине чексиз таазим кылууга чакырып турат.