Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Райымбек ИМАНГАЗИЕВ Ысык-Көл районунун акими:
"Бир күндө 250 миң адамды кабыл алууга болот, бирок..."
- Райымбек Акматтурсунович, бүгүн туристтик сезон ачылды. Эс алуу жайлар меймандарды кабыл алууга даярбы?
- Биздин райондо 155 чоң эс алуу жайы бар. Мындан сырткары кичи эс алуу жайлар, конок үйлөрү, менчик мейманканалар, коттедж шаарчалары эс алуучуларды кабыл алат. Бүгүнкү күнү Ысык-Көл району бир күндө 250 миң адамды кабыл алуу мүмкүнүчүлүгүнө ээ. Бирок, суу, тазалык жагынан көйгөйлөр жаралат. Чолпон-Ата шаарындагы "Тазалык" ишканасы 10 миң адамга эсептелинген. Ал эми жайында бул шаарда эл 100 миңге чыгып кетет. Экинчиси, саркынды сууларды тазалоочу жабдуулардын эскиргени кендирди кесет. Маселен, Тамчы айлында бир да саркынды сууларды тазалоочу жабдуу жок. Эл эптеп септик жасап, саркынды суулар жерге сиңип жатат. Быйыл Чолпон-Ата шаарында "Кичине шаарлар" долбоору боюнча саркынды сууларды тазалоочу жабдуу орнотулганы турат. Жалпысынан биздин эс алуу жайлар жайкы сезонго даяр. Алардын арасында туристтерди тосуу, сервис жагынан абдан аракет жасап, жылдан-жылга жакшырып жаткан пансионаттардан 20сы бар. Маселен, "Аврора", "Кыргыз деңизи", "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаты жана башкалар. Мунун баары эле жетекчилерге байланыштуу болот экен. Жетекчилери чуркап аракет жасаган эс алуу жайлар жылдан-жылга оңолуунун үстүндө. Алардын көбү жылы бою иштеген пансионаттар. Ал эми жайкы сезондо гана иштегендер көп учурда өзүн актабай калып жатат. Анткени сезон бир, бир жарым ай, андан да кыска убакка болуп калууда. Андыктан ишкерлер өзү салган акчаны чыгара албай калган учурлар да кездешпей койбойт.
- Облустук өкүлчүлүк тарабынан саркынды сууларды тазалоочу жабдуулары жок эс алуу жайлар ачылбайт деп айтылган. Быйыл канча пансионат ачылбай калуу коркунучунда?
- Негизинен, биздеги эс алуу жайдын баары ачылат. Муну туура түшүнүш керек, учурда эс алуу жайлардын баарында саркынды сууларды тазалоочу жабдуулар иштеп жатат. Мен жогоруда айтайын дегеним, алар мурдагы стандартка кирген менен, эл аралык стандарттын талаптарына жооп бербейт дегеним. Биз азыр аларга эл аралык стандартта жабдууларды коюуну талап кылып жатабыз. Арасында даяр турган жабдууларды оңдоп албагандар да бар эле. Маселен, "Алтын Кум" пансионаты саркынды сууларды тазалоочу жабдууну толук иштетпей эле келген. Былтыр катуу талап койгондон кийин гана оңдоп чыкты. Биздин эс алуу жайларда коюлган жабдуулардан иштелип чыккан суу сугат иштерине жарайт. Ал эми, жаңы заманбап жабдуулар саркынды сууларды ичүүгө жарактуу болгончо тазалайт. Эгер эс алуу жайларды жаба турган болсок, баары жабылышы керек.
- Ошондой заманбап тазалоочу жабдуу канчасында бар?
- Жалпы алганда, эс алуу жайлардын 5 пайызын түзөт. Районго сезондо 1,5 миллион киши келди деп жатабыз. Ошондо, орто эсеп менен алганда, бир айда 500 миң киши келген болот. Кээде көрсөткүчтөр андан көбөйүп кетет да. Андыктан биз экологиябызды талкалап албайлы десек, бул маселеге өтө чоң маани беришибиз керек.
- Райондо канча чет элдик эс алуу жайы бар, алар салыкты кандай төлөйт?
- Бизде 155 ири курорттук эс алуу жайлары бар. Анын ичинен мамлекеттик эс алуу жайлары - 20, мындан сырткары профсоюздук - 8, мүмкүнчүлүгү чектелген ишканалардыкы - 11. Ал эми чет элдиктерге таандык - 11, анын 8и Казакстан, 3ү Өзбекстанга таандык. Бирок, биз айткан ар кандай фирмалардыкы деген эс алуу жайлардын арасында да чет элдиктерге арендага берилгендер бар. Фирма биздин мамлекетке катталгандыктан, чет мамлекеттик болуп эсептелинбейт. Казакстандык эс алуу жайлар чет элдиктерге берилген баа менен аренда акысын төлөшөт. Канча салык төрөсө, аренда акылары да ошончо. Мындайча айтканда, Ата Мекендик эс алуу жайлардан эки эсе көп төлөйт. Ал эми Өзбекстан тарап менен өз убагында мамлекеттик келишим түзүлбөй калгандыктан, алар азыр салыкты төлөө менен гана чектелүүдө.
- Көл жээгинде мыйзамсыз салынган курулуштар боюнча айтып бериңизчи.
- Азыр көл жээгинде мыйзамсыз салынган курулуштар жокко эсе. Анткени баарын мыйзамдаштырып коюшкан. Мурда союз убагында курулуштар көлдүн жээгинен 500 метр алыс салынышы керек болсо, кийин 300 метр болду, азыр болсо 100 метр. Албетте, арасында мыйзам чыкканга чейин куруп алган үйлөр бар экен. Алардын көбүнүн иши сотто. Ал эми, бүгүнкү күндө биз бир да адамга көл жээгинде курулуш жүргүзүүгө уруксат берген жокпуз. Жанагы көл жээгиндеги үйлөргө да эс алуучуларды кабыл алууга уруксат бербеш керек деген маселени көтөрүп жатабыз. Бул боюнча мыйзамга да өзгөртүү киргизип, биздин талапты бекемдеп коюш керек болуп турат.
- Инфрастуктура өнүкмөйүн туризм жапайы туризм боюнча калат деп айтылып келет. Биз билебиз, облусубузда жергиликтүү бюджеттин эсебинен жолдорду оңдоо аракеттери жасалып жатат. Менин айтайын дегеним, районго республикалык бюджеттен жолду оңдоого канча акча бөлүнөт?
- Республикалык бюджеттен аң-чөнөктөрдү жамоого гана акча каражаты бөлүнөт. Былтыркы план боюнча Балыкчыдан Корумду айылына чейин 125 км. жол жасалмак. Бирок, азырынча акча каражаты келе элек. Биз Ысык-Көлдө 89 км. жолдорду эс алуу жайларга кеткен жолдорду оңдоп берсеңиздер деп Өкмөттөн суранып жатабыз. Пансионаттарга бара жаткан жолдор оңдолбосо өтө оор абалга келип калды.
- Райымбек Акматтурсунович, акырында талаачылык жумуштары боюнча айтып берсеңиз. Дыйкандар жерин айдап бүттүбү? Аларга сиздер тарабынан кандай көмөк көрсөтүлүп жатат?
- Районубузда 27 миң гектар жер бар. Быйыл ошонун жарымынан азырагына арпа-буудай айдалды. Көп жылдык чөпкө басым жасалып, жаздык буудай дагы себилди. 330 гектар жерге күздүк айдаганбыз. Быйыл үрөн 20 пайыз жетпей калып, чындыгында бул көйгөйдү дыйкандар өздөрү чечишти. Мамлекет тарабынан 5 т. картошка кредитке бөлүнгөн. Аны бир дыйкан чарба олтургузду. Негизи быйыл картошка эккендер көп. Жалпысынан алганда талаачылык жумуштар бүтүп калды. Биздин райондун батыш тарабы айыл чарбасы боюнча көйгөйлүү. Бул тараптагы мөңгү кеч эрип, анан гана суу келет. Андыктан, биздин район айыл чарбасын эң алгач баштап, батыш жагында элдин аягында бүтөбүз.
- Облуста айыл өкмөттөрүн ирилештирүү пилоттук долбоору жүргөнү турат. Сиздин оюңузча, мунун зарылдыгы канчалык?
- Жеке өзүм бул долбоорду колдойм. Бир сөз менен айтканда, эгер ушул долбоор ишке ашса, район 3 айыл аймагына эле бөлүнүп калат. Айыл өкмөттөр бириксе бюджети көбөйөт дагы, чоң-чоң иштерди жасоого мүмкүн болот. Маселен, бир бала бакчаны азыр биз 3-4 жыл салып жатпайбызбы. Бул долбоор ишке ашса, мындай иштер бир жылда бүтүшү керек. Экинчиден, бул менен жайыт маселесиндеги талаш-тартыштар да токтойт. Себеби алар мурда колхозго карата бөлүнүп калган. Азыр болсо жердин дээрлик бардыгы менчиктешип кеткен.
Ушул долбоор ишке ашса, ири фермерлер да чыгат эле. Биз азыр сандан сапатка өтүшүбүз керек. Кой, уйду асылдандыруу жагынан аракет жасообуз зарыл болууда. Маселен, азыр кой баккан көп деле пайда алып келбейт. Андыктан, койдун туягын санаганды токтотуп, андан кандай пайда табуу керектигин ойлонушубуз абзел. Бул боюнча бизде конкреттүү пландар бар. Биз Россиядан "Романский" тукумундагы кой алып келели деп жатабыз. Анын баасы Ата Мекенинде 7-9 миң сом турат экен. Алып келгенибизди орто эсеп менен 10 миң сом деп бааласак да өзүн актайт. Себеби бул койлор бир жылда эки маал төлдөп, 2 ден 7ге чейин төл берет экен. Албетте, алар биздин табигый шартка көнө алабы деген суроо туулушу мүмкүн. Ал тоодо жүрө албаса, биз аны короого кармасак да болот. Бирок, бир кезде куйруктуу койлорду алып келгенде деле биздин табигый шартка көнөбү деген суроо болгон. Азыр алар бизге кеңири жайылып кетпедиби.
Дагы бир маселе, учурда айыл өкмөттөрдүн базасын чыңдоо керек болууда. Менимче, айыл өкмөттүн алдында ишкана, жер, техника болуш керек. Ал жерге алманын көчөттөрүн олтургузуп, анын түшүмү менен техниканын ремонтун чечип, элет элине арзан баада кызмат көрсөтүүсү зарыл. Болбосо, азыр айыл өкмөттүн көбүнүн колунда эч нерсе жок. Андыктан, элге да өтүмү жок болуп турат.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА