Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шайлоо кимдердин шаштысын кетирди?
"Популизм" деген котуру кычышкандар...
Жаз айы адатта кыргыз саясатынын боткодой кайнап турган учуру эле, быйылкы көктөм эмнегедир мемиреп тынч болду. Муну кыргыз оппозициясынын алсыздыгы менен түшүндүрсөк деле болот, бирок негизги себеби күздө өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу. Бардык саясий күчтөр азыр убактысын куру кыйкырыктар, аягы жок ачуу айкырыктарга короткондон көрө күздөгү күрөшкө даярдык көрүшүүдө. "Алыбай алына жараша" дегендей, ар ким өзүнүн деңгээлиндеги өнөктөшүн издеп, калк кадырына татыгандар менен капчыктуулардын эшигин тытмалоодо. Элди аңкоо ойлогон айрымдары болсо өздөрүн жарнамалоонун жаңы жолун табышкандай. Мисалы Данияр Тербишалиев элге жагайын деп велосипедге отура калганын өткөндө жаздык эле, эми дагы бир депутат Сайдулла Нышанов өлүмүш болуп: "Беш жылдан бери май аз ичкен "Ниссан" машинесин айдайм", - дептир. Анын бул кеби олдоксон пиар экенин айткан Өмүрбек Абдрахманов "Шайлоо жакындаган сайын депутаттардын популизм деген котуру кычыша баштады. Сайдулла Нышанов "Тойота Ланд Крузерин" таштап, "Ниссан Микрага" минди. Данияр Тербишалиев да "Лексус - 460" үйүнө калтырып, парламентке бир жолу велосипед менен келди. Бир топ депутат 3-4 күн мурун Нышановдун сары "Ниссан" менен Ак үйгө келгенин көрүп шылдыңдап күлгөнбүз, мен аны тамашалап сүрөткө да тартып алгам" , - деп "Facebookка" пикирин калтырыптыр.




Орун басарларынын ою кандай?
Бишкек шаарын башкарып кеткендердин арасынан Кубанычбек Кулматов эң эле мажүрөөсү болду окшойт. Иштей албаганына иттей жини келгендердин катары калыңдагандан калыңдап барат. Бишкек шаардык кеңештеги дептутаттар деле ар сессия сайын мэрдин мээсине чай кайнатып, шайын жакшы эле оодарып коюшту. Өзгөчө "Республиканын" депутаттары анда - санда шаар башчысына ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгесин көтөрүмүш болуп, кайра тынчып калышат. Кызыгы, мэрдин орун басар - вице-мэрлери: Айгүл Рыскулова, Алтынай Өмүрбекова, Бакыт Дүйшөнбиевдер Кулматовду кууратып жаткан дал ошол "Республика" партиясынын өкүлдөрү. Мындан улам, Жээнчороев, Болотканов, Докенов, Конгантиев деген шаардык кеңештеги республикачыл "балакайлардын" аркасы же шантажы аркылуу жанагы орун басарларга орун табылдыбы деген суроо туулуп жатат.




Карамушкина КСДПнын кара тизмесине киреби?
Ирина Карамушкина деген депутат айым КСДПнын калк арасындагы кадырын кадимкидей түшүрчү болду. Партияга кылган эмгегин кыргыз тилине жасаган кыянатчылыгы жууп кетип жаткандай элес калтырууда. Кечээ дагы Ирина айым кычык сөзүн баштап, эмне үчүн Ош аэропортунда декларация толтуруу үчүн орусча бланка берилбейт деп ызылдады. "Мага Кореянын жарандары кайрылып, декларация толтуруу үчүн аларга кыргыз жана англис тилиндеги гана бланкаларды беришкенин айтышты. Бул жөнөкөй эле түшүнбөстүкпү же ушундай норма барбы?" - деп Өкмөттөгүлөргө өктөм үнүн чыгарды. Тил комиссиясынын башчысы Эгемберди Эрматов орус тилинин расмий макамын алып салуу демилгесин көтөрүп жатты эле. Эрматов аксакал демилгесинин демин суутпай, эртерээк эбин таап, маселесинин майын чыгарса, ошондо көрөт эле Карамушкинанын карайлаганын...




Ордун орун басарына тааныштырды
Акыркы 5 жылдан бери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында майын чыгара иштеп берген азыркы Транспорт министри Аргынбек Малабаев эски ордуна отурган мурдагы орун басары азыркы башчысы Алмазбек Ногойбаевди расмий түрдө жамаатка тааныштырды. Алмазбек мырза деле темир жолдо жаңы адам эмес. Өмүр бою ушул тармакта иштеп келген. Эки тизгин бир чылбырды колуна алган Алмазбек Ногойбаев Малабаевден кем калбай, татыктуу иштеп берет деген ишеним чоң.




Эльвира айым эптештире албай жатат
Акараат эмес, акыйкат сөзүн көбүрөөк айткан ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу НПОдон келгендер министрликти талкалап бүттү деп, Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеваны чымчылап өттү эле. Чынында эле аталган министрликтеги коррупция тыйылбай, кайра күчөп жатканы боюнча арыздангандардын арманы аттын башындай болуп турат. "Жаш экен, тың экен, билимдүү экен" - деп өлкө жетекчилиги ишеним көрсөтүп табыштаган бул тармак тазалануу жолуна түшө элек. Министр болуп иштегенине 6 ай болуптур, Эльвира айымдын иштин көзүн билген андай деле мыктылыгын азырынча көрө элекпиз. Баса, күйөөсү убагында Максимдин кол алдында иштеп, бала Бакиевдин көзүнүн агы менен тең айланчу деген кепти угуп калдык. Ал жагын териштирип жатабыз, ак-карасын ошондо кабарлайлы...




Асановдой азаматтар көп болсун
Кыргыздын мыкты жигити Раатбек Санатбаевдин туулган күнүнө арналып, 6-7-май күндөрү Сузак районунун Жаңы-Арык айылында күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Иш-чарага ИИМ министринин орун басары генерал Курсан Асанов дагы катышып, жаш спортчуларга самбонун ыкмаларын үйрөтүп, өнөрүн көрсөттү. Курсагын көтөрө албай, энтигип араң баскан жер жайнаган генералдардан айырмаланып Курсан мырза ар дайым спорттук калыбынан жазбай келет. Оштогу коогалаңда дагы от аралап жүргөндөрдүн башында өзү турган. Жаман айтпай жакшы жок дейт. Кыргызстан кыйын күнгө кабылганда дал ушул Асановдой азаматтар алдыга чыгат.