Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кыргызстандын маалымат-байланыш коопсуздугун сактап калганбыз
Ааламдашуу процессинин негизги багыттарынын бири-маалымат байланыш тармагынын өнүгүшү экендиги белгилүү. Азыркы мезгилде Кыргызстан бул процесске татыктуу кошулду десек болот. Бирок бул иштин башатында кимдер туруп, кандай иштерди аткаргандыгын көпчүлүк билбейт. Ушуга байланыштуу "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасын 1995-1999-жылдары жетектеген адам катары Кыргызстанда улуттук байланыштын калыптанып өнүгүшүнүн бир баскычынын тарых-таржымалына кыскача токтолуп кетүүнү туура көрдүм.
1995-жылы "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасы эгемендүү өлкөбүздө, Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Европалык банктын кредиттеринин негизинде биринчи телекоммуникациялык долбоорду ишке ашырууга белсенип киришкен:
1. Долбоор боюнча Бишкекке эл аралык "А" стандарты боюнча спутник байланыш станциясы коюлуп, Кыргызстан дүйнөнүн сегиз мамлекеттери менен спутник аркылуу түз байланышууга мүмкүнчүлүк алган;
2. Кыргызстандын борбору Бишкекте эле ондон ашуун цифралык байланыш станциялары орнотулуп, алар бири-бири менен айнек була (волокно) оптика кабели менен туташтырылган;
3. Өлкөбүздүн ички байланышын жакшыртуу үчүн облусттук борборлорго эл аралык талаптарга жооп берген цифралык телефон станциялары орнотулган;
4. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан сапаттуу байланышты камсыздоо үчүн цифралык радиорелейлик станциялар региондордогу деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийиктеги тоонун чокуларына өтө татаал шарттарда көп күч менен орнотулган. Ал жерлерде адисттердин вахталык ыкма менен кезектешип иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Кыргызстандагы байланыш тармагы мындай тез темп менен өнүгүшүнө негизинен СССРдин борбордук шаарларынан атайын билим алып келген жогорку квалификациалуу адистердин жетекчилик кылышы чоң өбөлгө болгон.
Тилекке каршы, Кыргызстандын байланыш тармагынын кирешелүү булакка айланып бара жатканын байкап, мындан пайда табуунун жолун издеген адамдардын тобу пайда болуп, ар кандай жолдор менен байланыш тармагындагы кирешелүү ресурстарды колго алууга аракеттене башташкан. Натыйжада алар 1997-жылы Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевке жалган маалыматтарды жеткиришип, аны өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайыктап даярдаган Указдын долбооруна кол койдурууга жетишишет. Бул Указга ылайык Кыргызстандын маалымат байланыш тармагынын эң зор байлыгы болгон жыштык базасын (частотные ресурсы) бөлүштүрүү иши Мамлекеттик байланыш инспекциясынан алынып, бул тармакка тиешеси жок Президенттик күзөт кызматына берилет. Указга кол койдургандардын негизиги максаты Кыргызстандын жыштык байлыгын сатып пайда табуу экендигин байланыш тармагында иштеген патриот атуулдар ошондо эле жакшы түшүнгөнбүз.
Айткандай эле Кыргызстандын президентинин күзөт кызматынын жетекчилери өлкөбүзгө тиешелүү жыштык байлыгын сатуу үчүн кардарларды издей баштагандыгы жөнүндө угула баштаган. Алардын аракетине бөгөт коюу, өлкөнүн президентине туура эмес чечимге кол койгондугун түшүндүрүү, эптеп абалды оң жолго салуу максатында мен "НБТ" телеканалына болгонун болгондой айтып интервью бергем. Бул албетте жыштык фондусун сатууну көздөгөндөргө жаккан эмес. Алар президентке: "Мына Сиз мактап жүргөн кадрыңыз Сиз чыгарган Указды коомчулук алдында сындап, президент Указды оңдосун деп жар салып жүрөт"- деп, мен берген интервьюну кыскартып, кескилеп өздөрүнө ыңгайлуу жерлерин гана калтырып президентке жеткиришет. Абалды жакшы түшүнбөгөн президент ачууланып, мени тез арада кызматтан бошотууга көрсөтмө берет. Көп узабай эле президенттин күзөт кызматынын Кыргызстанга тиешелүү жыштык байлыктын 70% (процент) лицензиясын америкалык Панкратц деген жеке ишкерге 160 миң долларга сатып жибергендиги ачыкка чыкты. Анткени Кыргызстандын жыштыгынын 70% (проценти) сатып алган Панкратц дүйнөдөгү маалымат-байланышты тейлеген компанияларга: "Кыргызстандын жыштык байлыгынын 70% (проценти) менин колумда, Кыргызстанга телекоммуникация боюнча бизнес жасоону каалагандар мага кайрылгыла ",- деп жар салып, каттарды жөнөтө баштаган экен.
Эгерде бул саткын саясат ишке ашып кеткенде Кыргызстандын радиотелекомпанияларынын, башкасын айтпаганда да республикабыздын Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин, "Манас" аэропортунун, "Кыргызтелекомдун", уюлдук байланыш компанияларынын ж.б. бардыгы америкалык жеке ишкер Панкрацтын же андан сатып алгандардын уруксааты менен иштеп калмак. Ушундай кырдаалда өлкөнүн коопсуздугу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес эле. Менин билишимче мындай кооптуу кырдаал Кыргызстанда гана түзүлсө керек. Биз эле эмес Кыргызстандагы абалды уккан, кредит берген Бүткүл дүйнөлүк банк жана Европалык банк таң калышып: "Түшүндүрмө бергиле? Эгерде жыштыктарыңарды мамлекеттин колуна кайтарып албасаңар байланыш тармагына кредит берүүнү токтотобуз" - деген каттарды биринин артынан экинчисин жөнөтө башташты.
Ушундай кырдаал түзүлгөндөн кийин президенттик администрациясынын жетекчиси Кубанычбек Жумалиевге "Кыргызтелекомдун" жетекчиси мен, Кыргыз Мамлекеттик байланыш инспекциясынын башчысы Байыш Нурматов, Кыргызстандын Байланыш министринин биринчи орунбасары Ороз Кайыков болуп үчөөбүз бардык. Биз президенттин администрациясынын жетекчисине жагдайды кыскача түшүндүрүп, тийиштүү фактылар менен аргументтерди көрсөттүк. К.Жумалиев мурда кол койгон Указдын күчүн жоготуу үчүн бардыгын далилдеп, негиздүү кат даярдагыла деп тапшырма берди. Катты даярдап бүтүп, Кыргызстандын байланыш тармагын жетектеген өзүмдүн пикирлештериме кайрылсам, баары эле тайсалдап: "Кат өтө эле катуу жазылып калыптыр" деген шылтоо менен кол коюудан баш тартышты.
Мен жазган кызматтык катта: президенттин алдындагы чуулгандуу Указды жокко чыгаруу; өз алдынча Мамлекеттик байланыш агенттигин түзүү; бул агенттин жетекчилигине Кыргызстандын байланыш министринин орун басарын дайындоо; америкалык жеке ишкер Панкрацтка сатылып кеткен лицензияларды кайтарып алуу өңдүү талаптар көрсөтүлгөн . Мен бул катты мамлекет башчысына берүүсүн администрация жетекчисинен сурандым, эгер жакпай калса мен отставкага кетейин деген шартты койдум. Администрация жетекчиси катты Президентке берерин айтып, мени ишиңе бара бер деп жөнөттү. Арадан эки саат өтпөй ал мени кайра чакырды. Каттын мазмуну, андагы сунуштар президентке жагыптыр. Президент: "Түзүлгөн кырдаалды оңдобосок болбой калган тура, Алымкулов С. туура айтыптыр, анын берген сунуштарын толугу менен колдоймун, юристтер менен кеңешип, эмки Указдын долбоорун кемчиликсиз даярдап, бүгүнтөн калтырбай кол койдуруп, гезиттерге жарыя кылгыла" - дептир.
Өтө жооптуу маселе боюнча, маанилүү Указдын долбоорун даярдагыча кеч да кирип кетти. Ак үйгө келсем, президенттин белгиленген графиги боюнча Чолпон-Атага резиденцияга чыгып кеткендигин, ал эгер Указдын долбоору даяр болсо, түнү менен кол койдуруш үчүн Чолпон-Атага алып келүүнү тапшырыптыр.
Кечкурун машине менен Указдын долбоорун алып Ысык-Көлгө жөнөдүм. Резиденцияга жетсем, президенттин жан сакчылары: "Президент эс алып жатат" - деп жолотпой коюшту. Дарбазанын алдында турсам, кудай жалгап Чолпон-Атадагы резиденциянын директору Кубул Мамыркулов келип калды. Ал байкеге иштин жайын түшүндүрдүм. "Ал президент чарчап келип эс алып жатат. Катты мага бер, кол койдуруп сага кабарлайм" - деди. Мен Бостери айылындагы "Кыргызтелекомдун" эс алуучу жайына бардым. Түн ортосунда эки жигит келип, кол коюлган Указды тапшырышты. Документ колго тиери менен кайра Бишкекке аттандым, эртеси биз күткөн Указ гезит беттерине жарыяланып калды. Ошол күндөн баштап эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугун эң маанилүү тармактарынын бири катары Кыргыз мамлекеттик байланыш агенттиги иштей баштады. Сатылып кеткен лицензиялар өлкөбүзгө кайтарылды. Ошентип өлкөбүздүн маалымат байланыш тармагынын өнүгүшүнө мыкты шарт түзүлдү. Бул маселени чечүүгө аздыр-көптүр салым кошконумду эстеген сайын мени колдогон кесиптештериме ыраазы боло берем.
Кыргыз мамлекеттик байланыш агенттиги жетишкен ийгиликтердин ичинен дагы бир маанилүүсүн айта кетейин. Биз 1997-жылы Женева шаарында Бүткүл дүйнөлүк электр байланыш уюмунун конференциясына катыштык. Оңдой берди болуп ал уюмдун жетекчи органдарында биз менен Москва, Ленинград шаарларында чогуу окуган адистер иштешет эле. Аларга Кыргызстандын жыштык байлыгынын тагдырын айтсак алар: "Силердин түшүнүгүңөр мыкты болгондуктан жыштык базаңарды сактап калуу үчүн жакшы аракеттениптирсиңер, эми Орто-Азиядагы коңшуларыңардан мурда озунуп жыштыктарды Бүткүл дүйнөлүк электр байланыш уюмуна каттатып койгула. Коңшу мамлекеттер бул маселелерге көңүл бөлбөй келе жатышат, көрөсүңөр алар жыштык боюнча силерге көз каранды болуп калышат"- дешти. Ошол досторубуздун кеңеши боюнча Кыргызстандын жыштык байлыгын Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан озунуп, Бүткүл дүйнөлүк электр байланыш уюмуна мыйзам чегинде каттатып алдык.
Ушундан соң Кыргызстандын жыштык байлыгы өлкөбүздүн табигый ресурстары сыяктуу дүйнөлүк алкактагы биздин баа жеткис байлыктардын катарына кирип калды. Ушундай аракеттердин натыйжасында Кыргызстан жыштык базасы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Россия Федерациясынан кийинки экинчи орунда тураарын мекендештерибиздин көбү билбесе керек. Биринчи телекоммуникация долбоору жана жыштык базасынын туура чечилиши Кыргызстандагы уюлдук телефондордун, интернет, санариптик теле жана радионун өөрчүшүнө, дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандагы банктардын өсүшүнө эң чоң өбөлгө түздү. Телекоммуникациянын өөрчүшү Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан алдыга жылышына мындан ары да зарыл шарттарды түзөөрү шексиз.

Салмор Алымкулов,КРдин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, техника илимдеринин доктору, профессор.