Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты:
"Наристелерди кордогондорго бир эле жаза - ал өлүм"

Саясат айдыңында жүргөн аты таанымал адамдарды биз жалаң эле саясаттагы ордун эмес, жеке жашоосу жөнүндө да, турмуш-тиричиликтеги айрым жагдайлар тууралуу да маектешип, кызыккан суроолорубузга жооп алууну чечтик. Бул жаатта биздин бүгүнкү маектешибиз Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров,

- Айтсаңыз, кыйынчылык деп эмнени түшүнөсүз? Ушул убакка чейин башыңыздан өткөн эң чоң кыйынчылык кайсы болду эле жана аны кантип жеңгенсиз?
- Кыйынчылык ар кандай жагдайда, ар кандай кырдаалда башка түшүшү мүмкүн. Кыйынчылыкты эч кимдин башына салбасын. Турмуштагы кыйынчылыкты талыкпас эмгек менен жеңүүгө болот. Эми жумушта ар кандай күтүүсүз, капылеттен чыккан кыйынчылыктар болуп калышы мүмкүн. Ал нерселер өз орду, өз убагы менен чечилет. Мен ушу убакка чейин тобоо кылышым керек, олуттуу бир кыйынчылык башыма түшкөн эмес. Кудай башка кыйынчылыкты салбасын. Бирок кандай болгон күндө да сабырдуулук, чыдамдуулук, анан эмгек менен кандай гана кыйынчылык болбосун жеңүүгө болот.
- Батирде жашап көрдүңүз беле?
- Студент кезде эл катары эле батирде жашап, көчүп - конуп жүргөн учур менин да башымдан өткөн. Батир жашоосун жакшы эле билем. Жаштык кезде көчүп жүрүү кыйынчылык деле жаратпайт да. Ал кезде оокат деген нерсе деле жок, бир чемодан кийим менен эле жеңил - желпи көчүп кетесиң. Мындай турмуштун баарын өз учурунда басып өткөндүн өзү жакшы. Себеби кийинки жашоо андан чоң кыйынчылыкты, сыноону берип коюшу мүмкүн.
- Азыр адамдардын көбү кафе-ресторандарда той өткөрүп калышпадыбы. Алганына жараша берген бар дегендей. Сиз мындай тойлорго барганда көбүнчө канча сом кошумча кошуп жүрөсүз?
- Туура, эгер ал жактын алып келгенине жараша кайра кайтарымы болушу керек. Мындай нерсеге келгенде катыштын канчалык жакын же алыстыгына карап калган учурлар болот. Эгер жаңы мамилелеш болуп жаткан болсо, келечекте дагы катыш болобу ошо жагын карап туруп кошумча берилет. Мен орточо мындай тойлорго 50 доллардан өйдө 200долларга чейин кошумча кошуп жүрөм.
- Бир эле учурда үй - бүлөсүнөн да жылуу сөз укпай, ишинде да өз орду жок адамга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Адам баласы жаралган соң, ошол кыйынчылык болобу, сыноо болобу бардыгына чыдап, бардык ишти сабыр менен чечиш керек. Себеби кайгынын артында күлкү бар дегендей. Дайыма эле жолу болбой жүрөм деген туура эмес. Ал адамдын ишинин жүрүшпөй жатканы өзүнүн мүнөзүнөн болуп жатышы мүмкүн, балким бул ишти аныкташ керек. Себеби аныкталгандан кийин гана маселе оңой чечилет болуш керек.
- Техниканын канча түрүн айдай аласыз? Канча жашыңызда рулга отурдуңуз эле?
- Эң биринчи 6-классымда нива автоунаасын айдап көргөм. Алгачкы машина айдаганым ошол нива эле. Азыркы күндө заманга жараша жеңил авто унаанын бардыгын эле айдай алам деп айта алам. Ал эми башка техника жөнүндө сөз кылсам, мектепте окуп жүргөндө эмгек сабагынан ЮМЗ тракторун кызыгып айдаганды үйрөнгөм. Бирок, ошол кезде айдаган тракторду азыр айдай албайм го деп ойлойм.
- Акыркы кезде наристелерди кордогон, зордуктаган мыкаачылардын көбөйүшү кайрадан өлүм жазасын кийириш керек деген ой жаратпайбы? Эмне үчүн бийлик педофилдерге карата катуу жаза колдонбой жатат?
- Чындыгында кийинки кездерде мындай айбанчылык адам сапатынан чыккандарга өлүм жазасын колдонсок эң туура болот эле. Мындай көрүнүштү өзгөчө тынсыздануу менен кабыл алып жатам. Өз канынан жаралган кызын зордуктап, баласын өлтүрүп жаткандарга өлүмдөн башка жаза жок. Бул кыргыздын менталитетине жат көрүнүш. Улуу Манасты жараткан кыргыз элинин ичинен эмне деген адам сапатынан чыккан уятсыздар чыгып жатканы эң өкүнүчтүү. Эгер өлүм жазасын кийирүү мүмкүнчүлүгү жаралып калса мен кош колдоп колдойт элем.
- Уулуңуз же кызыңыз башка улуттун баласы менен турмуш курам десе макул болосузбу?
- Бүгүнкү күндө кудай берген үч кызым бар. Кудай насип кылып уулдуу болуп калсам, уулдарым же кыздарымдын тандоосун карап көрмөкмүн. Жаштардын чечимине катуу чектөө кое албайт болушум керек. Бирок, кандай болгон күндө да кыргыз улутун бийик тутам. Балдарым келечекте жарын тандоодо өз улутубуздан алыс кетпесе дейт элем. Бирок тагдыр деген нерсе бар. Тилекке каршы ал биз ойлогондой боло бербейт. Келечекте андай учур болуп кала турган болсо, келинчегим экөөбүз балдарыбыз менен талкуулап анан чечмекпиз.
- Жубайыңызга берген эң баалуу белегиңиз?
- Менин келинчегимдин аты Асел, студент кезде, практика учурунда таанышкам. Ошол кезден бүгүнкү үч кыздуу болгонго чейинки мезгилде көптөгөн белек бердим. Бардык белектин өз алдынча баалуулугу болду болуш керек. Чынын айтсам кайсы белек тартуулоодо жубайым өзгөчө кубанганы жана кайсынысы баалуу болгону эсимде жок. Балким жубайым өзү эстеп калгандыр. Анткени, белек канчалык ал үчүн баалуу болсо эсинде калабы деп ойлойм. Аялзатынын көңүлү назик болот. Энелерибизге, эже-карындаштарыбызга жана сүйүктүү жубайыбызга баалуу болбосо дагы чын жүрөктөн чыккан белек берип, көңүлүн көтөрүп туруу керек.
Маектешкен
Гүлмира Шаршеева





Мекенчил күчтөрдүн мезгили келдиби?
Бүгүн Бишкекте "Замандаш" партиясы уюштурган мекенчил күчтөрдүн Улуттук конгресси өттү. Аталган иш-чара "Кыргызстандын учуру жана келечеги" деп аталып, анын ишине Жогорку Кенештин депутаттары, 70тен ашык мекенчил уюмдар, Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы, 16 партия өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер катышты. Алгач сөз алган партиянын тең төрагасы Сапарбек Асанов:
"Иш-чара партиянын тегерегиндеги гана окуя эмес, ал жалпы улуттук мааниге ээ экендигин айткым келет.
Конгрессти өткөрүүгө даярданууда коомчулук менен кенен сүйлөшүүлөр болду. Кадырлуу адамдардын, саясий түрдүү күчтөрдүн пикирлерин угуп, кеңештерин эске алдык.
Конгресстин ишинде азыр улуттук бир катар диаспоранын өкүлдөрү катышып отурат жана анын максаты - Республиканын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, анын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн бекемдөө жана Кыргызстандагы элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактоо боюнча Кыргызстандын мекенчил күчтөрүн бириктирүү болду" - деп билдирди.
Катышуучулар мекенчил күчтөрдүн интеллектуалдык жана практикалык дараметинин негизинде мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар үчүн сунуштарды иштеп чыгып, мекенчил күчтөрдүн өлкөдөгү улуттук биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө боюнча тажрыйбасын жайылтууну негизги ой катары айтышты.
"Жаңы муун", "Калыс", "Кырк чоро", Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы, Элдик Курултай өңдүү мекенчил уюмдардын өкүлдөрү бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бириккенде гана кубаттуу күчкө айланарын ортого салышты. "Бармак башка болсо да билек бир" дегендей, бир уучка чогулуп, мекендин жүгүн бирге тарталы дешти катышуучулар.
Конгресстин соңунда атайын манифест кабыл алынып, ага ылайык конгресс туруктуу орган катары иштөөсү кабыл алынды.