Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Кара башын ойлогондордон качан кутулабыз?
Учурда коомчулукта пенсия чектөө боюнча нааразычылк күч. Буга пенсионерлердин пенсия өлчөмүндөгү асман-жердей айырманын орун алышы себеп. Маселен, сот тармагында иштеп пенсияга чыгышкандар 27 миң сом алышат. Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн делип (соттор кандай эмгек сиңирип жатышканы белгилүү го) 15 миң сом кошумча үстөк акы кошулат. Ошондо ар бир пенсиядагы сот бери дегенде 50 миңден жогору пенсия алышат экен. Мындай соттордун саны 90дон ашат. Ушул соттордун пенсиясы үчүн айына 2 миллион 500 миң сом, үстөк акыга 1 миллион 400 миң сом кетет. Сотторго 15 миңден үстөк акы кошулса, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарга араң 427 сом кошулат. Ушул кантип акыйкаттык болсун? Мына ушуга окшогон теңсиздикти жоюу багытында сотторго кошулчу үстөк акынын өлчөмүн азайтуу боюнча Социалдык фонд "соттордун статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөтүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун даярдап парламентке киргизсе, ал жакта отурушкан Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев өңдүү мурун сот тармагында иштешкен кара баштарынын камын ойлошкон депутаттар караманча каршы туруп өткөзбөй коюшту. Анан ушуларды элдин камын ойлогон эл өкүлдөрү деп айтууга ооз кантип барат?


ИГИЛдин башчысы кайтыш болду
Бүтүндөй дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан ИГИЛдин башчысы
Абу Бакр Аль-Багдади Американын аскердик учактарынын бомбалоосунан алган жараатынан Сириянын Ракка шаарында кайтыш болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышты. Абу Бакр 2010-жылдан бери террористтик уюм катары таанылган уюмдун лидери катары Ирак, Ливия, Сирия аймагында басып алган жерлерде өкүм жүргүзүп келген. Учурда ИГИЛдин башына Абдуррахман Мустафа Аль Шейх деген адам келип, Мосул шаарында ант берген.


Шектүү шекинет...
Кезинде Мүлк министри кызматын аркалап, 350дөн ашык мамлекеттик мекемелерди (бала бакча, пансионат, басмакана ж.б.) талкалап, менчиктештирип жок кылган Равшан Жээнбеков учурда ишмердүүлүгү периштедей таза адам болуп, элге күйүп жаткандай акыл айтса жанында киши түтүп тура албайт. Мына ушул жигит "ээн калган сайдан эшек айкырат" болуп, мени Башкы прокуратура суракка чакырып жатат "кокуй күн" дегенди айтып, туш-тушка чалып кабар айтып "эси ооп" калды. "Куйругунда калбыры" бар адамдын тынчы кетээри турган иш эмеспи. Бекер чыйпылыктап жатпаса керек да. Сыягы, камап коюшпасын деп алдын ала коңгуроо кагып, коомчулукка кулак кагыш кылып койгусу келген көрүнөт. Дегенибиз, ак болсо айкырык салбай эле барып, айтчусун айтып келбейби?


Эми жаштар байлыгын эсептеп баш кошушабы?
Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова менен Абдимуталип Кочкоров экөө үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунушташты. Ага ылайык, үйлөнүп жатышкан жубайлар "нике келишимин түзүп, болгон кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрүн каттап, нотариус аркылуу күбөлөндүрүүгө" милдеттүү болушат. Бул жагдай баш кошуп түтүн булатабыз деген жаштарды материалдык кызыкчылыкка байлап, бири-бирине көз каранды кылууга багытталган, салт-санаа, жактыруу сезимине бөгөт койгон долбоор экенин депутаттар баса белгилешти. Анткени бул мыйзам эгер кабыл алынса, жаштар түбөлүк өмүр сүрчү түгөйүнүн байлыгын эсептеп үйлөнө турган болуп калышат. Мындай баш айланткан мыйзам долбоорун сунушташкандар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип чарчашты окшойт, талкуу бүтүп чыгып бара жатышканда бири-биринин "акмактыгына" жетишип, "сенин айыңдан, менин айымдан болду" дешип кызыл чеке болушту.


Тактан түшпөс президент
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда 26-апрель күнү болуп өткөн президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы 74 жаштагы Нурсултан Назарбаев жеңип чыкты. Добуш берүүгө келген шайлоочулардын 98 пайыздан көбүрөөгү аны колдогон. Ал эми мамлекет башчылыгына талапкерлердин бири Тургун Сыздыков 1.87, Абелгазы Кусаинов 0.63 пайыз добуш алган. Дагы бир мөөнөткө шайланган, тактан түшпөс президент Назарбаев Казакстанды жакынкы жылдары мыкты делген 30 өлкөнүн катарына кошууга убада кылды.


Дамира айым кызын кылмыштан калкалаганбы?
Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер министр Дамира Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаевага карата Башкы прокуратура тарабынан "Алдамчылык", "Дары-дармектерди жана медициналык техниканы мыйзамсыз сатуу", "Жасалма документтерди даярдоо, жасоо" беренелери боюнча козголгон кылмыш иши токтоп калганына кызыккандар көп. Себеби Дамира айымдын кызы жетектеген "Аманат-Фарм" ЖЧКсы Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган тендерге катышып, Германиядан чыгарылган, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин сертификаты бар инсулин шприцтерин алып келмей болуп, бирок 784 000 сомго бааланган 700 000 даана инсулин шприцтеринин ордуна Кытайдан чыгарылган 700 000 кадимки эле шприцтерди алып келген экен. Мындан улам, кылмыш иши козголгон. Азыркы күнгө чейин кылмыш иши Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгында ачыкка чыкпай сүрсүп жатыптыр.