Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Талаага да саясат керек
ДЫЙКАНДЫН ДЫМАГЫН КИМ КӨТӨРӨТ?

Жаз келип, дыйкан жер менен алектенип жатат. Акчалуулар билегин түрүнө киришип, техникасы менен жер айдап, үрөн сээп койду. Акчасыздар да алардан калышпай аракет жасап, анча-мынча малын сатып, күйүүчү май алып, жер айдоого кезекке туруп койгон...
Биз Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылына барып дыйкандар менен баарлаша кеттик. 600дөн түтүндөн ашыгырак эли бар чакан айылда учурда көпчүлүк эл коммерциялык банктардан насыя алып ишин жүргүзөрүн айтат. "Биздин айылда сугат жер деп эсептелинген жерге да суу келбейт. Андыктан, эл үйүндөгү огородун сугарганга ыраазы. Былтыр кургакчылыктан түшүм өтө начар болуп калды. Мурдагы арыктар тазаланбай, цемент менен куюлган арыктар сынган. Айылдагы 6,5 км арыктардын 3 чакырымы былтыр тазаланган. Жер кара топурактуу деп деп эсептелингендиктен, гектарына 300 сомдон төлөйбүз. Эл колунда бар малынын бирин-экинин сатып күйүүчү май алып жатат. Анын баасы бул айылга 36 сом 50 тыйындан келүүдө", - дешет михайловкалыктар.
Мен аларга эмнеге арыктарды баарылап тазалап албайсыңар десем, айыл өкмөт "техника берели, солярка куйгула" десе, элдин бири буга макул болуп, бири макул болбой акча-тыйын чогулбаганын айтышат. Андыктан дыйкандар мында көбүнчө арпа, буудай айдап, жылдын жаанчыл болушун тилешет экен.
Айылда айдоо аянты 6225 гектар жер болсо, анын 4000ден ашыгы сугат жер деп эсептелинет. Айыл тургуну Коңурбаев Кубат: "Күзүндө буудайды 8-9 сомдон сатып жиберип, жазында кайра 20 сомдон сатып алып жатабыз. Күзүндө сатпайын десең салыкка, техника колдонгонуңа төлөп, балдарга бериш керек. Дыйкан жер айдап, үрөн сепкенден кийин 5 ай ошону карап олтурат. Анан түшүм болбой калса карыздарды жаап, кайра алакан жайып олтурмай. Айылдагы ар бир үйдөн бир-экиден киши чет жерде иштеп жүрөт. Алар салган акчага күн көрүшөт. Кыскасы ал жактан алар, бул жактан булар жыргабайт", - деген ойду айтты.
Бул айылдын мурдагы айыл өкмөтү Таалай Отунчиев эң башкысы биздин система туура эмес экенин айтып: "Мен айыл өкмөтү болуп бир ай иштеген жокмун. Себеби бир ай ушу системага чыдабай койдум. "Самоуправление" деген менен эч убакта айыл өкмөтү өзү каалаган ишти жүргүзө албайт экен. Бир жакшы иш баштайын десең, акчаны берилген статья боюнча гана жумшашың керек. Бул система айыл өкмөттү коррупционер катары көрсөтүп койгон. Бирок, айыл өкмөт эмнени алат? Айылда ал алгыдай эч нерсе калган жок. Баары таланып-тонолгон. Ал айылдан эч жакка качып кете албайт. Айыл өкмөт өзү билип иштегендей шарт керек. Ал эми биздин система колу-бутуңду байлап, оозуңду жаап коет экен. Эл кыйкырып жатат: - Эмне турасың, жылбайсыңбы? - деп. Сен жыла албайсың. Эртең бир нерсени туура эмес кылсаң, сенин үстүңдөн иш козгойт. Ал тургай турган акчаны айыл муктаждыгына карай албайт экенсиң, - деген ойду билдирди.
Кечөө Тоң районуна барып дагы дыйкандарга үрөн жетпей жатканын угуп кайттык. Алар карапайым элге Айыл чарба министрлигинен, Өкмөттөн эч кандай пайда жок экенин айтып, эл өзү менен өзү алектенип жатканын билдирет. Макул, азыр ар кимдин жери өзүндө. Аны алар кандай пайдаланса өзү билет. Бирок, ошону кандай колдонууну үйрөткөн, уюштурган мамлекеттик бүтүн система жок экени байкалат. Ал эми, жылдан-жылга айыл чарбасындагы цифралар өсүп барат. Балким кай бир жерде ошондой болушу мүмкүн. Бирок, көп жерде айыл өкмөт аны реалдуу бере албай жатканын да угуп жүрөбүз. Айыл өкмөт аны аз айтса райондук жетекчилер "нааразы" болот дейт. Ал эми район аз айтса облус "нааразы" дегендей, шартыңды түшүндүргөнүңө карабай, цифралар аз да болсо өткөн жылга караганда көтөрүлүп турушу керек экен советтик "жел козулардай".
Ал эми жеңилдетилген кредиттер муктаж болгон адамдарга берилбей, колунда барлар алып жатканын айтып нааразы болгондор мындан көп. Колунда барлар болсо кредитти мал алам деп алган менен, мал албай эле башка нерселерди сатып алганга жумшайт дейт алар. Колунда жоктор же жеңилдетилген кредит ала албай же башка иш жүргүзө албай кайра чөгүп жатат деген ойлор айтылууда. Элеттиктер ошондой эле кредиттин төлөнүшүн сүт, эт, жүн менен бергидей жеңилдетип беришсе деген ойду ортого салышты.
Айтор, айылдык дыйкандар азыр жерин иштетүү үчүн болгон аракетин жумшоодо. А чынында, элде акча болбосо мамлекет кайдан оңолот? Учурда кооперацияга киребиз дегендердин саны да көп экен. Бирок, мамлекет тарабынан аларга жеңилдетилген насыялар берилип, алар өндүргөн товарларды ортомчулар эмес, мамлекет алгыдай болсо деген ойду ортого салышты. Дыйкандар кооперативдерди түзгөн соң, бир - эки жыл жерге болгон салыктан башка салык алынбашы керек деген ойдо. "Техсервис уюштуралы десең да салыгы өтө көп. Андан көрө бар техникаң менен акырын иштеп жүрө бер. Эмне ачсаң эле салыктын түрү басып калат" деген ойду айтышты. А чынында адистер азыр кооперативдерди түзүү менен дыйкандардын ишин күчтөндүрүүгө, жерди которуштуруп себүүгө да шарт түзүлөт деген пикирди айтышууда.
Албетте, Айыл чарба министрлиги тарабынан азырынча элге көрүнөөрлүк пайда болгон жок. Андагы жүздөгөн кызматкерлер цифраны карап, статистика менен гана алектенип, болбосо чет өлкөгө чыгып андагы тажырыйбаны көрүп келгенден башка эмне иш кылат деген ойлорду көп угасың. Бирок, бул министрликти кай бирөөлөр айткандай жоюп салуу да туура эмес го. Себеби Кыргызстан - агрардык өлкө. 70 пайыз эл дыйканчылык менен алектенет. Айдоо жерибиздин аянты 1, 200 млн. гектарга жетет деген өлкөбүздө айыл чарба тармагын күчөтүү керек эмеспи.
Ал эми акча каражатын оңой жол менен тапкысы келгендер жерди карап олтурбай эле май куюучу бекеттерди, мейманкана, кафе-ресторандарды ачып жатышат.
Негизинен Кыргызстанда тамчылатып сугаруу маселесин жайылтууну, жер семирткич чыгаруучу завод куруу маселесин колго алалы деген аракеттер башталды. Быйыл республика боюнча дыйкандарга 6 млрд. сомдун тегерегинде насыялар кечигип болсо да, колунда барларга болсо да берилип жатат. Учурда көл өрөөнүндө балык өстүрүү, алма-өрүк бактардын аянтын кеңейтүү, мал чарбасында сандан сапатка өтүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө. Деген менен, айыл элин зарыл керек болуп турган үрөн менен камсыз кылуу жагында мүчүлүштүктөр болууда. Аны район да, облус да чече албайт. Ал үчүн бүтүндөй бир система түзүлүшү керек. Жакынкы жылдарда дыйкандарды колдогон, балким, кооперативге кошкон мамлекеттик бир бүтүн саясат керек болуп турган өңдүү.
Айтор, бул жолу айылдарды кыдырып, элеттик эл жыргап кеткенин көргөн жокпуз. Кайда барсаң, көйгөйүн айткандар. Ую туруп үйүндө каймак жеп, сүт, айран иче албаган элеттиктерди көрүп ичиң ачышат экен.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА