Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Соттор акыйкат тандалдыбы?
Жыл сайын жаз келип, байчечекейлер жайнап чыккан сайын эркиндик, теңдик үчүн кара баштарын сайып карөзгөй бийликтен тартып алган эр-азаматтардын укуктары, келечеги, көксөгөн тилектери ишке аштыбы деген суроо күчтүү коюлат. Карапайым элдин кара күчү менен бийликтин тизгинин кармагандар эч нерсе жасаган жок дегендин өзү калыстык болбос, бирок көпчүлүк күткөндөй натыйжа бербей тургандыгы ачуу чындык. Президент А.Атамбаевдин 7-апрелди эскерүү күнүндө чын жүрөгүнөн "бир гана нерсени ушул күндү, ушул күнкү кан төккөн балдарды унутпайлык" дегенин түшүнгөндөргө бир жагы сураныч, экинчиси катуу талап экендигин сезгендер аздай көрүнөт. Чындыгында президенттин иш-аракеттерин, өлкө үчүн күйүп-жанган сөздөрүн угуп, баштаган реформаларды аягына чыгарууга аракет кылган аткаминерлердин тобу көрүнбөйт. Кылым карыткан көчмөн улутубуз үчүн дайыма биринчи орунда кара курсактын камы эмес, элдин теңдиги жана да урпактардын келечеги турган. Улуттук идеологияны замандын талабына ылайык жаштарга сиңире турган билим берүү тармагы болсо, калың элдин эртеңки күнгө ишенимин арттырып, ак-караны ачыкка чыгарып, таразалай турган сот. Бүгүнкү күндө дал ушул өтө жоопкерчиликтүү жана опурталдуу эки тармакта жакшы ой-тилек менен башталган реформалардын арты бүдөмүк. Ушул күндөрү коомчулуктун көңүлүн бурган Конституциялык райондор аралык сотторду талдоонун жүрүшү болду. Тагдыр чече турган бул кызматтарга талапкерлер кандай тандалды жана алар ага татыктуубу деген ой-пикирлер маалымат каражаттары, жарандык коом,ал тургай Жогорку Кеңеште да байма-бай айтылды окшойт. Ал канчалык деңгээлде Сотторду тандоо кеңешине жетти, бир кудай билет. Алар тарабынан Конституциялык сотко президентке сунушталган үч талапкердин бирөө четке кагылгандыгы белгилүү болду. Эмдиги кезек башынан эле ызы-чуулуу, талаш-тартыштуу райондук сотторго сунушталган талапкерлерде. Чүй район аралык сотуна сунушталган 5 орунга 25 талапкер ат салышкан. Алардын арасында бул кызматта иштеп турган 5 сот, Жогорку соттун аппаратынан бешөө, Өкмөттө иштегендердин, күч органдарынын өкүлдөрү да бар. Райондор аралык сотторго болгон мынчалык кызыгуу бул тармактын бирден-бир майлуу-сүттүү, коррупциянын гүлдөгөн жери деген кептердин төгүн эместигинен кабар берет. Бишкек район аралык сотуна талапкерлердин алдыңкы катарын азыркы учурда бул кызматта иштеген 3 сот, Жогорку соттун 2, Өкмөттүн 1 өкүлү ээлегендиги таң калтырат. Анан дагы тигил айылдык, бул айылдыкы менен 8 орун толугу менен толот. Бир-экөө жылышып калса деп, аларга удаалаш келгендер учурунда Убактылуу өкмөт тарабынан кызматтан четтетилгендер. Кыскасы биринчи турда өз күч-аракеттери менен жогорку баллды алгандар, экинчи - үчүнчү турда артка сүрүлүп калган. Байкаганга мындай кырдалдан чыгуунун жолдорун жакшы билгендер, сынакка кире турган катарларын, ден соолугу тууралуу справка же өтүнүч каттар менен кийинкиге жылдыртып, кулактан сүйрөп, оңдоп-түзөп тапшыргандардыкынан жогорулатып, көтөрмөлөп коюу ыкмалары колдонгондой пикир калтырат. Кандай болсо дагы Сотторду тандоо кеңеши тарабынан талапкерлер тандалып президентке сунушталды. Эми өткөн-кеткендерден сабак алган, мурда-кийин кеп-сөзгө илинбеген жаңыча көз караш менен акыйкат чечимдерди кабыл алып, таза иштей турган соттор келип, карапайым-калктын дагы бир көйгөйү азайса экен. Кара кылды как жарган калыстыкты кармаган адилет соттор мамлекеттеги туруктуулуктун негизи болуп, бийликке болгон элдин ишенимин арттырып, өлкөнү өнүктүрүү жолуна баштап турган президентке чоң күч берет эле.
Жангороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ