Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакыт Шаршембиев, Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору
"Биздегидей аппарат Орто Азия мамлекеттеринин биринде жок..."
- Бакыт мырза, санариптик телеберүүгө өтүү иштери кандай аткарылып жатат?
- 2014 - жылдын 1 - ноябрынан баштап санариптик көрсөтүү боюнча өлкөнүн чек арага жакын ар кайсы бурчтарына тогуз "передатчик" орноттук. Июндан баштап чек арага жакын аймактардагы аналогдук телеберүү өчүрүлөт. Учурда иштин экинчи этабын баштадык. Буюрса 31-майдан баштап иштин экинчи этабы толук башталат. Ага санариптик берүү боюнча атайын 12 жабдууну даярдап койдук. Күзгө чейин буюрса экинчи этапты бүткөрүп, сентябрь айынан баштап иштин үчүнчү этабын баштасак деген оюбуз бар. Үчүнчү этап аяктагандан кийин өлкөнүн дээрлик 95 пайызы санариптик берүү менен камсыздалат.
- Санариптик берүүнү көрүш үчүн кандай аппараттарды алыш керек?
- "Ресивер", "Тюнер" деген аппараттар базарда сатылып жатат. Баасы деле арзандап калды. 1500, 2000 сомдон сатылууда. Аны кадимки эски телевизорго туташтырып, кадимки антенна менен эле көрсө болот. Эгер телевизор жаңы болсо, анын ичинде жогорудагы аппараттар орнотулган. Ага аппарат алыштын кереги жок. Болгону антеннаны туташтырып көрө берсе болот.
- Санариптик деген кандай болду экен деп коомчулукта түшүнбөгөндөр да болушу мүмкүн, андыктан окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн жалпак тил менен түшүндүрүп берсеңиз?
- Санариптик болгондо биринчиден телеберүү сапаттуу болот. Экинчиден, телегезит, телеинтернет деген бар. Бирок ал аппараттар кийинчерээк орнотулат. Анда телевизордон эле гезит окуп, телевизордон эле интернетке кирип, маалымат алса болот. Ошондой эле көрөрмандар добуш берип, көрсөтүүгө өздөрүнүн ой-пикирлерин билдире алышат. Бул дагы өзүнчө артыкчылык.
- Учурда санариптик берүү аркылуу канча канал көргөзүлүп жатат?
- Азыр 8 канал кирип, көргөзүлүп жатат. Жыл аягына чейин Өкмөт 15 канал кылып толуктоонун аракетин көрүүдө. Ал ачык форматта болуп, көрөрмандарга бекер көргөзүлөт. Андан тышкары биз буюрса бир айдын аралыгында экинчи "мультуплексти" кийиргенге аракет кылып жатабыз. Ал Ош, Жалал-Абад, Бишкек, Чүй облустарында көргөзүлөт. Экинчи пакет дегенибиз бар, буюрса аны да кийиребиз. Ал тест режиминде болмокчу. Бирок аныбыз жабык форматта болгондуктан үч ай бекер көргөзүп, андан кийин акы алынат. Ошондой эле жеке менчик "ОсОО цифровая технология" деген компания бар, алар дагы 30 канал киргизгенге аракет кылышууда. Алар жабык форматта болобу же ачык болобу аны убакыт көргөзөт. Анткени алар жеке менчик компания. Жалпысынан санариптикке 70 канал кирип, анын он беши Өкмөттүкү болсо, калганы биздики жана жеке менчик компаниялардын каналдары болмокчу.
- Санариптикке өтүү боюнча Өкмөт кандай иш аракеттерди көрүп жатат?
- Өкмөттөн азырынча эч кандай жардам боло элек. Биринчи этапта кеткен каражаттын теңин Кыргыз телеком компаниясы төлөсө, теңин өзүбүз төлөдүк. Эми экинчи этап менен үчүнчү этапта кетчү акчаны толугу менен өзүбүз төлөгөнү турабыз. Өкмөт жакында эле чечим чыгарды, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө бекер аппарат, тагыраагы "Ресивер", "Тюнер" беребиз деген. Бул чечим ишке ашса жакшы.
- Көрсөтүүлөр спутник аркылуу тарайбы?
- Муну эл туура түшүнүш керек. Спутник аркылуу тараган берүүлөр өзүнчө. "Надземный" деп коебуз ал өзүнчө. Мисалы, спутник аппаратын тендер аркылуу утуп алып орнотконбуз. Аппарат Франциядан чыккан. Аппаратты чыгарган компания дүйнөдө аппарат жасоо жагынан үчүнчү орунда турат. Эң мыкты компаниялардын бири десем болот. Бизге орнотулгандай аппарат ачыгын айтайын Орто Азия боюнча азырынча жок. Эгер Орто Азия мамлекеттери спутник аркылуу чыгабыз десе бизге кайрылышат. Бул жагынан биз чоң жетишкендикке ээ болдук. Учурда спутникте беш канал чыкты. КТРК, ЭлТР "Баластан", "Маданият" Муз ТВ". Азыркы тапта эки-үч компания менен сүйлөшүп жатабыз. Алар 1 - июндан баштап, спутникке чыгабыз дешүүдө. Спутник аркылуу чыккан көрсөтүүлөрдү дүйнөнүн 14 өлкөсү көрө алат. Былтыр ноябрь айынан баштап айрым каналдарды спутникке чыгардык эле, Россия, Турция дагы башка өлкөлөрдөн мекендештерибиз телефон чалып ыраазы болуп жатышты.
- Тендердин жүрүшү боюнча айта кетсеңиз, тендерге француздардын компаниясынан башка дагы кайсы компаниялар катышты эле?
- "Надземный" боюнча тендерди "Квант эфир" деген компания уткан. 2 миллион 600 миң доллар. Спутникалык аппарат боюнча 400 миң доллар менен уткан. Бирок ал 400 миң доллар үч жылга бөлүнгөн. Бизде көп айылдар бар, телевизор тартпаган. Ошол айылдарга антенналарды орнотконго аракет кылуудабыз.
- Телеканалдардын сапатына кандай баа бересиз, биздин телекөрсөтүүлөр санариптикке татыктуубу?
- Азырынча биздин телеканалдар даяр эмес. Бир эле КТРК даяр. КТРК өзүнүн студияларынын баарын оңдоп-түзөп, санариптикке жакшы даярданышты. Буюрса калган каналдарга дагы Өкмөт тарабынан акча бөлүнүп, санариптикке өтүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Келечекте буюрса бардык телеканалдар талапка жооп берет деген ойдомун.
Маектешкен Мирлан Алымбаев