Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"АЙЫМДАР МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНА СӨЗСҮЗ КЕРЕК"

Адамдын калыптануусу-жакшы адам болуп калыптануусу оңой-олтоң эле боло койбос. "Баланы-башынан" деген сөз кыргызда бекеринен айтылган жок. Аны үй-бүлө, коом, тели-теңтуштары, мектеп, бала бакча тарбиялайт. Ошол тарбиянын чегинен чыгып кеткендер менен милиция кызматы иш алып барат эмеспи. Анан ошол кызматты аркалап жүргөн формачан айымдардын эмгеги өзгөчө баалоого арзыйт. Биз Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр инспекциясынын ага тескөөчүсү Айзада Иманкулова менен балдар жана өзү жөнүндө сүйлөшүп, милиция кызматындагы аял кишинин түйшүгүн жана кесипке болгон сүйүүнү сездик. Анда сөз башынан болсун.
Айзада өзү Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында төрөлгөнү менен, ата-энесинин жумушуна байланыштуу Каракол шаарындагы №1 мектепти аяктаган. Төрт бир туугандын кичүүсү. Мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, жалпы тестирлөөнүн негизинде КР ИИМ Академиясына өтүп кетет. Апасынын каршы чыкканына карабай, эжесине "апамды көндүрдүм" деп акча алып, Бишкек шаарына кетет. Курбу кызынын туугандарынын үйүндө жүрүп, көксөгөн максатына жетип, аталган Академиянын студенти болуп калат. Ошол окуу жайында группалашы Азамат менен таанышып, 3-курсунда кол кармашып үй-бүлө күтүшөт. Бир жылдан кийин аталган окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө штаттан тышкаркы жардамчы болуп иштейт. 2012-жылы секретариаттын башчысы болуп эмгектенип, 2014-жылы ИИМдин кадрларынын катарына кошулат. Алгач ал жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болсо, учурда жаш өспүрүмдөр инспекциясынын ага тескөөчүсү.
"Кыздарга милицияда иштөө өтө оор. Бул тармактагы көп эле кыздардын түйшүгүн үй-бүлөсү, ата-энеси туура түшүнбөгөндүктөн иштебей калат. Менин жолдошум мага ишенип, ар дайым колдоп келет, бул - менин бактым. Ал өз кесиби боюнча иштебей чакан ишкана ачып алып, ошондо эмгектенүүдө. Бир уулубуз бар. Бир сапар кайсы бир банкта жумуш орун бар экен, ага юрист болуп кирсең айлык маянаң жакшы деп айтышкан. Ал учурда коомдук тартип бөлүмүндө штаттан тышкаркы жардамчы болуп, айлык акысыз эмгектенип жүргөм. Ошондо менден мурда Азамат каршы болду. Себеби ал мен сүйгөн кесибимден ажырасам депрессияга кабыларымды билген", - деп тамаша-чынга салат ал.
Кызы форма кийген соң Айзаданын апасы Гүлшар эже: "Дарак бир жерден көгөрөт. Эми ушул кесибиңдин отуна күйүп, жан-дилиң менен иште", - деген. Айзада 3 жыл жардамчы катары бир тыйын албай иштеди. Бирок көп тажрыйба алды. Улуу агасы Урмат аскер адамы болгондуктан, ал мектеп партасындагы секелек кызга өзгөчө каарман катары көрүнчү, анын баяндары жомок сындуу сезилчү. Мен да ушундай болом дечү Айзада. Бирок, аялдын иши албетте, башка эмеспи. Биринчиден, анын жанында түшүнгөн адам керек. Экинчиден, Айзада өзү айткандай, милицияда иштеген аял жумушка берилиши маанилүү, кичине да болсо фанатизм керек, ансыз болбойт. Ал үй оокатын көбүнчө түштө жасап, кечти жумушта өткөрөт. Иш убактысы эртең мененки 8.30дан кечки 6.30га чейин болсо, ушул учурда жумуштан чыгып кеткен убагы боло элек. Күч түзүмүндөгү адамдар аял-эркек деп бөлүнбөйт эмеспи. Аны түшүнбөгөн жетекчилерден тил уккан күндөрү да болду. Бирок, мен баары бир ИИ кызматына кирем деп өжөрлөнгөн. Ал өз максатына жетти. Учурда Каракол ИИБда иштеген 3 кыздын бири.
Анын жумушу мектептен башталат. Андагы соцпедагогдор менен иш алып барып, сабакка келбей жаткан балдардын үйлөрүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыдырат. Документи жок балдарга документ алууга аракет жасап, атайы түзүлгөн графиктер менен билим берүү мекемелери, социалдык коргоо кызматкерлери менен бирге рейдге катышат. Компьютердик класстарда таңдан-кечке олтурууну адатка айлантып алган окуучуларды психологдорго алып барып, бир нече күн эмес, бир нече айлап иш жүргүзүшөт. Балдардын укуктук деңгээлин жогорулатууга, милдетин үйрөтүүгө, спирт ичимдиктердин, нарко заттардын, тамекинин, деги эле терс көрүнүштөрдүн зыянын түшүндүрүү менен балдардын кылмыштуулугунун алдын алат. Бул-өтө маанилүү деп эсептейт ал. Себеби биздин балдар-биздин келечек эмеспи.
Негизи ар бир мектепте бирден инспектор болуш керек болсо, Караколдо 3 инспектордун ар бирине 4-5тен мектеп тийген. Шаарда 24329 жаш өспүрүм бар болсо, анын 1306сы мектеп окуучулар. Бул шаарда четтен, айылдардан келген балдардын саны да көп.
"Аялдар милиция кызматында сөзсүз керек. Себеби алар ар кандай конфликтти тынч кабыл алып, калыс салыштырып карайт. Шашпай олтуруп бир нукка келтирет. Өзгөчө балдар менен иштегенде аял кишиге көбүрөөк ишеним артылат", - деп билдирет Айзада. Мектеп партасындагы кыздар ага "Сиз менен өзүнчө сүйлөшөт элем" деп, мектептеги мугалимге, үй-бүлөсүнө айта албаган нерселерди айткан учурлар көп болот. Эркек инспекторлорго кыздар антип ачыла бербеси да белгилүү. Ал эми, учурда жаш өспүрүмдөр менен иш жүргүзүүдө укук коргоо органдарына кабылгандардын 35 пайызын кыздар түзөт. Айзада балдарга жаш өзгөчөлүгүнө жараша кичинесин эркелетип мээрим төгүп, чоңураактарга эжеси катары сүйлөшкөн үчүн ишенсе керек деп ойлойт. Ага балдар телефон чалып да турушат.
Өнүккөн өлкөлөрдө жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлмөлөрү жарык, таза, көркөм болуп, анда мебель, адабият, тынч атмосфера болот экен. Бизде болсо баары башкача. Айзада экөөбүз мебелдери эски, калдайган эски сейфтен башка эч нерсе көрүнбөгөн анын иш бөлмөсүндө олтурдук. Ушул жөнүндө сурасам ал: "Ооба, бул боюнча жакында долбоор жаздык, балдар бөлмөсүн ачуу боюнча маселе чечилип кетсе бизге кошумча бөлмө берилет. Анда бардык шарт болот, шаардык ИИБ балдар үчүн ысык тамак уюштуралы деп жатат",-деген илгери тилегин айтты.
Айзада өткөн жумада бала бакчадагы уулунун 10 күнкү тапшырмасы аткарылбай калганын айтып, бир чети уялып олтурду. "Дем алыш күнү пельмен түйүп, башка тамак жасап муздаткычка салып коем. Кай бир учурда түштө барып жасайм, жолдошум жардамдашып жиберет. Ал эми жумушта көчөдөн бала келсе, бул жердегилер баарыбыз үйрүлүп түшүп бирибиз чай коюп, бирибиз булочка алып келип карайбыз. Ал бала ыйлабаса экен, коркпосо экен дейсиң. Чындыгында биздин иште өз бала экинчи орунда калып калат" - деп тамаша чалат ал. 27 жаштагы бул айымды карап туруп, келечеги кең болсун деп ойлойсуң.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА