Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алмамбет Шыкмаматов, экс - министр:
"Бул иштен майнап чыкпаса, "Кумтөрдү" улутташтырабыз... "
- Алмамбет мырза, "Кумтөр" маселеси боюнча сиздин позицияңыз кандай? Бул маселенин чоо-жайын эң жакшы билген адамдардын бирисиз. Өкмөттүн демилгесин колдойсузбу?
- 2003-жылы "Кумтөр" боюнча кылымдын аферасы ишке ашып, алданып калган. Ошондо кыргыз элинин Абыке, Көбөштөрү мамлекеттин кызыкчылыгын "Центерранын" колуна кармата беришкен. Андан кийин 2009-жылы Максим Бакиев ошол 2003-жылдагы келишимди бетине кармап, "Центерраны" чагым кылып алардан акча алып, кайра эле ошол эски келишимди мурадагыдан да күчтөп, күчтөгөндө да кийин эч ким тийише албагандай шартта бекитип берип койгон. Акыркы 5 жылдан бери жаңы бийлик орногондон баштап, ошол мамлекетке пайдасыз келишимди жокко чыгарып, адилеттүү, пайдалуу келишимге көп аракет кылсак да жете албай жатабыз. "Центерранын" президенти Аткинсон бардык маселени өзү чечип, болгон акционерлерди чогултуп алардын башын айлантып жатат. Керек болсо "Центеррадагы" 33 пайыз акцияга ээ болгон, эң чоң акционер биздин башыбызды айлантып жатпайбы. Кыскасы, Аткинсон Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеген жок. Тескерисинче өз кызыкчылыгына, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгына иштеп жатат. Анын максаты убакытты созуп, ар кандай шылтоолорду колдонуп, 3 жылдан бери жаңы келишимге ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, өзүнө өтө пайдалуу 67х33 келишимин өзгөртпөө үчүн жандалбастап жатат. Менин 50х50 келишимине каршы чыкканымдын себеби ушул болчу. Аткинсон биздин башыбызды дагы эле айлантып, алдап жатат. Тарых алдында жоопкер болуудан, элдин кусурунун коркуп ошол 50х50гө кол коюудан баш тарткам. Негизи премьер-министр менен каршылашып, андай кадамга каршы чыгуу оңой-олтоң иш эмес. Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тобокелчиликке бардым. Мына азыр премьер-министр: "50х50 келишимине кол койбогонубуз жакшы болуп Кудай сактаптыр, бул чыккынчылык экен", - деп айтып жатат. Муну мен мурун эле түшүнгөм.
- Ошол 50х50 келишими боюнча чыккынчылыкты тереңирээк айтып берсеңиз?
- "Центтерранын" "Кумтөрдөгү" экологияны бузганы үчүн миллиард доллар карыз. Аны төлөбөй баш тартып жатат. 50х50 келишиминде Аткинсон: "Экология үчүн сурап жаткан ушул миллиард долларды кечкиле, унуткула. Экинчиси "Центтерранын" буга чейин "Кумтөрдөгү" бардык коррупциялык иштерин, кемчиликтерине көз жумгула. Мурун биз аша чаап жеп-ичип койсок кечирип койгула" - дейт. Мындан башкасын да айтып олтурса толтура. Бир сөз менен айтканда, алар баарын 0дөн баштайлы дейт. Мисалы, "Кумтөрдөн" чыккан алтындын эсебинен сатып алган техниканы 100 млн. долларга ижарага берип жатышат. 50х50 келишимин жалданган компания иштетет деген талапты айтышты. Албетте, бул да туура эмес. Мына чыккынчылык. Ким муну чыккынчылык дебейт. Айтор, 50х50 келишими мурунку келишимдерден айырмасы деле жок, мурункудай эле тил эмизүү. "Центерра" бул келишимге жетишсе, бизге болгону кичинекей сөөк ыргытып коюшу мүмкүн. Биз болсо адилеттүүлүк айтып, жемибизди жедирбей, өз ырыскыбызды кайтарып алууну максат кылдык. "Ата Мекен" партиясы эң кардиналдуу, чечкиндүү кадамды айтып жатабыз. Ал кадам эл аралык жол менен улутташтыруу. Улутташтыруу маселеси БУУнун чыгарган декларациясы боюнча ар бир мамлекеттин өзүнүн суверендүү укугу болуп эсептелет. Ага эч ким тоскоолдук кылбашы абзел. Болгону биз компенсация төлөп берип калабыз. Токон Мамытов: "Центерра 4 миллиард төлөйсүңөр деди" - деп айтып жатат. Аткинсон 4 миллиард доллар төлөйсүңөр деп коркутса эле төлөй бермек белек. Эгер жакшылап эсептешип соодалашсак, ашып кетсе 1 миллиарддан бир аз ашыгыраак төлөшүбүз мүмкүн. Бул акчаны биз 10 жылда кутулуп бүтмөкпүз. Улутташтырган болсок, биз 670 тоннаны улутташтырганы жатпайбызбы. Биздин партиянын сунушу, кадамы ушундай.
- Премьер-министрдин жаңы сунушуна макулсузбу?
- "Центерранын" эң чоң акционерби бизбиз. Калгандары 5 пайыз, 10 пайызга ээ болгон майда акционерлер. Эми ошол 18 пайыз акцияга ээлик кылгандар биз менен биригип, "Центеррадан" Аткинсонду кубалап жаңы келишимге барып, буга чейин болуп келген коррупциянын баарын ачыктайлы деп жатышпайбы. Менимче, бул жерде "Центерра" дагы, Аткинсон дагы жөн жаткан жок. "Бул планды ишке ашырбагыла, бул Максимдин адамдары" - деп, ар кандай оюн кылып жатат.
- 7 адамды Директорлор кеңешине киргизүү чындап эле мамлекеттик сыр болгонбу?
- Оторбаев өзү бул план жашыруун сыр болгон деп айтпадыбы. Мына бул сөздүн өзү баарын түшүндүрүп турат. 7 адамды кыска убакыттын ичинде Директорлор кеңешине киргизип, алардын жардамы менен Аткинсонду чаап түшмөкпүз да. 7 адам "Центтерра" дагы акционерлер болуп эсептелет. Бул планды ошол 18 пайыз акционерлер сунушу кылып, бизди өздөрү менен биригүүгө чакырып жатат. Аларды биз колдоого укугубуз бар. Анткени майда акционерлер улутташтыруудан коркуп жатышат. Эгер чындап эле "Кумтөр" улутташтырылып кетсе, анда алар компенсациябызды ала албай жүрүп талаада калбайлы деп жатышат. Аларга биз 10 жылдап компенсациясын төлөп бергиче "төөнүн куйругу жерге тийбейби". Ошон үчүн биз менен биригип бир чоң күчкө айланып, "Центерраны" басып алалы деп жатышат.
- Токон Мамытовдун бул маселе боюнча эмне дейсиз? Канчалык деңгээлде чындыгы бар? 7 адам боюнча ачык эле айтпадыбы...
- Менин Токон Мамытовдун патриоттуулугуна, тазалыгына эч кандай шегим жок. Бирок бул маселеде ага туура эмес маалымат беришти же бирөөлөрдүн сөзүнө кирип ишенип алды го. Болбосо бул идеяны Токон Мамытов колдоп чыгышы керек болчу. Балким "Центерра" аракет кылды. 7 адамды биз текшерип эмне кылабыз. Анткени ал 7 адамды акционерлер жылдырып жатат. Мисалы, биз акционер жылдырсак, аларды башка бирөөлөр текшерсе, биз: "Биздин акционерлерди текшерип эмне кыласыңар? Кандай укугуңар, кандай ишиңер бар" деп айтабыз да.
- 7 адам ишеничке кирип алып, кийин сызга олтургузуп кетпейби деген пикирди да карманып жатпайбы...
- Алар сызга олтургуза албайт. Азыр эле бизди Аткинсон жана анын командасы сызга олтургузуп жатпайбы. Биз майда акционерлер менен биригип аракет кылып көрүшүбүз керек. Бул план ачыкка чыгып кеткенден кийин аны ишке ашыруу кыйын болуп калды. Өзүбүздүн арабыздан чыккан эле тескери пикирдеги адамдардын кесепетинен бир келген мүмкүнчүлүктөн куру калуу коркунучуна кептелдик. Бул маселе кандай чечилет, аны убакыт көрсөтөт. Ал эми улутташтыруу маселеси эч качан кеч болбойт. Бул иштен майнап чыкпай калса, "Ата Мекен" партиясы улутташтыруу маселесин көтөрө берет. Азырынча өкмөттүн позициясын колдоп жатабыз. Муну да байкап көрөлү. Бирок жеке менин пикиримде чечкиндүүлүккө барып, улутташтырууга барсак болмок.
- "Кумтөр" боюнча түшүнүктүү. Эми соңку суроо болсун. Шайлоого катышасыз да, даярдыгыңыз кандай?
- Буюрса катышабыз. Даярдык жакшы. Нарын облусундагы "Ата Мекендин" куратору болгондон кийин, аталган облустан чыгам.
- "Ата Мекендин" шайлоодо жеңишке жетишет деген ишеничиңиз барбы? Себеби акыркы учурда силердин партияга катуу сындар көп айтылып жатпайбы...
- Азыр эл баш-оту менен сүйгөн, колдогон партия барбы? Идеалдуу партия барбы? Ашмалтайы чыкпаган партия барбы? Жок да. Баарыбызда бар кемчилик дегендей, бардык партияларда кемчилик бар. Жеке пикиримде азыр партиялардын ичинен эң түзүгү эле "Ата Мекен" менен КСДП. Буга негиз боло турган далилдер көп. Анын баарын айтып олтурбайын. Эң башкысы биз кандай гана болбосун мындан ары үй-бүлөлүк башкаруу болбойт деген түшүнүктү элдин аң-сезимине орното алдык. Көптөгөн партиялар тескерисинче парламенттик башкарууну жок кылып, мурунку авторитардык башкарууну алып келүүнү каалап жатышат. Биз ага каршыбыз!
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев