Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Оңдосок, оңолобузбу?
Баланча деген мамлекет Конституциясын оңдоптур дегенди далай жылда бир угабыз. Алардын баарын чогултуп келгенде биздин мамлекеттеги оңдолгон санга жетип бербейт экен. Кийинки эле жыйырма төрт жылдын ичинде Конституциябыз он чакты жолу оңдолду окшойт. Кичинекей мамлекет болгонубуз үчүн ушинтип "тыпылдатып" оңдой беребиз го десек, бизден кичине мамлекеттер деле далай жылда бир барып оңдойт экен. Ал эми Америка, Англия өдөнгөн мамлекеттерде Конституцияны оңдоо дегендин өзү мамлекетти бүтүндөй өзгөртүү деген мааниге жакын окшобойбу!
Конституциябыз эмнеге мынча жолу өзгөргөн деп ойлоп жооп издештин деле кереги жок, анын жообу бет маңдайыңда, оңой эле жерде даана көрүнүп турат, коркунучтуу болуп, кыжырды кайнатып: аны оңдоонун негизги жана бирден бир себеби ушул болду- Акаев менен Бакиев улам-улам оңдоп жатып чексиз, ченсиз бийликке жетип анан элди каалагандай эзбедиби, бүтүндөй байлыгын тоноп албадыбы! Мына эми ошонун айынан биздин мамлекет итке минип турганы, жаман алдыбызды карызыбыз 4 млрд долларга жакындап калды окшойт. Азыркы президентибиз ар кайсы мамлекеттен суранып турганы, эпадам алар жардамын бербегенде бирибизге-бирибиз жем болмок экенбиз! Элдин шорун катырган Акаев менен Бакиевди коштоп кошо жешип, кошо көбүшүп жүргөндөрдүн бир катары эми деле бийлик тарапта ар кайсы кызматтарда жүрөт, уялып койгону жок, ийменип койгону жок, беттери пилдин терисинен да калың экен! Алардын баарын тизип туруп жазалап койчу бир жигит чыкпады бычакка сап! Мыкты бийлигибиз жана мыкты жигиттерибиз болгондо Акаев менен Бакиевди, алардын качкан бала-чакасын, туугандарын, жөкөрлөрүн байлап-матап небак эле алып келип эл байлыгын кайтартмак, түрмөгө тыкмак. Антмек турсун алардын бул жердеги байлыктарын толугу менен элге кайтара албай өлжүрөп турбайбы.
Ошентип, Конституцияны өзгөртүү керек дегендердин саны күндөн күнгө арбып келет, анын да жөнү бар болуп калды окшойт. Анткени, азыркы Конституцияда алешем бүтүмдөр өтө эле көп экен, аны четинен көрүп жатпайбызбы. Эң негизги кемчилик-мамлекетти башкаргандар кайсы жагын башкарат даана жазылган эмес, аны менен бирге мамлекет үчүн биринчи иретте ким жооп берет, мунусу да так жазылган эмес, иши кылып башкаруу "ит жыгылыш" мазмунунда болуп калган. Жанагы арабаны туш-тушка сүйрөгөн Крыловдун ит-куштарынын кылыгындай болуп турат бийлик тарап.
Какшап келатпайбызбы "парламенттик башаруу" деген татаал система экен. Ал башкаруу мамлекеттеги адамдардын баары жогорку деңгээлдеги билимдүү, ыймандуу, мыйзамды кынтыксыз сыйлаган абалга жеткенде жарап берет окшобойбу. Ал эми биздин адамдардын азыркы деңгээлинде "парламенттик башкаруу" дегениңдин пайдасынан зыяны көп турбайбы. Ошондо "биздин адамдардын азыркы деңгээлинде" деп кай сыпаттаманы айтып жатабыз? Азыр биздин адамдардын дээрлик көпчүлүгү билимдүү, алардын ичинде тээтетиги Сорбонна менен Кембрижди бүткөн кыйындар менен тең тайлашкандар, алардан ашып түшкөндөр да бар. Азыркы биздин адамдардагы бир артыкчылыгыбыз ошол эле болуп калды. Ал эми аттиң дечү сапаттарыбызды толук санасак, "бел бекчейип, көз чекчейип" калышы ажеп эмес. Азыр биз ачкөзбүз, көралбаспыз, көроокаттын туткунундабыз, анын айынан акча дегенде адамды адам кылган асыл сапаттардын баары тыйпыл болубатат, бирибиздин ийгилик бирибизге катуу сокку, таш боорбуз, аял менен эркектин Жараткан бөлүп берген ажырымы жок болуп барат, бул акыр-аягы трагедия менен бүтөт, улууну урматтап, кичүүдөн иймениш жок, "карынын сөзү капка салынбай" тебелендиде калып жатат, эң жаманы- мурун Жаратканга сыйынсак, эми акчага сыйынып калдык, демек, баары чогулуп туруп ыйманыбызды жеди окшойт! Анан ушундай кырдаалда бийлигибиз парламенттик башкаруу системасы менен жолун улай албайт го, 120 адам жүз жакка карап. Анткени, парламенттик башкаруунун "камчысы" такыр эле жок экен, андыктан эч нерседен коркпой эле ким каалаганын кыла берет тура, алардын башкаруусунда… Мындай кырдаалда бүт бийликти колуна алганга жарап берчү адамгерчиликтүү, терең билимдүү, жалаң гана элинин кызыкчылыгын ойлогон, тайманбас, жаман ишти көрсө кабыландай качырган чындык менен мыйзамдын "кулу" болгон, "кызыл камчы" аялбы, же эркекпи, бир адам керек. Бүтүндөй бир элде андайлар кантип эле болбосун? Андыктан президенттик башкарууну алып келиш керек. Ошондо темирдей тартип орнойт! Акаев менен Бакиев эместир кыргыз жигиттеринин баары!
"Парламенттин ишине эки деген баа беребиз" деп Ошурахунова деген айым айтып жатат. Анын айтканы бир жактуу, чет элдин акчасы аларга оозуна келгенди оттотот эмеспи. Бирок, парламенттин жакшы иши жаман ишине караганда алда канча аз болду окшойт. Парламенттик башкаруу дегени менен бир орчун ишти бүтүрө алган жок, бир-экөөнү айталы: Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү деректирлиги жоготкон миллиарддаган сомдун изипнтабабыз деди эле, таппады, Батукаевди качыргандардын сазайын колуна беребиз деди эле, анысы деле толук орундалган жок, "Кумтөрдүн" маселесин чечебиз деди эле, анысы ал бойдон турат. Анын айынан көпчүлүк фракциясы ыдырап жатат. Ушул жерден бир нерсени айта кетейин, "Кумтөрдүн" айынан далай азапты тартабыз деп терең изилдеп айткан Садыр Жапаровду жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаптык. Эми анын айтканынын баары толугу менен аныкталып жатат. Ырас, Садыр мырза Бакиевдерге кызмат кылган, азыркы бийликти дайынсыз сындаган учуру бар. Ал өзүнчө маселе. Бирок, "Кумтөр" маселесинде Садыр Жапаров туурасын айткан. Туурасын айтса да биз аны "эл душманы" деңгээлине чейин жеткирдик окшойт. Калыстык болуш керек эле… Жеке мен бир орчун коркунучту билем: эгерде мөңгүлөрдүн эриши азыркы деңгээлде уланса, Петров көлү же уу калдыктарын төккөн жай (хвостохранилище) эрежеге ылайык тосулбаса, жылдардын бир жылдарында бүтүндөй Фергана өрөөнүн уу менен суу каптайт! Ошонун алдын албай эле баланча үлүш алыш керек дегенге басым жасап жатпайбызбы… "Кумтөр" маселесин чечебиз деп парламент менен өкмөттүн чый-пыйы чыгып жатпайбы. Мен айтар элем, алар кандай гана чечим чыгарбасын бүгүнкү абалдан ашык бок да жок! Биз бул маселеде небак эле алданып калганбыз, эми эч нерсе чыкпайт. Ал маселени оңунан чечебиз деп 3 млн евро коротконубуз, дале болсо, кемчонтойлугубузду айкындап койду. Канадалыктар бир жери менен күлүп жатса керек… Ошентип, бу парламент бир гана маселеде "ийгиликтерге" жетишти. Ал-өкмөт курамын бекитерде өз адамдарын сунуштап, өткөрүп алганы пайда таап дегендей…кыңыр иши болсо, жооп бербей дегендей… акчаны арбын алып дегендей…
Кайрадан Конституция маселесине келели. Бул ирет да аныбыз оңдолгону калды окшойт. Анткен күндө бул ирет да алешем Конституцияны жаратпай, өтө талдап-талкуулап туруп өзгөртүш керек. Эң биринчи иретте, башкаруу системасын президенттик кылыш керек. Экинчиден, өкмөттүн укугу менен милдетин так-даана белгилөө керек. Үчүнчүдөн, сөзсүз түрдө өлүм жазасын киргизүү керек. Аталган маселелерге уланып далай өзгөртүүлөр да болушу зарыл.
Кээ бирөө айтып жатат: "Конституцияны Атамбаев оңдотуп жатат, президенттигин улантканы" деп. Жок, Атамбаев экинчи ирет президенттикке талаптанбайт, болсо, спикер болор…
Баратбай Аракеев