Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асек Казиев, акын:
"Байдылданын батасын алгам..."
- Асек байке, буга чейин бир топ ырларды жазып, китеп кылып чыгардыңыз. Ырларыңыздын көбү балдарга арналган ырлар экендигин билебиз. Кезинде атактуу акын Байдылда Сарногоев менен бирге жүрүп, ал кишинин батасын да алган экенсиз, ал кишинин батасын кантип алып калдыңыз эле?
-Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүндөгү Чырак деген айылда туулуп өскөм. Бала чагым ошол айылда өткөн. Атам малчы болчу. Үйдө жалгыз уул болчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле ырга кызыгып, улуу акындардын ырларын кайталап окугандан тажачу эмесмин. 10-класста окуп жүргөндө айылга акындар келип, жолуккан элек. Ошондо бир абышка келген. акындарды "жазсаңар Байдылда менен Мидиндей жазбайсыңарбы, жаза албасаңар, өкмөттүн акчасын, кагазын коротуп не кыласыңар, жазбай эле койгула да", - деп катуу каккан эле. Ошол сөз мага катуу таасир берип, акын деген Мидин менен Байдылдадай болот турбайбы деген ой менен окууну аяктап, шаарга келип, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетине тапшыргам. Жаңыдан окуп баштаганда эле Байдылда Сарногоевге жолугуп калып, ал кишиге пиво ташып баштагам. Окууну болсо унуткам. Көп өтпөй эле атам менин окубай пиво ташып жүргөнүмдү билип калып, "Алкаш болуп кеткени калган турбайсыңбы"- деп, айылга алып барып үйлөнтүп салган. Үйлөнгөндөн кийин балээниби, жазуусу дагы, окуусу дагы айтор баары калды. Ошентип 50гө чыкканча жазбай жүрдүм да, 50 дөн кийин жазбасам болбойт деп колума калем алып жаза баштагам. "Сарногоевге салам кат" деп ыр жазып алып 2004- жылы Байдылда агага келип жазган ырымды окуп берсем, ал киши аябай ыраазы болуп батасын берген эле. Ошондон баштап чыгармачылыкка баш-отум менен кирип, жазганымды токтоткон жокмун.
Ошол эле жылы "Жети-Өгүз кайрыктары" деген алгачкы ырлар жыйнагымды чыгаргам. Андан кийин "Балбай баатырдын керээздери" деген дастандарым чыкты. Атактуу акын, окумуштуу Омор Хайямдын төрт саптарын окуп, ушинтип жазсам неге болбосун деп андай кылып да жазып жүрдүм. Караколдо Үсөнбек Асаналиев деген агайым бар. Бир күнү эле ал: "Балдарга арнап ыр жазбайсыңбы, сенин колуңдан келет", - деп калды. Жазса жазайын деп, эң биринчи "Тамгалар ырдайт" деген балдарга арналган ырлар жыйнагымды чыгаргам. Ал дагы Омор Хайямдыкындай болуп төрт саптан жазылган. Ал китеп да окурмандардын оозуна бат эле алынып, элге тарап кеткен эле. Ошондон баштап мен балдарга арнап көп ырларды жазып, коомчулукка аздыр-көптүр балдар акыны катары таанылып калдым десем аша чапкандык болбос. Андан тышкары "Манас алиппе" деген китебим чыккан. Ал дагы эл оозуна бат алынган. Анда Манасты баш кылып, чоролордун образын алты сап ыр менен бергенге аракет кылгам. Ошондой эле "Табышмактар" деген да китебим бар, анда Кыргызстандагы жаныбарлар, канаттуулар жөнүндө табышмактар жазылган. Балдарга арнап жомокторду, тамсилдерди дагы жазгам. Учурда дагы бир чоң жомоктун үстүндө иштеп жатам. Жалпысынан балдарга арнап чыгарган 8 китебим бар.
- Байдылда Сарногоев менен канча убакыт бирге жүрдүңүз эле?
- Тилекке каршы болгону үч-төрт ай эле бирге жүрдүм. Атам айылга айдап кетпегенде атам айткандай "алкаш" болмок белем же аты чыккан белгилүү акындардын катарын толуктамак белем билбейм.
- Жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча балдарга арнап жазган дагы бир китебимди каражат жок чыгара албай жүрөм дедиңиз, жардам берчүлөр жокпу?
- Жардам берчүлөр жок ал китебим чыкпай турат. КРнын Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги жардам берем деген, бирок бере элек. Бул тууралуу ИИМ министри Мелис Турганбаевге кайрылайын деп, кантип кайрылышты билбей, кайрыла албай жүрөм. Гезиттен окуп калса балким мени кабыл алып калаар. Буга чейинки китептеримдин баарын өз каражатыма чыгардым. Демөөрчүлөргө кайрылсаң жардам беребиз дешкени менен беришпейт. Депутаттарга канча кайрылдым, эч жардам жок. Билим берүү министрлигине дагы бир канча ирет кайрылгам. Алар дагы жардам беришкен жок. Китептеримди мектеп программасына киргизүү боюнча Билим берүү Академиясына бергем. Азыр комиссия карап жатыптыр. Президентке дагы кайрылуу жолдогом. Президент Кыргыз патент кызматына тапшырма бериптир. Буюрса китептерим колдоого алынат го деген ишеничтемин.
Меектешкен Мирлан Алымбаев

Редакциядан: Гезит бети чектелүү болгондуктан, акындын "Ак үйгө саякат деген" ырлар жыйнагындагы ырларынын айрымдарын гана жарыяладык. Калганын китебинен окуп билсеңиздер болот