Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жертөл өдө жашаган кыргыз үй- бүлөсү
Күндүн ысыгынан далдоолонуп Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы отургучта эс алганча деп, жалгыз ойноп жүргөн кичинекей кызды карап отуруп калдым. Жашы үч жаштардагы кыз бир топко дейре жалгыз ойноп жаты. Айланасында адам көрүнбөйт, апасын издеп айлананы карап отурдум. Бир маалда ары жактан бир келин кызды чакырып, үйдүн астындагы жертөлөгө кирип кетишти. Кызыгып артынан барсам, бул көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө тогуз жылдан бери жашап келаткан кыргыздын бир жаш үй - бүлөсү экен. Апасы ара - чолодо жумушун да аткарып, кызын да карайт экен. Жолдошу жумушта экен. Келинчеги Кожомжарова Айтбүбү эжеден бул жерде жашап калган себебин билгим келди.

- Айтбүбү эже эмне себептен жертөлөдө жашап калдыңыздар?
- Биз жолдошум экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө тогуз жылдын жүзү болду. Үйлөнгөндөн кийин эле шаарга келип жашап калдык. Ошол жылдардан бери эле Бишкек шаардык тазалыкта иштеп келдик. Үч жыл мурда жолдошумду көчө тазалап жатканда бир эмес, эки жолу машина уруп кеткен. Ошондон кийин ден соолугуна байланыштуу ал жумушунан чыгып калган. Отуз жашында, күчкө эми толо турган убагында минтип экинчи топтогу майып болуп отурат, сүйлөөсү да начар. Азыркы тапта экөөбүз тең Октябрь райондук 10-муниципалдык аймактык башкарууда иштеп келатабыз. Сегиз сааттык жумуш деп айтылганы менен биз көчөнүн тазалыгына жараша иштейбиз. Кышкысын жумуш оор болот. Кар калың жааганда жумушубуз оорлоп калат. Бирок жок дегенде ушул иштеп жаткан ишибизге нааразы эмеспиз. Эгер бул жумушубуз да жок болгондо үч балабызды кантип багат элек.
- Жолдошуңузду эки жолу машина сүзүп кеткен деп жатасыз, ал сүзгөн айдоочу качып кетти беле же кармалдыбы?
- Жок качкан жок. Сүзгөндө эле дарылатышты. Бирок баары бир канча дарыланса деле өз калыбына келип калбайт экен да. Ошол жарааттын азабын дагы деле тартып келатат. Жолдошумду былтыр август айында да жумушунан бир жумага Кырчын жайлоосунда өткөн көчмөндөр оюнуна жардам бергенге алып кетишкен. Боз үйдө сызга жатышкан экен. Жууркандарын даярдап баргыла деп айтышса даярдап бермекмин да. Бардыгы тиги жактан болот, даяр жаткан жериңер деп коюшкан экен. Сыз өтүп, бир жумага жетпей үч күндө эле ооруп, кайра үйгө өз алдынча баса албай келген. Бир киши сүйөп-таяп араң басып жүрдү. Доктурга көрүнгөнгө шарт жок үйдөн эле укол алды. Толук айыкпай эле кайра жумушка чыккан. Жумушу оор жол четиндеги цемент тосмолорду ары - бери жылдырып көтөргөн учурда араң эле аксаңдап басып жүрөт. Айла жок, башка эмне жумуштан иштейт же кесиби болбосо же ден соолугу болбосо. Үй-бүлөсүн багыш керек болгон үчүн айласыз иштеп жүрөт. Мына азыр да белин томографияга түшүрүш керек экен. Анын баасы 3 миң сом. Бул өзү бир ай көчө тазалап тапкан акчасынын 60 пайызы.
- Тапкан айлык акыңыздар канча? Бул акча менен үч баланы багуу мүмкүнбү?
- Экөөбүз 5 жарым миң сомдон айлык акы алабыз. Ушул жыл аралыгында үч балалуу болдук. Улуу кызыбыз 1-класста окуп жатат. Кичүү кызым төрөлгөндөн эле жамбашынан ооруйт, Жалдагы балдар клиникалык бейтапканада каттоодо турабыз. Биздин биринчи көйгөйүбүз эле жашаган жерибиздин жоктугу. Жашаган үйүбүздүн жоктугунан ушул жертөлөдө жашап жатабыз. Өзгөчө кичүү кызыма бул жерде жашаган жакпай жатат. Анткени кызымдын аллергиясы бар. Өзүңөр билесиңер, жертөлө кандай ным болоорун. Жарык кирбейт, күнү-түнү электр жарыгын өчүрбөй отурабыз. Кызым чүчкүрүп, бети-башына кызыл тактар чыгып кетет. Өзү чабал, бат - бат эле ооруй берет. Балдарымдын келечегин ойлогондо коркуп да кетем. Жашообуздун шарты начар болсо дагы жолдошум менен балдарымдын ден соолугун кудайдан тилеп келем.
Кимдир бирөөнө догурунуп жашаган же наалыган адамдардан эмес экенин Айтбүбү эже кайра - кайра айтып жатты. Бирок, кандай болгон күндө да жардамга муктаж экени көрүнүп турду. Колунда бар, тапканы өз жашоосунан ашып жатканын билген, кайрымдуу адамдар болсо 0777814158 номерине кайрылып, жардамга муктаж, майып күйөөсү жана үч баласы менен кыйынчылыкты башынан өткөрүп жаткан бул үй - бүлөгө көңүл бургандар четтен чыгаарына ишенебиз.
Гүлмира Шаршеева





Акбагышева эски имаратты эл үчүн иштеткен экен
Өткөн сандарыбызда ЖК депутаты Айнуру Алтыбаеванын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышеванын дарегине айтылган ачуу сындарын жазган элек. Айнуру айым Замира Акбагышева Шопоков шаарындагы бейтапкананын бир имаратын менчиктеп алды, америкалыктар берген 750 миң долларды жеке кызыкчылыгына колдонду деген сөздөрүн айткан. Алтыбаеванын айтканы куру жалаа экенин Аялдар конгресси жана Шопоков шаардык мэриясы көрсөткөн далилдүү документтерден кийин биз дагы толук ынандык. Алтыбаева айткан Сокулук райондук бейтапканасынын жакшынакай имаратын 2003-жылдагы абалы аябай эле аянычтуу болчу. СССРден калган эски имарат таланып-тонолуп, төрт эле дубалы калган. Акбагышева жана анын тарапташтарынын аракети менен бул эски имарат Айнуру айым суктанып жаткан азыркы жакшынакай имаратка айланган экен. Бул имарат Шопоков шаардык мэриясынын №279 чечимдеринин негизинде 2003-жылы 29-августта Шопоков шаардык кеңешинин ХХ сессиясында Кыргызстан Аялдар Конгрессинин алдындагы "Диалог" фондуна берилген. Ага чейин Сокулук райондук ооруканасынын балансында болуп, эскилиги жетип, беш жылдан бери колдонууга мүмкүн болбой калган. Сокулук райондук ооруканасынын жетекчилиги өздөрүндө имарат жетиштүү экендигин, жогорудагы имарат таланып жок болгуча шаар үчүн пайдалуу жайга айланса жакшы болоорун айтып, шаардык мэриянын балансына өткөрүп беришкен. Азыркы учурда бул имарат "Диалог" фондуна тиешелүү бойдон өз статусун өзгөрткөн эмес. Ошондуктан аны бирөөлөр приватташтырып өз менчигине өткөзүп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Экинчиден, Аялдар Конгресси бул имаратты өз күчү менен ремонттоп, 2004-жылдан баштап бизнес инкубатор ачып иштете баштаган. Транзиттик жүк ташуучулар борборунун өкүлдөрү бизнес инкубатордун иши менен таанышканы келишип, имараттын шыбынан компьютерлерге тамчы тамып жатканын көрүп, "биз толук ремонттоп берели" деп сунуш кылышкан. Ушундан кийин расмий тендер жарыяланып, "Мегалит" аттуу ишкана аны жеңип алып, имаратты толугу менен ремонттон өткөзгөн. Конгресс 750 миң долларды көрмөк турсун, курулушчуларга бир нерсе айтканга да акысы жок болгон. Мунун бардыгы Транзиттик борбордун иш алып баруу протоколуна туура так жазылган. Үчүнчүдөн, Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева жогорудагы имаратты бизнес инкубаторго гана эмес, балдар бакчасына жана муктаж адамдарга жардам берүүчү, тилдерди үйрөтүүчү жайга айлантканы, шаарда жашагандар үчүн көп пайда алып келгенин шопоковдуктар бир ооздон айтып келишет. Учурда бул жердеги бала бакчада 80 бөбөк таалим, тарбия алып жатат жана аялдар борбору Шопоковдун маданий борборуна айланган.
Тиленбек АЗЫК