presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" үчүн отставкага кетүүгө даяр
7-апрелдеги парламенттик жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" боюнча өзүнүн позициясын ачык билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы эгер эл өкүлдөр корпусу Кумтөр ишканасын улутташтырабыз дешсе, анда ал премьер-министрлик кызматын тапшырып кетерин катуу айтты.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин апрель айындагы жыйынында күтүлбөгөн бурулуштар болуп өттү. Ал жыйында Өкмөт жана "Кыргызалтын" ишканасынын топ -менеджменти баштагы биргелешкен ишкана түзүү вариантынан баш тартышты. Буга чейин "Кумтөр" ишканасын улутташтырабыз деп жүрүшкөн кыргыз саясатчылары, кыргыз тарап менен Канада тараптын ортосундагы 50/50 бөлүп алуу, жоопкерчилик жана башкаруу милдети сыяктуу иштерде мындай бурулуш болгонун түшүндүрүштү. Дегенибиз "Центерра" компаниясы келтирген акыркы маалыматта 50 тоннага азайтылган алтындын запасы, Кыргызстан тарапка биргелешкен ишкана түзүүдө эч кандай пайда алып келбейт.
- Мындай учурда тоо-кен тармагынан жана өндүрүштөн түшкөн пайданын көлөмү аз болот. Ошондуктан Канада тарап менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан тарап шаймандарга болгон лизингди токтотуп, айлана-чөйрөнү, экологияны булгаганы үчүн 1 миллионду 3 миллион долларга, трасттык фондду 40 миллионду 60 миллион долларга көтөрүүнү сунуштадык. Бирок "Центерра" тарап лизингдин калышын, экологияга төлөнгөн 1 миллион доллар, траст фондуна төлөнгөн 40 миллион боюнча эле калышын талап кылышууда. Ошондуктан буга чейинки келишимдерди дыкаат кайрадан карап чыгып анализдешибиз керек - деп өкмөттүн позициясын түшүндүрдү вице-премьер-министр Валерий Диль.
Ошого улай Өкмөт тараптан жана "Кыргызалтындан" сүйлөшүүгө баргандар өздөрүнө толук отчет беришүүдө. Анткени алар билет, эгер ишкананы улутташтырсак кандай кыйынчылыктар болуп кетерин жана Кыргызстанга эч кандай пайда болбостугун. Эгер кен мамлекеттин менчигине өтсө, анда эксплуатациялоодогу бардык тобокелчиликтерге мамлекет жоопкер болуп калат- деп аяктады вице-премьер Диль .
Талкуу учурунда андан катуу жана күтүлбөгөн билдирүүнү министрлер кабинетинин башчысы билдирди. Мындай маалда чечилбеген, чыгууга мүмкүн болбогон убакта директорлор кеңешин өзгөртүп, келишимди ошол эле боюнча калтырууну сунуштады - Жоомарт Оторбаев.
- "Кумтөрдүн" чечилбеген чыры биздин министрлер кабинетине мураска калды - деп кейип өттү Жоомарт Оторбаев. -Биз бул жерде маселенин эки вариантын карадык, алар биргелешип ишкана түзүү же "Кумтөр" ишканасын улутташтыруу. Бирок эки вариантты тең өлкөбүзгө чоң жоготууларды алып келери күтүлүүдө. Улутташтырууда биз абдан көп чыгымдарга тушугабыз, анткени "Центеррага" келтирген чыгымдары үчүн миллиардаган сумманы төлөп беришибиз керек болуп калат. Экинчи жагынан чет элдик инвесторлордун жоктугунан кендин баасы арзандап кетиши ыктымал. Эгер депутаттар бул варианттарды кабыл алуубузду мажбурлашса, анда мен отставкага кетүүгө даярмын.
Андан тышкары министрлер кабинетинин башчысы, "Кумтөр" проекти боюнча жаңы сунуштарды колдоого даяр экендигин, ал эле эмес ошол сунуш жасаган чиновник узакка созулган "Кумтөр" келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарса премьерлик постун да өткөрүп бермей болду.
- Депутаттарга жумшак рейтинг өткөрүүнү сунуш кылам, башка саясатчылар да өздөрүнүн сунуштарын киргизсин, кимисин Жогорку Кеңеш колдосо ошол адамга мен премьерликти өткөрүп берем. Кийинки сүйлөшүүлөрдө башка премьер-министр башында туруп жоопкерчиликти алсын - деп аяктады Жоомарт Оторбаев.
Парламенттин токтому боюнча Өкмөттүн жумушун канааттандырарлык эмес табуу менен бирге, премьер-министрдин сунушун эске алышып, депутаттар министрлер кабинетинин башчысын жумшак рейтинг боюнча шайлоого макулдугун беришти.
Кайсы чиновник шайлоонун алдында тобокелге барып чырлуу проекттин жоопкерчилигин өзүнө алып, Кыргызстанга пайдалуу сунушун берип аягына чыгарат болду экен. Бирок 20 жылдан ашык убакыттан бери иштеген ишканага, жакшы сунушун бергендер чыккан эмес, эми кайдан чыксын, ишенүү кыйын.
Эң алгач эле эгерде туура эмес кадам жасай турган болсок анда мамлекетибиз, ушул убакытка чейин төлөнгөн 2 миллиард 707 миллион доллардан кур каларын унутпасак. Бул албетте чоң сумма. Мындай кирешеден кур калсак анда эртеңки күнүбүз кандай болот?
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ





Турусбек Жумалиев, КРнын эмгек сиңирген артисти, алып баруучу:
"Аялымды 3 жыл ваннага жуунтуп, айыктырдым..."
- Турусбек мырза, учурда эмне менен алексиз? Элге айта турган жаңылыгыңыз барбы?
- Өзүмдүн аракетим менен жеке "Арт өнөр" студиясын ачканыма эки жыл болду. Ал студияда биз 3 мугалим идиреги бар балдарды: "Сахнанын этикасы", "Туура сүйлөө", "Актерлук чеберчилик" боюнча сабак берип жатабыз. Менин максатым бир кезде Москвадан алган билимимди, андан кийинки ондогон жылдар бою топтогон тажрыйбамды сахнага чыгам деген жаш балдарга беришим керек. Акыркы учурда бизде: "Сахнага окубай эле чыга берсе болот" деген түшүнүк орун албадыбы. Ал тургай медакадемияда юристтерди окутуу керек деген да түшүнүк бар. Чынында бул туура эмес. Азыр ар кандай ЖОЖдордо ар кыл кесипке окуп, бирок сахнага чыгып алып баруучу болуп жүргөн балдар көп эле. Биздин студиянын максаты мына ошондой балдарга атактуу Станиславскийдин мектебинин ыкмалары боюнча түшүнүк берүү, андан тышкары театралдык окуу жайларга тапшырабыз деген балдарга жардам көрсөтүү ж.б. Былтыр биз биринчи бүтүрүүчүлөргө 14 балага сертификат бердик. Ошончо баланын ичинен жок дегенде 1 баланы сахна үчүн жогорку деңгээлде даярдай алсак, анда ал биздин жеңишибиз болот. Окуу мөөнөтү 2 жылга чейин. Бирок окуган балдардын жөндөмдөрүнө, даярдыгына да карайбыз. Эгер жөндөмү жакшы болсо 1 жыл эле окуп сахнага чыга берет. Талапка жакшы жооп бере албаса анда 2 жыл окуйт. Азыр менде 15 жаштан 65 жашка чейинки адамдар окушат.
Өткөн жылы ушул өзүмдүн студиямды бүткөн балдарым менен "Бар үмүтүм сенде" аттуу көркөм фильм тартып элге тартууладык.

Эл жакшы кабыл алып, Тынара Абдыразаева, Кыргызбай Осмонов, Абдиламит Матисаков баштаган элге белгилүү инсандарыбыз кинону жактырышып, бир топ макташты.
- Жакшы. Ал жөнүндө алдыда кененирээк сүйлөшөлү. Студиянын төлөмдөрү кандай? Каалоочулардын мүмкүнчүлүгү жетеби?
- Айына 400 сом. Себеби көбүрөөк окуш керек. Айрымдарга окшоп: "1 ай окуйсуңар, 5 миң сом төлөйсүңөр" десем деле балдар макул болушат. Бирок 1 айда кайдагы, эмне болгон окуу? Эмнени үйрөнөт? Ошон үчүн мен сапат жагына басым жасап жатам. Өзүм артист болом деп Москвада 5 жыл окугам. 400 сомдук төлөм жалпы чыгымдарды жаппай калат. Ошондой болсо да, мен мекенчилдик менен өзүмдүн сүйгөн ишимди жасап жатам. Мен үчүн эң башкысы акча эмес, эң башкысы - жакшы жыйынтык керек!
- Илгери жалпы эле алып баруучу деп койчу эле. Кийин заманга жараша олуттуу сөздөрдөн оолак болгон, жеңил-желпи сөздөргө жабышкан ди-джейлер пайда болду. Көркөмдүк талапка жооп бербеген, адабияттан, маданияттан кабары аз алып баруучулар да арбыды. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Ди-джей деген сөз АКШдан келген. Негизинен ал тууралуу түшүнүк башкача. Жалпысынан радиодогуларды ди-джей деп коет. Алар алып баруучуларга караганда эркин сүйлөшөт. Мисалы, оюна эмне келсе, жеңил сөздөрдү жана тамашалап туура эмес деле сүйлөй беришет. Ал эми алып баруучулар этиканы сакташы керек. Мен өзүм сахнага чыкканда сөзсүз түрдө этиканы сактайм.


Турмушта, жашоодо, үйдө, достор арасында башка болсом, сахнага чыкканда кадимки алып баруучу Турусбек Жумалиевдин образына кирем.
Деңгээли төмөн алып баруучулардын өзү менен иштебегени, деңгээлин көтөрбөгөндөрү мени абдан өкүндүрөт. Сиз айткандай адабият, маданяттан алыс болуп, үйүндө деле балдарынын көзүнчө ошентип сүйлөй беришеби деген ой кетет. Же күнүмдүк: "Бар, кел, ич, же, кет" деген сыяктуу эле сөздөрдү эле билебизби? Илгерки кыргыздын накта эне тилин толук пайдаланбай калдыкпы деген ойлор көңүлдү эзет. Көп алып баруучулар, ди-джейлер адабият жана грамматикалык жактан ката кетирип сүйлөшөт. Мисалы: "Жериң сонун, элиң сонун Курманбек" деген адабий сөздү өз формасы менен айтышпай: "Жер аябай кооз экен, барып келдик" дешет. "Барайлы, угайлы, турайлы, келатыр, болчук" деген сыяктуу сөздөрдү көп айтышат. Күлкүлүү деген сөздү да туура айтпай, "күлкүмүчтүү" дешет. Салам айтам деген сөздү, салам жолдойм деп которуп алышкан. Мындай сөздөр кыргызда, сөздүктө да жок да. Сөздү бузбай, өзүндөй туура айтууга жеке эле алып баруучулар эмес, жалпы адамдар милдеттүү! Антпесек, эне тилибиз бузулуп калат. Алып баруучулардын арасында тилге маани бергендер да бар. Бирок аз. Мен билгенден Керемет деген кыз кыргызча таза, анан уйкаштырып, улантып сүйлөйт. Алып баруучу адамдын жеке чеберчилиги күчтүү болууга тийиш. Эгер анын чеберчилиги төмөн болсо, андан жакшы алып баруучу чыкпайт. Элди өзүнө тарта албайт. Ошон үчүн алып баруучу ар дайым чеберчиликти жогорулатуунун үстүндө байма-бай иштеши зарыл.
- Кыргыз сахнасында жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Канча киного тартылдыңыз?
- Быйыл 35 жыл толду. 2002-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алгам.
- Эл артисти наамын сурайын деген оюңуз бардыр?
- Мен ал наамга жулунган жокмун. Бир ирет документтерди топтоп, Эл артисти наамына көрсөтүшкөн. Бирок ал наамга мораторий коюлуп калган экен. Кыскасы, ал наамды алам деп ооруган жокмун. Буйрук болуп, эмгегибиз ошол наамга татыса алармын.
- 35 жыл ичинде канча киного тартылдыңыз?
- 4 киного тартылдым. Казакстанда 2 киного, Россияда 1 киного жана былтыр өзүм тарткан кинодо да роль жараттым. Бирок ачыгын айтканда ойногон ролдорум өзүмө анчалык жакпайт. Себеби мага ойдогудай дал келбеген ролдор болду. Анын үстүнө мени режиссерлор роль ойноого чакырганда алардын билимин сурайм. Билими болсо макул болом. Билими жок болсо барбайм.
- "Бар үмүтүм сенде" деген киноңуз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Ал кинонун сценарийин мен 2006-жылы жазгам. Ыраматылык атактуу режиссерубуз Алмаз Сарлыкбеков окуп чыгып: "Мен муну жаштар театарына коем, башкы ролдо Гүлмира Турсунбаева ойнойт" деп аябай кызыкты. Бирок демөөрчү табылбай токтоп калды. 2011-жылы сценарийди оңдоп кайра жазып чыгып, кино тартуу чечимине келдим. 2012-жылы Москвага барып, Соловьевдун сабагына катышып, "Мосфильмде" иштеген досторумдан кеңеш алдым. Москвадан театралдык институтту бүткөндөн кийин кеңеш алуу оңой болот экен. Ал жактан келгенден кийин сценарийди кайра өзгөрттүм. 2013-жылы студия ачып, аны менен алектенип калдым. Балдар келип жатып, Кудайдын жардамы мененби, айтор менден окуйбуз деген балдардын арасынын мен тарта турган кинодо роль жаратканга жарай турган, төп келген балдар топтолуп калды. Кастинг менен бүтүрүүчүлөрдүн арасынан тандап, кинону өз күчүм менен тарта баштадым.
- Демөөрчүлөр кимдер болду?
- Иш башталганда кой союп жакшы ниет менен баштап, өз акчам менен тарта бердим. Аягында акча жетпей калганда мени сыйлаган көп досторум 2 миң сомдон баштап 1000 долларга чейин "ашар" сыяктуу кылып жардам беришти. Чынында досторум мынчалык жардам беришет деп ойлогон эмесмин. Көрсө, досторумдун арасында баркым бар окшойт. Аялым экөөбүз көптөн берки сактап, чогултуп жүргөн алтындарыбызды күрөөканага коюп, аны менен кинонун үнүн жаздырдык. "Кыргызфильм" менен "Айтыш" фильмдин балдарына рахмат, алар да жардам беришти. Кинону негизинен кыргыздын элитасы жакшы кабыл алды. Кинотеатрларга 1,5 ай койдум. Чыгымын актады десем болот. Эми күзүндө да кайра коебуз.
Бул кино турмуштагы чындыктан алынган. Кыскача мазмуну мындай: бир үй-бүлөдө абдан катуу ооруган, аргасыз, пайдасыз да болуп калган аял - балдардын энеси ооруп калат. Анын күйөөсү 4 балага күнү-түнү тамак жасап берет, аялына ооруканага тамак алып берет. Аялын Москвага, Алматыга алып барат. Ортодо бузукулар да болот. Такыр айласы кетет. Ал тургай аялын өзү ваннага киринткен күндөрү да болот. Кудайга тынымсыз сыйынат. Анан эң аягында бар аракетинин жыйынтыгы менен аялы оорудан айыгат. Чынында эле турмушта кайсы бир оорукчан адамга чын жүрөктөн жардам берсең ал айыгып кетет. Чын көңүлдөн жардам бербесең айыкпайт. Бир сөз менен айтканда ишеним болушу зарыл. Мен муну өз башымдан өткөрдүм. Көзүм буга 100 пайыз жетти. Анткени, бул киного өз турмушумдагы айрым окуяларды коштум. Менин өзүмдүн аялым катуу ооруп калган. Дарыгерлер айыкпайт, киши болбойт, даярдана бер өлөт дегенге чейин барышкан. Ал 8 жыл ооруду. Аны мен жогоруда айткандай 3 жыл ваннага жуунтуп, чоң ишеним менен бар аракетимдин баарын кылдым. Эч нерсени аяган жокмун. Мен балдарымдын энесиз жетим калышын каалаган жокмун. Жыйынтыгында үнүм Кудайга жеттиби, айтор аялым айыкты. Азыр анын 3 гана жумушу бар. Небересин ойнотмой, "Сулуулук салонуна" барып жасанмай жана конокко бармай. Болду, башка иш кылбайт. Жашообуз ошентип майкөл-сүткөл болуп калды десем болот. Балдарыбызды үйлөнтүп, небере күтүп жатабыз. Мундан артык кандай бакыт бар?!
Ушул кинону көрүп, ажырашуу алдында турган 10 үй-бүлөнүн бир, экөө ажырашпай калса ал биздин жеңишибиз! Себеби, кинонун негизги максаты үй-бүлөнү чыңдоо, ынтымакта, турмуштагы тоскоолдукту жеңүү. Өзүм окуткан кичинекей бала: "Агай ушул кинону көрүп келгенден кийин ата-энебиз урушпай калды", - деп айтты. Дагы бир досум, университетте өзү менен иштеген досу аялы экөө ажыраша турган болуп турганда ушул менин киномду көрүп калып ажырашуу ойлорунан баш тартып, ажырашуу үчүн даярдаган кагаздарын тытып салышып, элдешкенин айтты.
- Демек, жыйынтыгын берип жаткан турбайбы. Кинофестивалдарга катыштырайын деген оюңуз барбы?
- Туура, жыйынтыгы биз күткөндөй боло баштады. Ал эми фестивалга катыштырайын деле оюм жок. Бирок бир түрк досторум көрүп абдан жактырып, Түркияга көрсөтөбүз дегендей кылып жатат. Фестивалга чакырса бара берем.
- Дагы кандай кино тартайын деп жатасыз?
- Азыр биз тек-тек, уруу-уруу, көчө-көчө, айыл-айыл болуп бөлүнүп жатабыз. Бул маселени депутаттар да айтканда абдан жиним келет. Кийинки тартыла турган кином ушул маселе тууралуу. Сеценарийин жазып бүттүм. Жакында ушул кино тууралуу министр Алтынбек Максүтов менен сүйлөштүм. Ал жигит абдан түшүнүктүү жигит. Колдоого аларын айтты.
- Айрымдар сиздин минтип небере күтүп, жашыңыз өр тартып баратканыңызга ишенбейт...
- Эки неберем бар. Ал эми балдарым оголе көп. Окутуп жаткан балдарым, инимдин балдары да менин балдарым. Чынында аларга мен өз балдарымдай мамиле кылам.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев











??.??