presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кол тийбестик макамынын алынышын колдойсузбу?

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги тууралуу норманы алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул демилге азыр фракция башчыларынын талкуусунан өтүп жатат. Эгер бул демилге колдоого алынып, кол тийбестикти алуу боюнча мыйзам долбоору жазылып кабыл алына турган болсо, депутаттар кандай кылмышка шектелбесин мыйзам алдында жөнөкөй жаран катары жооп берүүгө аргасыз болушат. Мындан улам, бир катар эл өкүлдөрү мындай идеяны колдошкону менен, кайсы бир жагдайга байланыштуу депутатка саясий негизде кылмыш иши козголсо парламент аны сактап калууга тийиш деген көз карашты карманышып, чочулашып да жатышат. алкагында Жогорку Кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги тууралуу норманы алып салуу демилгеси көтөрүлдү. Бул демилге азыр фракция башчыларынын талкуусунан өтүп жатат. Эгер бул демилге колдоого алынып, кол тийбестикти алуу боюнча мыйзам долбоору жазылып кабыл алына турган болсо, депутаттар кандай кылмышка шектелбесин мыйзам алдында жөнөкөй жаран катары жооп берүүгө аргасыз болушат. Мындан улам, бир катар эл өкүлдөрү мындай идеяны колдошкон менен, кайсы бир жагдайга байланыштуу депутатка саясий негизде кылмыш иши козголсо парламент аны сактап калууга тийиш деген көз карашты карманышып, чочулашууда. Аталган өзгөртүү боюнча айрым эл өкүлдөрүнүн оюн ортого салдык.

Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын депутаты:
"Бул мыйзамга каршы болгондор да чыгаарына шегим жок"
- Кандай гана маселе болбосун элдин арасында айтылып келген, кеп болуп жүргөн маселе эртеби - кечпи көтөрүлүш керек. Бул маселе да көтөрүлдү, жолу табылды, талкууланып жатат. Менин оюмча каршы болгондор аз. Кеп маселенин эрте же кеч көтөрүлгөнүндө эмес, маселе анын көтөрүлгөнүндө. Ал эми ишке ашуу маселесин убакыт көрсөтөт. Жеке мен кол тийбестикти алып салууга кошулам. Азыркы мыйзам боюнча кол тийбестик көп нерседен коргойт. Азыр депутат оор кылмыштар боюнча эле жооп берет. Калган кылмыштары боюнча кол тийбестиги менен каралат. Ал эми кол тийбестик алынып салынса майда болобу же чоң кылмыш болобу мыйзам алдында жооп бериш керек болот. Көпчүлүктөн ар кандай ойлор чыгышы толук мүмкүн. Ошон үчүн каршы болгондор да чыгаарына шегим жок.

Тынчтыкбек Шайназаров, ЖКнын депутаты:
"Кол тийбестикти алып салуу популисттик кадам..."
- Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин бардыгы мыйзам чегинде болушу шарт. Конституцияда конкреттүү түрдө бардыгы так көрсөтүлгөн. Азыркы учурда депутатты жоопко тартыш оңой эле болуп калбадыбы. Депутаттардын кол тийбестигин алып салуу демилгеси жөн гана популисттик билдирүү. Кол тийбестикти алып салуу ишке ашат, ал үчүн конституцияны өзгөртүш керек. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мага кол тийбестикти алып салуу маселе жаратпайт.

Мирлан Бакиров ЖКнын депутаты:
"Депутатка сүйлөөгө гана эркиндик болушу шарт"
-Мен бул демилгени колдойм. Көп мамлекетте мындай кол тийбестик алынып салынган. Бир гана нерсеге кол тийбестик болуш керек, депутаттын айткан сөзүнө эркиндик болуш керек. Эгер депутат убагында же андан мурун экономикалыкпы же башка кылмыш кылган болсо мыйзам алдында жооп бериш керек. Шайлоонун астындагы пиар дегендер коомчулук арасында болуп жатат. Кол тийбестикти алып салуу демилгеси талкуу катары болуп жатат. Парламент бул боюнча өз оюн айтат. Жеке депутат катары кол тийбестикти алып салууну колдойм. Ал эми каршы болгондор сөзсүз чыгат. Анткени парламенттин табияты ушундай. Талаштан тактык жаралаарына ишенем. Дагы бир кайталап айтам, бир гана депутаттын айта турган оюна чектөө, куугунтук болбош керек.

Элмира Жумалиева, ЖКнын депутаты;
"Кылгылыкты кылып салып, кол тийбестигим бар дебей"
- Мен бул демилгени колдойм. Колдоп гана тим болбой, үч жыл мурун эле көтөрүп чыккам. Он чакты кишиден бөлөгү колдобой койгон. Кыргызстандагы бардык жарандардын укугу бирдей. Мен өйдөмүн деген түшүнүк болбош керек. Палатада отуруп алып уурдап жеп, анан кол тийбестик меники деп оюн кылбай. Негизи бул маселени жарым жыл калды дебей киргизиш керек кийинки парламентке.

Эсенгул Исаков, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Бул демилгени мен депутат болгондон бери колдоп келем"
Мен "Баба Дыйкан" партиясын 15 жылдан бери жетектеп келгем. Ошондо 2003-жылы Конституциянын редакциясын жаңыртып жатканда да 2007-жылы да, 2010-жылы да сунуш кылганбыз. Бардыгында тең колдонбой калган. Мен депутат болгондон бери бул демилгени колдоп келем. Бирок тилекке каршы колдоого алынбай келатканына таң калбай деле койсок болот. Өздөрүнүн кол тийбестигине кызыккандар көп болсо керек. Шайлоо алдында ар бир саясий партия бул маселени массалык маалымат каражаттары коомчулук менен биргеликте талдашы зарыл. Ошондо маселе болбой, элибиз өнүгүү жолуна түшөт беле дейм.

Майрамкүл Тиленчиева, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Кол тийбестикти алып салган туура"
- Депутаттык кол тийбестикти алып салууга мен каршы эмесмин. Себеби бийлик таза адамдардан куралышы шарт. Кол тийбестигим бар деп эле ар ким каалаганын кылып, кылмышын дагы, башкасын дагы кыла берген болбойт да. Ошондой эле мунун экинчи жагы да бар, ал депутаттар мамлекеттик кызматкер болгондон кийин эл көзүндө болот. Эл арасында ар кандай чагымчыл күчтөр болушу мүмкүн. Кокус депутатка бирөө бир нерсе кылса ким жооп берет? Сотубуз дагы укмуштуудай адилеттүү болуп бүткөн да. Кыскасы ойлоно турган маселе. Бирок, менин жеке пикиримде кол тийбестикти алып салган туура.

Гүлмира ШАРШЕЕВА









??.??