presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Абдулла-Мурзанын энергетикадагы аферасы!

Учурда коррупцияга каршы күрөш күндүн күрөө тамыры болуп турат. Бийлик коррупцияны жоюу, коррупционерлерден арылуу багытында кескин иш-чараларды көрүп жатат. Ошого карабастан мамлекеттин каражатын менчигиндей пайдаланып жеке мүдөөсүнө жумшаган шылуундар тыйылып калган жок. Тескерисинче, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган" былык иштеринин айынан кызматтан куулган айрым чиновниктер колу туткактыгын унуткарып, кайрадан кызматка келүүгө жандалбастап жатканын көрүп күйөсүң. Буга "Жалалабадэлектронун" мурунку директору Турсунбаев Абдулла-Мурза Дадамырзаевичтин жосунсуз жоруктары күбө. Эмесе сөз башынан болсун.
Бакиевдердин доору жүрүп турганда Турсунбаевдин ташы өргө кулап, ити чөп жеп калганын Жалал-Абаддын эли жакшы билет. Ал учурда Турсунбаев "Жалалабадэлектронун" директору кызматын аркалап, мамлекеттин миллиондогон каражатын өз менчигиндей эле пайдаланды. Таянганы ошол учурда Жалал-Абад облусун көшөгө артында башкарган Акмат Бакиев болсо, теңирин тааныбай көбөөрү турган иш эмеспи. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, 2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болуп Бакиевдер бийликтен кулаганда, алардын түркүн жапайы айбандарды, куштарды кармаган өзүнчө эле ажайып эс алуучу дачасы бар экени билинип, коомчулук аң-таң калган эмеспи. Муну эмне себептен эскерип жатабыз? Кызыктын баары ушул жерде жатат. Бул дачанын Турсунбаевге кандай тиешеси бар болушу мүмкүн?
Ошол эл айран калган дачаны 2007-2008-жылдары Акмат Бакиев Сузак районуна караштуу "Кара-Алма" токой чарбасынын токой фондунун "Көк-Жаңгак" токой бөлүмүнүн "Таш-Башат" участкасына курушкан. Курулушка эбегейсиз көп чыгым сарпталган. Капчыгайдын ичине тоодон - тоого өтчү асма көпүрө салынган. Электр линиясын тартуу жана материалдарды ташуу үчүн жол салынган. Мындан улам тоо-таштар сүрдүрүлүп, токойдогу бак-дарактар кыйылып, түркүн жер-жемиштер жок кылынып, токой чарбасына орду толгус чыгым келтирилген. Курулуш обьектилерин жарыктандыруу үчүн 4 миң 500 метр жерге (айтылганга караганда 11 км дешет) 6 киловольттук электр линиясы тартылган. Ага баасы 500 миң сомдук 20 км АС-50 мм кв алюминий проводу жумшалган. Ошондой эле ар бири 11 540 сомдон турган жалпы баасы 1 миллион 253 миң 500 сомго 117 даана темир бетондон мамыча орнотулган. Бир даанасы 4 500 сомдон 17 угловых металлоконструкцияга 76 миң 500 сом, 150 миң сомго 100 даана промежуточный, зым кармата турган фарфор 300 даана изолятору 160 сомдон 48 миң сом кеткен. Ошондо материалга кеткен жалпы чыгым 2 миллион сомдон ашкан. Мындан сырткары 672 миң сомго КТП-250 ква кубаттуулуктагы подстанция курулган. Бул иштердин баарын аткаруу үчүн күнү-түнү экскаваторлор, автокрандар, сварщиктер, электролаборатория, жумушчу электриктердин бригадалары иштеп, кызмат көрсөтүүнүн чыгымы болжол менен 950 миң сомго чаап барган. Ошондо бир километр линия 580 миң сомдон айланып, жалпы чыгым 3 миллион 250 миң 245 сомду түзгөнү айтылат.
Мындай каржы булагы көрсөтүлбөгөн долбоору жок курулушка кеткен эбегейсиз көп чыгым мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Мунун баарын "Жалалабадэлектронун" ошол кездеги директору (кийинчерээк "Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасына" директор болуп кеткен) Абдулла-Мурза Турсунбаев көзөмөлдөп ишке ашырган. Мындай мыйзам бузуучулук ошол кезде эле ашкере болуп сотко берилген. Тилекке каршы, мурдагы бийликтин буйругу менен сот ишти жаап карабай койгон.
Турсунбаев Бакиевдерге мамлекеттин эсебинен дача куруп бергенден кийин, ушунтип мамлекеттин каражатын каалагандай пайдалана берсе болот тура деп шерденип алганбы же Бакиевдер жөлөк-таяк болуп жатса мага ким бир нерсе кыла алмак деп ойлогонбу, айтор өлкө казынасына суук колун салганды адатка айлантат. Башкача айтканда өзүнүн жеке кара башын ойлоп, Токтогул районунун айтылуу Чычкан капчыгайынын Тел-Кайың участкасына өзүнүн жеке менчик жерине эки эс алуу үйүн курдурат. Өзүнүн чөнтөгүнөн эмес, көнгөн адаты боюнча мамлекеттин эсебинен. Бул эс алуу үйүн (коттедж) курууга каражат бөлүү боюнча маселени Турсунбаев "Жалалабадэлектронун" администрациясы менен профсоюздук комитетине 2007-жылы 11-майда жыйын өткөзүп, күн тартибине алып чыгып карайт. Ушунчалык дагы өзүм билемдик болот экен. Жыйынды Турсунбаев ачып, профкомдун төрагасы Д. Б. Саипов, башкы бухгалтер Ж.К. Раманов, экономикалык маселелер боюнча директор К. Дүйшөналиевдер чыгып сөз сүйлөшөт. Ал жерде курулуш иштерин жүргүзүүнү, жумушчулардын кызмат акыларын төлөөнү каржылоого профкомдун бюджети көтөрө албастыгы айтылат. Натыйжада, эс алуу үйүн курууга кетчү чыгымдар Ноокен жана Базар-Коргон РЭСине жүктөө тууралуу чечим кабыл алынат. Турсунбаев дача коллектив эс алуу үчүн курулуп жатат деп түшүндүргөн.
Турсунбаевдин Тел-Кайың участкасындагы №1 коттедждин курулуш материалына Ноокен РЭСи тарабынан 145 миң 114 сом бөлүнөт. №2 коттедждин курулуш материалына деп Базар-Коргон РЭСинен 272 миң 701 сом бөлүнгөн. Материалдарды сатып алуу иштери бүт мыйзам бузуу аркылуу жүргүзүлгөн. Сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда түзүлгөн актыда товардын материалдык баасы, күнү, айы көрсөтүлгөн эмес. Сатып алуу актысы күнү документин номуру жок толтурулуп турган.
Мындай мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз эс алуу үйүн куруп алган Турсунбаевдин жосунсуз жоругу, 2010-жылы Каржы полициясынын Жалал-Абад облусунун башкармалыгы тарабынан текшерилип, аудит жүргүзүү ишин көз карандысыз жеке формадагы (частный) "Актан" аудиттик компаниясы колго алып, таап чыккан. Аталган компаниянын 2010-жылдын 30-июнундагы отчетунда баары ачык көргөзүлгөн. Аудит жүргүзүлгөндө Ноокен РЭСинин мурдагы жетекчиси К.Шайымкулов, аталган РЭСтин мех-кладовщиги Р.Сарымсаков, Базар-Коргон РЭСинин мурдагы жетекчиси С.Кенжекулов, аталган РЭСтин кладовщиги К.Кудайбердиевдер курулган коттеджддер "Жалалабадэлектронун" директору А.Турсунбаевдин жеке менчиги болгонун билишпегенин өздөрүнүн түшүнүк каттарында белгилешкен. Көрсө Абдулла-Мурза баарынын көзүн будамалап, өзүнүн жеке менчик жерине эс алуу үйүн мамлекеттин эсебинен курдуруптур. Мунун баары аудит жүргүзүлгөндөн кийин билинип отурат.
Жалпысынан Турсунбаевдин Чычкан капчыгайындагы эс алуучу үйүн курууга кеткен чыгым жарым миллион сомдон ашканы айтылат. Отчет берүүчү кладовщик Кудайбердиевдин эле сатып алуу актысында көрсөткөн суммасы 205 миң 120 сомду түзгөн. Ушул Кудайбердиевге "Жалалабадэлектронун" кассасынан эле 2007-жылдын 1-янаварынан 31-январына чейин калк муктаж болгон товарларды алууга 649 миң 650 сом берилиптир. Бул каражаттардын канчасы Турсунбаевдин үйүнө кириштелгенин айтуу кыйын.
Бүгүнкү күндө Абдулла-Мурзанын көз боемоочулук жол аркылуу мамлекеттин каражатын өзүм билемдик менен пайдаланып жеке менчик үй куруп алган былыгын УКМК текшерүүгө алып, иликтеп жатканы айтылууда. Демек, жакын арада жыйынтык чыгаары ажеп эмес.
Мына ушундай алкымы чоң Турсунбаев Бакиевдер өлкөдөн куулуп, таянычы жок калганда былык иштеринин баары билинип, кызматынан кол жууган. Чындыгында кол жуумак түгүл, казынага суук колун салганы үчүн сот жоопкерчилигине тартылышы зарыл болчу. Тилекке каршы, Турсунбаевдин былык иштерин караган Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту Ж.Д.Бекназаров ишти үстүртөдөн карап, тиешелүү документтерге көңүл бурбай, күбөлөрдү сурабай 2010-жылдын 12-августунда Абдулла-Мурзаны кылмыш жоокерчилигинен бошотуп, иш өндүрүштөн кыскартылсын деген чечимин чыгарат. Ошентип, кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси (кызмат абалынан аша чабуу) 353-беренеси (өзүм билемдик) боюнча айыпталып жаткан Турсунбаев Абдулла-Мурза суудан кургак чыккан жайы бар. Болгону дачага барчу жолду салуу, электр линиясын тартуу үчүн бир канча гектар бак-дарактарды, түркүн жер-жемиштерди кыйып жок кылып, "Кара-Алма" токой чарбасына орду толгус чыгым келтиргени үчүн арзыбаган 3591 сом айып төлөгөн. Ошол кездеги Бакиевдердин жан-жөкөрлөрү Абдулла-Мурзаны жактап, сот жоопкерчилигинен сактап, ушул мезгилге чейин колдоп келишүүдө. Ушул кантип акыйкаттыкка жатсын?.
Минтип курган кулкундун айынан сот жоопкерчилигине тартылбай абактан оңой кутулган Турсунбаев арадан 5 жыл өттү, мурунку жасаган былыктарым унутулду, анын баарын ким эстемек эле дегенби, учурда уялбастан "мени мыйзамсыз кызматтан алышкан, кайра кызмат ордума койгула" деп соттошуп жатат. Ушундай дагы жандими болот экен. Эгер ушундай адам кайра кызмат ордуна келип иштей турган болсо мамлекетке дагы канча миллион зыян алып келет айтып болбойт. Мындай адамды энергетика тармагын такыр талкалап сызга отургуз деп кызматка койбосо, деги эле мамлекеттик кызматка жакын жолотуп болбойт. Кызматка коймок түгүл, анын ишмердүүлүгүн тиешелүү органдар тыкыр иликтеп, юридикалык баасын бериши кажет.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу








??.??