presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Төрөбай Зулпукаров, вице-спикер:
"Кудай жалганчыларды, болбосо мени жазаласын"
- Төрөбай Закирович, Сиз тууралуу айрым маалымат каражаттары мындан бир канча жыл мурун "кыз зордуктаган" деген маалыматты жазып чыгышты. Мындай аброюңузга көлөкө түшүргөн жагдайдын чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак…
- Жазылган маалымат жалган. Чындыкка дал келбейт. Мен өзү жалганчыларды Кудайга койдум. Бирок ошол ишти мен жасаган болсом, анда мени Кудай жазаласын. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз демократияга жетишкенибиз менен демократиянын маданиятына жетпей жатабыз. Парламенттик шайлоо жакындаган сайын каралоо, ушак таратуу, кадыр-баркын түшүрүү сыяктуу көрүнүштөр күч алат. Мен тууралуу жазылган жалган маалыматтардын чыгып жатышы ошондон. Муну саясий оппоненттерим уюштуруп жатышат. Баарын Кудайга койдум, бул дүйнөдө болбосо да акыретте эсесин алат.
- Жалган ушак жазылган болсо сотко берип укугуңузду коргобойсузбу?
- Эми бул маселеге негизи көңүл бурган деле эмесмин. Биринчиден, жүрөгүмө жакын кабыл алган жокмун. Экинчиден сотко берип көңүл бура турган болсом, актанып жаткандай болом. Ошондуктан чыккан маалыматты окугандар өздөрү баасын беришет деп ойлойм.
- Мындай маалыматтын чыгышына кызыкдар болгон күчтөр бар деп эсептейсизби?
- Сөзсүз бар. Анткени бул маалымат чыкканга чейин мага ар түрдүү жактан коркутуу-үркүтүү, шантаж жасагандар болду. Андыктан менин аброюма көлөкө түшүрчү маалыматтын чыгаарын жарым ай мурун эле билгем.
- Сиз өзүңүз жогоруда белгилегендей, бул маалыматтар шайлоо алдындагы кара пиар депчи. Шайлоо тынч, таза өтөөрүнө көзүңүз жетеби?
- Шайлоону таза, тынч өткөрүү аракети көрүлөт. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин бирден-бир максаты ушул. Албетте, шайлоого чейинки ыплас технологиялардын колдонулушун көзөмөлдөө кыйын. Себеби демократия бизде аябай өнүккөн. Ким каалаганын айтат, каалаганын жазат. Бул маселе ар кимдин абийирине байланыштуу. Өзгөчө журналисттердин ишмердүүлүгүнө көбүрөөк көз каранды. Арийне бизде таза, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, келечекти ойлогон журналисттер арбын экен. Муну мен тууралуу маалыматтар чыкканда менден чын-төгүнүн сурап, жоопкерчилик менен мамиле жасаган журналисттердин көптүгүнөн байкадым.
- Акыркы суроом болсун, "Кумтөр" маселесине чекит коюлчудайбы? Дегенибиз, Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 50-50 пайыздан биргелешкен ишкана түзүүгө каршы экенин айтып чыкты...
- Бул маселеге парламент чекит коюуга катуу аракет көрүп жатат. Эгерде өкмөт, парламент чекит кое алчудай эмеспиз деп кол куушуруп отура бере турган болсок анда алга жылбайбыз. Айрым депутаттар, саясатчылар "парламент, өкмөт бул маселеге чекит кое албайт" деп айтып жатышат. Канчалык деңгээлде бул айтылган сөздөр чындыкка жакын, муну да көңүлгө алышыбыз парз. Бирок элибиздин көксөгөнү эле "Кумтөр" маселесинин мамлекеттин кызыкчылыгына чечүү экенин түшүнүп турабыз. Тилекке каршы, сүйлөшүү процесси узакка созулуп, өкмөт жыйынтыктуу натыйжага жетише албай жатат. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 50-50 пайыз бөлүштүрүү же улутташтыруу туура болбой калат экен дегенди айтып чыкты.
- Анда эмне кылышыбыз керек?
- Биз бул боюнча эмне үчүн болбой турганын, андай болсо эмне кылышыбыз зарылдыгын далилдүү негиздер менен аныктап бергиле деген талап коюп жатабыз. Мен бул маселеге биз сөзсүз аракет көрүшүбүз абзел деп ойлойм.
PS: Маек алынгандан кийин, Жогорку Кеңештин жыйынында Төрөбай Зулпукаров жалган маалымат тараткан гезитти сотко берээрин билдирди.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Кайрылуу
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Алмазбек Атамбаевге
Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбековго
Өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаевге
Урматтуу эл эгелери! Биз 2015-жылдын 3-апрелинде "Фабула" гезитинин №23 санына басылып чыккан Кыргыз эл артисти Чоро Думанаевдин: "Үйүм жок. Жатаканада жашайм. Жардам сурап жатып..." деген аталыш менен чыккан маегин окугандан кийин, кесиптешибиздин кейиштүү жашоосуна ичибиз ачышып, бул маселеге үн кошуп, сиздерге гезит аркылуу кайрылууну чечтик.
Чоро Думанаев быйыл 65ке толду. Ал 10 жашынан бери кыргыз сахнасында чыгып келаткан атагы таш жарган Эл артисти. Тактап айтканда, ал эмгек жолун 1963-1964-жылдары "Атанын тагдыры" спектаклинде, "Космонавттар көчөсү" деген кинодо образ жаратуу менен баштаган. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын алдында ачылган эки жылдык студиянын алгачкы бүтүрүүчүсү. 1990-жылдары Ташкентте театралдык окуу жайын бүтүргөн. 1975-жылдан баштап КырДрамда үзгүлтүксүз иштеп келет. Бала кезде аткарган ролдорун эске албаганда, быйыл анын чыгармачылыгына туура 40 жыл толот экен. Ал ушул жарым кылымга тете мезгилде сахнада. "Олжобай менен Кишимжан", "Ай тутулган түндө" " Айкөл Манас", "Семетей", "Сейтек", "Абийир кечирбейт", "Курманжан датка" баштаган спектаклдерде 100дөгөн ролдорду ийине жеткире ойноду. Андан тышкары, кино тармагында да жигердүү эмгектенип, 30дан ашуун тасмага тартылды. Айрымдарын атай кетсек: "Ак кеме", "Көчө", "Ай тутулган түндө", "Кайра жаралыш үчүн курман болгондор", "Каныбек", "Шаркыратма", "Чиркин өмүр" ж.б. кинолор.
Ал кинодо заманыбыздын залкарлары менен, казактардын белгилүү актерлору менен тартылды. Атактуу актер Сүймөнкул Чокморов Эл аралык кино фестивалдарда "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы" үчүн 4 сыйлыкка татыса, Чоро Думанаев бул сыйлыкты "Шаркыратма" кино тасмасындагы Асандын ролу үчүн Баку шаарынан жана "Кайра жаралыш үчүн курман болгондордо" Бекнияздын образын жараткандыгы үчүн Чымкент шаарында өткөн кинофестивалда алган. Чоронун Кыргызстандын маданиятына өзгөчө эмгек сиңирген эмгеги эске алынып, 1994-жылы "Эмгек сиңирген артистти", 2011-жылы "Эл артистти" наамы берилген. Бирок заманыбыздын залкар актеру ушул кезге чейин баш калкалар үйү жок, 20 жылдан бери чакан бөлмөлүү жатаканада жашап келет. Бул көрүнүш өзү үчүн да, биз үчүн да, жалпы эле кыргыз эли үчүн да өтө жагымсыз көрүнүш экенин четке кага албайбыз. Чынында бул мамлекет үчүн да уят иш болсо керек. Биз Эл артисти катары Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Россия баштаган бир топ өлкөлөрдү кыдырып жүрөбүз. Аталган өлкөлөрдүн биздин Чоро Думанаевге окшогон Эл артисттери мамлекет тарабынан берилген батирлеринен тышкары өздөрүнүн артисттик эмгектери менен табышкан каражатына заманбап тамдарды салып алышкан.
Чоро Думанаев башкалар сыяктуу улунуп-жулунганды, адамдын ичи-койнуна киргенди, кошоматка кой сойгонду билбейт. Эбин тапкандар эчак эле бир эмес, эки үйлүү болгону баарыбызга маалым. Акыркы он жылдан бери бийликке журналисттер аркылуу кайрылып, үй маселеси боюнча жардам сурап жүрөт. Бирок бийлик анын кайрылуусуна көңүл бурбай келет. Биз Чоро менен ондогон жылдар бою бирге иштешип келген артисттер Президентибиз Алмазбек Атамбаевден, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдон, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге баш калкалар үй беришиңиздерди көптөн-көп өтүнүп суранабыз! Үзүлбөгөн үмүт менен бул маселе оң жагына чечилерин күтөбүз.

Кыргыз Эл жазуучусу:
Мар Байжиев
Кыргыз Эл артисттери:
Геннадий Базаров,
Нуртай Борбиев
Муканбет Токтобаев
Дүйшөн Байдөбөтов
Марат Алышпаев
Табылды Актанов
Замир Сооронбаев
КРнын эмгек сиңирген артисттери
Эгемберди Бекболиев
Шайымбек Кыдырмаев
Алымгазы Конушбаев ж.б.











??.??