presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сагынбек Абдрахманов, Кыргызалтын ААКнын вице-президентти:
"Сынакка катышкан орус компанияларынын биринин артында колдогон бирөө барбы дейм..."
Таластагы "Жерүй" алтын кенин казып иштетүү боюнча үч компания ат салышты. Алар орустардын "Алдан золото ГРК" "Восток геодобыча" деген эки компаниясы жана биздин "Кыргызалтын" ишканасы. Эске сала кетсек, сынакка катышкан орустардын эки компаниясынын бири орусиянын Дагестан чөлкөмүнөн чыккан олигарх Сулейман Керимовго таандык болсо, экинчиси Чеченстандан чыккан орус олигархы Муса Бажаев дегенге таандык экен. Жакында эле сынактын биринчи туру болуп өттү. Эмнеси болсо дагы сынак калыс өтүп, өзүбүздүн улуттук ишкана болгон "Кыргызалтын" ишканасы жеңип алса деген жалпы элдин үмүтү. Бул боюнча биз "Кыргызалтындын" төрагасынын орун басары Сагынбек Абдрахманов менен маектештик.

- Сагынбек Үмөталиевич, "Жерүй" кенин иштетүүгө айрым таластык депутаттар, тагыраагы Кенжебек Бокоев азырынча кенди иштетпей туруу керектигин айтууда. Буга сиз кандай карайсыз?
- Депутаттардын антип айтканы, алар элди ызы-чуу болбосун деген таризде айтып жатышса керек. Анткени буга чейин "Жерүй" боюнча маселе козголсо эле, эл пикетке чыгып, нааразы болуп келишкен да. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев ошону эске алды го дейм. Мен "Жерүй" боюнча башкача айтам: Биринчиден, аталган кен совет доорунда эле изилденген. Изилденгенде дагы башка кендердей эмес, тыкыр изилденген эле. Изилдөө иштеринин башында "Кыргызалтындын" эң биринчи төрагасы Капар Кадыров агабыз турган. Изилдөө иштерине мен дагы катышкан элем. Капар агабыз Москвага барып, ал кезде бүткүл СССР боюнча Өнөр жай министри болуп турган Рудов менен сүйлөшүп, "Жерүйдү" иштетүү керектигин айтып, "Жерүйгө" чалгындоо башталган болчу. Мен адис катары айтып коеюн, башка кендерге салыштырмалуу "Жерүйдү" иштетүү абдан жеңил. Буга бир эле мисал, бул кенди казганда жер урабайт. Мисалы, "Кумтөрдү" казып жатканда жер урап, кишини басып калган учурлар буга чейин көп эле болбоду беле.
- Ушуга чейин "Жерүйдү" иштетүү боюнча лицензия колдон-колго өтүп, арзыбаган акчага сатылып келген эле. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кен тууралуу башынан айтып берсеңиз?
- Союз таркагандан кийин бардык кендерди "Кыргызалтын" ишканасы мойнуна алып, иштете баштаган. "Кумтөрдүн" кантип сатылгандыгы жалпы элге түшүнүктүү. Аны айтуунун кажети жок деп ойлойм. Ал эми "Жерүйгө" ошондо эле инфраструктура түзүлүп, иштөө аракеттери башталган. Жумушчулар жатып иштей турган жай курулган эле. Свет тартылып, анын баарын "Кыргызалтын" ишканасы өзүнүн, Өкмөттүн каражатына бүткөргөн. Ошондо эсеп-кысабын тейлеген кээ бир адистердин айтымында, мамлекеттин эсебинен болжол менен 100 миллион доллардай каражат кеткен экен. 100 миллион доллар деген ал убакта жаңыдан бутунан туруп келе жаткан Кыргызстан үчүн оңбогондой каражат болчу да. Ошондон бери жыйырма тогуз жыл өттү. Акаевдин убагында лицензияны "Кыргызалтындан" ажыратып, башка бир жеке менчик компаниянын атына жазып беришкен. Ал жеке менчик компаниясы кийин бир компанияга сатып, ошону менен лицензия колдон-колго өтүп, ушуга чейин арзыбаган акчага сатылып келгендиги жалпыга белгилүү. Учурда казактар бизден 586 миллион доллар өндүрүүгө аракет кылып жатпайбы. Эгер биз катышкан сынагыбыздан утуп чыгып, "Жерүйдү" иштетип калсак, казактар менен эсептешип алганга күчүбүз жетет. Анткени биз казактардын, деги эле башка компаниялардын дагы канча акчасы кетип, кенге эмне кылганын толук билебиз.
Жергиликтүү айрым эпчилдер кенди саясатка айландырып алышкан. Бир компания келип бир канча сом менен элдин оозун жаап кетсе, экинчи компания келип андан көбүрөөк акча берип ооздорун жаап, ага болбогон эл кайрадан көтөрүлүп, айтор кендин тегерегиндеги ызы-чуу ушуга чейин токтобой келбедиби. Азыр эл түшүндү. Кенди иштеткенден көрө иштетпей коюш керек экендигине толук көздөрү жетти. Ошондой эле эл ичинде жалган патриоттор бар. Алар элди уюштурат. Экологияга зыян келет, кенди казбаш керек деген экологдор дагы жок эмес. Мен ошолорго айтаар элем. Алар биринчиден цианид деген эмне экенин түшүнүп алышса. Дүйнө жүзүндөгү бардык алтын кендер цианид менен иштешет. Цианид менен туура иш алып барса, анын эч кандай зыяны жок.
- "Кыргызалтын" ишканасы сынакка катышаарыңыздарды көпчүлүк күтпөсө керек, катышып калышыңыздарга эмне себеп болду?
- Биз башынан эле Өкмөт мүчөлөрүнө, тиешелүү тармактын жетекчилерине айтып келгенбиз. Биз Терек-Сай кенин казуу боюнча өткөрүлүүчү сынакка катышууга даярданып жатабыз, эгөр Өкмөт "Жерүй" боюнча сынак жарыялап калса ага дагы катышабыз деп. Бирок чындыгында биздин "Жерүй" сынагына катышып калаарыбызды эч ким күткөн эмес. Документтерди кабыл алган күнү мен саат төрткө жыйырма мүнөт калганда документтерди алып бардым. Документ кабыл алуу иши төрткө чейин эле болмок экен. Ошентип документтерди тапшырып, катышууга даярданып жүргөнбүз. Кийин анан айтып чыгышпадыбы: "Силер документиңерди үч мүнөт кечиктирип алып келгенсиңер, сынакка катышпайсыңар",- деп. Ал туура эмес да. Ошондо рахмат комиссиянын мүчөсү, ЖКнын депутатты Райхан Төлөгөнов: "Үч мүнөт кечикти деп "Кыргызалтын" ишканасын сынакка катыштырбай койсок уят эмеспи", - деп биздин таламыбызды талашты. Баса, биз документти алып барганда Өкмөт мүчөлөрү дагы, башкалары да чалкасынан кетишти. "Булар дагы катышабы, 2 миллион сомду кантип тапты, документтеринин барын көргөзсүн, текшеребиз", - дешип текшеришти. Айрымдары чыкты, "Кыргызалтын утуп алган күндө деле иштете албайт",- деп. Биз эмнеге иштете албайбыз? Кыргызалтында 30-40 жылдан бери тоо кен тармагында эмгектенип келген мыкты адистер бар. Алардын колунан баары келет. Эгер биз Кудай буюруп утуп калсак, кенде 90 пайыз кыргыздар иштейт. Биз кенди иштетип кетүүгө толук даярбыз. Бирок биз байкадык. Жогоруда аталган орустардын компаниясынын биринде биздин бийликтеги адамдардын тиешеси бар экендигин. Муну мен коомчулукка ачык айтып коюшум керек. Анткени "Алданзолото ГРК", "Восток геолдобыча" деген орустун компанияларынын бири, тагыраагы "Алданзолото ГРК" деген компаниянын өкүлдөрү сынак алдында бизге келишти. Колунда жогору жактан жазылган кагаздары бар экен, бизге документтерди толук көргөзүп тааныштырып койгула деген. Жогору жактан кагаз алып келип жатса, биз кантип көргөзбөй коебуз, документтерди көргөзүп, ал тургай аларды алып "Жерүйгө" чейин барып кендин абалы менен тааныштырып келдик. Бирок биз айтканбыз, жетекчибиз Токон Мамытов дагы Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге, вице-премьер министр Тайыр Сарпашевге дагы айткан экен: "Эгер орустардын компаниясында силердин тиешеңер болсо анда биз кийлигишпейли, сынакка катышпай эле коелу деп. Мен дагы бир катар жетекчилерге айткам. Алар "эч кандай кийлигишпейбиз, биздин эч кандай тиешебиз жок, катыша бергиле" дешкен.
- Жогору жактан ким колдогонун биле алган жоксуздарбы?
- Ачык айтайын, билген жокпуз.
- Сиздерди колдогон чет элдик бир компания бар экендиги айтылды. Ал кайсы компания?
- Биринчиден биздин сынакка катышканыбызды Орозбек Дүйшеев баштаган тоо кен адистери "Кыргыз Туусу" гезитине билдирүү берип жазып чыгышкан экен. "Кыргызалтын ишканасынын сынакка катышып жаткандыгы чоң жеңиш, демек аталган ишкананын иши жакшы" деген мааниде. Бизди коом колдоп жатат. Орустардын эки компаниясынын бири утуп иштеп калса алар айтышы мүмкүн: "Биз мектеп салып беребиз, жолуңарды салып, суу түтүк, светиңерди тартып беребиз, андан башка эч нерсе кыла албайбыз", - деп. А биз, "Кыргызалтын" компаниясы утуп калсак, биринчиден, "Кыргызалтын" ишканасы улуттук ишканабыз, экинчиден орустар салып берген мектеп, бала бакча, жол дагы башка нерселерди салып бергенге биздин деле кудуретибиз жетет. Учурда "Макмал" алтын кенине, Казармандын айылдарына мектептерди салып эле берип жатабыз. Ал эми, жогорудагы сенин сурооңо жооп берейин, бизди колдоп жаткан компания чет элдик компания, бирок жетекчиси араб улутунан. Ал бизге келип жолугуп кеткен. Биз алардан сураганбыз. Эгер силер менен биз "Жерүй" боюнча сынакка катышып жеңип иштетип калсак, түшкөн пайданын канчасын бизге калтырып, канчасын алып кетесиңер десек, "Элүү пайызы силерде калат, элүү пайызын алабыз" дешкен. Ошондой эле алар 100 млн. АКШ долларын мамлекетке төгүп берип, андан сырткары чыгашаларды толугу менен төлөп, соттук териштирүүлөрдү да өз мойнуна алууга даяр. Жогоруда айткан мектеп, бала бакча, социалдык жайлардын баарын алар куруп беришет. Андан тышкары, эң башкысы лицензия бизге жазылат. Эгер орустар утуп алса, түшкөн үлүштүн элүү пайызын берсе дагы лицензия аларга жазылып калат.
- Бул маселени Өкмөт, комиссия мүчөлөрү түшүнүп жатабы?
- Албетте, түшүнөт деп ойлойбуз. Түшүнбөсө уят. Игорь Гусаров деген депутат орустугун кылып, тескери добуш берди. Орустардын компаниясын колдоду. Демек ал түшүнүктүү, улуту орус, бирок Кыргызстанда жашап жаткандан кийин калыстык менен эле добуш берсе болмок.
- Орустун компаниялары жеңип, Кыргызалтын жеңилип калсаңыздар эмне кыласыздар?
- Эч нерсе кылбайбыз. Андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир гана нерсе, кыргыз эли үчүн абдан өкүнүчтүү жана уят болот. "Кыргызалтындын" утулганы бул кыргыз элинин утулганына барабар. Ошону биз эле эмес, жалпы кыргыз эли ойлонушу керек. Бирок биз уткан компанияга айтып чыгышыбыз керек, 29 жылдан берки кетирген каражатты төлөгүлө деп. Антип "Кыргызалтын өзүбүз аракет кылбасак, Өкмөт аны ойлобойт. Өкмөткө тескерисинче жакшы болот. Өкмөт Кыргызалтын чыгым болсо деген гана ойдо.
- "Кумтөр" боюнча не айта аласыз, бул жолу да Өкмөт алсыздыгын көргөзгөндөй болду го?
- "Кумтөр" боюнча эч нерсе айтпай эле коеюнчу, баарына эле түшүнүктүү болуп жатпайбы. Эгер Өкмөт "Жерүйгө" дагы туура чечим чыгарбаса, анда келечекте аталган кен дагы "Кумтөрдүн" кейпин кийип калышы толук мүмкүн. Эл нааразы болуп жаткан экология маселеси ошондо даана козголушу толук ыктымал. Анткени чет элдик компания кандай болгон күндө дагы кенди иштетип алып пайдасын алгандан кийин, түйүнчөгүн түйүнүп бир күнү келген жагына баса берээри турган иш. Ал эми биз "Кыргызалтын" ишканасы кандай болгон күндө дагы жогоруда атагандай улуттук ишканабыз да. Биз баарына жооптуубуз. Эгер кенде бир нерсе болсо эл бизден сурап алат. "Кумтөрдөй" болуп суроосуз калбай...
Маектешкен
Мирлан Алымбаев








??.??