presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оомат Сарпашевге оойбу?
Учурда "Кумтөр" сүйлөшүүсү кризистин чегине жетти. Өкмөт башчысы Оторбаев "Бакиевдердин бийлигинин тушундагы кылмыштуу жол менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жактап, "укмуш экен, 50-50 пайыздан бөлүштүрүү жарабайт, улутташтырган дагы болбойт" дегенди дөөрүп чыкты. Мындан улам, анын кызматтан кетүүсү күтүлүп жатканы кеп болуп жатат. Оторбаевдин ордуна учурда бир катар аткаминерлер кам уруп жатканы да айтылууда. Алардын анабашында 1-вице-премьерминистр Тайырбек Сарпашев, "Өнүгүү" партиясынын төрагасы, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, 300дөн ашуун мамлекеттик мекемелердин түбүнө жеткен Равшан Жээнбеков, Экономика министри Темир Сариев сыяктуу бир топтор бар. Арийне Өкмөт башына келип мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылгандарды жөн эле кызматтан кетирбестен, жоопкерчиликке тартуу жагын дагы караштырбаса, ким келсе да өз билгенин жасай берген көрүнүш токтобойт.




Сариев айткандын бири жок
Кыргызстандын 70-80 пайыз күйүүчү-майлоочу май менен (бензин, солярка) камсыз кылат делген Кара-Балта шаарында курулган нефти иштетүүчү "Джунда" заводу бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. Экономика министри Темир Сариев 2012-жылы маалымат жыйын өткөрүп "2013-жылы завод толук кубаттуулукта иштейт" деп балп эттирген эле. Андан бери 3 жылдын жүзү болуп калды, Сариев айткан сөздүн бири жок. Завод чийки зат таппай токтоп турат. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2015-жылдын аягына чейин завод толук кандуу ишке кирээрин убада кылууда.


"Манас" аэропортундагылардын айлыгы 160 миң сом
"Манас" аэропортунун аппарат башчысынын жардамчысы Адылбек Садыков Алимбековдун айлыгы 160 миң сом экени ачыкка чыкты. Ал өткөн жылы алган айлыгы 1 996 500 сомду чапчыган. Маанилүү маселе чечпеген, жөн гана жетекчиге желе-жортуп чуркап, кагаз, телефон, акча, костюм, айрым кездерде кофе ташыган жардамчынын айлыгы 160 миң сом болсо, жетекчи Алыбек Ибраимовдун айлыгы 500 миң сомбу? Болушу да мүмкүн. Демек, бул маселени тыкыр иликтеп чыгып, мамлекеттин акчасын жеке менчик акчасындай сарптап жаткан шумпайларды жоопко тартуу зарыл.


Дуба окуп бутун бастырбай салат имиш
Муфтияттын иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Нурдинов АКИpress агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, мусулман активисттер Президент Алмазбек Атамбаевге эгер дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиевди иштен бошотпосо, миңдеген кишилер катышкан митинг уюштурушарын билдирди. Ал түгүл, "Эгер азыр мусулмандар дуба кылышса, анда Молдалиевдин экинчи буту дагы иштебей калат. Ал азыр эле аксап жатат", - деп күпүлдөдү. Кызык, анчалык эле дуба менен иш бүтүргөн кыйын болушса, президентке кайрылып жардам сурап жалдырашпай, дуба окуп Молдалиевди кызматтан алып салышпайбы… Бакыт мырза, уялбайсызбы чагым жасагандан! Дин маселесине эмне мынча аралашып, тынч отура албай калдыңыз. Же эмне "жем жеген акыр" табылбай жатабы?


Алтынбек абакта калды
Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчысы Амангелди Муралиевдин тыңчылыкка шектелип, былтыр 2014-жылдын 14-ноябрында УКМК тарабынан камакка алынган уулу Алтынбек Муралиевди камакта калтыруу мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартты. Учурда Алтынбек УКМКнын СИЗОсунд а отурат. Ал Өкмөттүн аппаратында эл аралык кызматташтык боюнча бөлүмдү жетектеп турганда чет өлкөгө жашыруун сырды ачкан деп айыпталган.


Абдалиевге алданбагыла
Социалдык фонддун төрагасы, башкы салыкчы жана парламент жетекчиси кезинде жалпысынан 40 млн. сомдук зыян келтирди делип айыпталган Акматбек Келдибековдун сот процесси кызуу жүрүүдө. Башында Келдибековду түздөн-түз айыптап келген күбөлөр эми "тескери сийип", экс-спикерди колдой башташты. Алардын арасында Бишкек шаардык салык кызматынын мурдагы жетекчиси Кабыл Абдалиев да бар. Кабыл мырза Өмүрбек Бабанов өкмөттү калчап турган кезде салык кызматын тейлеп, чакчырыла көпкөнү эсте. Бабановдон оомат тайганда, "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевдин этегине эрмешип кеткенин көргөнбүз. Этегине илешсе илешсин, ага эч күйдүлүгүбүз жок. Бирок кызык жери анын ишмердүүлүгү тийиштүү органдардын кызыгуусун жаратып, иликтене баштады. Кыңыр иштер кырк жылга жетпей калаарын билебиз да баарыбыз. Эми сот акелер Абдалиевдин айткандарына алданып калбаса экен.


Бабановго "майдай" жагыптыр
Өзүн көптөн бери коомчулуктан далдоо кармап, "жашынып" жаткан Өмүрбек Бабанов өзүнө керектүү маселе козголо баштаганда баш көтөрүп, бакылдап, маалымат жыйынын өткөрдү. Тактап айтканда, ал: " Кыргызстандын Конституциясын радикалдуу түрдө өзгөртүш керек. Кыргызстан президенттик же парламенттик башкарууну так тандап алып, премьер-министрдин ролун күчөтүп, ал министрлерди өзү тандай тургандай укукка ээ кылуу керек. Премьер-министрди иштен алуу үчүн парламенттин 3төн 2 добушу зарыл"-деп үн катты.


Бишкекте төрт эм төрөлдү
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 9-апрель күнү саат 10:40та 34 жаштагы жергиликтүү келин төрт эм төрөдү. Жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын баары эркек. Эненин да төрөлгөн ымыркайлардын да саламаттыгы жакшы экенин врачтар билдиришти. Биринчи бала 2,080 гр, экинчиси - 2,270 гр, үчүнчүсү - 1,770 гр, төртүнчүсү - 2,591 гр салмакта төрөлгөн. Төрөгөн айым буга чейин үч баланын энеси экени маалым болду. Төрт эм төрөп, дароо "Баатыр эне" деген даңкка татыктуу болду. Бийлик өкүлдөрү бул үй-бүлөгө Бишкектен 3 бөлмөлүү үй беришсе ашыкча болмок эмес. Анткени 4 эмди ар ким эле төрөй бербейт.
Айтмакчы, Кыргызстандын тарыхында 4 эм баланын төрөлүшү экинчи жолу катталды. Былтыр борбор калаадагы №4 төрөт үйүндө да бир аял төрт эм төрөгөн.


Бирөөнүн эмгегин "уурдап" упай топтоо абийир алып келбейт
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов "Ата мекен" партиясынын өкүлү экенин билебиз. Кечээ эркин басылмалардын бири аталган министрлик тарабынан жасалып, оңдолуп жаткан унаа жолдорун "Ата Мекен" партиясынын эмгеги катары сыпаттаган макаласын басты. Түшүнөбүз, шайлоо жакындап калды, кандай гана жол менен болбосун шайлоочулардын көңүлүн буруш керек. Бирок акыйкатты айта кетпесек болбос. Президент Алмазбек Атамбаев сыртка жасаган визиттеринде Кыргызстандагы унаа жолдорун чечүү максатында ири каражаттарды тартып келээрин көрүп жатабыз. Демек, унаа жолдордун оңдолушу, жаңы унаа жолдорунун салынышы - өлкө башчысынын эмгеги десек жаңылышпайбыз. Президенттин эмгегин "уурдап", өзүнө пиар жасаган "Ата Мекен" партиясы келечегин ойлосо мындай "ууручулдугун" токтотоор.










??.??