Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жооштон жоон чыкты!
Буга чейин өтө эле жоош экен деп сыпатталып жүргөн башбакан Жоомарт Оторбаевдин "Кумтөр" маселесине байланышкан акыркы аракеттерине Ак үйү дагы, Көк үйү дагы түшүнө албай турушат. Биргелешкен ишкана түзөбүз деп билек түрүнө киришип атып эле, орто жолдон ойт берээри көпчүлүктүн оюна да келген эмес. "Улутташтырган да болбойт, 50:50 үлүшүндөгү биргелешкен ишкана да болбойт, азыркы эле абалда калганыбыз эң жакшы вариант, бул пикиримди акыр аягына чейин карманам" - деп жатат. Жоомарт Кайыпович айткан эң жакшы варианты боюнча Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү жарыбаган 33 эле пайызды түзүп жатпайбы. Оторбаевчесинен ойлонсок, анда эки-үч жылдан бери элеп-желеп болуп, "Кумтөр" деп куру кыйкырык салдыкпы? Канадалыктар менен болгон "кайым айтышка" деп Өкмөт жалдаган чет элдик юридикалык компанияга 3,5 миллион еврону жөн эле төлөп бердикпи? Жолдош Жоомарт Кайыпович эмне деп жооп берээр экен?
Баарынан дагы кечээ жакында эле "кызматтык субардинацияны сактаган жок" деп кызматтан четтетилген Мамлекеттик мүлк фондусунун башчысы Дүйшөн Ирсалиевдин "Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айрым адамдардын кызыкчылыктары көздөлүүдө. 2015-жылдын 2-апрелинде премьер мага "Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешине төмөнкү чет элдик жарандарды киргизүү боюнча кат жолдогон:
1. Лорд Кланвильям (Улуу Британия);
2. Мартин Грехэм (Улуу Британия);
3. Боб Букан (Канада);
4. Питер Холодный (АКШ);
5. Павел Скитович (АКШ);
6. Дияр Канашев (Казахстан);
7. Мария Черновалова (Канада).
Сегизинчиси болуп, КР жараны Шакиров Кылычбекти киргизүү тапшырылды. Кайдан-жайдан пайда боло калган талапкерлерди карап чыгууга убакыт берилбестен, мага чечим чыгарып берүүгө бир гана күн берилген. Чет элдик жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой турганына күмөн санап, мен бул талапкерлерди киргизүүдөн баш тарттым. Премьер болсо мени кызматтан четтетти. Директорлор кеңешинине мүчө болуучу жогорудагы адамдардын артында Максим Бакиевдин, Жорж Соростун адамдары же башка олигархтар турушу ыктымал - дегени чоң жаңжалга жем таштачудай болуп турат. Максим менен Жорж тууралуу айтылгандар жомок болуп чыккан күндө деле, жогорудагы аты-жыты белгисиз адамдардын койнунда котур ташы бары-жогун бир күндүн ичинде кантип иликтеп чыкмак элек? Аша чаппай айтканда мамлекетибиздин тагдырын чечүүчү маселени чампалап бүтүрө салганга ким укук берди эле?
Тиленбек Азык





Кадыров кеңешчиси Матубраимовду "келекелейби"?
Экс-спикер Алманбет Матубраимов оппозиция лидерлеринин бирине кеңешчилик кылып жатканы белгилүү болду "Ал ким?" деген суроо жаралат. Жеке булагыбыздын кабарлашынча, аксакал Бириккен оппозициялык кыймылдын (БОК) лидери Кубанычбек Кадыровдун "ат жүрүштөрүнүн" картасын чийип жатыптыр. 63 жаштын ашын ашап аткан Алманбет мырза 1991-1995-жылдар аралыгында Өнөр жай министринин орун басары, Өнөр жай министри жана премьер-министрдин милдетин аткарган. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагалыгын аркалаган. Басып өткөн өмүр жолуна ылайык, Алманбет Матубраимович азыр аксакалдык калыс сөзүн айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырып турушу керек эле. Тилекке каршы, зарылчылык туулса бийликти күч менен басып алуудан кайра тартпаган БОКчуларды жана анын жетекчиси Кадыровго тымызын көмөк көрсөтүп, кеңешчи болуп жатканы кандай? Аксакалдын кылаар ишиби бул? Кеңеш айтса айта берсин дейли. Баса, Кадыров жакын санаалаштары менен отурганда: "Мен Аскар Акаевдин командасында иштеген, экс-төрага Матубраимовду кеңешчи кылып алдым. Матубраимов кантсе да карт саясатчы да, андан бөлөк кеңешчи таба албадым"- дегенин өздөрү эле кеп кылып жүрүшөт. Аксакал муну укса куйкасы курушуп, Кубанычбекти "бар ары" деп жолго салбас бекен? Же карылыктын айынан үйүндө тынч жата албай, "ичтен иритмейге" өтүп калганбы?


Равшан жүргөн жерге чөп чыкпайбы?
Мүлк министри болуп турганда 350гө жакын мамлекеттик мекемелерди "мүлжүп" жок кылган Равшан Жээнбеков бийликти жарашса да, жарашпаса да сындап, баскан изи, кызматтык ишмердүүлүгү акактай таза адам катары какылдаса жанына киши чыдап тура албайт. Мына ушул популистти Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков парламенттик жыйында катуу какты. Бул тууралуу: "Равшан Жээнбеков жүргөн жерге чөп чыкпайт. Украинага барып келди эле ал жакта эмне болду? Чөп чыкпай жатат. Бул жакта жүргөн жеринде да чөп чыкпай, биз араң өстүрүп жатабыз",-деди. Равшан мырзада анча-мынча эс-акыл болуп түшүнсө, сүткө тийген күчүктөй өлбөгөн төрт шыйрагы эле калмак.


Мышык-чычкан ойношот…
Учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп, колу туткактар четинен камалып жатат. Бирок камалгандардын баары четинен бошонууда. Негизи биздин мамлекеттик органдар кызык. Бири кармап камашат, бири бошотуп эркиндикке коё берет. Мына кечээ жакында эле, тагыраагы, мыйзамсыз түрдө газ сатууга шектелип 7-апрелде колго түшкөн "Кыргызмунайгаздын" жетекчисинин эки орун басары үй камагына чыгарылды. Чечимди Ноокендеги район аралык соту чыгарды. Алар көгүлтүр отту өз билемдик менен сатып, мамлекетке 5 миллион 420 миң сом зыян келтиргени айтылууда. Анан ушундай адамдарды үй камагына чыгарып тайраңдатпаш керек эле.


Парламентте жаңы коалиция түзүү зарыл
Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев орто жолдон "Центерранын" сөзүн сүйлөп ойт берип кеткенден кийин, эл өкүлдөрү бир пикирге келе алышпай жатышат. Мындан улам, Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү" тобунан депутат Бакыт Төрөбаев көпчүлүктү түзгөн коалициянын "Кумтөр" боюнча бирдиктүү позициясы тургай, бул маселени талкуулаганга да чогулбаганын белгилеп, коалициялык көпчүлүк жоопкерчиликтен качпай, өкмөттү отставкага кетирип же курамын өзгөртүш керек деген сунушун айтты. Бул туурасында: "Бүгүнкү парламент коалициялык кризисте экени даана көрүнүп турат. Эки жылдан бери "Кумтөр" маселесин чече албай келе жатабыз. Эгер азыркы коалицияны алмаштырбасак эч нерсе чече албайбыз ",- деп маселени кабыргасынан койду.