presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Алп акындын үч сүйүүсү
(Башы өткөн санда)
(Алыкулга гүлдесте, 13-бет) Бул жерде "чыгыштык кылуу" - чанып кетүү, бузулуу маанисине жакын. А чынында Зейнеп деле Алыкулдун өзү сыяктанып жаштыкка "алдырып" койгон. Ошону ал өзүнүн күнөөсү катары сезип, өкүнөт.
Алыкул эки чоң сүйүүнү башынан кечирген соң үчүнчү бирөөгө (аны сүйгөн кызга) ачылбаптыр. Биз пединституттун 1-курсуна келгенде үчүнчү курста окуган, ыр жазып жүргөн Жамийла аттуу кызды сыртынан билчүмүн. Аспирантурада жүргөн кезимде Алыкулдун архивин аңтарып отуруп, ага арналып, эки окуучулук дептерге толтура жазылган катты окугамын. Кийин мен Тил, адабият институтунда директор болуп турган кезимде ошол каттын ээси келип, "аны мага кайра бергиле" деп суранды. Мен архивдик материалды бере албай турганымды туюндурдум. Ошол аял А.Осмоновдун кайсы бир юбилейи белгиленип жаткан кезде (ал бир топ улгайып аземдер залында өтүп жаткан. Жамийла Алыкул Тимирязев көчөсүндө жашап жаткан кезде барып, анын темир кроватында түнөп калган күндөрү болгонун ачык айтты. Демек, сөздүн төркүнү түшүнүктүү. Акын Зейнептен кийин дагы бирөөгө калган экен) сөз алып сүйлөдү. Жыйын Улуттук университеттин чоң үйлөнүүнү ылайык көргөн эмес, анткени, оорусу күчөп бараткан. Курбусу Түгөлбай үйлөнүү тууралуу сөз салганда: - "ээ, дагы кимдин убалына калайын... Менин эмки жан жолдошум калемим, ыракатым - тынчтыгым. Ушул тынчтыкта иштеп алалы... иштеп алалы" ("Гүлдесте", 34-бет) деп жооп бериптир.
Алыкулдун үй-бүлө турмушу, сүйүүсү кандай татаал жана карама-каршылыктуу болсо, махабат ырлары да ошондой мүнөздө. Ал сезимтал инсан, бирде адамзат пендесиндеги бул улуу күч башкарууга эч моюн сунбай тургандыгын айта ("бирок да, билбей калам, сүйүп калам, себеби, сүйүү деген эзсиз нерсе" - 1-том. 187-б.), экинчи бир учурда:
Сүйүү деген арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыял нерсе көрүнөт. (1-том. 196-.)-дейт.
Ал эми дагы бир учурда сүйүүнүн өтө бийи, кол жеткис укмуштай бир керемет экендигин коюланган романтикалык боёк аркылуу мындайча сүрөттөйт:
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып. (1-т. 196-б)
Алыкул "жаш сүйүүнү коюнунда эркелетип, Айдай менен сегиз ай эң бир рахаттуу күндөрдү өткөрүп, анан сүйүүсү эски салттын курманы болуп калган кезде (аны кудалаган жерине берип жиберет) ал катуу кайгырат:
Сүйүү деген кээде паста, кээде өйдө,
Аёо керек жерге түшүп калганын. (1-т. 145-б.)
Ошентип, ал күйүттү Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы менен басмак болуп, аябай намыстанып иштейт. "Поэмадан ажырай албай, көп убакта таң атканга чейин отурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам!... Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм" (1-т. 27-б) деп жазат Алыкул. Ошол кызга болгон сүйүүнүн күчү менен таржымачы төмөндөгүдөй сүйүү тууралуу түбөлүк эсте кала турган саптарды жаратат:
Кыз деген - кылыктанган кызыл түлкү,
Кыз деген - шылдыраган тунук булак.
Кыз деген - коңур жыттуу өмүр балы,
Кыз деген - он беш жашта бышкан бурак.

Сүйүүнүн - көзгө көрбөс түрлөрү бар,
Сүйүүнүн - кулак укпас үндөрү бар.
Сүйүүнүн кыш болсо да жайдан жыргал,
Үзүлбөс башка адамга гүлдөрү бар.

Махабат - бирде уу да, бирде балдай,
Махабат - бирде учкул жагалмайдай.
Махабат - бирде туткун эркке көнгөн,
Кор болгон бирөөлөргө алдангандай.
Сүйүү гимни деп айтууга татырлык ушундай эле куплеттерди ал өзүнүн оригиналдуу ырларында да жараткан. Айталык, анын "Сулууга" аттуу ыры бул темадагы лирикасынын кыл чокусунда турат. Анда жеңил ойлуулукка чыныгы махабат карама-каршы коюлуп, сүйүү жеңил-желпи өбүшүү эмес, жүрөктүн согушу менен өлчөнө турган бийик "температура" - улуу сапат, улуу касиет деген идея айтылып жатат:
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген - сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген - от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү, ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген - сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден. (1-т. 140-б)
А.Осмоновдун "Сүйүү жана мен" деген ырында анын сүйүү тагдырынын айрым учурлары чагылган деп айтсак болот. Мисалы, алгачкы "жаш сүйүү бермет, жакут, каухар кийип жолукту" да:
Бирок сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
"Кош" деди да от карматты колуңа. (1-т. 109-б)
Алыкул Айдай менен эң ысык, эч качан кол үзүшпөй турган мамиледе жүрүп, бир күнү эле ажырашуу катын окуганда ал чынында эле чокту кармап алгандай абалга келген.
А.Осмонов экинчи сүйүүсү жөнүндө (аны Зейнеп деп коёлу) мындай саптарды жаратат:
Экинчиси андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз баш.
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга.
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырында жылан таштап койнума. (1-т. 109-б)
Чынында эле Зейнептен акынга мамилеси жылан чакканга окшош эле болду да. Экинчи сүйүүнү акын абдан эле кадырлаган. Кыз Москвадагы окуусун аяктаганча чыдап күтүп жүрүп, анан баш кошкон. Зейнеп мындай деп эскерет: "Алыкул өлгөндөн кийин Фрунзенин почта үйүнөн Кыргыз ССРинин эл артисти Сыдыкбек Жамановдун аялына капыс жолугуп калдым. Ал мага Алыкул өлөрдө анын үйүнө болгонун, суук, дары жыттанган бөлмөдө мешин тамызып, чай куюп бергенин, мен тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтты. Алыкул мага: "Сырымды сага гана айтам, оозуңдан чыгарба: Мен Зейнепти, жалгыз гана Зейнепти сүйөм!" деп айткан экен. Алыкулдун керээзин айтып жатам деп, ал мага сыр кылып билдирди". ("Мезгил жана Алыкул"- 292-бет)
Жогорку ырдын финалдык куплетинде:
Бирок, сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү заар чачты бетиме. (1-т. 109-б)
Деген саптарда акын үчүнчү сүйүү жөнүндө айтып жатат. Бирок, анын өмүр баянында үчүнчү сүйүү деген жок - ал тууралуу айтылбайт. Ошондуктан аны көркөм шарттуулук деп гана кабыл алыш керек. Анда Алыкул жалпы эле өзүнүн сүйүү тагдырына нааразылыгын билдирген сыяктуу.
Негизинде А.Осмоновдо үй-бүлөчүлүк маселеде көбүн эсе өзүн күнөөлүү сезген ыр саптары бир нече ирет жолугат:
Аял сүйдүм, бирок, ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим.
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим. (1-т. 263-б)
"Менин үйүм" аттуу ырында шарттуу каармандар: адегенде "жакырчылык", андан кийин "учук ооруу" анын эшигин "тырс, тырс" уруп жутунуп келгенде аларды жолотпой кубалайт. Үчүнчү болуп "тынчтык" келгенде абдан сүйүнүп:
Кел бери,
Мен жалгыз: аял, баласыз,
Аял менен ыркым келбес мен урган!
Мейли сокур, дөдөй бала туусаң да,
Антым ушул: өлгөнүмчө сени мен бир турам. (1-т. 270-б) дейт.
Жалпысынан алганда, Алыкул аялзатын өтө урматтайт. Ал өзгөчө бактыдан тайган жигит үчүн "кемибеген, кебелбеген бир мекен" (1-т. 263-б) экендигин чоң басым менен белгилейт.
Согуштан кийинки бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү үчүн кызуу күрөш жүрүп жаткан оор жылдарда адамдарды эмгекке шыктандыруу бирден бир милдет болуп турган чакта Алыкул да башка акындар сыяктуу эле сүйүүнү эмгекке байланыштырып сүрөттөгөн ырлар жазган. Ал "жигиттен жигит тандаган колхозчунун кызындай кара көз сулуу бар бекен" деп карапайым адамдардын баркын аябай бийик көтөрөт. Сүйгөн жигити жумуштан колу бошобой, кызга жолугууга убактысы келбей жатканына ал таарынбайт, анткени, советтик коомдо жеке сүйүү ошентип коомдук кызыкчылыкка ар дайым байланып келген. Мисалы, вальс түрүндө жазылган "Боз бала" деген ырында мындай саптар бар:
Ой, боз бала,
Ой, боз бала,
Күтөм колхоз багында.
Жок, келбейсиң,
Чолооң тийбейт,
Кызыл кырман маалында. (1-т. 148-б)
Мындай ырлар дагы бир топ жерлерде кездешет. Ал үчүн акынды "таза сүйүүнү" ырдабайсың деп күнөөлөчүлөр (мисалы, Мидин сыяктанып) да табылган. Бирок, ал пикир сын көтөрө албайт. Анткени, Алыкулда таза махабатты даңазалаган ырлар да көп.
А.Осмоновдун үчүнчү сүйүүсү тууралуу жыйынтыктап айтарыбыз: кыска өмүрүнүн акыркы эки-үч жылында ал аялзаты проблемасын такыр эле арткы планга сүрүп таштап, өзүн жалаң гана поэзияга арнагандыгын Т.Сыдыкбеков "Эстеликтен" аттуу макаласында эскергенин мурда айткан элек. Муну менен ал "өлбөстүккө" карата жол издеген. Ал турсун айрым ыр саптарында элине экинчи - ырдан жасаган өмүрүн калтырганын атайын белгилеген:
Түзгө чыгып, каршы алдыман карасаң,
Мен айбаттуу тоо көтөргөн бир баатыр- дейт.
Ал эми "Өзүмдү өзүм" деген ырынан мындай саптарды окуйбуз:
Мен өзүмдү бир кылымдап карасам,
Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен нечен түрдүү жан чыгат.
Мына ошол "өлбөстүктүн эркин талашкан" акынды мына азыр бир кылымдан кийин карасак, Алыкул "чаң ызгыткан шаң менен" "ак боз атын минип" дүбүрттөтүп байгеден чыгып келе жатат. Акындын артында калган "өлбөй турган эли" аны улуу урмат менен эскерип жатышат.







??.??