presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Баатырды "баатыр" деп эле айтпайлыбы?!
2010-жылдын 7-апрели. Ошол күн "гүлдөп" турган бакиевдик бийликтин акыркы күнү болчу. "Булардын тамыры тереңге жайылып кетти. Оңой менен бийликтен кетпей калды" деп көп адамдардын ичи күйүп турганда, "болот, жакында болушу керек" деген революция дал ушул күнү болду. Борбор шаарыбыздан алыстагылар ошол күнкү Ак үй алдындагы алааматты КТРКдан комментирийсиз көрүп турдук. Аянтта ок атылып, түтүн булап, ызы-чуу, күрү-гүү эле. Ошол тасмаларды көргөн болсоңуз, ок жаңырып, жигиттер кулаганда, башкалар артка чегинип, жалгыз бир жигит Ак үй алдында калганын, ал үстүндөгү куртка, көйнөгүн чечип салып, белине чейин жылаңач кыйкырып турганын сөзсүз элестетет болушуңуз керек. Быйыл 7-апрелде Караколдо болгон эрендерди эскерүү митинг-реквиемде эбептен-себеп болуп ошол жигитке жолугуп калдым. Көрсө ал Ысык-Көл облусунун Түп районунун Шаты айылынын тургуну экен. Аты-жөнү- Сейитказиев Алтынбек. Жашы 37де. Андан бул күнү аянтка кандайча келгени тууралуу сурасам, ал мындай дейт:
- Биз "Форумдун" маңдайындагы тигүү цехинде иштечүбүз. Мен ал жерде азыр да бычмачымын. Бир кезде эле ызы-чуу болуп, "Эшикти жапкыла, эл көп чогулуп жатат", - деп калды. Анан тез чара көрүүчү атайы отряддын балдары качып келип, биздин цехте жашынды. Цехтеги жумуш токтоду. Жанымда 7-8 бала бар болчу. "Ак үй жактан атыш боло баштады, бийликти кетиребиз деп эл көтөрүлүп жатыптыр" деген сөз уктук. Ошондо эртең мененки саат 11лер чамасы эле. Биз түз эле Ак үйгө жөнөдүк. Эл кантип Ак үйгө киришти билбей көп убара болду. "Даң" эткен үн чыгып, кыргыз жигиттер жыгыла баштады. Баарыбыз артка качтык. Топ-топ болуп чогулган эл Ак үйдү кантип аларын билбей жүрүшөт. Бир кезде 40тай бала чогулуп калыптырбыз. "Келгиле, баарыбыз бирге кирели" деп, алдыны көздөй чогуу чуркадык. Кайра эки жолу ок жаңырды. Менден бир-эки метр алдыда бара жаткан баланы чекеге атты. Мээси чачырай түштү тиземе. Балдар аргасыздан артка качты. Ошондо өзүмдү жоготтум. Кыргыз кыргызга ок атып, бейкүнөө балдар көз алдыңда өлүп жатса жөн карап тура албайт экенсиң. Телефон чырылдап жаткан. Аны да укпай калдым. Жаным ачыды. Эч нерсени карабай Ак үйдүн алдына бардым. Аткыла! Мени аткыла деп кыйкырдым, - дейт Алтынбек.
Андан эмнеге кийимиңизди чечип ыргыттыңыз деп сурасам, "Жаным күйүп жатса, милиция кызматкерлери "бул бронежилет кийип алган, жөн эле минтип турмак эмес. Арак ичкен же нашаа берип койгон" деп жатышпадыбы, жанды кашайтып. Ошондо чечиндим. Мен ал жерге арак ичип же нашаа чегип барган эмесмин, кыргыз жигиттерге ок атып жатат деген үчүн баргам. Ал жерден мени тааныбаган эле бир бала "Байке жүрүңүз, сизди атып салышат", - деп алып кетип калды. Бери чыксам, телефонум чырылдаганын уктум. Көрсө телевизордон көрүп эжем ыйлап жатыптыр. Ошол жерде жүргөн жеримен мени таап, машинага олтургузуп үйгө алып кетишти",- дейт.
Ошентип, өзү көлдүк, Бишкекте он жылдан бери жашаган Алтынбек Сейитказиев азыр "Апрель баатыры" деген наамга да татыган эмес. Анын ошол күнкү кыймыл-аракетин көргөндөр ага таң калган. Кийин ага жолукканда, сага үй алып беребиз деп айткандар да болгон. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов да "сен азаматсың, сага бир сыйлык бериш керек" деген менен, "Апрель баатырларынын" катарына да кошо алган эмес. "Мага үйдүн кереги жок. Шагым сынып калды. Роза Отунбаевадан "Бул балага сыйлык берилсин" деген кагаз келген. КСДП партиясында Отунбаев деген жигит бар экен. Кагазымды алып калган, кийинчерээк келиңиз деп. Кийин барсам, "Эч кандай жаратың жок экен, эмне келдиң", - дешет. "Кагаз-магазымды ошол жакка таштап баса бердим. Кудайга шүгүр, алты саным аман, үй-бүлөм, эки уулум бар. Бирок, шаарда 7-апрель сайын "баатыр" катары майрамдаган жигиттерди көрсөң ичиң күйөт экен. Арасында кимдер гана жок", - дейт ал.
Алтынбек ошол кандуу окуядан кийин жылыга "Ата бейитке" барып, Ак үй алдында шейит кеткендерге куран окуйт. Себеби ал ошол күнкү окуяны унута албайт. Ошол күнкү аккан кан, анын эт жүрөгүн азыр да сыздатып турат. Тагдыр ага өмүр буюрбаганда, Алтынбек да канкор бийликтен ок жеп, Ата бейитте жаткандардын катарына кошулуп калмак. Анткени ал ошол жерде окко көкүрөгүн-жылаңач көкүрөгүн тосуп берген. Өзү айткандай, ичер суусу болсо керек. Кай бирөө "Сени кантип атышкан жок" деп шектүү караса, "Көргөн жоксуңарбы, буйтап жатпадымбы", - дейт ызалана. Себеби ошол суроо бергендер ал күнкү окуяны өз көзү менен көргөн жок да, Ак үй үстүнөн атылган окко көкүрөгүн тоскон эмес...
Айтор, азыр Алтынбек эки уулун мекенчилдикке үйрөтүп, бүгүнкү маянасына үй ала албасын сезсе да, жаркын келечектен үмүттөнүп турат. Анын сөзүнөн революциядан кийин деле акыйкаттык болгон жок деген таарынычты сезүүгө болот. А чынында эле, ошол күнү аянтка барбай же оппозицияда активдүү иш көргөзбөй жүрүп "Апрель баатырлары" болгон жүздөгөн адамдарды көрүп жүрбөйбүзбү. Болбосо, ошол кандуу күнү кыргыз эр-азаматтардын арасында жүрүп, аларга дем бере Ак үй алдында жалгыз калып, Бакиевдерге чакырык жасаган Алтынбекке "Апрель баатыры" жарашпайбы?
Жумагүл БАРКТАБАСОВА





Оппозициядан ойт берип кетишти
Улуттук оппозициялык кыймылдын Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов, Уран Ботобеков сыяктуу лидерлери Жалал-Абад шаарында курултай өткөрүүнү пландап жатат. Алардын бул иш-чарасы 11-апрелге белгиленген. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар Жалал-Абад элине жыйын тууралуу маалымат жеткирүү максатында Алтынбек Жумаев жетектеген жергиликтүү 7-каналдын түз эфирине чыгууга алдын ала макулдашкан экен. Тилекке каршы, Жалал-Абадда Ташиевдин гана арыгын чапкан бул канал оппозиционерлерге жок деген жообун берип, маанайын түшүрүптүр.
Маалыматтарга караганда 7-каналдын түз эфирине чыгуу үчүн Бектур Асанов, Кубаныч Кадыровдор анын жетекчиси Алтынбек Жумаев менен сүйлөшүп алдын ала макулдашкан. Ал эми эфирге чыгуу убактысы жакындаганда ар кандай шылтоолорду айтып Алтыкең баштапкы убадасынан баш тарткан. Биз Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубаныч Кадыров менен байланышканыбызда окуяны тастыктап 7-канал башында эфирге чыгууга макул болуп, кийинчерээк баш тартканын билдирди. "Алар алгач макул болгон. Кийинчерээк биздин бир мүчөбүзгө Азамат деген журналист байланышып "Техникалык себептерден улам эфир саат 2де болбой калды" дептир. Андан кийин мен коммерциялык директору Залкар деген жигит экен ага чалып айттым, бизди чыгарбайсыңарбы акчасын төлөп берели дедим. Элге жеткирип коёлу десем "макул сиз телефондо болуп туруңуз" деп ошону менен жок болуп кетти", - дейт Кубаныч Кадыров.
Чындыгында, Камчыбек Кыдыршаевич 3-октябрда Ак үйдүн тосмосунан ашып "алаасын айрып алгандан" бери башкача болуп калды. Эсиңиздерде болсо дал ушул Камчыке өткөн жылы Улуттук оппозициялык кыймылдын катарына кирип Бишкекте өткөн митингде бийликке карата жалындуу сөздөрүн айтып оозунан ак көбүгүн чачыраткан эле. Андан көп өтпөй эле түрдүү жүрүштөрдү жасап бул кыймылдан да куулган. Айрым маалыматтарга караганда Ташиевдин бир нече жолу кайрадан оппозициялык кыймылга мүчө болуу аракетине бийликтин каршылаштары "жок" деп кесе жооп берген экен. Же бийликке жакпай же оппозициядан колдоо таппай калган Камчыбек мырза аргасыз Өмүрбек Бабановдун этегине эрмешкен окшойт.
Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Жумаевдин оппозициядан ойт берип кеткени жөн жерден болбосо керек. Эсиңиздерде болсо буга чейин айрым маалымат каражаттары Ташиев соттологонун алдыруу үчүн бийликтин бутуна чөгөлөп барганын жазып чыккан эле. Бул окуядан кийин Ташиев мырза оппозицияны өзүнүн каналына чыгарбаганына бирден-бир себеп бийликке жагалдануу экен деп божомолдошууда.
Ал эми Алтынбек Жумаев тууралуу акыркы кездери маалымат каражаттарында үрөй учурган кептер айтылууда. Өткөн жума эркин басылмалардын бири анын адам өлүмүнө тиешеси бар экенин жазып чыкты. Чын-бышыгын биз дагы иликтеп атабыз, кийинки сандарыбызда окуянын чоо-жайын баяндап калаарбыз.
Жангороз Эсенгелдиев










??.??