Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар"

М ен, милициянын подполковниги Кадыркулов Афтандил Камчыбекович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, азыркы убакта - "ИИМ Академиясынын башчысынын милдетин ким аткара алат" деген таризде тандоо жүргүзүп жатканына байланыштуу? өз талапкерлигимди ошо тандоого коем жана ИИМ Академиясын реформалоого карата болгон алкактагы иш - чараларга болгон өздүк көз караш, демилгелеримдин тизмесин коомчулукка тартуулайм:
1. "Эшигин көрүп төрүнө өт"
1.1. Академияга кабыл алуудагы абитуриенттер тарабынан чогултулуучу атайын иш кагаздарын чогултууну (личное дело) райондук ИИБдерден алып салуу!
Бул нерсе балдардын Академияга тапшыруу тилектерине чоң тоскоолдук кылып келүүдө! РИИБ өкүлдөрү тараптан планга жараша чогултабыз деген шылтоолордон башталып, Обл.ИИБден тааныштык аркылуу гана "тизмеге" түшүүнү мажбурлашат. Мунун өзү эле "Куру аякка бата жүрбөйттүн" булагы! Бала өздүк иш кагаздарын окуу жайга түз тапшырып, атайын текшерүүлөрдү окуу жай жүргүзүшү керек, жанакы "атасы үчүн бала жооп бербейт" принцибинде…. текшерүү минималдуу болуш керек (спец проверка). Ар кайсы мүнөздөмө, пикир, автобиографи дегендей кагаздарды топтоо алып салынуусу шарт!
1.2. ОРТ баллы менен кабыл алынууда ага кошумча жүргүзүлгөн спорттук сынакты, ойлонуп табылган "акча" сынагы катары жоюу шарт! Спорт менен шугулдангандар үчүн дене тарбия институттары бар…! ИИМ академиясынан милиционер тарбиялануусу негизги багыт болуш керек! Милиционер жогорку, ар тараптуу маданияттагы инсан болушу абзел!
1.3. Кабыл алуудагы ОРТ баллынын конкурсуна, ар бир абитуриент өзү катыша ала турган шарт түзүү! Бала тапшырган күндөн баштап өзүнүн баллы, тизмеде канчанчы орунда экенин атайын тизмеде текшерип турушу шарт! Ачык тизме жазып, көрүнүктүү жерге илип коюу, сайтка чыгаруу, электрондук табло жасоо… дегендей! Бул нерсе "жашыруун тизмелердин" чуркоосуна бөгөт болуп, "акча" бизнесин минималдаштырат!
1.4. Аскермедициналык текшерүүдөн (ВВК) кызматынан такыр баш тартуу! Балдарды кабыл алуудагы "иттин өлүгү" ушул жерде көмүлгөнүн коомчулукка далилдүү көрүнүш жана бул кызматтын пайдасы эң эле "күмөндүү"!
1.5. Кабыл алуудагы кирүүгө болгон көргөзгүч (пороговый балл) башка окуу жайлары менен бирдей болушу шарт! Антпесе башка ЖОЖдорго 110, ал эми Академия үчүн "льготный" 105 балл! Бул өзү чоң суроо гана болбостон, эң эле "шылдыңдуу" көрүнүш….

2. Окуучуларга болгон мамилелер.
1.1. Окуучуларга биринчи эшикти аттагандан баштап ага болгон сый мамилени, камкордукту көрсөтүү шарт!
- Ашкананын заманбап, мезгилге жараша жабдыктар менен жабдылышы, ашкана техникалардын дайындалышы!
- Биринчи курстардын казармалык тартиби милдеттүү түрдө эмес, тандоо түрүндө болушу керек! Казарманын өз шартына жараша тартиби айтылып, үйдө жатып окугандардын өз тартиби каралып дегендей. Антпесе, азыркы заманда орун алган орой мамилелерден кээ бир ата-эне чочулап, баласынын Академияга окуусуна бут тосууларын минималдаштырат…
- Окуучулардын жеке инсандык түшүнүктөрүнө сый мамиле жаратуу…
- Окуучулар менен ар кайсы ЖМКнын кызматкерлери менен кылмыштуулуктун зыяны тууралуу дегендей жолугушуулардын байма-бай жүргүзүлүп туруусун колго алуу шарт!
- Курсанттардын 1-курстан баштап коомдук коопсуздукту сактоо иш-чараларына катыштырып башташ керек! Бул өз кезегинде баланы чыйралтууга, өзүндөгү ишенич сезимдин ойгонушуна эбегейсиз чоң жаратуу пайда кылат!
- Семестр аралык экзамен, зачеттордун автоматталышы. "Человеческий фактор" түшүнүгүн алып салуу. Айдоо күбөлүгүн алуудагы компьютердик программадай тестирлөөнү тез арада киргизиш керек!

3. Уюштуруу иш - чаралары.
1.1. Академия окуу куралдарын кыргыз тилде которууну колго алуу! Айыл мектептеринен келген кыргыз уул-кыздары орус тилдеги юридикалык адабиятты окуп түшүнүүдө көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда, орусча окуп, аны орусча түшүнүп, түшүнүгүн кыргызчалап тизмектеп, анан кыргызча түшүнгөндөн кийин аны орусчага которуп, анан дагы ал түшүнүгүн орус тилинде мугалимге айтып берүүсүн жанакы ыр саптарындагыдай "түшүнгөн жан жок!"
1.2 Мугалимдикке практикалык бай тажрыйбасы бар милиция кызматкерлерин тартыш керек!
1.3. Атайын эмес сабактарга граждандык коомдун өкүлдөрүн, прокуратура, сот системасындагы, суд-медэксперттердин тартылышы шарттуу болуш керек! Мунун өзү эле "пара" бизнесине болгон "ашыгууну" өзүнөн-өзү ооздукталышына алып келет!
1.4. Ар тараптуу кесиптеги кызматкерлерди мугалимдикке тартуу, курсанттардын коом аркылуу тарбияланышын өз колуна алып, курсанттардагы коомго болгон сый-урматты ойгото алат!
1.5. Курсанттардын жан дүйнөсүн байытууга, сүйлөөдөгү сөз байлыгын байытуу үчүн көркөм адабият сабактарын киргизүү керек. Өз кезегинде кыргыз жазуучуларынын каармандарынын образдарын өздөрүнө синирип алуу менен бирге, алардан патриоттуулук сезимдин ойгонушуна, коомго болгон түшүнүктүү мамиленинин жаралышына шарт түзөт!
1.6. Сырттан окуу факультетине 40 жашка чейинкилер эле кабыл алынат деген түшүнүктү жоюу! Ар бир милиционер пенсияга чыккандан кийин мектептерде соц.педагог, коом таануу, адеп, биринчи аскердик даярдоо сабактарына мугалим гана болуп иштебестен, өзүнүн алып жүрүү маданияты менен милиция кызматынын таасирин балдарга, коомго таратышы (пропагандалоосу) жакшы көрүнүш деп эсептейм!
1.7. Мурунку жетекчилик таркатып жиберген педагогика жана психология кафедрасынын жоюлуусун аңкоолук деп эсептейм! Милиционер психолог болбогондо ким психологиялык жактан такшалган адам болуш керек? Милиционер өзү эле педагог да. Ал жүрүм-түрүмү менен коомго таалим алып келип жатпайбы. Анын кылмыш жасаба, уурдаба, тартиптүү бол дегени педагогика болбогондо эмне? Кылмышкердин психологиясын билбесе, уюштуруучунун, сүрмө топтун, аңгинин, нервныйдын, неврастениктин, шизиктин, катынпоздун, зордукчулдун, маньяктын психологиясын ким билиши шарт? Бул милицияныкы!!! Бул кафедра калыптанышы шарт!!!
1.8. ИИМ жетекчилигине бай практикалык тажрыйбасы бар милиционердин дайындалышы шарттуу түрдө Академия жөнүндөгү жобого өзгөртүү жолу менен киргизилиши шарт!
1.9. Академияны бүтүргөн курсанттардын тартип маселесин биринчи практикалык жылдарда Академия өз мойнуна алышын милдеттендирилиши шарт! Жоопкерчиликтүү мамиле ойгонот жана "Академия менден бүттү, эми болду" дебей, курсант окуп жатканда эле анын тартиби үчүн өзү жоопкер болоорун билип, кызматтагы "шалаакылыгы" үчүн эртеңкисин ойлоп иш алып барышат!

4. Спорт багытындагы иш - чаралар
1.1. "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн босогосун сагалайт" дейт кыргызда!
Олимпиадалык оюндардын бирден-бир шарты болуп спорт оюндарынын элди тынчтыкка, достукка чакыруусу жана ошол убакта эле ошол спорт түрлөрүнүн адам ала турган жаракаттарынын минималдуулугу (травмоопасность) эсептелинет. Дүйнөдөгү дзю-до (Япония), таэквондо (Корея), күрөш, бокс жана башка жеке таймаш спортторунан айырмаланган кыргыз алыш күрөшүн колго алуу. Анткени алыш жогорку көрсөтүлгөн спорт түрлөрүнөн өзүнүн гумандуулугу менен, жаракат алуу коркунучунун минималдуулугу менен жана күрөш аянтчасындагы эстетикалык кооздугу менен, буйруктардын кыргыз тилинде берилиши, эрежелердин кыргызчалыгы менен айырмаланат. Алыш аянтчасында обу жок тытышууга, захват алуу талаштарына жол бербейт жана спорт кийиминин тыкандыгына көп көңүл бурулат. ИИМ Академиясынын базасында алыш күрөшүнүн олимпиадалык спорт түрүнө каттатууга болгон иш аракеттерди жумшоого салым кошуу. "Алышты" дүйнөгө тааныткан Кыргыз Республикасынын саясий ишмери Баяман Эркинбаевдин элесин барктоо шарт!

5.Коомдун жоопкерчилиги.
1.1. Милиция кызматы жөн эле кызмат эмес, ал саясий кызмат экенин таануусу шарт! Мамлекеттин мыйзамдарын элге жеткирүү менен эле бирге, милиция мамлекеттин бейкутчулугун көзөмөлдөйт,бул-өз кезегинде мамлекеттин ички саясаты! Ошол эле мезгилде, бейкут мамлекетке инвесторлор, туристтер келет, бул - тышкы саясат! Милиция кызматы мамлекеттин ички да, тышкы да саясатын түздөн-түз, эч алмаштырбас иш жүргүзүп жатса, ал кызматты саясаттан тышкары жана мамлекеттик деген статустан четтетип кароо мүмкүн эместигине коомдун көңүл отун буруу шарттуу болуш керек!
1.2. Милиция кызматкери күнүмдүк ишинде коомдун ар кандай деңгээлдеги өкүлдөрү менен иш алып барат. Мугалим, сугатчы, малчы, врач, депутат, айдоочу, дыйкан дегендей. Коом ошол деңгээлдеги кызматкерлердин тарбия-таалим алуусунда өз кошумчасын кошуп, ИИМ окуу жайынын кыскарылышына эмес, ал окуу жайдын окуу, тарбия-таалим алуу шарттарын кеңейтүүнү өз милдети катары кабыл алуусу шарт!
Кадыркулов Афтандил