Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алина Шаикова өкмөттүн түбүнө жетеби?

Бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын кылык-жоруктары айтылып, жазылып бүтпөй жатат. Бул боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев баш болгон бир катар тиешелүү органдарга чейин кайрылуу жасалды. Тилекке каршы жыйынтык жок. Шаикова болсо өз билгенин жасап, өтүгүн төргө илип, сайрандаганын токтото элек. Оторбаев көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан. Наристедей эле бөпөлөдү, чаң жугузбай. Сыягы, Шаикова өкмөттүн түбүнө жетип, жаназасын окуп туруп кетпесе кетпей калды окшойт. Болбосо, Оторбаев Шаикованын айтылып, жазылып жаткан былыктарына көз жумду мамиле жасабай чара көрмөк. Тескерисинче, мээсин тегеретип алгандай коргоп, жактап отурат. Уят, абийир, мыйзам деген түшүнүктөрдү нан менен жеп койгондой…

Эми өткөндөрдү кайталап отурбай, Шаиковага тиешелүү кээ бир жагдайларга токтолуп өтөлү. Коомчулук жакшы билгендей, учурда коррупцияга каршы күрөш күчүндө. Бирок Шаикова коррупция менен күрөшпөстөн, кайра өркүндөтүп жатканы бийликтин көңүл сыртында калып жатканы өкүндүрбөй койбойт.
Акча табуунун кыныгын таап алганбы, коррупция жыттанган иштерден баш тартчу түрү көрүнбөйт. Буга дейре биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн керектелчү жабдууларды сатып алууда тендерден кыйла "акча жасады" делген кептерди Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери мамлекеттик органдарга жазышкан кайрылууларында каңкуулашкан. Буга окшогон иштерин дале токтотпой жатканы айтылууда. Учурда мамлекеттик баалуу кагаздарга өзүм билемдик менен тендер жарыялап, көзү кызарып турат. Сыягы, тендер жарыялап эле теңин жей берсем болот экен деп түшүнөт окшойт. Деги кайсы жакка барып токтоор экен.
Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылынын 24-июль №129 жана 2014-жылынын 1-август №136 тескемелеринин негизинде калкты тейлөө жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментиндеги коррупциялык схемаларды ачуу максатында жумушчу тобу түзүлгөн. Жумушчу тобунун курамы:
Токмулина Н.В. - МККнын кызматкери, топ жетекчиси;
Кутнаева Н. - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин өкүлү;
Андашев З.Д. - МККнын кызматкери;
Сулайманов А.Б. - МККнын кызматкери;
Конушбаев Б.А. - МККнын кызматкери;
Жамангулова А.Д. - Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин кызматкери;
Кожоев Ч.Э. - УКМКнын өкүлү;
Акжолоев Б.Н. - УКМКнын өкүлү.
Мамлекеттик каттоо кызматынын 2014-жылынын 13-ноябрь №216 тескемесинин негизинде Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментиндеги жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды ачуу максатында ведомство аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Ведомство аралык жумушчу тобунун курамы:
Камалов Б.Б. - МККнын кызматкери, ведомство аралык жумушчу тобунун жетекчиси;
Исмаилов С.И. - МККнын кызматкери;
Талайбеков Э.Т. - УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкери;
Апышев Т.А. - ИИМнин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкери;
Асаналиев М.М. - көз карандысыз эксперт;
Рузиев Р.А. - көз карандысыз эксперт.
Калкты тейлөө жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментин жумушчу тобу 2014-жылдын 4-сентябрында текшеришип бүтүшүп, жыйынтыктап жана сунуштарын МККнын төрайымы Шаиковага беришкен. Ал эми Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментин жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн адистештирилген борбору мамлекеттик ишканасын ведомство аралык жумушчу 2015-жылдын январь айынын аягында текшеришип бүтүшүп, жыйынтыктап жана сунуштарын МККнын төрайымы Шаиковага беришкен.
Тилекке каршы Шаикова бүгүнкү күнгө чейин эч кандай чара көрө элек. Шаикова коррупцияга бөгөт койбостон, тескерисинче гүлдөтүп өөрчүтүп жатат. Буга ИИМнин 5-Башкы башкармалыгы МККда коррупция күч алганын, тактап айтканда, 2013-жылы коррупциялык кылмыштардын саны 42 болсо, 2014-жылдын 11 айында (Шаикова келгенден тартып) 63 болгонун жар салганы далил.
Шаикова Өкмөт башчысы Оторбаевдин колдосунун натыйжасында
Э. Теңизбаеваны, Б. Токсобаевди, А. Дюшалиевди, Б. Жакыпбаевди жана статс-катчы Б. Секимовду жумуштан бошотконго жетишти.
Шаикова Өкмөт башчысы Оторбаевге ишенип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып "Өзүмдү - өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендей өз билгенин жасап, туурасын айткан, өзүнө жакпаган кызматкерлерди биринин артынан бирин жумуштан алып, кадрдык башаламандыкты улантып жана өөрчүтүп келүүдө.
Кызматтын каржы-экономикалык башкармалыгынын башчысы Б. Суюмбаевди болбогон шылтоо менен кызматтан алып, ал кызмат орунуна 2014-жылдын апрелинен баштап ак эткенден так этип жүргөн өз адамы Атагельдинованы дайындады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек жамаатынын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевге, парламентке, Башкы прокуратурага, Мамлекеттик кадр кызматына жана башка мамлекеттик органдарга кайрылууга кол койгонду үчүн У. Мусахановду куугунтуктап, ар кандай негизсиз шылтоолорду таап тартиптик жазаларды берип, аны жумуштан кетирүү үчүн бардык аракетин жумшап жатат. Ушундай эле иштерди Кызматтын кадр бөлүмүнүн жетекчиси Н. Мырзалиевага карата жүргүзүп жатат.
Өкмөт башчысы Оторбаев тарабынан Шаиковага карата чара көрүлөбү же жокпу? Себеби Шаикованын үстүнөн президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана башка мамлекеттик органдардын атына түшкөн кайрылуулар күн сайын өсүп барууда. Бул боюнча Шаикованы Гиннес рекорддор китебине киргизүү керек.

Жангороз Эсенгелдиев





Эл көйгөйү чечилди
Элет жерин кыдырып, элге жакындан жардам көрсөтүп, айыл чарбасын көтөрүү багытында бир катар жакшы иштерди жасап, карапайым калктын кадырлоосуна, алкоосуна ээ болуп жаткан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров баштаган эл өкүлдөрү, партиянын Нарын облусу боюнча координатору Алтынбек Жунусов, Алымбек Мамырбаевдер Кочкор районунун Кара-Суу айыл округунун Кызыл-Дөбө, Мантыш айылынын, Талаа-Булак айыл округунун Дөң-Алыш, Комсомол айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Дөң-Алыш айылынын маданият үйүндө өттү.
Жолугушууда айылдыктар таза суу, сугат каналдарын оңдоо, МТС ачуу, жаш наристелерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы чара көрүү, бажы биримдигине кирүү, шайлоо маселеси сыяктуу орчундуу делген көңүл өйүткөн көйгөйлөрүнө жооп алышты.
"Өнүгүү - Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү экономикалык, социалдык, саясий абал, кадр маселеси тууралуу кыскача баяндап, партиянын учурдагы аткарып жаткан иштерине учкай токтолду. Эл өкүлү өз сөзүндө айыл чарбасын көтөрүү, дыйкандарга жардам берүү багытында алгылыктуу иштер аткарылып, республика боюнча 13 МТС ачылып, элге базар наркынан арзан баада кызмат көрсөтүлүп жатканын, эми Кочкор районуна да МТС ачуу аракети көрүлүп, эки трактордун баасынын 30 пайызын өз чөнтөгүнөн берип жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакировдор элдин экономикалык, юридикалык багыттагы кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Ал эми Дөң-Алыш, Комсомол айылынын тургундары Бакыт мырзага жыйырма жылдан бери айылдын чечилбей келе жаткан көйгөйү болгон 12 миң метр узундуктагы Төө-Карын каналынын 5 жарым миң метри талкаланып, жараксыз абалга келгенин, мүмкүн болсо тазалап берүү өтүнүчүн айтышты. Кызыл-Дөбө айылынын тургундары болсо таза суу чыгаруу үчүн 700 метр узундуктагы суу түтүгүн жаткыруучу траншея каздырып берүүнү суранышты.
Маселени ар дайым дароо чечип көнгөн Бакыт Эргешович элдин көйгөйүн туура түшүнүп, Төө-Карын каналын тазалап, таза суу үчүн траншея каздырып берүүгө техникадан жардам иретинде атайын экскаватор бермей болду. Ишкер Алтынбек Жунусов экскаваторду таап бермей болгонун айтты. Көйгөйдүн минтип дароо чечилип калаарын күтпөгөн айыл тургундары "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев баш болгон эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын арнашты.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу