Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

САДЫР ЖАПАРОВДУН ЫСЫК- КӨЛДӨ БАККАН "БЕШ ӨРДӨГҮ" ЖЕ "ӨЗ КАЛПЫНА ӨЗҮ ИШЕНИП АЛГАН АПЕНДИ ЖӨНҮНДӨ" ИКАЯ
БАЗАРБАЙ-ажы ТЕМИШОВ - Философия илимдеринин кандидаты, Дүйнөлүк саясат илимдеринин докторанты, 20дан ашуун илимий, диний,адабий китептердин автору, "Улуттук Идеология" боюнча республикалык конкурстун баш байге ээси, 1-даражадагы дипломанты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ардак грамотасынын", "Патриот" медалынын ээси; 2006-жылы персоналдык түрдө нотариалдык катоодон өтүп, "Ата-Журт" идеалисттик партиясынын уставдык "Элдик Улуу Идеясын" иштеп чыгып, алгач Юстициялык каттоодон өткөрүп негиздеген 50 Учредителдердин Учредителдик Кеңешинин Төрагасы.

Илгери иши ириген Апендинин турмушу улам оорлоп, күндөн-күнгө жүдөп, сакал-муруту саксая өсүп,оозу-мурдун жаап калат. Көчөдө көргөн эселек балдар ага таң калып: "Апендинин оозу жок экен, мурду жок экен!"-дешип, артынан калбай ээрчип, маскаралап, өзүн ороп, жолун тороп алат. Апенди ойлонуп: "буларга бир калпты чындай айта салып, эптеп кутулайын"- дейт да, куулана: "Ой, балдарым, колумдагы жаңгакты көрдүңөрбү, мен муну азыр тиги көчөдө алдым, анда бирөө сатпай эле бекерге таркатып жатат, түгөнө электе ошол жаңгакка баргыла?!"-деп колун жаңсайт. Анын калпына ишенген баардык балдар дуу жүгүрүп,ошол тарапка кетишет. Ошондо жалгыз калган Апенди: "Ээ, балдар талап кетип, мага жангак калбай калбасын!"-деп, алардын артынан кошо жүгүргөн экен...
2010-жылы парламенттик шайлоодо Садыр да эптеп элди алдап добуш алууда бу Апенди сымал калпты чындай айтып: "Ой калайык калкым, Көлдүк элим, "Ата-Журт" партияны мен түзгөмүн, мен негиздегемин, мен атын койгомун, ээси менмин!"-деп бакырып жүргөнүн көп угуп, гезиттен да көп окуган элем. Ошондо мен: "байкуш, кантсин, бийлик көзүнөн учуп, айласы куруп, көлдө баккан "беш өрдөгүн" учуруп, элди алдап, бекер "жаңгак" топтоп жүргөн тура!"-деп, ага анча деле маани берген эмес элем.
Ошондо элин алдап, аз-маз добуш алган Садыр эми бул Апендиче "элге айткан өз калпына өзү ишенип алып", ошол "беш өрдөк" калпын дагы интернет, гезиттер аркылуу Польшада жатып бийик-бийик учура баштаганы кызык болууда...
Садыр 2015-жылы 2-февралда Польшадан учурган "беш өрдөк" калпы мындай: -"Ата-Журт" партиясын үчүнчү чакырылыштын он чакты депутаты 2006-жылы негиздегенбиз. Негиздеген күнү пресс-конференция да бергенбиз. Видео архив турат. "Ата-Журт" деген атты сунуштап, автору болгонмун. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүңүз деп Базарбай Темишовко тапшырма берип жиберсек, ал өзүнүн аты жок партиясын кайрадан каттоодон өткөрүп, "Ата-Журт" деп каттатып койгон экен. Ошол себептен ал киши учредитель болуп жүрөт. Биз аны билбептирбиз. 2010-жылкы шайлоодо бир топ сыр көрсөтүп жүрүп кагаз, печаттарын араң берген жайы бар. Азыр да "Ташиевден партияны алам!" деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам…
Садырдын мындай алдамчылыгы, адепсиздиги мага көптөн бери көнүмүш эле, ага жооп жазбай эле коюуну ойлогом. Бирок, ак ниет телефон чалуулар түрткүсү менен Садырдын коомго өтө зыяндуу, ага өнөкөт болуп калган, аны менен Көлдө бирге өскөн "беш өрдөк" калптарын фактылар менен ачыктап коюуга туура келди:
1)Садыр интернетте жазган жалган жалаа сөзүндө, эч нерсе билбеген аңкоо болуп: "Азыр да "Ташиевден партияны алам!" деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам"-деп 2015-жылдын 2-февралында (датасына көңүл коюңуз) жазып жатат.
Ал эми биздин доомат катка "жазуу жүзүндө" берген (бизде сакталып турат) жообунда Садыр: "Сиздердин доомат катты алдым, тааныштым, баары туура, партия К.Ташивде, кайтарып алсаңар болот"-деп 2015-жылы 8-январда эле жооп берген. Эми анын кайсы сөзүнө ишенебиз? Же бу дүйнөдө эки Садыр Жапаров барбы,тооба?
2) Ал ошол эле интернеттик дагы бир сөзүндө: "Ташиев менен кабарлаша элегиме бир жылга жакындап калды",-деп, дагы бир "беш өрдөк" калпын учуруптур.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алардын байланыш С.Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китеби чыккандан күчөп, эми Садыр бизге берип алган "макулдук катына" ичи күйүп, "туз жалап", мага асылып, К.Ташиевге болсо жагалданып "попугайы" болуп жаткан чагы.
Мындай сасык ойлоруна мас болуп, "чагым" илдетине чалдыккан Садыр "Саясатта 10 жыл" китебинде, жалган жалаа ойлоруна өзү ишенип алып, чындык катары жазып: "азыркы бийлик (өз шегинде А.Атамбаев) 3 тонна элдик алтынды учак менен Турцияга түн жамына уурдап кеткен", "мен болсо канадалыктардан 100 миллион АКШ доллар парасын албай койгомун"-деп өзүн "Периште" кылып жатат. Мен Садырдын мындай "беш өрдөк" калптарына такыр ишенген жокмун. Себеби, К.Бакиев учурунда бул "Периште" Максимдин заказы менен: "Улуттук стратегиялык объектерди менчиктеп берүү боюнча" закондорду ЖКдан өткөрүүдө, жаңы Премъерди ЖКда бекиткенде өз абийир-добушун болбогон суммага баалап келгенин өз ара тамаша-чын сөздөрүнөн угуп эле келгемин...
Биз идеалист интеллигент окумуштуулар анын соңку "беш өрдөк" калпын интернеттен окуп, биздин 20 жылдык (1995-2015-ж.ж.) ак эмгегибиз менен "Элдик Улуу Идеясы" иштелип чыгып, учредитель катары нотариалдык конторадан расмий катталып, негиздеген "Ата-Журт" идеалисттик партиябызды Садырдын уялбастан "беш өрдөк" калпын уялбастан учуруп, автор боло калганына таң калдык. Алар болгону "Биз партиянын "Элдик Улуу Идеясын" 2015-жылга чейин аткарып да, каржылап да беребиз!"- деп партияны бизден "аманат" катары (ижарага эмес) сурап алган. Келишимди түк аткарган жок, алдады, биз Кудайга коюп, абийирге коюп, келишимдик мөөнөткө ылайык сабыр кылып келдик. Алар "Аманатка кыянаттык кылды", кайра жалаа жаап чагымчылык кылууда. Бизди алар сотко, коомчулукка чыгууга, "беткап" чүмбөттөрүн ачууга өздөрү мажбур кылууда. Азырынча эми Садырдан чыккан сасык ойлорду окуп калган коомчулукка учкай жооп кылып, "апыртма" жазгыч бул автордун "айныкей" акыл-эсине уят сезим салуу максатта айрым архивдик так маалыматтан бир аздан жарыялап турууну эп көрдүк.
Бирок, Жараткан Аллах дайым чындыкты сүйөт, колдойт. "Ак ийилет, бирок сынбайт!" Биздин ак ниет, таза идеалисттик жамааттын 20 жылдык ак эмгегин бир заматта менчиктеп кетүүгө болгон зөөкүрдүк бул кылмыштуу ишти уккан ак ниеттүү ар бир жан (ал президентиби, депутатбы, сотпу, же айтоор ким болсо да) алардын бул рейдерлик кылмышына наалат гана айтат, адилеттикте бул талашка чекит коёт!?"- деген гана үмүттөбүз!

Садыр Жапаровдун "Ата-Журт" партиясы тууралуу интернет- гезиттер аркылуу улам-улам учурган "беш өрдөк" калптарын ашкерелөөчү тарыхый так жооптор:
"АТА-ЖУРТ" ИДЕАЛИСТТИК-ДЕМОКРАТИЯЛЫК САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПАЙДА БОЛУУ ЖАНА КАЛЫПТАНУУ ТАРЫХЫ
(архивдик документтердин негизинде)

1.Азыркы геосаясий ааламдашуу апаатынан Кыргызстанды сактап калуу боюнча партиялык "Элдик Улуу Идеянын" Б.Темишов тараптан иштелип чыгуусу:
- партияны негиздөөчү Базарбай-ажы Темишов:"Аалам, Пенде, Периште"(1997-ж.)," Аалам, Тагдыр, Периште" (1999-ж.), "Ислам, Намаз, Мусулман" (2000-ж.) аттуу диний, илимий-философия китептеринде тарыхты изилдөөгө алып, азыркы "геосаясий ааламдашуу кубулуштун бузуучу табигый сырларын" табууга жетишкен;
- 2000-жылы Б. Темишов "ааламдашуу сырларын" изилдей турган идеалисттик аалым окумуштуулардын "Ыйман-Бакыт" коомун Ош шаарында түзгөн, коом азырга чейин "Улуттук идеология" жаатында жакшы иштеп келүүдө;
- 2000-2003-жылдары ал коомдун директору катары "Кыргыз элинин салттуу улуттук идеологиясын, демократиясын өлкө турмушунан изилдөө" максатта 41 экспедиция уюштурулуп, 2003-жылы "Научное потверждение истинность Корана", "Дин, Мамлекет, Идеология же канткенде турмуш оңолот?" аттуу китептерди, соңунда 20дай идеологиялык адабий котормолор жарыкка чыгарылган;
- 2003-жылы Б.Темишов Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын "Философия, саясат илим изилдөө институтунда" "Ааламдашуу шартында Ислам маданиятынын баалуулук ченеми"-деген диссертациялык тема алып, илимий даража коргогон;
- 2003-жылы 24-октябрда "Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын" (КИА) республикалык курултайында ал экс-президент А.Акаевге "Ааламдашуу геосаясий апааттан Кыргызстанды сактап калуунун Элдик Улуу Идеясы" сунуштаган;
- 2003-жылы "Элдик Улуу Идея" А.Акаев колдоого алып, КИАда "Улуттук Идеология Борбору" ачылып, ага Б.Темишов жетекчи болуп, Ошто губернатору Н.Касиев, Жалал-Абадда губернатору Ж.Шарипов жардамында бул облустарда, райондорунда, жогорку окуу жайларында: "Дин,Мамлекет,Идеология же канткенде турмуш оңолот?" деген темадагы конференция, талкуулар өткөрүлгөн;
- 2004-жылы Б.Темишов Ош шаардык мэрияда "Аалам, Адам, Экология" деген темада илимий конференциясы өткөрүп, Ош аймагында "улуттук идеология" жүргүзүү максатта "Мекен Тагдыры" Элдик Идеологиялык Союзун түзгөн;
- 2005-жылкы март революциясында бийлик алмашып, "Элдик Улуу Идеяны" жайылтуу иши убактылуу токтотулуп, ал идеяны идеалисттик саясий партияга ыйгаруу аркылуу мамлекеттик бийликтин деңгээлине алып чыгуунун жолун иштеп чыккан.
2. "Элдик Улуу Идеяны" уставдык башкы программа катары карманган "Кыргызстан идеалисттик-демократиялык саясий партиясынын" негизделүүсү:


(Уландысы кийинки санда)