Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Асылды асыл баалайт

Жангороз Каниметов билим берүү ишин уюштуруу, аны жетектөөнү, билим берүү боюнча мыйзамдык базаларды иштеп чыгуу боюнча Кыргызстанда аттын кашкасындай белгилүү, сейрек адамдардын катарында турат.
Мындай ишмердүүлүккө ар бир адис ар кандай жол менен келет, башкалардан айырмасы Жангороз Каниметов билим берүүнү эң жөнөкөй ишмердүүлүктөн, б.а. катардагы мугалимден баштаган. Ошол катардагы мугалим катары өзүнүн кесиптештеринен кескин айырмалангандыктан, ал 23 жашында мектептин директорлугуна дайындалган. Демек, анын билим берүүнү башкаруу, жетектөө жөндөмдүүлүгү өтө эле жаш кезинен ачыкка чыккан деп айтууга толук негиз бар. Мындай урмат Кыргызстандын чегинде өтө сейрек кездешет.
Көп жыл директор болуп иштеген, өмүр баянын карап көрсөк, 12 жыл директор болуп иштеген экен. Мектеп директору катары жаш кезинен эле романтик, чыгармачыл болуп, жаңы нерселерди үйрөнүп, жаңылануу багытында өтө кызыгып иштегендиги менен айырмаланган - бул дагы мектеп директорунун ичинде өтө сейрек кездешкен сапат катары айырмаланган.
Ошол учурда 80-жылдары Кыргызстандын чегинде Советтер Союзунун курамында бир топ инновациялык иш-аракеттер жанданган, бирок алардын бардыгы эле толук жеткиликсиз болгон. Ошол алдыңкы тажрыйбаларды, жаңы идеяларды дээринде жөндөмү бар, алардын алгылыктуу жактарын ажыратып билген мектеп жетекчилери гана колдоно алган. Алардын катарында Жангороз Каниметов да турган. Ушуга байланыштуу анын бул иш-аракети мамлекеттик органдар тарабынан адилет бааланып, 1987-жылдары райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы кылып дайындаган, б.а. мектепте билим берүү сапатын, анан мезгил койгон талаптар менен катарлаш жүрүү, жаңылыктардын алдыңкы катарында болуу идеяларын бир мектепте эмес, райондун масштабында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Билим берүү министрлиги мындай ийгиликтерди жараткан адамды республикалык масштабда Кыргыз билим берүү министрлигинин алдында мектептер башкармалыгынын башчысына алып келишет.
Бул башкармалыкты Жангороз Каниметович жетектеген мезгилде Кыргызстанда инновацияларды издөө, жайылтуу иш-аракеттери жалпы республикалык масштабда кыйла жанданган. Ошол мезгилде даңктуу педагогдор катары эсептелген Амонашвилинин, Шаталовдун чыгарган ойлору, тажрыйбалары бүтүндөй Кыргызстанга жайылтылып, кыргыз тилине которулуп, китеп болуп чыга баштаган. Мындай китептердин алгачкы сериясы Ж.Каниметовдун аракети менен кыргыз тилинде алгач ирет чыккан десек болот. Экинчи планда Жангороз Каниметовичтин чыгармачыл табияты "Кыргызстандын чегинде дагы чыгармачыл адамдар барбы, чыгарса болобу" деген идеяны жанданткан. Анын негизинде мектептерден алдыңкы мугалимдерди издеп башташкан. Б.Исаков сыяктуу көптөгөн Кыргызстандын бардык аймактарынан белгилүү, таланттуу мугалимдердин жүзүн, ишиндеги маани-маңызын алдынкы тажрыйбасын ачык көрсөтүү, жайылтуу иштери да Ж.Каниметовдун жетекчилиги менен ишке ашкан.
Ж.Каниметов мектептен өсүп чыккан депутат катары мугалимдердин көйгөйүн жакындан туюп, алардын коомдо түшүп бараткан кадыр-баркын көтөрүүгө кыйла далалат жасады. Алар - өз учурунда кабыл алынган билим берүү мыйзамдары. Депутат Ж.Каниметовдун демилгеси менен кабыл алынган мыйзамдар иштеп кетсе, мугалимдер азыркы абалда болбойт эле. Тилекке каршы, мыйзамдар иштебей жатат, бирок ошол мезгилде башка республикаларга салыштырмалуу Кыргыз Республикасында жазылган, чыгарылган мыйзамдар прогрессивдүү, өтө керек, күнүмдүк турмушубузга дал келген мыйзам болгон.
Мыйзам үчүн мыйзам эмес, коомдук педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун табууга, канааттандырууга багытталган мыйзам болгон. Албетте, мектеп тууралуу, мугалимдер жөнүндө мыйзам кабыл алуу өтө түйшүктүү, анткени эч ким көңүл бурбайт, бул ишти экинчи пландагы иш катары карашат. Бул мыйзамдарды кабыл алууда ага кандай түйшүктүү болгонун, башынан кандай тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды кечиргенин сезип билип туйсак болот. Мунун өзү Жангороз Каниметовичке карапайым мугалимдердин коргоочусу деген бир коомдук пикир жаратты. Коом тарабынан карапайым мугалимдердин коргоочусу, колдоочусу деген наамга татыктуу болду.
Мен ойлойм, мындай атка конуу ар бир адамга сыймык жана ардактуу, агартуу майданында иштеп жүргөн адамга мындан өткөн сыймык, мындан өткөн сыйлык болушу мүмкүн эмес.
Азыр Жангороз Каниметович менен бирге иштеп чогуу иштеп, акыркы жылдары билип жатабыз да, мурда чиновниктерди тааныбайт элек. Менин баамымда анда мындай өзгөчөлүк бар экен, эң башкысы Жангороз Каниметович карапайым калктын арасында кадыры жогору экен, карапайым адамдарга жакын жана сиңимдүү экен. Табиятынан өзү да карапайым, канчалык көп кызматтарды аркалап иштеп келсе дагы, кыргызга таандык, карапайымдык сапаттарын жоготкон эмес. Бул кылымдардан келаткан элдик нарк-нусканы билген, сактаган адам, ошол үчүн эл сыйлайт, өзү элге жакын, эл бул кишиге жакын. Мунун акыйкатын мындан билүүгө болот, эл Жангороз Каниметовичти эл таразалап, баалап, аны үч жолу депутаттыкка өткөргөн. Бул уникалдуу көрүнүш, себеби мугалимдик кесиптен бир да депутат жок. Анын үстүнө мугалимден үч жолу депутат болгон киши да жок, бүгүнкү күндө мугалимдик кесиптен таптакыр депутат жок. Азыр мугалимдерди эч ким колдобойт, акчасы жок мугалимди колдогон мындай факты өтө сейрек. Дал ошол кишилик нарктуулугунун аркасында колдоого алынып, депутаттык милдетти аркалаган.
Бул фактынын дагы бир башка жагы бар. Жангороз Каниметович экинчи жолу депутаттыкка койгондо А.Акаевдин балдызы менен атаандаш болуп калды. Ал өтө чоң тоскоолдуктарды жараткан. Бүтүндөй административдик күчтү пайдаланган, бүт бийлик бул кишиге каршы болгон. Ал кезде Жангороз Каниметович Ысык-Көл областтык билим берүү бөлүмүндө иштеп жаткан. Ушул жерден бир окуяны айта кетейин. Бир жолу Жангороз агай мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда иштеген бир аялдын сөзүн айтып берген эле. "Жангороз Каниметович, сиздин жаныңызга барып, жакындап сүйлөшкөн да коркуп жатабыз. Этият болуңуз, абайлаңыз", - деди. Чындыгында эле ошол күндөр, ошол мезгил аябай коркунучтуу, кооптуу болчу. Өтө жакын адамдарым дагы сактанып басып калышкан. Башка жактарда Акаевдин балдыздарына эки колун көтөрүп: "Болсун!", - дешип колдоп беришкен", - деп айтып берген эле. Ошолорго карабастан элдин, жакын адамдардын сыртка чыгарып айта албаса да, купуя колдоосу менен бийликтин кубаттуу, таягы күчтүү экендигине карабастан, Ж.Каниметов депутаттыкка өтүп кетет.
Мындан улам бир ойду айткым келет. Көлдө байыртан эле тарыхта белгилүү нарк-нускалуу элдик адамдар көп чыккан: Кыдыр аке, Тилекмат аке ж.б. Ошолордун уюткусу көл элинде дайыма сакталуу деп ойлойм. Азыр да айрым адамдар алардын нускасын улантып келе жатканын көрүүгө болот. Ошолордун бири элдин колдоосуна, купулуна толгон киши - Ж. Каниметов. Демек, көлдүктөр ар дайым көңүлүнө толгон кишисин ар дайым колдогондон тайбайт. Балким, Жангороз Каниметович дагы ошол мезгилдерде "Аке" наамына татыктуу иштерди жасагандыр. Ошол үчүн эл бийликтен коркпой, кайра-кайра депутат кылып шайлап алышкандыр.
Жангороз Каниметович кечээ жакында эле Боронбай тууралуу бир китебин даярдаткан экен. Буга чейин Боронбай жөнүндө дээрлик маалыматым жок болчу, бул китеп бардык окурмандар үчүн ошол көшөгөнү сыйрып салгандай болду. Боронбай бий айрыкча Нооруз, Айт майрамдарында өзүнүн байлыгын элге таратып берген адам болгон экен. Эки жүздөн ашык жылкы союп, карапайым адамдарга таркатчу экен. Тарыхта мындай берешен адам болбосо керек.
Буларды айтканым, "Манаста" өрнөктүү адамдар абдан көп. Атаке бий, Жаңыл Мырза тууралуу да жакшы жазылган чыгармалар керек.
Элде: "Өлгөндөр даңкталмайынча, тирүүлөр барк албайт" деген таамай айтылган сөз бар. Демек, Жангороз Каниметовичтин тарыхый инсандардын нарк-нускасын сактап, кийинки муундарга туура мааниде өткөрүп берейин деген ниети, экинчи тарабынан ушул инсандарга карап өзүн түздөп жүргөн адамдын өзү дагы элдин жакшысы деп эсептелет, себеби асылды асыл гана баалай билет.
Боронбай бир топ кишилер менен салбуурунга барат. Алдынан келишкен бир калтар түлкү качат. Боронбай бүркүтүн калтарга салса, албайт. Боронбай да: "Ал, - дебейт. - Кана, кырааным, өнөрүңдү көрсөт", - деп коёт. Бүркүт айланып учуп түлкүгө такыр тийбейт. Анан башка бирөөлөрдүн жөнөкөй бүркүттөрү түлкүнү алат. Боронбайдан сурашат: "Эмне үчүн сиздин бүркүтүңүз тийген жок?" Анда Боронбай: "Асылды асыл албайт, асыл асылды баалайт", - деп жооп берет.
Дал мына ушул улуу сөз ушул жерге туура келет. Адамдын кишилиги бабалардын арбагына, тарыхына карата көрсөткөн сый-урмат мамилеси менен аныкталат. Адамдын кишилиги тарыхка карата өткөндөрдүн арбагына карата мамилеси менен баркталат. Боронбайдын нарк-нускасын кийинки жаштар өрнөк катары тутуп жүрсүн деп атайылап роман жаздырып, китебин чыгарып, конференцияларды өткөрүп, элге жайылтуунун өзү Жангороз Каниметовичтин өзүнүн дагы нарк-салтты сактаган, нарктуу адам экендигинен кабар берет. Тарых адамдар ортосундагы дал ушинтип уланышы керек. Тарых өзүнөн өзү уланбайт, тарых ушундай адамдар аркылуу уланат. Китеп чыгарбаса, азыркылар билбейт. "Комбайн жаңы чыкканда чоң энесине небереси айтып келет экен: "Чоң эне, оказывается комбайн сам не ходит, его водит". Анын сыңары тарыхый инсандар азыркы ааламдашкан мезгилде өзүнөн өзү даңкталбайт, асыл адамдар гана аларды таанытат. Жангороз Каниметович да асылдарды баалаган өзү да асыл адам.
Бул университетте педагог адистерди даярдоо системасында "Билим берүүнү башкаруу менеджменти" деген жаңы сабактар кирип жатат, бирок бул дисциплинаны окуткан адистерибиз дайыма эле ойдогудай эмес эле, ойдогудай даяр кадр жок болчу. Жангороз Каниметович биздин бөлүмгө келип, кызматташа башташы биз үчүн эң чоң табылга болду. Анткени ал бир жагынан билим берүүнү башкаруу боюнча кырк жылдан ашык тажрыйбасы бар адис, экинчи жактан ошол проблеманы изилдеп келаткан окумуштуу. Студенттер мындай адамдан, мындай адистен көп нерсени үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Өзү да педагог катары билимин, тажрыйбасын жаш муунга өткөрүп берүүгө өтө дилгир адам. Студенттерден дайыма бул киши тууралуу жакшы пикирди угууга болот.
Жангороз Каниметович - жумушка өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылган, өзүнүн педагогикалык ишине, сабагына өтө жооптуу, ыйык мамиле кылган, нукура педагог таалимчи. Мага, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын башчысы катары, ар дайым: "Кандай тапшырма бар?" - деп кайрылып турганы анын өз милдетине өтө жогорку абийирдүүлүк жана жооптуулук менен мамиле кылгандыгынын көрсөткүчү.

АЛИМБЕКОВ АКМАТАЛИ,
педагогика илимдеринин доктору,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору