presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Кумтөр" Кыргызстандын бюджетин 120 миллион долларга толтурган
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча кен казууда болжол менен 17,6 тонна алтын өндүрүлгөн. Кымбат баалуу металлдарды сатууда 700 миллион доллар болуп, мамлекеттик казынага салык иретинде жана башка төлөмдөр боюнча 7 миллиард 75 миллион сом төгүлдү.

"Кумтөр" Голд Компани ишканасынын 2014-жылды жыйынтыктоосунда: көрсөткүчтөрү боюнча Орто Азия боюнча бирден-бир эң чоң кен иштеткен ишкана жана анын стабилдүүлүгү жогору. Былтыркы жылдын эсебинен алганда кен казууда 17 тоннадан ашык алтын өндүрүлүп, баалуу металлдар болсо 700 миллион долларга бааланган.

Мындай көрсөткүчтөрү менен "Кумтөр" ишканасы мамлекеттик казынага өз салымын кошкон бирден-бир ишкана болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсү боюнча алганда, былтыркы жылы "Кумтөр" ички дүң продукциянын 7,4 пайзын, ал эми өндүрүш тармагында 23,1 пайызды түзгөн. 12 айдын ичинде бул ишкана салык иретинде жана башка төлөмдөр боюнча казынага 7 миллиард 75 миллион сом төккөн.

Канадалык ишкананын дагы башка чыгымдарын айта турган болсок, алтынды тазалоочу каражаттарды сатып алуу, жергиликтүү жашоочулар өндүргөн продуктыларын алуу жана алардын кызматы үчүн төлөө, инфраструктуралык төлөмдөр, кайрымдуулук иштери. Ишканын 2014-жылы мындай иштерге кеткен чыгымын алсак 283 миллион долларга жеткен. 1994-жылдан баштап 2014-жылга чейинки 20 жылдык төлөмдөрүн алсак 2 миллиард 707 миллион долларга барабар.
2015-жылга да компаниянын берген божомолдору оптимисттик маанайда. Ишкана иштөө темпин токтотпостон алдыга карай жыла бермекчи, эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуп, кыргыз тарап менен канадалык тарап реструктизация проектти боюнча бир чечимге келсе.

Болжолдуу эсептей турган болсок, жалпы капиталдык чыгымдар 75 миллиондун тегерегинде болот, кен өндүрүүчү жерди тазалоого кеткен чыгымды кошпогондо (болжол менен алганда 185 миллион доллар). Модернизацияга кеткен чыгымдар жалпысынан алганда тоо-кен тармагында атайын колдонуучу чоң техникаларды (болжол менен 36 миллион доллар) алууга байланыштуу жана бийик дамбаларды куруу ошондой эле уулуу заттарды көмүү иштерине (болжол менен 7 миллион доллар) байланыштуу болот.

Өндүрүш тармагында инвестициялоо болжол менен 26 миллион доллар каралган анын ичинде кен казылуучу жердеги инфраструктура объектилерин бир орундан экинчи орунга жылдыруу, эгер ал жердин карьерин кеңейте турган болсок жана суу сордуруу иштерине кеткен чыгымдар.
- 2014-жылкы өндүрүш планын толтурганыбызга мен кубанычтамын. Былтыркы жылдын төртүнчү кварталында 291 635 унций алтын өндүрүлдү, буга негизги себеп болуп алтынга бай зонага чыкканыбыз болду, 2015-жылдын биринчи кварталында да бул алтынга бай зонаны казабыз - деп белгиледи "Кумтөр" Голд Компани компаниясынын президенти Даниэль Дежарден.
- Быйылкы жылы биз "Кумтөрдөн" ар бир квартал сайын мурунку жылга салыштырмалуу көбүрөөк алтын өндүргөнгө аракет кылабыз, себеби кымбат баалуу металдар 2014 - жылдын төртүнчү кварталында өндүрүлгөн.

Болжол менен 2015-жылы "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүү көлөмү 470-520 миң унцийди же 14,6-16,2 тонна алтынды түзүшү керек.

Жанкороз
Эсенгелдиев





Көпчүлүктү ойлобой, көмүскө иштегиси келген кимдер?
ММКларда буга чейин жазылгандай Жол фондусун түзүү, коррупцияны жоготууга багытталган мыйзам долбоору көпчүлүк күткөндөй эле негизги жол колдонуучулар тарабынан каршылыкка тушукту. Жакында эле ЖКнын транспорт боюнча комитети Экономика министрлиги тарабынан сунушталган жол жыйындары тууралуу мыйзам долбоорун карады. Ал мыйзам боюнча кыргыз авто жолдорун пайдаланган чет элдик унаалардан жана өзүбүздүн ири жүк жана эл ташуучу унаалардан жол салыгын алуу маселеси каралууда. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында көзөмөл камералары жана таразалар автоматташтырылат. Албетте төлөмдөрдү кабыл алуу системасы дагы четте калбайт. Бул демилгенин башкы эки негиздемеси - чогулган акчалар бирдиктүү жол фондусуна түшүп, андан жолдордун салынышына жана ремонттук иштерине жумшалат. Төлөмдөрдү кабыл алуу системасында дагы адам фактору жок кылынып, бардык операциялар электрондук эсеп менен ишке ашырылат дагы, коррупциялык иштерге бөгөт коюлат. Бул маселе ММК беттеринде көптөн бери эле талкууга алынып, коомдук ишмерлер, парламент депутаттары негизинен бул демилгени колдоого алышууда. Бул идеяны колдоорун Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев дагы билдирген. Анын айтымында мындай жол жыйымдары бир катар өлкөлөрдө ишке ашкандан кийин айдоочулар менен иштөөнүн жаңы формасы түзүлүп, биздин өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүдө өтө керек экенин белгилеген. "Көптөгөн транспорттук компаниялар ар кандай жолдор менен салык төлөөдөн качып келгени дагы бизде эчактан бери белгилүү. Албетте андан бюджетибиз оңбогондой чыгашага учурап келет. МАИчилер айдоочулардын аз-маз акчасына алданып, жүк ташуучулардын патентин деле текшербей калышкан. Салык кызматына жаңы варианттарды иштеп чыгууну эчактан бери эле айтып келебиз, бирок алар таратпан эч кандай реакция болгон эмес" - дейт Шабданалиев.
Бирок Шабданалиев ушундай кебин айткандан комитеттин жыйынына чейин эмне болуп өзгөрүп кеткенин ким билсин, ассоциация башчысы "жүк ташуучулар жолдор төлөнмө болушуна караманча каршы" деген кайрылуусун жайылтып, башкача ырдай баштаптыр. Баса белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда төлөнмө жол деген бир дагы сөз жок, жол жыйымдары тууралуу кеп жүрүп атат. Анан дагы Шабданалиев маселени таксисттерге оодара салып, алардын бирөө дагы салык төлөбөйт дегенди айтып отурат. Жүк ташуучулардын эмес, дал ошол эл ташыган таксисттердин эсебинен бюджетти толтуралы дегени чынында этикага жатпай калыптыр. Албетте шаардык жана эл аралык каттамдагы эл ташыгандар мамлекеттик казынага милдеттүү түрдө салык төгүшү керек дегени туура маселе. Бирок жолду талкалаган негизги жүк ташуучулардын жоопкерчиликти кошо тартуудан баш тартканы мыйзам жолу менен иштегибиз келбейт дегенди билдирип турат. Айрым маалыматтар боюнча дал ушул Шабданалиев ири жүк ташуучу унааларды колдонгон курулуш компаниясынын кожоюну экен. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Шабданалиевдин капчыгын ачууга аргасыз болот да. Балким Шабданалиевдин оң келатып, ойт берип кеткени ушундан улам болуп жүрбөсүн?











??.??