Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Коопсуз шаарды" кооптондурган министр
"Коопсуз шаар" деп аталган долбоордун добушун дагы далайга чейин угат окшойбуз. Вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев "Бул долбоор үзгүлтүккө учураса, өз милдеттерин так аткарбагандар же коррупциялык аракеттерин көргөндөр жооп беришет, кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылат" - деди 16-марттагы Долбоорду ишке ашыруу келишими боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынында. Айтылган кептер ошол жыйынга катышып жаткан министр Мелис Турганбаевге багытталгандай болду. Аталган мекеме башчысынын бир нече жумадан берки бул багыттагы аракеттерине Өкмөттүн жообу болду.
Январдын акырында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу милдети жүктөлгөн тендер болуп өткөн. Жеңүүчү болуп, жол коопсуздугу тармагында көп жылдан бери иштеп келген россиялык ири консорциумдун катышуучусу болгон "Стилсофт Бишкек" компаниясы табылган. Бул тендер экинчи жолу өткөн. 2012-жылы өткөн биринчи тендерде жеңүүчү компаниянын айрым талаптарды аткарбаганы аныкталып, тендер жокко чыгарылган. Мындан тышкары ошондо жеңген кытайлык компания Өкмөттүк аппарат менен ИИМдеги айрым кызматкерлер менен тыгыз катыштыгы бар экени аныкталган. Бул чуулгандуу фактыдан кийин аталган долбоор боюнча экинчи ирет өткөн тендерге коомчулук кызыгуу менен карап турган. Өкмөт дагы ошону эске алып, татыктуусун акыйкат жана обьективдүү тандоо үчүн бардык керектүү шарттарды түзүп берген. Бирок "Стилсофт Бишкек" компаниясы долбоордун жеке өнөгү экени аныкталып, жеңүүчү деп табылганда деле бардыгы ошондой болот деген кепилдик Кыргызстанда жок экен. "Стилсофт Бишкектин" өкүлдөрү 11-март күнү берген маалымат жыйынында Мамлекеттик өнөктөш болуп жаткан ИИМ Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койбой создуктуруп жатканын айтты. ИИМ аталган документке кол коюуга көңүлү жок экенин өкмөт билген соң, 16-феварль күнү атайын токтому менен мекемелер аралык жумушчу топту түзүп, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктөгү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимдин долбоорун толуктап, иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ушул токтомдун токулушу эле тендердик комиссиянын чечимине Өкмөттүн макул экендигин далилдөөдө. Аталган жумушчу топтун курамына кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын жетекчилик жана орун басарлык деңгээлиндеги (ИИМ дагы) өкүлдөрү киришти. Документти даярдоо ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укукка Экономика министрлиги ээ болду. ИИМ өкүлдөрүнүн бут тосууларына карабай, комиссиянын иши конструктивдүү нукта өттү. Келишимдин долбоору толукталып иштелип чыгып, Өкмөттүн аппаратына бекитүүгө жиберилди. Ушуга байланыштуу ИИМдеги айрым кызматкерлердин демилгеси менен талапкер компаниялардын бири кытайлык Shenzhen Topform Computer Tehnology Co Ltd тарабынан тендердин жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар орун алды деген шылтоо менен доо арыз жазышыптыр. Кызыгы бул иште жоопкер катары ИИМ өзү көрсөтүлүптүр. Арадан көп өтпөй, ИИМ башчысы Мелис Турганбаев 11-мартта маалымат жыйын өткөрүп, жеңүүчүнүн татыксыз экенин далилдеген оперативдик маалыматтар бар экенин айтып, тендердик комиссияны сотко берээрин билдирген. ИИМдин доо арызы Бишкектин райондор аралык сотуна 16-март күнү кечинде келип түшкөн. Жоопкер катары Өкмөттүн 2014-жылдын 29-августундагы № 363-р токтому менен түзүлгөн тендердик комиссия көрсөтүлүптүр. Үчүнчү жак болуп, сынактын жыйынтыктоочу туруна катышкан талапкер 5 компания тең көрсөтүлгөн. Доогердин расмий өкүлү ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалилов болгон. ИИМдин мындай аракеттерин түшүнүү үчүн бир аз артка кылчайбасак болбойт. Тендердик комиссиянын ишмердүүлүгү азыркы мыйзамдын бардык талаптары менен объективдүү жана адилеттүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Өкмөт дагы, тендердик комиссиянын мүчөлөрү дагы бир нече ирет айтышкан. Бирок ИИМдин айрым өкүлдөрүнүн сынакка катышкан айрымдарга жеңилдик сурап жүргөнү тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн көз жаздымында калган эмес. Анын иинен Башкы маалыматтык жана аналитикалык борбордун начальниги Алмаз Бообеков менен Башкы штабдын башчысы Бактыгул Абдыжалиев процедуралык деңгээлде, ИИМдин эксперттик тобунун жыйынтыгына негиздеп утуп чугуу мүмкүнчүлүгү жогору компанияларды сынактан четтеттүү аракетин көрүшкөн экен. ИИМ эксперттеринин эсебинде комиссия карап жаткандардын арасынан молдовалык Dessa International S.R.L. компаниясынын гана тендердик сунушу "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жарактуу имиш. Экинчи тандоо турунда ушул эле эксперттер тарабынан өздөрү иштеп чыккан критерийлердин негизинде "Стилсофт Бишкек" талапка жооп бербейт деген бүтүмүн чыгарышкан. Dessa International S.R.L 2014-жылы 20-февралда Молдова мамлекетинин Бельцы шаарында катталып, дал ушул "Коопсуз шаар" долбооруна катышуу үчүн түзүлгөн консорциумдун мүчөсү. Бул тармактагы мынчалык масштабдагы жана формадагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эч кандай тажрыйбасы дагы жок. Анын үстүнө маалыматтык кызмат көрсөтүү укугун берген лицензияны алар 2014-жылдын 6-августунда, тендер өтөөрдүн алдында араң алышкан.
Dessa International S.R.L. "Коопсуз шаар" долбооруна катышуу үчүн EngiNE s.r.l компаниясы менен 2014-жылдын 27-сентябрында консорциум түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Андан мурдараак Dessa International S.R.L. компаниясы тендерге "Автоураган" ЖЧКсы менен жөнөкөй эле жолодошчулук формасында катышуу боюнча келишим түзүлгөн. (2014-жыл, 6-сентябрдагы келишим). Бул маалыматтар молдовалык компанияны жалпылап мүнөздөөгө жетиштүү эле болсо керек. Баарынан дагы бир күндүк компанияны бардык жолдор менен алдыга сүрөп аткан айрым аткаминерлердин аракети түшүнүксүз болууда. Албетте алардын мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп жатканына эч ким ишенбейт. Бул чагымчыл аракеттердин авторлоруна эмне керек экенин болжолдоп эле билбесек, так кесе айтуу кыйын болуп турат. Масштабы жана мүнөзү боюнча уникалдуу делинген долбоордун үзгүлтүккө учурашы менен - ЕвразЭСтин алкагында динамикалык ыргак менен өнүгүп жаткан саясий жана экономикалык мүнөздөгү интеграциялык процесстерге, Россия менен болгон саясий, экономикалык байланыштарыбызга доо кетирип алышыбыз мүмкүн. Албетте сырткы инвесторлордун Кыргызстанга кириши дагы мындан кийин чоң суроо жаратып калышы мүмкүн. Баса, 11-март күнү КР Президенти Алмазбек Атамбаев чет элдик элчилерди кабыл алып жатып, "Кыргызстанга бүгүн коркпой эле акча жумшоого болот, өткөөл мезгил артта калды" - деп көпчүлүккө жеткире айткан. Бирок, маселе жаралса, түз эле өзүнө кайрылуусун, "чечилбеген маселелерин" чечип берүүгө көмөктөшөөрүн андагыларга ачык эле айткан. Дал ушул маселеге дагы президент өзү кийлигишчүдөй болуп калды окшойт.

Жанкороз
Эсенгелдиев