presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ташиев акталса бийликтин аброю кетеби?
Көптөн бери Камчыбек Ташиевдин акталаары айтылып келе жатат. Бирок бул иш эмнегедир создугуп жаткандай. Мындай абалды учурда ар ким ар түрдүү жоромолдоп жатышат. Айрымдар шайлоо алдындагы соодалашуу эки тараптын кызыкчылыгына төп келбей жаткандыктан Жогорку Сот ишти карабай жатат дешсе, кээ бирөөлөр эгер Камчыбек акталса бийликтин аброю кетет, ошондуктан аны актоого болбойт деген пикирде. Чындыгында Ташиев актала турган болсо, бийлик ак жеринен камаган тура деген көз караш өкүм сүрүп калаарында шек жок.


Осмонов алкымын эле ойлойбу?
Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнөн башка эч кимди ойлобойт дегенди коомчулук көп айтышат. Буга эл өкүлдөрүнүн жүрүш-туруш кылык-жоруктары көп нерсени айтып турат. Маселен, Курмантай Абдиев, Курманбек Осмонов деген депутат соттордун пенсиясына кошулчу үстөк акчаны кемитпегиле, биздин пенсия 30-40 миң болуш керек деп кара башынын кызыкчылыгын ойлоп айкырык салууда. Анын логикасы боюнча соттор түйшүгү көп мугалим, врачтардан 10 эсе көп пенсия алууга тийиш экен. Уялбайбы, өзүн эле ойлоп оңураңдай бербей.


Акаевдин арманы
Качкын президент атыккан Акаев байма-бай маек берип, өз арманын айткандан тажабады. Анын айткандарын уккан кыргыз эли (албетте, Осмонакун Ибраимов менен Болот Жанузаков сыяктуулардан башкасы дейли) кыжыры кайнап турат. Ал бул жолу Аксы окуясы, 2005-жылдагы төңкөрүштү, өзүнүн Кыргызстандан качып кеткенин, айтор баарын АКШ кылды деп айтты. Андан тышкары: "Мен каным-жаным менен кыргызмын. Ата-энем, бабаларым кыргыз хандары болушкан. Мен өз мекениме түбөлүк кайтып келип, сөөгүм ошол жакка коюлса дейм. Мен кантсе да кыргызмын!" - деди. Кыргыз болбой кымыран кал деген киши жок. Академик деген аты бар неме, эч болбоду дегенде кетирген кемчиликтери үчүн кыргыз элинен кечирим сурап койсо болмок.


Абдиев көчөдө калгысы келбейт
"Ата Журт" партиясынын депутаты Курмантай Абдиев учурдагы парламенттин ишмердүүлүгү аяктап бараткандыктан көчөдө калбайын дегенби, Жогорку Соттун конституциялык палатасынын судьясы болууга ашык боло баштады. Мындан улам конкурска катышып, калыстар тобунун жогорку баасына татып, үчүнчү турга да өттү. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин өкүлдөрү болсо, калыстар тарабынан Курмантай Абдиевге жасалган өзгөчө мамилени байкаганын жар салышты. Алар: "Кеңештин кээ бир мүчөлөрү талапкерлерге жоопторду айтып шыбырап жатышты", - деп билдиришти. Тандоонун 3 турунан 9 талапкер өтүштү. Эми алар президент менен парламенттин элегинен өтүүгө тийиш.


Спикерге эскертүү…
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина спикер Жээнбековго жумушка күн сайын 8:45те эмес, 8де келүүгө чакырды. Себеби анын айтымына караганда шаардын айрым тургундары мамлекеттик жетекчилердин кортежин өткөрүү үчүн жол тосулуп, тыгынга айланып жатышына нааразылыгын билдирип кайрылыптыр. Карамушкинанын айтканы бир чети туурадыр. Бирок бул маселени көтөрүп чыгып, ал коомчулукка жакшы көрүнүп, өзүнө аздыр-көптүр упай топтоого аракет кылды окшойт.


Эчак эле алынышы керек болчу
Буга чейин Жогору аттестациялык комиссия Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын илимий эмгектерин текшерип, талапка жооп бербей турганын аныктаган. Эске сала кетсек, ал деңиздин нары жагындагы Калифорния штатындагы өнөр-жай, билим берүү жана искусство боюнча Эл аралык академияда илимий ишин жактап, доктор даражасын алган. Бирок жогоруда айтылгандай анын илимий эмгектери докторлук даражага туура келбейт. Саламаттык сактоо министрлиги мына ушул талапка ылайык келбеген иштин негизинде аны Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун жетекчилик кызматынан алуу маселеси кабыргасынан козголду. Кудайын тааныбаган бул аялды эчак эле кызматтан алып салуу керек болчу.


Бектур Асановдун бедели 500 кишиге жетеби?
Бириккен оппозициялык кыймылдын лидерлери 24-мартта Жалал-Абадда курултай өткөрөрүн кабарлашкан эле. Мерчемделген иш-чараны карапайым калк колдобой койгонбу же башка дагы себептери барбы, айтор 31ине жылыптыр. Жалал-Абаддагы курултайдын милдетин мойнуна алган Бектур Асанов 5000 адам чогулта албастыгын, ашып кетсе 500-1000дин тегерегинде киши катышарын санаалаштарына ачык айтыптыр. Асанов деле алына карап ышкырайын деп жатса керек. 2010-жылы журт бузар Кадыржан менен катарлаш туруп алып, анын бузукулук сөзүнө каяша айта албаганына калктын каны кайнап, анысы азыркыга чейин басыла элек. Асанов анан кайсы арына киши чогултмак эле?


Депутаттын деңгээли
Социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына ЖК депутаты Өмүрбек Абдрахманов белгилүү серепчи Токтогул Какчекеевди "профессионал "акшакалдардын" бири" - деп атады. Токтоо жүргөн Токтогул мырза азыркы оппозиция өкүлдөрүнүн көбү өлкөнү талап-тоноого катышканын айткан кеби үчүн ушинтип ЖК депутаты тарабынан мазакталып отурат. Өзү тууралуу ушундай аталыштагы макала чыкса, Өмүрбек мырза биринчилерден болуп чычалап чыкмак. Көп сөз айтпай эле, бул кепти депуттаттын деңгээлине коелук...










??.??