Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жаштар жашыра албайбыз дейт
Азыркы парламентте жалаң капчыктуулар отураары эч кимге деле жаңылык эмес. Депутаттык мандатты алуу бактысы жалаң байларга гана буйруп келет. Бул салт жакынкы аралыкта деле өзгөрчүдөй түрү жок. Тескерисинче мыйзам аркылуу бекемделгени турат. Жаш депутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоого катышуу ниети бар партиялар өздүк шайлоо фондусунан Боршайкомдун атайын фондуна 50 миң өлчөмүндөгү эсептик көрсөткүчтөгү күрөө коюу демилгесине тынчсызданып жатканын айтты. "Силер мүлктүк чекти эсепсиз көтөрүп жатасыңар. Шайлоо күрөөсүнүн 500 миңден 5 миллионго көбөйүшү менен парламентте жалаң акчалуулар анан олигархтар отуруп калат. Орточо кирешеси барлардын парламентке кириши өтө оор болуп калат" - деди.
Андан мурун Ширин Айтматова кийинки чакырылыштагы парламентке өтүүнү каалаган чиновниктер азыртадан эле партия лидерлерине 500 миң долларын көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн айтып чыккан. "Балакай" депутаттардын дагы бир өкүлү Данияр Тербишалиев партиялык коррупциянын деңгээлин айтып, "Биз депутаттардын чуулгандуу билдирүүлөрүн бир нече ирет укканбыз. Мисалы депутат Абдрахманов парламенттеги орду үчүн 200 миң доллар төккөнүн ачыктаса, депутат Динара Исаева 2010-жылы ага карата кысым болгондо "1 миллион долларымды кайрып бергиле, анан ордумду бошотуп берем", - деп айткан - дегени эсибизде. Мына коррупция! Кыргызстанда азыр бийликтин баары парламентте. "Балык башынан сасып жатса" коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз кылуунун деле кереги жоктур. 1 миллион долларын берип коюп, Динара Исаевга окшогон "балыктар" парламентке келип алып, мамлекетибизди башкарып жатканы кайсы акыйкаттыкка жатат? Динара Исаева ал акчаны кайдан алды болду экен? Дардаңдаган Данияр Үсөнов деген күйөөсү бакиевдер менен эл байлыгын аябай эле талашты эле, Динара айым ошол акчанын жүздөн бир бөлүгүн Ташиевдерге берип, парламентке келгенби деген суроо туулбай койбойт. Адал жол менен акча тапкандар Кыргызстанда аябай эле аз. Өзгөчө саясатта жүргөн миллионерлердин тапкан - ташыганы өтө күмөндүү.


5 жылдыкка-5 жылкы
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо биринчи орунду алат деп көпчүлүк айтса, ошого ишенип алып көпкөлөң тартып кеткен "Ата Мекен" партиясы өткөндөн сабак алышкан экен. Быйылкы шайлоого карата даярдыкты катуу көрүп жатышат. Бийликтин партиясы делинген КСДП тымтырс турганда, "бийликтин машинесин" "Ата Мекен" айландыра баштады. Жалал-Абаддагы "Сентябрь" каналынын арышын кеңейтип, андагы берүүлөрдү өлкөнүн ар аймагындагы телеканалдар аркылуу жайылтууда. Маселен, Чүй дубанында тарткан "СТВ" телеканалы "Сентбярдан" чыккан материалдар менен дем алып калды. Ага куйрук улай эми Нарындагы облустук канал "Сентябрдын" же Өмүрбек Чиркешовичтин "ырын ырдоого" өттү. Демократиялык баалуулуктарды туу туткандай түр көрсөткөн Текебаев ушинтип телеканалдарды маданияттуу түрдө "басып" алуусун уланта берсе, калгандары кантишет? Баса, "атамекенчилердин" 5-апрель күнү Таластын Кара-Буурасына катуу майрам уюштурганы жатышыптыр. Апрель окуясынын 5 жылдыгына арнап 5 жылкыны көтөрүп чаап, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартканы турушат. Анысына деле эч кандай ич күйдүлүгүбүз жок деңизчи, бирок Апрель баатырларын буга чейин эстебей, шайлоонун астында эстеп жатканы шайлоого карата даярдыкпы дегендер четтен чыгууда.


Варшавадан келген буйрук
"Мекенчил" партиясынын тең төрагалары Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековго Варшавадагы кожоюну Садыр Жапаров "Мекенчил" аталыштагы гезитти 100 миң нускада басып, жер-жерлерге таркатуу, басылмада Баяс Турал, Бакыт Бакетаев сыяктуу эксперттердин "Мекенчил" партиясын мактап-жактаган интервьюларына басым жасоо тапшырмасы кабыргасынан коюлуптур. Ошондой эле кадимки "элдик губернатор" Медер Үсөновду партиянын Ош облусу боюнча координаторлугуна дайындоо маселеси талкууланган экен. Андан дагы кызыгы, парламенттик шайлоонун алдында борбор калаада штаб ачып, кеминде 150 адамды жумушка алып, ишти күчтөндүрөөрүн убада кылган. Өзүн "суудан таза, сүттөн ак" кылып көрсөтүп, маалымат каражаттарынан түшпөй калган Жапаров мынча каражатты Минскидеги шефи Курманбек Бакиев менен Москвадагы өнөктөшү Мелисбек Мырзакматовдон алып жатканын айтпасак деле түшүнүктүү.


Айнагүл айым ордуна келди
Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда, 2011-жылы Айнагүл Чылабаеваны Свердлов районунун акимдигинен негизсиз алып салган. Мындай адилетсиздикке нааразы болгон Айнагүл айым адилеттикке жетүү үчүн төрт жылдан бери соттошуп отуруп үч инстанциядан утуп, кайра ордуна келди. Соттун чечимине ылайык, Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова ордун бошотуп берүүгө аргасыз болду.