presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Сүездбек Искеналиев, ырчы:
"Эмне үчүн каада- салтыбызды чанып, андан баш тартышыбыз керек?"
- Съездбек мырза, учурда кинотеатрлардан "5000 сом" тасмасын кайра көрсөтүп жатыпсыздар. Бул элдин суранычыбы же каражат табуунун жолубу?
- Ооба, учурда "5000 сом" киносун кайра кинотеатрлардан кайталап көрсөтүп жатабыз. Буга себеп элдин суранчы болду. Анткени жаңы тасма тартылып экрандан элге көрсөтүлө баштаганда кинолор абдан көп болгондуктан бизге убакыт тар болуп калган эле. Ошол себептен бул тасманы көрүүнү каалагандар көрө албай калып, дагы бир жолу көрсөтүүбүздү өтүнүштү. Эл суранып жаткандан кийин биздин баш тартууга укугубуз жок го дейм. Азыр көрүүчүлөр абдан эле жакшы келип жатышат. Негизи фильм абдан жакшы тартылган. Эч кандай жасалмалуулук жок. Жөнөкөй турмуш куйкум сөздөр менен көрүүчүлөргө көрсөтүлгөн.
- Кино тартууга абдан эле киришип алдыңыз. Дагы кандай тасмаларды элге сунуштасам деп жатасыз?
- Пландар абдан көп. Ар кандай багытта, ар кандай жанрдагы тасмаларды тартсам дейм. Күндө бир идея ойго келет. Бирок баарын ишке ашыруу үчүн башкы ролду баягы эле акча ойнойт экен. Азыр менде кино тартуу туурасында жакшы идеяларым бар. Кашайып каражат кармап жатат. Эми жөн эле жата бербей, демөөрчүлөрдү издеп жатам. Эгер каражат жагы чечилип калса, сөзсүз дагы бир жаңы тасманы сиздерге сунуштайбыз. Азыркы сценарий боюнча "Lady kg" деген тасма тартайын деп жатам.
- Тасма тартууда каражат маселеси чоң көйгөй жаратат экен деп жатпайсызбы. Буга чейинки тарткан тасмаларыңызга каражатты кайдан таптыңыз эле?
- Жалгыз эле мен эмес, кино тарткандардын баары каражат жагынан бир топ аксап калышат. Баарыбыз эле кино тартаарда демөөрчү издеп, айрым адамдардын колдоп коюусун суранабыз. Буга чейин тарткан кинолорумда да демөөрчүлөр жардам көрсөтүп, жетпей калган чыгымды өзүбүз жапчубуз. Негизи эле кинодо каражаттан сырткары да колдоочулар керек. Ар кайсы тасманын сюжети ар кандай. Кээ бир кинолорго кымбат баалуу машиналар, офистер, имараттар керек. Мына ошол нерселер менен камсыздап, имаратында кино тартууга уруксат бергендин өзү деле чоң жардам көрсөткөндүк болуп саналат. Чыгармачыл адамдар колдоо сурап барганда баш тартпай, маданиятыбыздын, кино тармагынын өсүшүнө кайдыгер карабай жардам кылган адамдардын баарына ыраазычылык билдирем.
- Тасма, роль деп жүрүп ырчылыгыңызга көп көңүл бурулбай калды окшойт. Учурда кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыз?
- Чынын айтканда эки жылдан бери кино жаатына көбүрөөк көңүл буруп, убактымдын көбүн да ушул жакка жумшап, ырчылыгым бир аз аксай түштү. Быйылкы жылды жеке чыгармачылыгыма арнайын деп "Оболо" деген студия ачып, ошол жерде жаңы ырларды жаздырып жатам. Кудай буюрса жакында жаңы ырларыма, клиптериме, альбомдорума күбө болосуздар.
- Студияңыздын атын эмнеге "Оболо" деп атадыңыз. Учурда ал жерде иштер кандай жүрүп жатат. Деги эле бул студияны кандай максатта ачтыңыз эле?
- Баарыбыз эле бир ишти баштап, алдыга кадам таштаганда жакшы ниет, жакшы тилек менен баштайт эмеспизби. Анын сыңары мен дагы студияны ачып жатканда ушул жерден жазылган ырларым оболосун, элге жетип, эл жүрөгүнөн түнөк таап, элдик ырга, обонго айлансын деген жакшы тилек менен ачкам. Кудайга шүгүр, азыр ишибиз жакшы болуп жатат. Жакшы ырлар жазылууда. А максатым болсо, элиме мыкты ырларды тартуулоо. Ал максаттар да акырындык менен иш жүзүнө ашат деп ишенем.
- Көптөн бери жеке концертиңизди бере элексиз. Качан өз күйөрмандарыңызды кубандырайын деп жатасыз?
- Ооба, жеке концерт берүүгө мезгил жетти. Көптөн бери чыгармачылыгымдагы жаңылыктарымды, жасаган ишимди элимдин таразасына кое элекмин. Быйыл жакшы концерт берсемби деп турам. Быйыл болбой калса, 2016 - жылы сөзсүз бергенге аракет кылам. Анын үстүнө чыгармачылыкка аралашып, сахнага чыкканыма да 15 жыл толот экен. 15 жылдагы эмгегимдин үзүрү катарында чоң отчеттук жакшы, өзгөчө концерт берейин деп жакшы максат коюп, акырындык менен даярдык көрүп жатам.
- Чыгармачылыкта 15 жыл көп эле убакыт. 15 жыл ыр дүйнөсүндө жүрүп эмне таба алдыңыз?
- Туура айтасыз. 15 жыл аз убакыт эмес. Сахнада 15 жыл жөн жүргөн жокмун. Съездбек деген ысымды ыр дүйнөсүнө алып чыгып, элге тааныта алдым. Ошол жыл аралыгында биринчи менин талантымды баалап, ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарды таптым. Экинчиси, ырчылык өнөрдүн арты менен эл тааныдым, жер тааныдым жана өзүм элге таанылдым. Бул кесипти өмүр бою алып кетем. Анткени канча эңсөөнүн арты менен ырчы болгом. Ал эмгектеримди талаага таштай албайм. Ырчылык менин кесибим. Бул кесипке жетүүнү үч жашымдан бери тилек кылып келгем. Ал тилектерим четинен орундалып келе жатат. Бирок жасай турган иштер арыбын дечи…
- А сахнадан өз ордумду таба алдым деп ойлойсузбу?
- Эми буга эл тараза, эл сынчы. Бирок менин өз жасаган эмгегиме жараша шоу- бизнесте, маданиятта конкреттүү өз ордум бар.
- Бир топ тасмаларда роль жаратып калбадыңызбы. Өзүңүзгө сын көз караш менен карасаңыз керек. Өзүңүздүн актерлук чеберчилигиңизге кандай баа бердиңиз?
- Мындай - тигиндей деп айтуудан алысмын. Өзүмдү мактай да, жамандай да албайм. Менин талантыма мен аткарган тасмаларды көргөн элдер баасын берсе туура болот го. Кандай болгон күндө да элден өткөн күзгү барбы. Эл кандай баа берсе, демек мен ошондой аткарган болом. Эл тараза, эл сынчы. Ырас, тасмага тартылгандан кийин башка режиссерлордон сунуштар түшүп, алар менен иштешип жаткандан кийин өзүмө берилген ролду жакшы эле аткарып жатсам керек деп ойлойм.
- Алдыда Нооруз майрамы кирип келе жатат. Бул майрамды майрамдайсызбы?
- Мага абдан жагат. Сонун го. Жаздын жаркыраган күнү, күн жылуу, дарактар бүчүр байлап, жаратылыш да жаңыланып дегендей. Эми бул илгертеден эле бизде майрамдалып келе жаткан биздин майрамыбыз. Андыктан майрамдайбыз эле.
- Ноорузда сүмөлөк бышырып, ырым - жырымдар колдонулат эмеспи. Сиз ырым - жырымдарга ишенесизби?
- Кыргыз болгондон кийин ырым - жырымдарга ишениш керек. Тээ эзелтен ата - бабаларыбыздан бери сакталып келе жаткан каада - салтты эмне үчүн чанып, сын - пикир айтып, баш тартышыбыз керек. Эгер ошол нерселердин адамдарга терс таасири тийсе ата - бабаларыбыз деле андай нерселерди кабыл алмак эмес да. Ошондуктан салт - санааны чанганга биздин укугубуз жок жана сырттан бирөө келип Нооруз майрамыңар мындай - тигиндей деп өз маданиятын таңуулаганга да акысы жок. Нооруз биздин майрам.
Жаркынай Кадыркулова











??.??