presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Ташы калдыбы"

Кыргыздар эзелтеден таза жерде жашап, таза абадан жутуп, кең Ата-Тоонун не бир сонун төрлөрүндө ээн-эркин жайы жайлап, кышы кыштап, мезгилдин адам баласына тартуулаган шыбагасына кумарланып, өздөрүнүн салт-санаасы менен нарктуу салттуу доор сүрүп келген эл.

Ар бир Кыргыз Ата-бабадан калган салтты туу тутуп, ошону менен адамдык сапаттарын сактап, ошону менен тукум улап, "Кыргыз Ата" болуп келген.
"Буттан жаңылган турат, сөздөн жаңылган турбайт!"- деп сөз сүйлөгөндө дагы өз уруусун сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып албайын деп, өтө этияттык менен абайлап сүйлөшкөн. Бир туура эмес айтылган сөз үчүн, бир уруунун эли сөзгө жыгылып, укум-тукумдарына чейин ылакап болуп айтылып калган. Ошондон улам, "Жигиттин уялганы өлгөнү, ийилгени- сынганы",- деп айтылган. Бир уруу өздөрүнүн үрп-адатын, адептүүлүк, маданиятын башка уруулардан жогору койгонго аракет кылган. Бир уруу бир уруунун баскан-турганынан өйдө, жадагалса, атка мингенинен өйдө сындап, кээ бир салтка сыйбаган кемчиликтерин айтып сөзгө сындырып, көпчүлүк алдында: "Баланчанын уруусу!" - деп уяткарып келишкен. Ошондуктан ар бир уруу бирин-бири тарбиялап, эл ичинде адептүүлүк пайда болгон. Кыз баланын жосунсуз жүрүш-турушу үчүн эне-атасы эле эмес, бүтүндөй бир уруу журт "өлгөн". Бир уруу элдин эл караган беттери жер караган. Ошондуктан кыз балага кырк үйдөн тыюу деп, кыз баланы өзүнүн эле эне-атасы эмес, бир уруу эл тарбиялаган. Эгерде, эркек бала жосунсуз иш кылып же сакалдууларга салам бербей өтсө, ал аксакал аны чакырып алып, "Эй бала! Сен ата көргөн баласыңбы?",- деп түз эле анын атасына наалат айткан. Ушундай сөздү укпаш үчүн атасы баласына басып туруп акыл-насаатын айтып келген. Атадан акыл уккан андай балдар эч убакта эне-атасын уят кылган эмес.
Бул жерде кыргыз элинин эзелтеден жашап келген улуу салты жалпы коомчулук бир адамды, бир урууну, бүтүндөй кыргыз элин адептүүлүккө чакырып тарбиялап келген.
Бул эми кыргыз элинин өткөн чактагы баа жеткис нукура асыл сапаттарынын бири болгон. Жана бүгүн биз издеп таппай жүргөн кыргыз элинин жашоо-турмушундагы негизги идеологиянын өзөгү ушул болсо керек.
Бүгүн заман башка, шарт башка, эл өзгөрдү, жер өзгөрдү. Бүтүндөй жер шарында коом өзгөрдү. Бүгүнкү муундун жаштары эмес, алардын эне-аталары биздин турмушка болгон көз караштарыбыз өзгөрдү. Эгерде тааныш эле кошунаңдын баласын тартипке чакырсаң, эртеси эле ал баланын энеси же атасы "Менин баламды коюп өз балаңды тарбиялап ал!"- деп беттен алат. Ошондуктан азыр коом бир адамды тарбиялай албайт. Ал эми бир адам бүтүндөй коомчулукка бүлүк сала алат. Азыр коомчулук жалдырап мыйзамды карайт. Ал эми мыйзамыбыз бечел. Кыргыздарды көпчүлүк учурда баео, момун калк деп келишет. Бирок андай эмес. Кыргыздар башка улуттарга салыштырмалуу өтө сыпайы эл. Момун менен сыпайынын айырмасы эки башка. Кыргыздар ач көздүктү, арам оокатка улунуп-жулунгандарды дүнүйөкорлукту жек көргөн. Ачкадан өлгөнү жатса дагы ашка колдун учун салып "Рахмат, тойдум!" - деп сыр билгизбеген сыпайы, топуктуу эл болгон. Мына ушундай нарктуу салттуу, намыскөй элдин урпактары кой үстүнө торгой уялаган заманда кантип эшектин этин жеп калдык?
Акыркы эле айда эшектин этинен башка айтканга тил бурулбаган эмне деген укмуштар болуп кетти. Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, андайларды "адам" дегенге да ооз барбайт. Саналуу бир айбандар ач көздүктүн айынан бүтүндөй кыргыз элинин болгон абийирин аштай төгүшүп, шермендебизди чыгарышты. Эмне деген эл элек! Эмне болуп баратабыз? Ай ааламга келчң акыр заман кыргыздарга биринчи келдиби?
Эми бул окуялар кандай дүңгүрөп элге жарыяланса, бейкүнөө элди арам этке тойгузуп, арам акча тапкандар тиешелүү жазаларын алып, ошондой эле дүңгүрөп элге айтылса болду. Эгерде бизде ишенимдүү сот тармагы укук коргоо органдары болгондо ушуга окшогон ар кандай ыплас окуяларды сенсация кылып элге жарыялабай эле, тиешелүү органдар өз ара иликтеп, кармачусун кармап, камачусун камап тым-тым кылып коюшса болмок. Ырас, бизде андай мыйзамга ишенич болбогон соң, бир чети ачык айтылганы жакшы болду. Анткени ким кандай жаза алды эл билбей калмак. Бирок, ошол эле маалда карапайым жашоонун айынан ансыз да көтөрүлүп турган кан басымдар ого бетер көтөрүлүп, элдин ден соолугуна канча доо кетти.
Мындай жаман иштерди мен да айтпайм! Сен да айтпа! Көрсөм көргөн жокмун, уксам уккан жокмун деген сокур, дүлөй замандын кесепетинен келип чыгууда. Эмне болсо ошо болсун, кара жаным соо болсун деген заман болуп турат. Иши кылып үйгө акча агып кирип турса болду деген ата-энелер, ага-туугандар, эже-карындаштар бар. Эшектин этин саткандар тапкан акчаларын жетимдер үйүнө же карылар үйүнө беришкен жок. Ошол арам акча менен үй - бүлө, эне -аталарын багып, ага - туугандарына каралашкандар. Ал акчалар кайдан келип жатканын кантип бири да билбей калат? Ушул жерде бир эски анекдот эске түшөт:
Эки жинди сотто сурак берип жатат дейт. Сот тигилерден: - Эшекти эмнеге сабадыңар? - десе, бирөө актанат имиш, - сабаган жокмун - деп. Анда сен эмне кылдың эле десе, - мен башын эле кармап бергем- дейт. Сот башын кармаган да күнөөлүү, сабаган да күнөөлүү деп экөөнү тең соттоп жибериптир. Анын сыңары, бул жерде ошол түшкөн каражатты пайдалангандын баары күнөөлүү. Эми болоору болуп, боесу канды жаап-жашыраар эч нерсебиз калган жок. Кошунам айткандай "ташы калбады". Мынча болду гезиттерге мындайлардын эне-ата, ага-туугандарынан өйдө сүрөттөрүн бажырайта басып, теледен ар бир жарым саат сайын жарнамаларды кандай көргөзсө дал ошондой жалпы журтчулука жарыялап турса жакшы болот эле. Ошондо ар кандай ыплас ишке баргандардан, ар кандай зөөкүрлөрдөн айылдаштары айланып өтүп, тааныштары, классташ-курсташтары саламдын ордуна, "энеңди!" деп сөгүп өтмөк.
Ошентип мындайларды коомчулуктан бөлүп таштагандан башка жаза жок го деп ойлойм.
Абылгасым
Абдыракманов












??.??