presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Академияда полковник чини
3 курсанттын өлүмүнө барабарбы?
ИИМ Академиясы жана курсанттардын өлүмү эмне менен аяктады?
Элдин көпчүлүгү билгендей, 2013-жылдын 9-июлунда ИИМ Академиясынын 1-курсун аяктап жаткан 3 курсантынын жол кырсыгынан каза болгондугу көп кишинин эсинен чыга элек болуш керек. Ушул окуя барган сайын уятсыздык менен чырмалышып калганы ИИМ Академиясынын кээ бир полковник сөрөйлөрүнүн адамдык касиеттен такыр эле четтеп калганы менен коомдо өз ордун тапкандай сезим туудурат. Муну эмнеге айтып жатабыз, анткени ошо жол кырсыгына түздөн-түз күнөөсү бар "милициялар" жазага тартылбастан, бир байкуш, ата-энеси жок, таянар дос-тууганы жок, ошол жол кырсыгы болгон учурда жана ага чейин 22 күн мурда жатакананы оңдоо иштери менен алек болуп жүргөн 1-курстун начальниги Ашыралиев Мирландын сот жоопкерчилигине тартылып кеткенин айткыбыз келет. Курсанттардын барып келишине 17-июндан бери башка адамдар, курстун башчысынын орун басарлары, милициянын майору М.Узенов менен А.Абакиров жооптуу болуп, алардын окушун кафедра башчысы, милициянын полковниги Тезеков тарабынан текшерилип, тартип факультеттин башчысы Исмаилов Данияр тарабынан көзөмөлдөнүлүп жүргөнүнө карабастан, жол кырсыгына Ашыралиев күнөөлүү деп салып берип чыга бергендерине таң каласың. Ал окуучуларды практикага чыксын деп кол койгон, ошол убактагы ИИМ Академиясынын башчысынын милдетин аткарып жаткан полковник Жоробекова Арзыгүл өз буйругун жетиштүү дэңгээлде көзөмөлдөбөгөнү үчүн эмнеге жооп бербейт?! Ал 13.06.2013-жылкы № 238-буйрук чыгарып, практика үчүн жооптуу деп кафедра башчысы милициянын полковниги Тезековду дайындаса, эмнеге ремонтко жумшалган Ашыралиев соттолду? Буйруктагыдан аша чаап, балдарды "Силерден мурункулар деле жөө маршрут менен же бусик жалдап барып жүрүшкөн"- деген "18.06.2013-жылы Академиянын плацында окуу-талаа жыйынын башчысы милициянын полковниги К.Тезеков факультеттин башчысы милициянын подполковниги Д.Исмаилов курстун башчысынын орун басары милициянын майору М.Узенов жана взводдун командирлери менен саптык кароо жана инструктаж өтүшөт. Алар 19.06.2013-жылы саат таңкы 7де Алма-Ата-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги круговойго чогулгула дегенин кимден жашырышат? Ошол буйрукта финансы чарба жетекчиси подполковник Касымов Нооманжан балдардын практикага барып келишине транспорт менен камсыз кылуусу милдеттендирилсе да, ал буйрукту аткарбаганына байланыштуу, балдар ата-энелеринин акчасына "бусик" жалдап жүргөнү эмнени каңкуулайт? Эмнеге Касымов Нооманжандын күнөөсү айгине болуп турганына карабастан, транспорт табууга кызматтык абалынын күчү жетпеген, ошол убакта ремонт кылып жүргөн Ашыралиев Мирлан соттолду? Балдардын окууга барып келүүсү толук мойнунда болгон факультет начальниги полковник Исмаилов Данияр эмнеге жазага тартылбаган? Жазага гана тартылбастан, балдар өлүп жатса ал окуядан 2 ай өтпөй Жоробекова Арзыгүл Исмаилов Даниярга полковник наамын алууга татыктуу деп көрсөтмө жазып, ИИМ жетекчилигиндеги "тааныштары" аркылуу "полковник" наамын алып бергени неси? Жоробекова менен Исмаиловдун кимисинин уяты жок ошондо? Буларда моралдык жоопкерчилик , адамдык уят-сыйыт, абийир дегенден эчтеке жок калган тура. Академияны кырсык басып турганда булар "сыйлык" алып неге мынча "чалчакташты"? Исмаилов ошол жол кырсыгына жол бергени үчүн жазага тартылбастан "полковник" сыйлыгын катуу жууду болуш керек? Ошол убакта бети чымырап уялганды билбей, курсанттардын өлүмү эсине келбей калган чыгар. Аны айтканыбыздын себеби, 2014-жылы ноябрь айында милиция күнүнө карата, "милициянын отличниги" деген сыйлык алганга жетишиптир! Баратбай агай айткандай, эй, катыгүн, бет кайда, намыс кайда? Өзүнүн буйругун татыктуу көзөмөлдөй албаган, балдардын өлүмүнө түз тиешеси бар Исмаилов Даниярды сыйлыкка көрсөткөн Жоробекова Арзыгүлдө деле бала-бакырасы бар болсо керек, Исмаиловду сыйлыкка көрсөтүп алып каза болгон балдарды, алардын ата-энесинин ыйын, кайгысын элестетти бекен? Жок! Буларда андай адамдык касиеттен эчтеке жок окшобойбу. Ошон үчүн дагы бир жетимди, Ашыралиев Мирландын ата-энеси жоктугун билип турушуп, өз жоопкерчиликтерин тиги байкушка үйүп салып, аны соттотушту. Ушундан кийин алар кантип дагы эле ИИМ Академиясында иштеп жүрүшөт? Алар элден, коллективден уялышпайбы? Академиянын эмгек жамааты эмнеге туура сөзүн айта алышпайт? Же ИИМ Академиясынын коллективи баары эле Жоробекова, Тезеков, Исмаиловдойбу деген суроо пайда болот. 2014-жылы ИИМ Академиясына окууга тапшырууда, Республика боюнча окууга тапшыргандардын саны өтө төмөн болуп, ошо окуу жылына ОРТ баллы 80-82 көрсөткүчү бар балдар кабыл алынганын угуп алып жакаңды кармайсың? ИИМ кайда, эмнени карап жүрөт? Билим берүү министрлиги өзү буйрук чыгарып, кирүү упайы 105тен кем болбосун дегенден кийин буйругун эмнеге аткарышпайт? Балдардын коопсуздугу үчүн жоопкер болбогон окуу жайга кайсы ата-эне балдарын окутмак эле? Ушул жерден дагы бир айта кетчү жагдай: ИИМ Академиясынын №238-буйругу финансы-чарба башчысы Касымов Нооманжанды транспорт менен камсыз кылсын деген буйругуна карабастан, прокуратура тергөөчүсү "Ашыралиев финансы-чарба кызматына, өз убагында транспорт бөлүп бериңиз деп кайрылган эмес" деген күнөө койгону акылга сыйбаган жорук болду. Жоробекованын буйругун аткарбаган Касымов Нооманжан байкуш Ашыралиевдин рапорту менен дааратканага да барбасы турган иш. Айтаарыбыз, буйрук турса, анан дагы өзүнчө рапорт жазган эмес деп жоопкерчиликтен качкан Касымов Нооманжан ким өзү? Бул кайдан чыккан неме? Ушул макаланы окуган министр Мелис Турганбаев ишти кайрадан иликтеп, өз баасын берет деп ишене туралы. Ашыралиевди соттон куткарып калаар. Турганбаевде деле боор бар да.

Улук Кочкорбаев











??.??