Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

ТУРМУШ ЧЫНДЫГЫН ТИБЕТТЕН ИЗДЕГЕН ААЛЫМ
(Башы өткөн санда)

- Динге карата мамилеңиз кандай? Азыр кыргыз жаштарынын диний фанатизмге берилип кеткени Сизди ойлондурабы?
- Негизи 18 миң ааламды башкарып турган Улуу Кудурет Күч бар экенин танбайм. Менин устатым Нараяна Хоссвами Махараш : "Жан дүйнөң толгон заар болсо, өзүңдү да, жакындарыңды да сүйө албасаң, Кудайды кантип сүйөсүң?" -деп айтмакчы, Жараткан Улуу Күч ар тилде ар кандай, "БОГ", "ТЕҢИР", "КУДАЙ", "АЛЛАХ" ж.б. деп айтылганы менен түбү келип, Адилет Чындык, чоң Сүйүү, Мээрим деген эле түшүнүк. Бирок, диндин өзүн жөөттөр ойлоп табышкан. Адамдарды чектеп, башкаруу-нун куралы кылып, тар чөйрөнүн кызыкчылыктары үчүн динди пайдаланышкан...Мен Араб өлкөлөрүн кыдырып жүрүп, мунай (нефть) чыкпаган жерлердеги өтө катаал, жакыр жашоону өз көзүм менен көрдүм. Бир эле ислам динин тутунган элдердин бири-бирине кас-душман экенин, фанатизмге берилип, жерлери болсо чөлгө айланып, куурап жашап жатышкан миллиондогон жакырларды көрүп, жүрөгүм ооруду. Меккеде болгонумда ушунчалык жасалмалуулук орун алыптыр. Шаардын чет жактарында болсо, келген элден үмүт этип, алакан жайган кайырчылардын көптүгү мени таң калтырды... Биздин күндөргө келсек, коомубузда диний коркунучтар бар. СССР кулагандан кийин атеизмдин, материализмдин идеяларынын бош калган ордун толгон- токой багыттагы диндер ээлеп алып, адамдардын аң-сезимин маң кылып жатат. Айрыкча, биздин өлкөбүздө диндердин тарыхын терең окуп билбеген жаштарыбыздын диний фанатизмге берилип, сокур сезим менен өздөрүнө тиешеси жок Сириядагы граждандык согушка катышуусунун өзүн түркөйлүк деп эсептейм. Жер жүзүндөгү болуп жаткан согуштарды тутандырып, экстремисттик күчтөр адамдардын азап-тозокторунан, көз жаштарынан байлык топтоп, элдерди бири-бирине тукуруп, курал сатып жаткандарын Интернеттен, басма сөздөн, телевидениеден угуп-көрүп жүрөбүз. Ошого карабай, көптөгөн динчил жаштар кыргыз жолуна түшүп жаткандары кубандырат. "МАНАС" дастаныбызда көп айтылган --каны таза кыргыз баласы сөөгүндө касиети, этинде нур тукуму экенин сезсе, түпкү өзөккө кайтат. Аң-сезимде төңкөрүш болуп, дил ойгонсо, агрессивдүү АКШ да, арабизм да эч нерсе кыла албайт!
- Айтсаңыз, "Жашоонун ачкычы-- экономикада, экономикабыз оңолсо эле, жашообуз укмуш болуп кетет" -деген пикирге кошуласызбы?
- - Кеп экономикада эмес. ХХ кылымдын башында кыргыз элибиздин жашоосу азыркыдан мыкты эмес эле. Трактор деген жок, жерди буурусун, соко менен айдашчу, бирок элдин пейили учурдагыдан кыйла кенен болчу. Жетим балдар, жетим чалдар, башка элдерге сатылган кулдар бар беле? Ата-энесиз баланы өздөрү асырап алышчу да... Мен Гималайдагы элдердин акчасы көбөйгөндө пейилдери бузулганын көрдүм. Азыр бизде: "Канчалык көп алтын казып алсак эле байып, кыйынчылыктан чыгып кетебиз" - дешет. Бул туура эмес! Мындай саясат элди деградацияга алып келет! Бейиштин төрүндөй жерибиздин кутун учурат... Тибеттиктердин айтуусунда: "Тоолор аалам менен байланышып турат. Тоолорду казууга болбойт! Кудайдын каары козголот! (Кара божья)" Табиятты бузуп-жарып, уулантып, тонобой эле, жаратылышын сактап, туризмди өнүктүрүп, ошону менен жан сактап жаткан деле элдер бар дүйнөдө. Элдин руханий жан дүйнө байлыгы жогору болбосо, материалдык байлык эч нерсени чечпейт. Учурунда азуусун айга жаныган нечен дөөлөттүү империялар болгон эмеспи?! Айрым элдердин аты тарыхта калып, өзү жок азыр. Биз, кыргыздар, экономикабыз жармач болгонго жараша жаратылышыбызды таза сактап калдык. Эми ички жан дүйнөбүз өзгөрсө, дүйнө элине үлгү боло алабыз! Аруулануу, жүрөгүн тазалоо-ар бир адамдын өзүнөн башталыш керек! Ошондо гана кыргыз эли туура нукта өнүгө алат...
- Жолдошбек мырза, кут даарыган жергебизге биротоло келдиңизби? Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Мен илимдин артынан жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн да аңдабай калыптырмын. Менин көздөгөнүм "сан"-титул алуу болчу. Устатым: "Үй-бүлө куруп, Мекениңе кайт" -деди. Ал ыйык адамдын көзү өткөндөн кийин дароо эле өз өлкөмө кайтып келүүгө мүмкүн болбоду. Эки жолу революция болуп, калайык-калкым кыйналып турганда да элим менен бирге боло албадым...Албетте, ара-чолоодо бул жакка келип-кетип жүрдүм. Азыркы максатым :- "Коомубуздагы руханий коомдорду бириктирип, Өкмөттөн жер алып, инвесторлордун жардамы менен кыргыз баалуулуктарынын борборун түптөсөм дейм. Кыргыздын салтын-наркын, манасчылыгын, салттуу музыкасын, кол өнөрчүлүгүн, элдик медицинасын, улуттук оюндарын, саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, аянчылык ж.б. толгон касиет-сапаттарын жайылтуучу мектептерди ачып, кедр дарактарын тигип өстүрүп, кийинки муунга таберик кылып өткөрүп берсек!"- деген кыялым, мүдөөм бар. Биз денебизди тамактандырып багабыз, ал эми жан дүйнөбүз рухий азыктарга муктаж. Учурда руханий маңыздагы китептерди жазууга кам көрүп жатам.
- Өлкөбүздүн келечегин кандай көрөсүз? Элибизди алдыда эмнелер күтөт?
- СССРдин мезгилинде кыргыздын өзөгүнө доо кетти дешет. Жок! Кыргыздын философиясы, дүйнө таанымы, дил жолу, дил илими -бул кыргыздын формуласы, коду. Устатым -Нараяна Хоссвами Махараш: "Жаңы доор кыргыздардан башталат, анткени сенин элиң -арий элинин уюткусу!" -деген эле. Кыргыздар дил менен баарлашкан эл. Ошол эс-тутумундагы касиеттерди эсине салып эле коюш керек. Кадырман элибиздин башынан эмнелер өтпөгөн?! Айрыкча, көз карандысыздыкка ээ болгон 23 жылда кыргыз журтчулугу болоттой курчуду! Өзгөчө, 2 -3 жылда жакшы жагына бир топ өзгөрүп калды. Аймактарды кыдырсам, элибиз улуттук кийимдерин кийип, фестивалдарды өткөрүп, мисалы "Кийиз дүйнө", олимпиадага тете "Көчмөндөр оюндарын" эле алсак, кандай керемет, кандай зор сыймык?! Эң башкысы-элибиздин эркиндиктин баасын сезгендиги...Демек, Мекенибиздин келечеги--кең!
Биздин тамыры терең, уңгусу бекем Улуу журтубуз--касиеттүү кыргыз элибиз өзөгүн өзгөртсө, руханий бийиктикке чыгып, ата-бабаларыбыздын рухтарын ыраазы кылсак, сөзсүз жакшы жашоо башталат!
- Убактыңызды бөлүп, маанилүү маек курганыңызга чоң ырахмат! Жакшы тилек - максаттарыңыз ишке ашсын! Иштериңизге ийгилик каалайбыз!
(Арууланууну каалагандарды, дартына даба, кеселине шыпаа издеген адамдарды кыл тамырчы-табып, устат, аюрвед-доктор Жолдошбек Султан кабыл алат. Телефону: 0559 305 910; 0558 305 910; 0312 45 65 37;)

7-март, 2015 -жыл. "МАНАС эли" коомунун мүчөсү:
САПАРБАЕВА АЙКАНЫШ КЕРИМ кызы