Крупнейший архив газет

Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишке ашпаган "Ы Операциясы"

Кыш коштошконубу, өткөн жумада республикабыздын бардык аймактарында аба ырайы суук болду. Ошол суук күндөрдүн биринде Ысык-Көл облусунда биринин жашы 7де, экинчисиники 8де Асема жана Фатима деген эки кыз дайынсыз жоголду. Булар бир тууган жеңе-кайын сиңдинин кыздары эле. Эне үчүн баланын дайынсыз жоголушу кандай азап-тозок. Көрсө, ал азапка кайын сиңди түшкөн менен, жеңе түшпөй эле башка бир укмуштуу окуяны пландап жаткан экен.

Кызыл-Суу айылынын тургуну Айзат аттуу айым ошол күнү орус улутундагы белгисиз үч адам ага келип, аны мазактап, кайын сиңдисинин кызы жана өз кызы үчүн 10 миң доллар жана 300 миң сом сурап жатканын айтат. Чын эле ошол күнү кайын сиңдинин кызы Асеманы белгисиз бир адам "Мерседес" үлгүсүндөгү машинага салганы жатканда ал качып кетип, көчөдөгү бейтааныш адамга: "Мени уурдаганы жатышат", - деп айткан экен. Ал адам номери жок машинаны мурутчан адам айдап жүргөнүн билдирген.
Бирок калп айтуу, айрыкча ушундай шумдук окуя аралашкан калпты таап айтуу оңой болбосо керек. Териштирүү ишинде келиндин сөзүнөн эки ача пикирлер чыккан. Милиция кызматкерлери анын өзүнөн шек санап, Айзаданын өзү жөнүндө маалымат чогултканда, анын көп карызы бар экени билинген. Тергөөнүн уланышы менен келин эртеси гана бул окуянын сценарийин өзү түзүп, өзү режиссер, өзү актер болгонун мойнуна алган.
Ал эми, түнү бою колу-буту байланып, оозу скотч менен таңылып, малчылардын ээн калган сарайында таң атырган кыздар кандай күн көргөн? Аларды мурутчан эркек киши машинага салып кетип, ошол сарайга алып барган соң эч жакка жылбагыла деп буюруп, сыртынан бекитип кеткен. Кичине кыздар түнү бою ошол сарайда олтуруп, таң атканда эптеп бошонушуп, эшик сыртынан бек болгондуктан, айнеги сынык терезеден секирип түшүп жол тарапка жөнөшөт. А жерде алар малчы Алайбек уулу Бахтиярга жолугуп: "Каракол кайсы тарапта?" - деп сурашкан. Бахтияр алар кайдан келе жатканын сураганда, кыздар окуянын чоо-жайын айтып беришет. Ал кыздарды үйгө алып барып, ысык чай берип, анан милиция чакыра турганын аларга түшүндүрөт. Бирок, буга чейин эле аларды ким уурдаганы милиция кызматкерлери тарабынан дайын болуп, ал учурда кыздарга милиция кызматкерлери, кыздардын чоң апасы менен жакындары келе жатышкан.
Көрсө, окуя мындай болгон экен. 1980-жылы туулган Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Айзада деген айым карызга батып кеткендиктен, андан кандайча кутулууну билбей, доочуларга жакын арада акча бериш керек болуп, кайын сиңдисинин кызын уурдап, ордуна акча талап кылуу ишин ойлоп тапкан. Өзүнөн шек санабасын деген ой менен кайын сиңдисинин кызына өзүнүн экинчи кызын кошо уурдаган. Ал бул ишке дыкат даярданып, базардан спорт кийимин сатып алып, кышкы куртканын жакасынан мурут жасап чаптап, кепка, капюшон кийип, көз айнек тагынып, бир тууган инисинен "товар таратат элем" деп сурап алган машинасынын номерин алып салган соң, анын салону эки кызга таанылбашы үчүн кездеме алып, отургучтарын жаап алып чыккан. Ал көчөдөн өз кызы Фатиманы коркутуп салып алып, жолдо катар ага үнүн өзгөртүп орусча сүйлөйт. Караколго келип, шаардагы №15 мектептен чыгып келе жаткан жеринен кайын сиңдисинин кызы Асеманы салганы жатканда ал качып кеткен экен. Экинчи жолу да кармай албасын түшүнгөн ал, өз кызын "Тиги кызды алдап, машинада апаң да бар деп ээрчитип келбесең, өлтүрүп салам" деп коркутат. Асема үйүнө жеткени калганда, жолунан тосуп чыгышат. Кичине Фатима коркконунан сиңдисин чакырып, машинада апаң дагы бар деп айтат. Ошентип, келин эки кызды машинасына салып алып, Кызыл-Суу айылынан 20-30 чакырым алыс кароосуз калган сарайга алып барып, буту-колун, оозун скотч менен таңып кетип калат.
Ал кийимдерин чечип, скотч, кайчы өңдүү куралдарды таптакыр башка тарапка алып барып таштап, эч нерсе болбогондой, кыздардын ордуна акча сурап жатканын бидирүү үчүн Асеманын ата-энесине жөнөйт.
Бирок, ойлогон ой ордунан чыкпай, биринчиден, сөзүнөн жаңылып, экинчиден, карыздары көп болгону шек жаратып, "кыңыр иш кырк жылда" эмес, эртеси күнү дайын болуп олтурат. Ал күнөөсүн мойнуна алып, кандайча бул ишти жасаганын айтып берип, ыргытып жиберген кийимдерин милиция кызматкерлерине көрсөтүп берди.
Акча деген эмнеге алып барбайт? Убагында "таап берем да" деп ар кимден акча ала берип, карызга батып кетип, андан кутулуу үчүн "ы операциясын" ойлоп тапкан бул келиндин окуясы чын эле адамды таң калтыргыдай болду. 8 ай мурда күйөөсүнөн айрылган аны аяйын десең, келиндин кайын энесинин билдирген маалыматына караганда, келин-уулуна тиешелүү айылда эки үй, машинасы деле бар экен. "Карызыңдан үйүңдүн бирин сатып деле кутулбайт белең" дегенге ал "күйөөмдүн каза болгону 8 ай болсо, үйдү сатууга мага ким уруксат бемек эле?" - дейт имиш. Айтор, бул келин азыр камакта. Ал беш маал намаз окуган адам экен. Анын аракетин мыйзам чегинде бааласа, оор кылмыш катары бааланышы мүмкүн дейт укук коргоочулар. Эми ал соттолуп кетсе, эң кичүүсү 4 жашта болгон анын үч баласы кандай күн көрөт? Ага боор ооруталы десек, бул эмне деген шумдуктуу жорук? Айтор, азыр ал "каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем, байкушсуң" кейпин кийип турат.
Эне-бала деген кандай ажырагыс түшүнүк. Фатима тиги бейтааныш киши скотч менен байлайын деп кол кабын чечкенде, анын колун апасынын колуна абдан окшоштурганын, сүйлөгөндө үнүн да окшоштурганын айтканын угуп, жүрөк аңтарылат. Энеден баланы ажыратпасын дейсиң. Өзгөчө ушундай акылсыз кадамга барып, балдарынан алыстап кетүү кандай өкүнүчтүү.
Жумагүл
БАРКТАБАСОВА